БАЛАНЫН ҮНҮН КИМ УГАТ?

  • 21.10.2026

БАЛАНЫН ҮНҮН КИМ УГАТ?Гульназ Калиева балдар менен иштөөгө кызыгуусун кесипке айландырган адистердин бири. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде дин таануу багытында билим алып, эмгек жолун мектепте мугалим болуп баштаган. Кийин логопедияны өздөштүрүп, балдардын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү жана арт-терапия менен алектенген. 2022-жылы психологиялык кеңеш берүү жана психодиагностика боюнча билим алып, андан ары балдар психологиясы, арт-терапия жана нейропсихология багыттарында билимин тереңдеткен.

2025-жылдан тартып жеке практикада жана «Учур» эл аралык мектебинде логопед, нейропсихолог катары иштеп келет. Быйыл мектепте психология жана логопедия департаменти түзүлүп, эки психолог балдардын эмоционалдык абалына, өз ара мамилелерине жана өнүгүүсүнө көңүл буруп иш алып барууда.

Гульназ Калиева менен балдардын жаш курагына жараша өзгөргөн психологиялык муктаждыктары, гаджеттердин таасири, ата-эне менен мугалимдин жоопкерчилиги жана мектептеги психологиялык кызматтын жаңы багыттары тууралуу маектештик.

 

— Психология тармагында иштеп келе жатканыңызга канча жыл болду? Бул кесипке кандайча келдиңиз?

— Психологияга кызыгуум бала кезимден эле бар болчу. Адамдардын жүрүм-туруму, ички дүйнөсү, эмне үчүн тигил же бул жагдайда ар башкача аракет кылары мени дайыма кызыктырчу. Бирок бул кызыгуу кийин кесипке айланат деп ошол кезде ойлобосом керек.

Эмгек жолумду мектепте мугалим болуп баштагам. Кийин логопедияга өтүп, балдардын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү менен алектендим. Логопед үчүн психологияны билүү абдан маанилүү. Анткени бала менен гана эмес, анын ата-энеси менен да иштейсиң. Баланын сүйлөөсүндөгү кыйынчылыктын артында кандайдыр бир эмоционалдык абал же башка себептер турушу мүмкүн. Ошондуктан баланын өзүн да, чоңдор менен болгон мамилесин да түшүнүүгө аракет кылышың керек.

2022-жылы психологиялык кеңеш берүү жана психодиагностика боюнча билим алдым. Ошентип, көптөн бери көксөп жүргөн максатыма жакындадым. Кийин арт-терапияны, нейропсихологиялык диагностика менен коррекцияны да өздөштүрдүм. Азыр ушул тармакта иштеп жатканыма өкүнбөйм. Тескерисинче, балдарды тереңирээк түшүнгөн сайын кесибиме болгон кызыгуум күчөп жатат.

— Эмне үчүн дал мектеп психологиясын тандадыңыз?

— Мен балдарды жакшы көрөм. Аларга жардам бергим, аларды түшүнгүм келет. Чоң кишиге өзүнүн эмнеден кыйналып жатканын сөз менен түшүндүрүү жеңилирээк болушу мүмкүн. Ал эми бала сезимин дайыма эле так айтып бере албайт. Эмнеден коркуп жатканын, эмнеге капаланганын же эмне үчүн өзүн башкача алып жүргөнүн өзү да түшүнбөй калышы мүмкүн.

Мындай учурда баланын сөзүнө гана эмес, жүрүм-турумуна, эмоциясына, сүрөттөрүнө жана айланадагылар менен болгон мамилесине да көңүл бурабыз. Мен арт-терапия ыкмаларын колдоном. Сүрөт тартуу, чыгармачылык аркылуу бала өзүнө оор болгон сезимдерин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул анын ички дүйнөсүн жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.

Мен үчүн эң маанилүүсү — баланын жүрүм-турумун дароо туура же туура эмес деп баалабай, анын артында эмне турганын билүүгө аракет кылуу.

— Эл аралык мектепте иштөөнүн кандай өзгөчөлүктөрү бар?

— Балдар кайсы мектепте окубасын, алардын негизги муктаждыктары окшош. Ар бирине түшүнүү, колдоо жана өзүн коопсуз сезүү маанилүү. Бирок ар бир мектептин өзүнүн философиясы, тарбиялык багыты бар.

«Учур» эл аралык мектебинин мага жаккан жагы — балдарга билим берүү менен бирге алардын кандай баалуулуктарды өздөштүрүп, коомго кандай инсан болуп кошуларын ойлонгону. Бул жерде балдардын патриоттук сезимин калыптандырууга, улуттук маданиятыбызды таанытууга көңүл бурулат.

«Учур» эл аралык мектебинин бала бакчасынан тартып кыргыз маданиятын үйрөтүү, улуттук баалуулуктарды баланын күнүмдүк жашоосуна киргизүү аракети мага жагат. Анткени бала өз элинин тилин, маданиятын, тарыхын жана баалуулуктарын билип чоңоюшу керек деп эсептейм. Мен үчүн мекенчилдик — адамдын өз өлкөсүнө, элине жана коомго болгон мамилесинен көрүнгөн сапат.

— Балдар менен иштөөдө кандай психологиялык кыйынчылыктар көп кездешет?

— Кыйынчылыктар баланын жаш курагына жараша өзгөрөт. Мисалы, үч жаш чамасында, мектепке барарда, андан кийин өспүрүм куракка жакындаганда баланын жүрүм-турумунда жана сезимдеринде өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Психологияда бул мезгилдерди курактык кризистер деп аташат.

Бала чоңоюп, өз алдынчалыгын сезе баштайт. Анын айлана-чөйрөгө болгон көз карашы өзгөрөт, организминде физиологиялык өзгөрүүлөр жүрөт. Айрыкча өспүрүм куракта өзүн түшүнүү, эмоциясын башкаруу, теңтуштары менен мамиле түзүү кээде оңой болбойт.

Ошол эле учурда бала өзүнө эмне болуп жатканын дайыма эле түшүндүрө албайт. Бир жагынан жардамга муктаж, экинчи жагынан чоңдордун кийлигишүүсүн каалабайт. Кээде «мага жардам бергиле, бирок мага тийишпегиле» дегендей карама-каршы мамиле байкалат.

Чоңдор ушундай учурларда баланы дароо күнөөлөбөй, анын абалын түшүнүүгө аракет кылышы керек. Анын сезимдерин жокко чыгарбай угуп, сүйлөшүүгө даяр экенин көрсөтүү маанилүү. Балага жардам берүү үчүн биринчи кезекте аны угуп, түшүнүүгө аракет кылышыбыз керек.

— Азыркы окуучулар арасында стресс, мектепке көнүү, гаджеттерди көп колдонуу сыяктуу көйгөйлөр көп айтылат. Сиздер бул маселелер менен кантип иштейсиздер?

— Мектепке көнүү — баланын жашоосундагы маанилүү этаптардын бири. Жаңы чөйрө, жаңы мугалимдер, классташтар, окуу талаптары балага ар кандай таасир этиши мүмкүн. «Учур» эл аралык мектебинде мугалимдер ар бир окуучунун өзгөчөлүгүн эске алууга аракет кылышат. Биз да балдардын өз ара мамилесин байкоо үчүн социометрия жүргүзүп, биргелешкен оюндарды уюштурабыз. Максатыбыз — баланын класска акырындык менен көнүшүнө, өзүн жамааттын бир бөлүгү катары сезишине көмөктөшүү.

Экинчи чоң маселе — гаджеттерди ашыкча колдонуу. Телефон, компьютер жана башка жабдыктар баланын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгүнө айланды. Бирок экран алдында көп убакыт өткөрүү уйкуга, көңүл топтоого, кыймыл-аракетке жана эмоционалдык абалга терс таасир тийгизиши мүмкүн. Айрым балдарда кыжырдануу, чарчоо же агрессивдүү жүрүм-турум байкалат.

Мисалы, бала мектепте бир күн бою сабак окуп, үйгө келгенде дароо телефонго кирип кетсе, анын эс алуусуна жана башка иштерге убакыт аз калат. Ошондуктан гаджеттерди колдонууга чектөө коюу маселесин ата-энелер менен бирге талкуулайбыз. Мектепте жүргөндө телефонго алаксыбоо, үйдө экран убактысын көзөмөлдөө жана баланын жашына ылайык эрежелерди белгилөө маанилүү.

Бул багытта ата-энелерге жана окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландап жатабыз. Азыр пилоттук негизде «Гаджеттердин нерв системасына тийгизген таасири: нейропсихология жана нейробиологиянын көз карашы» деген темада презентация даярдоо демилгеси бар. Маалыматты балдарга түшүнүктүү жеткирүү үчүн көркөм сүрөттөрдү, мисалдарды колдонобуз. Максатыбыз — аларга жөн гана тыюу салуу эмес, гаджетти туура пайдалануунун себебин түшүндүрүү.

— Ата-энелер жана мугалимдер менен кызматташуу кандай жолго коюлган?

— Ата-энелер менен байланыш үзгүлтүксүз жүрүшү керек. Ар бир чейректе балдардын эмоционалдык абалын баалоого багытталган ар кандай тестирлөөлөрдү өткөрөбүз. Алардын жыйынтыгы баланын тынчсыздануу деңгээли, өзүнө болгон ишеними сыяктуу жагдайларга көңүл бурууга жардам берет.

Эгер кандайдыр бир кыйынчылык байкалса, ата-энесин мектепке чакырып, сүйлөшөбүз. Зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк арт-терапияны да өткөрөбүз. Ата-энелердин көбү биздин ишке түшүнүү менен мамиле жасап, жолугушууларга келип, баласы үчүн убакыт бөлүп жатканы кубандырат. Балага жардам берүүдө мектеп менен үй-бүлөнүн бир багытта иштеши абдан маанилүү.

Мугалимдер менен да тыгыз байланыштабыз. Биз мектепте күн бою болгондуктан, алар өздөрүн түйшөлткөн маселелерди каалаган учурда айтып, кеңеш сурап кайрыла алышат. Мындайда жөн гана даяр кеңеш берип койбостон, жагдайды бирге талдап, сүйлөшүү аркылуу чечим табууга аракет кылабыз.

Мындан тышкары, кесиптештерибиздин эмоционалдык абалына да көңүл бурабыз. Мектепте болжол менен ар бир чейректе кызматкерлер үчүн жамааттык арт-терапия өткөрүлүп турат. Бул жумуштагы түйшүктөн бир аз алаксып, өз сезимдерин түшүнүүгө жана кесиптештер менен жакыныраак баарлашууга шарт түзөт.

— Мектеп психологдорунун ишин жөнгө салган жаңы нускамалар жана жоболор кабыл алынганга чейин кайсы документтерге, методикаларга таянып иштедиңиздер?

— Психологдордун ишине карата талаптар мурда деле бар болчу. Бирок жаңы документтер сыяктуу азыркыдай ачык айтылбай келгендир. Мен буга чейин негизинен логопед болуп иштегендиктен, психологдордун документтер менен иштөө тартибин толук өз тажрыйбамдан билем деп айта албайм. Айрым учурларда алар арт-терапия аркылуу баланын абалын түшүнүүгө жардам сурап кайрылышчу.

Өзүм болсо балдар менен иштөөдө арт-терапия ыкмаларын колдонуп келдим. Ар бир баланын өзгөчөлүгүн эске алуу, анын абалын байкоо жана ата-энеси менен байланышта болуу ишибиздин маанилүү бөлүгү болду.

— Жаңы кабыл алынган нускамалар менен жоболор мектеп психологдорунун күнүмдүк ишин жеңилдетет деп ойлойсузбу?

— «Учур» эл аралык мектебинде буга чейин да психологдорду тиешелүү билими бар адистердин арасынан тандап алышчу. Азыр да дипломго жана иш тажрыйбасына көңүл бурулат. Биздин мектепте психология жана логопедия департаменти түзүлүп, бул багыттагы иш кеңейип жатат.

Жаңы талаптардын иш жүзүндө кандай өзгөрүү алып келерин толук айтуу үчүн алардын бардык деталдары белгилүү болушу керек. Биздин түшүнүгүбүздө психолог кайсы багытта иш алып барышы, кандай баалоо ыкмаларын колдонушу жана жыл ичинде кандай иштерди жүргүзүшү керектиги так көрсөтүлсө, бул адистер үчүн да, мектептер үчүн да пайдалуу болмок.

— Демек, документтерди стандартташтыруу мектептеги психологиялык кызматтын сапатын жогорулатууга жардам береби?

— Ооба, жардам берет деп ойлойм. Бирок стандарттын кабыл алынышы менен иш бүтпөйт. Анын ичинде психологдун милдеттери, жүргүзүлө турган иштер, баалоо ыкмалары жана алардын мөөнөттөрү так көрсөтүлүшү маанилүү.

Өткөн окуу жылындагы тажрыйбабыз бизге балдар менен ата-энелердин кандай маселелерге туш болорун жакшыраак түшүнүүгө жардам берди. Ошол тажрыйбага таянып, быйыл психология жана логопедия департаментинин өзүнүн жылдык иш планын түздүк. Анда ар бир чейректе окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер менен кандай иштер жүргүзүлөрү белгиленген.

Мамлекеттик стандарттын талаптары толук иштелип чыгып, колдонууга киргенге чейин биз өзүбүздүн тажрыйбабызга таянып ишти системалаштырууга аракет кылып жатабыз. Анткени психологдун иши бир жолку сүйлөшүү менен чектелбейт. Баланын абалын байкоо, өзгөрүүлөрдү талдоо жана зарыл учурда жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүрүшү керек.

— Мектептеги психологиялык чөйрөнү жакшыртуу үчүн дагы кандай долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатасыздар?

— Азыр бизди тынчсыздандырган маселелердин бири — гаджеттерди ашыкча колдонуу. Бул багытта окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, атайын презентацияларды даярдоону көздөп жатабыз.

Экинчи маанилүү маселе — буллинг, башкача айтканда, бирөөнү системалуу түрдө мазактоо, басынтуу же кысым көрсөтүү. Мурда мындай көрүнүштөр көбүнчө орто жана жогорку класстарда кездешет деп ойлочубуз. Азыр башталгыч класстарда да балдардын бири-бирине болгон мамилесине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы пайда болду. Балдар көргөн контент, айлана-чөйрөсү жана чоңдордун жүрүм-туруму алардын мамилесине таасир этиши мүмкүн. Бирок буллингди бир гана гаджеттер менен түшүндүрүүгө болбойт. Анын себептерин ар бир жагдайда өзүнчө карашыбыз керек.

Биз бул темада да окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландап жатабыз. Балдарга бири-бирин сыйлоо, башкалардын сезимин эске алуу, кыйын жагдайда кайда жана кимге кайрылуу керектигин түшүндүрүү маанилүү.

Дагы бир багыт — эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү. Бала өзүнүн сезимдерин таанып, аларды туура билдирүүнү жана башка адамдардын абалын түшүнүүнү үйрөнүшү керек. Бул көндүмдөр анын классташтары, мугалимдери жана үй-бүлөсү менен болгон мамилесине оң таасир берет.

Бул багытта мектептин клиникалык психологу да иш алып барат. Төртүнчү, бешинчи жана жетинчи класстардын окуучулары үчүн эмоционалдык интеллект боюнча жумасына үч жолу сабак өткөрүү пландалган. Мындай иштер балдардын өзүн түшүнүүсүнө, сезимдерин башкаруусуна жана башкалар менен туура мамиле түзүүсүнө жардам берет деп үмүттөнөбүз.

— Мектепте канча психолог иштейт?

— Быйыл «Учур» эл аралык мектеби менен «Билимкана» биргелешип психология жана логопедия департаментин түзүшүп, анда төрт психолог иш алып баруудабыз. Департаментти учурда мен жетектөөдөмүн. Ал эми мектепте эки адис иштеп жатабыз: мен психолог-логопед катары, ал эми кесиптешим Айназик Суранбаева клиникалык психолог болуп эмгектенет. Бул багыттагы иштерди бирдиктүү уюштуруп, окуучуларга жана алардын ата-энелерине көрсөтүлгөн жардамды кеңейтүүгө аракет кылып жатабыз.

— Кесипке жаңыдан кадам таштаган мектеп психологдоруна кандай кеңеш берет элеңиз?

— Биринчи кезекте, ишин туура уюштурууну үйрөнүшү керек. Кайсы маселени биринчи чечүү зарыл экенин аныктап, жылдык план түзүп алган оң. Болбосо бир эле учурда көп нерсеге киришип, иштерди системалуу жүргүзүү кыйын болуп калат.

Экинчиден, балдар менен иштөөгө чын дилден кызыгуу керек. Баланы жакшы көрүү, анын сезимдерине кайдыгер карабоо, шашпай угуу жана түшүнүүгө аракет кылуу — бул кесиптин маанилүү бөлүгү.

Психологдун иши жөн гана тест өткөрүү же кеңеш берүү эмес. Ар бир баланын өзүнө тиешелүү дүйнөсү бар. Аны түшүнүүгө аракет кылып, ишиңди жоопкерчилик менен уюштурсаң, көп нерсеге жетишүүгө болот.

— Кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат! Ары кызыктуу, ары жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтер коштосун!

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү