БАЛБАЙ БААТЫР: ТАРЫХ САБАГЫ ЖАНА ЭЛ БИРИМДИГИ

  • 23.10.2026

Өткөндүн окуяларын даңазалоо менен гана чектелбей, андан бүгүнкү күнгө сабак ала билүү — тарыхый аң-сезимдин бийиктиги.

БАЛБАЙ БААТЫР: ТАРЫХ САБАГЫ ЖАНА ЭЛ БИРИМДИГИ

Кыргыз тарыхында элдин эркиндиги, жердин бүтүндүгү жана журттун намысы үчүн күрөшкөн баатырлар аз эмес. Алардын ар биринин өмүр жолу — өзүнчө тарых, тагдыры — өзүнчө сабак. Алардын арасында Ысык-Көлдү жердеген элдин эсинде эр жүрөктүүлүгү, тайманбастыгы жана баатырдык мүнөзү менен сакталып калган Балбай баатырдын орду өзгөчө.

Балбай баатырдын өмүр жолун эскерүү, анын тарыхтагы ордун аныктоо — өткөндү урматтоонун гана эмес, бүгүнкү муундун тарыхый эс тутумун байытуунун да маанилүү жолу. Бирок тарыхый инсандардын өмүрүн изилдөөдө алардын эрдигин даңазалоо менен катар, ошол доордогу окуялардын себептерин түшүнүп, сабак алуу да зарыл.

Ушул өңүттөн алганда, Балбай баатырдын тарыхы — эрдиктин гана эмес, ынтымактын, акылмандыктын жана эл тагдыры үчүн жоопкерчиликтин да тарыхы.

2016-жылы жана 2021-жылы Улуттук китепканада өткөн «Балбай жана анын доору», «Өз доорунун баатыры» аттуу иш-чаралар, 2024-жылы Каркырада уюштурулган жыйындар Балбай баатырдын өмүр жолун, тарыхый ордун жана эрдигин коомчулукка кеңири таанытууга салым кошту. Анын өмүрү менен чыгармачылык өңүттө алектенип, тарыхый бейнесин адабий тилде чагылдырган Кубаныч Маликов, Эрнис Турсунов, Медербеков, Осмоналиев сыяктуу калемгерлердин жана изилдөөчүлөрдүн эмгектери да эскерүүгө арзыйт. Тарыхчылар, тилчилер, философтор жана башка илимпоздор бул багыттагы изилдөөлөрдү мындан ары да тереңдетет деген ишеничтемин.

Мен болсо Балбай баатырдын тарыхын ушул аймакта туулуп-өскөн жердеши, анын ысымын бала кезинен угуп чоңойгон адам катары өзүмдүн жеке ой толгоомду бөлүшкүм келет.

Биз кичинекей кезибизден эле Ысык-Көлдүн атактуу баатырлары, манаптары жана эл башкарган инсандары жөнүндө санжыраларды, уламыштарды угуп чоңойдук. Атамдын аңгемелеринде Балбай атанын баатырлыгы, жолборс жүрөктүүлүгү, эл-жерин коргогон кайраты өзгөчө сүрөттөлчү. Бугу уруусунун тарыхын укканда толкунданып, кээде көзгө жаш алган учурларыбыз да болор эле.

Менин балалык кыялымда Балбай баатыр кадимки адамдан да бийик, алп мүнөздүү, колуна кылычын кармап, элин калкалап турган улуу баатыр катары элестечү. Анын бейнеси аң-сезимибизге жөн гана тарыхый каарман эмес, элдин ар-намысын, күч-кубатын жана руханий тирегин туюнткан символ катары сиңген.

Жашоодо өзгөчө учурлар болгон сайын, ошол ыйык элес кайрадан эске түшчү. Жигиттер аскерге аттанганда, жаштар Фрунзеге же андан алыскы шаарларга окууга жөнөгөндө, аларды узатуу үчүн Сары-Булактын жанындагы узун бактардын арасында жайгашкан төрт бурчтуу чоң бейитке барып, куран окуп, бата тилечүбүз. Бул салт мен үчүн өзгөчө мааниге ээ эле.

Арадан канча жыл өтсө да, ошол сезим жүрөгүмдө сакталып калды. Азыр да ошол жерден өтүп баратып токтоп, куран окуп, бата тилеп өтөм. Мындай мамиле — ата-бабанын арбагын урматтоо менен бирге, туулган жерге, тарыхка жана руханий мураска болгон ички байланышыбыздын белгиси.

