БАЛАНЫН ТИЛИН ТАПКАН КРЕАТИВДҮҮ ТАРБИЯЧЫ

  • 09.04.2025
  • 0

“Баланын тилин тапкан — дүйнөнү багынтат”  демекчи, Казарман айылындагы “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбиячы болуп эмгектенген Бейшеналиева Айжан балдарды стандарттуу ой жүгүртүүдөн чыгарып, маселелерди ар кандай ыкмалар менен чечүүгө үйрөтүп, ар бир баланын коомго аралашуусуна, өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүп келаткан креативдүү тарбиячылардын бири.

БАЛАНЫН ТИЛИН ТАПКАН КРЕАТИВДҮҮ ТАРБИЯЧЫ

Айжан Бейшеналиева 1979-жылы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында жарык дүйнөгө келген. 1986-1996-жылдар аралыгында ошол эле айылда Казарман орто мектебинде билим алып, мектепти ийгиликтүү аяктаган. 2021-жылы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин “Педагогика жана мектепке чейинки билим берүү методикасы” боюнча билимин жогорулаткан соң, 2017-жылдан тарта “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы болуп эмгектенип келатат. Айжан эжей “Келечек” бала бакчасында креативдүү тарбиячылардын  катарын толуктаган мээримдүү педагог.

БАЛАНЫН ТИЛИН ТАПКАН КРЕАТИВДҮҮ ТАРБИЯЧЫ

— Менин максатым – мектеп жашына чейинки балдардын ой жүгүртүүсүн, көңүл буруусун, эске тутуусун, элестетүүсүн, сүйлөө сыяктуу негизги жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырууну көздөйм. Тарбиячы бардык ишке жоопкерчилик жана чыгармачылык менен окутууда оюн элементтерин, искусствону, эксперименттерди жана практикалык көндүмдөрдү, STEM, Триз, Вальдорф ыкмаларын колдонуп замандын талабына ылайык, балдардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууда күн сайын жаңылануу менен келечек муундарга татыктуу  билим-тарбия берип келатам десем жаңылышпайм. ”Тарыхын билген эл, тамырын сактайт” демекчи, Президентибиз Садыр Жапаровдун “Улуттук дем -дүйнөлүк бийиктик”  Уңгужолу жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында  ата-бабалардан келаткан каада-салт, үрп-адат, улуттук оюн, макал-лакаптар, элдик чыгармалардын негизинде балдарга билим-тарбия берүү зарыл. Балдарга алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө, жаратылышты сүйүүгө, коргоого, жаратылыш байлыктарына аяр мамиле жасоого багыттоо аркылуу аларды толеранттуулукка жана мекенчилдикке тарбиялоо керек, — дейт тарбиячы.

Айжан Бейшеналиева  ар дайым өз билимин өркүндөтүүдө көптөгөн сертификаттарга ээ.

БАЛАНЫН ТИЛИН ТАПКАН КРЕАТИВДҮҮ ТАРБИЯЧЫ

Элеттик тарбиячынын үзүрлүү эмгеги жерде калган жок. Ал  көптөгөн мекеме-уюмдардын алкышына арзып, сыйлыктарына татыктуу болуп келатат. Алсак, ал Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүнүн билим-тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн; райондук билим берүү бөлүмүнүн билим берүүгө кошкон салымы, окутуу тарбиялоо ишинде жетишкен ийгиликтери үчүн; райондук мамлекеттик администрациясы райондун билим берүү тармагын көтөрүүгө, жаш муундарды тарбиялоого алгылыктуу салымы жана ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн Ардак грамоталары менен сыйланган.

БАЛАНЫН ТИЛИН ТАПКАН КРЕАТИВДҮҮ ТАРБИЯЧЫ

“Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун билим-тарбия берүүдөгү кошкон салымы, окутуу тарбиялоо ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн  Айжан Бейшеналиева “Креативдүү” тарбиячысы номинациясы жана тайпалар аралык “Үлгүлүү тайпа” конкурсунун эки жолку жеңүүчүсү.

БАЛАНЫН ТИЛИН ТАПКАН КРЕАТИВДҮҮ ТАРБИЯЧЫ

А.Бейшеналиева өз кесибин, кичинекей бөбөктөрдү сүйгөн мыкты тарбиячы экенин кесиптештери, айылдаштары ар дайым белгилеп,  айтып келишет. Ал дайыма сапаттуу билим берүү үчүн изденип,  чыгармачылык жөндөмүн өркүндөтүп, жаңычыл ыкмаларды пайдаланып, сабак өтөт. Айжан эжей сүйүктүү жар, үч уул, эки кыздын мээримдүү апасы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

УГУП ЖАНА КӨРҮП САНОО

(Математика)

Билим берүүчүлүк: Балдар сандарды угуп жана көрүп таанып, иреттүү саноону үйрөнүшөт.  Курт-кумурскаларды санашат, салыштырышат;

Сүрөттөр, оюндар жана пазылдар аркылуу саноо көндүмдөрүн калыптандырат. Бирден онго чейин иреттүү саноону үч тилде үйрөнүшөт;

Угуу жана көңүл буруу жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк: Балдардын ой жүгүртүү, эс тутум жана көңүл буруу жөндөмдөрүн  өрчүтүү;

Сүрөттөрдү, оюндарды жана практикалык тапшырмаларды колдонуу менен логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;

Кол жана көздүн координациясын жакшыртуу.

Тарбиялоо: Сабак учурунда так жана иреттүү жооп берүүгө тарбиялоо;

Сабакка кызыгуу жаратуу жана активдүү катышууга үндөө;

Достук, кызматташуу жана жардамдашуу көндүмдөрүн калыптандыруу

Сабактын жабдылышы:  STEM-билим берүү техникалык каражаттарын колдонуу, проектор, ноутбук,  таркатма материалдар, үн чыгаруучу оюнчуктар, шариктер, обручтар,  иштөөчүү такта.

Сабактын жүрүшү:

Тарбиячы: Саламатсыңарбы, балдар! Сабак аягына чейин көңүлдүү болуш үчүн жагымдуу маанай менен баштайбыз.

Музыканын коштоосунда  көнүгүүлөрдү жасоо.

БАЛАНЫН ТИЛИН ТАПКАН КРЕАТИВДҮҮ ТАРБИЯЧЫБАЛАНЫН ТИЛИН ТАПКАН КРЕАТИВДҮҮ ТАРБИЯЧЫ

Балдар, биз бүгүн курт-кумурскалар жөнүндө маектешебиз, санайбыз,  аларды сан менен салыштырабыз, көлөмүн жана формасын аныктайбыз. Кана, балдар, экранга көңүл буралычы.

Бул жерде курт-кумурскаларды баарыбыз билебиз, алардын аттарын атайлычы.

БАЛАНЫН ТИЛИН ТАПКАН КРЕАТИВДҮҮ ТАРБИЯЧЫ

Азаматсыңар!

Балдар биз билебизби? Көпөлөктүн канаты калыңбы же аарынынбы? Салыштырып көрөлүчү.

Кумурсканын буту ичкеби же жөргөмүштүн буттары ичкеби?

Азаматсыңар! Биз буларды салыштырып билип алдык.

Эми 1ден 10го чейинки сандарды кыргызча санаганды билебиз, азыр орус жана англис тилдеринде санаганды үйрөнөбүз.

БАЛАНЫН ТИЛИН ТАПКАН КРЕАТИВДҮҮ ТАРБИЯЧЫ

Балдар, биз бир аз чарчап кеттик, келгиле силер менен нейрогимнастика жасап, эс алып алалы.

Тыныгуу көнүгүүсү.

Балдар азыр угуп санайбыз.

Ал үчүн алдыңардагы материалды алып, мени угуп турасыңар, мен канча дабыш чыгарсам ичиңерден санап, ошол сандын үстүн стакан менен жабасыңар.

Эми балдар кийинки тапшырма — заттарды сан менен салыштыруу.

Экрандагы барабанда силердин сүрөтүңөр түрат, мен барабанды айландырсам стрелка кимдин сүрөтүнө келсе, ошол доскага келип, ноутбуктан заттарды сан менен салыштырат.

Азаматсыңар балдар!

Жыйынтыктоо: Балдар биз угуп жана көрүп санаганды үйрөндүк, заттарды сан менен салыштырганды билдик.

Балдарга мактоо сөздөрүн айтуу, активдүү катышкан балдарды быйтыкчалар менен белгилөө.

Айжан Бейшеналиева, “Келечек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы, Казарман айылы

Бөлүшүү

Комментарийлер