Бирок адам чоңойгон сайын, анын түшүнүгү да өзгөрөт экен. Тарых факультетинде окуп, тарыхый окуялардын себептерин тереңирээк аңдай баштаганда, менде бир катар суроолор жаралды: ата-бабаларыбыздын тарыхы согуштардан, кагылышуулардан, трагедиялардан жана чыккынчылыктардан гана турабы? Тарыхыбызды  эмне үчүн билишибиз керек?  Мактанычкабы  же кек сактагангабы?

Тарыхты билүүнүн башкы максаты — өткөндү мактоо же эски таарынычтарды кайра козгоо эмес. Акылмандар, ойчулар айтып кеткендей, тарыхтан сабак алуу — келечектүү жана туура жол деп ойлойм.

Балбай баатыр менен Ормон хандын тиреши

Бугу менен сарыбагыш — кыргыз элинин тарыхында өзгөчө орунду ээлеген, кылымдар бою коңшу жашап, тагдырлаш болуп келген байыркы уруулар. Тээ феодалдык доордон мурун,  Тагай бийдин тарыхынан да мурун,  байыркы  кулчулук же матриархат  заманында жаралган кыргыз элинин уютку уруулары десек болот. Кыргыз тарыхын 2200 жыл десек, мүмкүн ошол эки миң жылдык тарых бар уурулар. Тотемдери – багыш, бугу, бөрү  – Батыш Шибер, Түндүк Монголиядан Ала-Тоого көчүп келип,  атактуу Каркыра, Нарынга, Көлгө отурукташкан уурулар.  Алардын ортосунда кудалык, туугандык, соода-сатык мамилелер да болгон. Кыз алышып, кыз беришкен миң жылдык кудалар.

Анда эмне үчүн бир мезгилде жакын жашаган, тарыхый жана туугандык байланыштары бар уруулар бири-бирине каршы курал көтөрүүгө чейин барышкан?

Бул суроого жооп издөөдө окуялардын сырткы көрүнүшү менен гана чектелбестен, ошол кездеги саясий жагдайды, бийлик үчүн күрөштү, жеке кызыкчылыктарды жана айрым адамдардын чечимдерин да эске алуу зарыл.

Менин жеке көз карашымда, Балбай баатыр менен Ормон хандын ортосундагы тирешүүнү уруулар арасындагы жоолашуунун көрүнүшү катары эмес, өз доорундагы бийлик талаш, намыс талаш сыяктуу саясий тирешүүлөрдүн контекстинде кароо маанилүү. Буга бир мисал,  Ормон хан Балбай батырды  зынданга салып койгондо бугулар бошотуп алабыз деп түп көтөрүлүп чыккан жок да.

Эл оозунда көчүп айтылып келаткандай, оюндан от чыгат болуп, балбан күрөштө Балбай баатыр Торогелдини жыгып, башынан аттап кеткени Ормон хандын жинине тийип, уруш тутанган.  Бул уруулардын касташуусу эмес, баатырлардын кармашы, өчөштүгү болгон деп ойлойм.

Бул окуялардын ар бирин, албетте, тарыхый булактарга таянып терең изилдөө зарыл. Анткени тарыхый инсандардын иш-аракеттерин бир гана уламышка же оозеки баянга таянып баалоо жетишсиз.

Ошол эле учурда бул окуялардан бүгүнкү күн үчүн маанилүү бир суроо турат: жеке намыс, бийлик талаш же убактылуу кызыкчылык элдин ынтымагынан жогору коюлса, анын кесепети кандай болот?

Тарыхтын көптөгөн барактары мындай суроого акылдуу жооп берет. Айрым адамдардын ортосундагы каршылыктар ырбаган чыр-чатакка айланып, анын азабын карапайым эл тарткан учурлар аз болгон эмес. Мындай кырдаалдарда элдин канын кызытып, жалган ураандарга жамынган, араздашууну күчөткөн адамдарды, эки тарапты бири-бирине каршы тукурган үчүнчү күчтөрдүн таасирин да эстен чыгарбаш керек.

Ошондуктан тарыхты талдоодо бул жаңжал кимге пайдалуу болду деген суроону да коюу керек. Согуштун жана кагылышуунун артында жер, жайыт, суу, байлык же бийлик үчүн күрөш турган жокпу? Элди жалындуу сөздөр менен тукуруп, анын чыныгы кызыкчылыгын көз жаздымда калтыргандар болгон жокпу?

Мындай суроолорду коюу тарыхты бир тараптуу баалоодон сактайт. Бирок ар бир окуяга жооп издегенде, божомолду факт катары көрсөтпөй, тарыхый документтерге, ишенимдүү булактарга жана изилдөөчүлөрдүн эмгектерине таянуу зарыл.

Тарыхтан алган эң маанилүү сабактардын бири — талаш-тартышты күч менен чечүү жеңишке жеткиргендей көрүнгөнү менен, анын кесепети узакка созулушу мүмкүн. Ал эми акылмандык, сабырдуулук, өз ара урматтоо жана сүйлөшүү жолу көп учурда чоң трагедиялардын алдын алат.

Бийлик талаш эл биримдигин бузат

Балбай баатырдын өмүр жолундагы окуялардын дагы бир маанилүү өңүтү — бийлик үчүн күрөштүн ички ынтымакка тийгизген таасири.

Боронбай бий каза болгондон кийинки бугу уруусунун ичиндеги бийлик талашуу, ар башка уруктардын ортосундагы пикир келишпестиктер жана саясий атаандаштык тууралуу баяндар да тарыхый сабак катары каралышы абзел. Мындай тирешүүлөрдө Балбай баатырдын кадыр-баркы ар кандай тараптардын кызыкчылыгына пайдаланылган учурлар болгон.

Эл ичиндеги ынтымакты сактоо үчүн күчтүү жетекчи же атактуу баатырдын болушу эле жетишсиз. Анын жанында акылман кеңешчилер, элдин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору койгон адамдар жана  каршылыктарды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даяр жетекчилер болушу керек.

Кээде кечээ эле бир максат үчүн бириккен адамдар бүгүн бийлик же жеке кызыкчылык үчүн бири-бирине каршы туруп калышат. Мындай учурда элдин биримдиги алсырап, жалпы максаттын ордун жеке эсеп-кысап басат. Боронбай бий каза болгондо, манаптык бийликти бугу уурусунун ичиндеги уруктар талашканы да өзүнчө сабак боло турган окуя. Ошондо да Балбай баатырдын аброюн колдонуп, Шапак, Меңмурат уулдарын колдоп, Салмоке, Шыкмамат уруктарынын ортосунда чыккан талаш-тартыш– «шайлоонун шайтан оюну».

Ошол бийлик талаштын акырында Балбай баатырдын Текеске кетиши, ал жактагы кагылышууларга катышуусу жана акырында империялык күчтөрдүн колуна туткунга түшүп, трагедиялуу өлүмгө учурашы анын өмүр жолундагы оор барактардын бири катары эскерилет. Бул окуялардын бардык жагдайларын тарыхый булактар менен тактоо зарыл болгону менен, анын тагдыры бизди элдин ички ынтымагынын мааниси жөнүндө терең ойлонууга чакырат.

Эгер коом ичинде ишеним бекем болбосо, пикир келишпестиктер өз убагында чечилбесе, тышкы күчтөрдүн таасири үчүн да ыңгайлуу шарт түзүлүшү мүмкүн. Ички ынтымактын бузулушу коомдун алсыздыгына айланып, анын кесепети бүтүндөй элге тийиши ыктымал.

Бул сабак бүгүн да актуалдуу. Шайлоо маалында же коомдук-саясий талаш-тартыштар күчөгөн учурларда жалган маалымат, ушак-айың, каралоо жана бири-бирин жамандоо сыяктуу көрүнүштөр коомдогу ишенимге доо кетирет. Адамдарды бөлүп-жаруу аркылуу өз максатына жетүүнү көздөгөндөрдүн аракетине алдырбоо үчүн ар бир жаран маалыматка сын көз менен карап, сөздүн чындыгын текшерип, шашылыш чечим чыгарбоого тийиш.

Элдин биримдиги — баары бирдей ой жүгүртүшү керек дегендик эмес. Тескерисинче, ар кандай пикирлерди урматтап, карама-каршылыктарды акыл-эс менен чечип, жалпы кызыкчылыктын тегерегинде бириге билүү — чыныгы ынтымактын белгиси.

Баатырлардын даңкы — элдин руханий байлыгы

Кыргыз эли баатырларга, акылмандарга, эл башкарган инсандарга бай. Ар бир аймактын өзүнүн сыймыгы, өзүнүн тарыхый каармандары бар. Жайыл баатыр, Бердике баатыр, Тайлак баатыр, Шабдан баатыр, Бүргө баатыр жана башка көптөгөн инсандар элдин эсинде өзгөчө орунду ээлейт. Ормон хан, Алымбек датка, Курманжан датка, Боронбай бий сыяктуу тарыхый инсандардын өмүр жолу да кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана коомдук турмушунун ар кыл өңүттөрүн чагылдырат.

Алардын ар бири өз доорунун шартында жашап, ар башка сыноолорго туш болгон. Ошондуктан алардын тарыхый ордун аныктоодо эрдиктерин даңазалоо менен катар, тагдырын татаал жактарын да изилдөө зарыл. Тарыхый инсандарды терең таануу — аларды бир жактуу мактоо эмес, алардын өмүрүн, чечимдерин жана доорун мүмкүн болушунча акыйкат түшүнүү.

Ушул максатта менин көптөн бери көкүрөккө катып келаткан бир тилегим бар. Бишкек шаарынын борборунда кыргыз элинин тарыхында из калтырган баатырлардын, даткалардын, бийлердин жана башка көрүнүктүү инсандардын айкелдерин бириктирген «Кыргыз баатырларынын улуттук пантеонун» түзүү демилгеси ишке ашса дейм.

Ал жерде Ормон хан, Алымбек датка, Курманжан датка, Боронбай бий, Балбай баатыр жана башка тарыхый инсандардын айкелдери жанаша жайгашса. Бул жөн гана эстеликтердин топтому эмес, кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, эркиндикке умтулуусун, жерин жана журтун сактоо жолундагы күрөшүн чагылдырган руханий  сакралдуу мааниге ээ өзгөчө жай болмок.

Мындай пантеонду түзүүдө ар бир инсандын тарыхый орду илимий негизде аныкталып, алардын өмүр жолу, эмгеги жана доорунун өзгөчөлүктөрү так көрсөтүлүшү керек. Ошондо ал кийинки муундар үчүн тарыхты таанып-билүүнүн, улуттук аң-сезимди бекемдөөнүн жана мекенчилдик сезимди тарбиялоонун маанилүү жайына айланат.

Баатырлардын айкелдери жанаша турганда, аларды бөлүп турган эски тирешүүлөр эмес, бириктирип турган жалпы мекен, элдин эркиндиги жана келечеги тууралуу ой алдыга чыкса кандай сонун! Бул — тарыхты ынтымакты бекемдөө үчүн пайдалануунун символу болмок.

Тарыхтын эң чоң сабагы — ынтымак жана жоопкерчилик

Балбай баатырдын тарыхына кайрылганда, мен үчүн эң маанилүү жыйынтык — өткөндү урматтоо менен бирге, анын сабактарын бүгүнкү күндүн турмушуна колдоно билүү.

Баатырлардын эрдигин эскерүү — алардын кылычын гана даңазалоо эмес. Алар коргогон жердин баркын билүү, элинин тагдырына кайдыгер карабоо, адилеттүүлүктү туу тутуу жана коомдун ынтымагын сактоо да ошол мураска берилген урматтын белгиси.

Тарых бизге биримдиктин баасын, бөлүнүүнүн кесепетин, бийлик үчүн күрөштүн коркунучун жана акылман чечимдин зарылдыгын улам эскертип турат. Өткөндөгү жаңжалдарды бүгүн кайра тутандыруу эмес, алардын себептерин түшүнүп, келечекте кайталанбашына аракет кылуу — тарыхый эс тутумдун чыныгы милдети.

Бүгүнкү Кыргызстан үчүн да бул баалуулуктар өзгөчө маанилүү. Өлкөнүн өнүгүшү, коомдун туруктуулугу жана келечек муундардын бакубат жашоосу — элдин ынтымагына, өз ара ишенимине жана жалпы максаттын тегерегинде бириге билүүсүнө байланыштуу.

Түп жери да, бүтүндөй Кыргызстан да тарыхый мурастарды даңазалаган иш-чаралар аркылуу биримдиктин, өнүгүүнүн жана прогресстин маанисин көрсөтө алган аймак болууга тийиш. Балбай баатырдын ысымы да элди бөлүп-жаруунун эмес, мекенге берилгендиктин, эрдиктин жана тарых алдындагы жоопкерчиликтин символу катары жашай берсин.

Баатырлардын руху ар бир кыргыздын жүрөгүндө сакталсын! Элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык, өлкөбүздө өнүгүү болсун!

Тарыхты билели, андан сабак алалы, өткөндүн мурасын келечектин пайдубалына айландыралы!

Ишенгүл Болжурова, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү