БАЛАНЫН КЫЛМЫШКА БАРЫШЫНА КИМ СЕБЕПКЕР?
- 25.04.2025
- 0
Быйыл, 2025-жылдын башталышы өлкөбүздө жүрөктү титиреткен кайгылуу окуялар менен башталып, алар тууралуу окугандын, уккандын кабыргасын кайыштырып, жанды сыздатты. Бала кылмыш кылат деген эмне, мектеп окуучусунун жаны кыйылат деген эмне?.. Адатта илгертен бери эле кайсы бир мектепте тартиптин одоно бузулушу катталса, мугалимден баштап, мектеп жетекчилери, район, область жетекчилери, министрге чейин жаза алып, тынчып калышчу эле. Эми да ошондой болот, ошондой эле болуп жатат.
Дагы эле болсо, балээге калган мугалим. Ойлоп көргүлөчү, мугалим эмне кылыш керек? Окутуп билим бериш керекпи же ар бир баланын артынан сая түшүп, анын тартибин гана карап жүрүшү керекпи?
Элдин, ата-энелердин бардыгынын максаты бир – бала өстүрүп, ага жакшы тарбия берип чоңойтуу жана мыкты билим алуусуна шарт түзүү. Балдарга мыкты билим менен татыктуу тарбия бере турган шартты мамлекет түзүп койгон. Ал – мектеп. Мугалим билим менен тарбияны көчөдө, шаарда, паркта же башка бир жерде эмес, мектепте берет. Эч бир мугалим мыкты билим менен татыктуу тарбияны балдардын ата-энелеринин үйүндө бербейт! Муну элдин баары жакшы билет. Мектепте мугалим балага татыктуу билим жана максаттуу тарбия берүү деген ыйык милдети менен иштейт. Баласы мектепте окуп жүргөндө да ата-эненин милдети чоң. Баласынын кандай шартта окуп, кандай мугалимден билим жана тарбия алып жүрөт, мектепке күн сайын барып жүрөбү, кандай чөйрөдө жүрөт, мына ушуларды дайыма билип турушу керек. Ата-эненин да ыйык милдети бар го.
Мугалим элге, келечек муундарга билим жана тарбия берген коомубузда, калк арасында билимдүү, маданияттуу инсан. Азыр мугалимдердин басымдуу көпчүлүгү адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болгон кесипкөй интеллигенттер. Интеллигент болуп туруп кантип анан балдарды бири-бири менен урушканга, алдуусу алсыздарын кодулаганга жол берген тарбия иштерин жүргүзсүн. Бала деген бала да, үйдө ата-эненин кашында жүрүп бир тууган балдар бири-бири менен урушпайбы, кошуналардын балдары менен бир нерселерди талашып-тартышпайбы? Жаратылыштын, адам коомунун мына ушундай акыйкатын ким билбесин.
Анан эле окуучу балдардын арасында кандайдыр бир чатактар, терс көрүнүштөр, кылмыштар боло калса, биринчи кезекте мугалимдерге оодара коёбуз. Мугалимдин окутуп тарбия бергени бир бала эмес, көп бала. Азыркы кезде борбор шаарыбызда мугалимден билим жана тарбия алып жаткан балдар бир класста кеминде 30-40, андан да көп экендиги белгилүү го. Үйдө бир баланы башкарып, ага татыктуу тарбия берген оңойбу да, отуздан кем эмес баланы башкарып, аларга билим жана тарбия берген оңойбу? Балдардын баары бирдей болбойт, тил алган, үйдөн тарбия көргөндөрү бар, ошолор менен бирге тартипсиз, шок, такыр тил албаган балдар да бар. Алардын бардыгы мугалимдин өз баласы эмес. Өз балаң шоктук, тартипсиздик кылса, тил албаса урасың да, бирөөнүн баласын уруп эмес, какыс-кукус кылып көрчү? Карагылачы, мугалим болуп иштеш кандай кыйын. Менимче мына ушундай чындыкты жетекчилер, күч органдарынын ар кандай тепкичтеги кызматкерлери да жакшы билет болуш керек. Же алар мына ушундай элдин баарына белгилүү болгон акыйкатты билишпейби?
Ары тартиптүү, ары билимдүү, ары татыктуу тарбия алып өскөн балдар көп. Андай балдарды көргөн киши эч качан аны “кайсы бир мектептин, мисалы, №72 мектептин азамат уулу” деп алкабайт. Мыктылыгын билип-көрүп алкаса да, ”Азамат, атанын уулу деген ушул, ата көргөн бала” деп алкайт. Балдардын ийгиликтеринде, жакшылыктарында эч бир мугалим оозго алынбайт. Аны элдин баары ата-энесинен, тегинен көрөт.
Ар жак, бер жагы бир айдын аралыгында интернеттен мектеп окуучуларынын кылмыш иштери боюнча жети маалыматты окудук, анын үчөө баланын өлүмү менен аяктаган. Коомчулук мугалимдерди басып эле калды. Элибиздеги “атанын баласы”, “ата көргөн” деген сыяктуу алкоолор кайда?!
Ошондой кылмышка барган балдар кандай атанын баласы? Мына ушундай ары акыйкат, ары жоопкерчиликтүү, ары мыкты тарбия бере турган суроону коомчулуктан мурда Кыргыз Республикасынын күч органдары, укук сакчылары, укук коргоочулар, анан барып министрликтегилер коюш керек. Бардык ата-энелер – тарбиячылар! Мамлекеттеги сот органдары да, прокуратура да, ички иштер министрлиги да ж.б. бардыгы тарбиячылар болуп саналат. Болгондо да мына ошолор колдорунда бийлиги, ал эле эмес куралы бар тарбиячылар.
Мектеп өз милдетин аткарып, жакшыдыр-жамандыр билим берип, тарбиялап жаткан мекеме. Бала мектепте ашып барса алты гана саат билим жана тарбия алат. Күндүн калган мезгилинде, 18 саат бою бала ата-энесинин кашында болот. Бир-эки, мейли, алтоо-жетөө дейли, баласын тарбиялай албаган ата-эне ата-энеби? Же жанагы мектептердеги калайык калкка ойго келбеген кылмыштары менен белгилүү болгон балдар ата-энеси жок, багар-көрөрү жок селсаяк-бозгун (безпризорный) балдарбы? Бирөөлөрдү кодулап, өзүнөн төмөндөргө күчүн көрсөтүп жүргөндөрдүн балдары ата-энесинин ошондой жоруктарынан сөзсүз тарбия алып өсөт. Бала окуткан, окугандарына караганда, тарбиянын көпчүлүгүн көргөн-билгендеринен алат. Улуттук коопсуздукту коргоочулар уюшкан кылмышкерлер тобун жоготтук деп жатышпайбы. Алардын балдары жокпу, же алардын балдары мектепте окушпайбы? Так мына ошолорду көргөн балдар рэкет болот. Бала кезинен киши өлтүрүп чоңойгон баладан мамлекетибиз эмнени күтөт? Бала болсо да кылмышкер тиешелүү жазасын алып, кайра тарбиялоо мекемесинен тарбия алышы керек.
Кыргызстанда багар-көрөрү жок селсаяк-бозгун (безпризорный) балдарды окута турган атайын мектептер бар. Андай мектептерден жүрөктү титиреткен кылмыш жана кылмышкер балдар чыкпайт, анткени ал жердеги балдар күн бою мугалим-тарбиячылардын көзөмөлүндө болот.
Кылмыш кылган балдар багар-көрөрү жок селсаяк-бозгун (безпризорный) балдар болбогондон кийин алар үчүн мугалим эле жооп бере береби? Жанагы баласын күн сайын он сегиз саат бою өз көзөмөлүндө кармап, жарым саат жок болуп калса, “кайдасың” деп телефонду кулагынан албай тынчы кетип жүргөн ата-эненин жоопкерчилиги кайда? Мына ушундай, ойго келбес окуяларда күч органдары, прокуратура, ички иштер министрлиги, жада калса, жазык кодексинин беренелери да мына ошондой кишилерди – баласынын кантип билим жана тарбия алып өсүп баратканына кайдигер ата-энелерди коргогондой болуп көрүнүп жатат. Албетте мактепте окуп жаткан балдар – эрезеге жете элек балдар. Эрезеге жете электер кылмыш кылса, аларды кайра тарбиялоо мекемеси бар, бирок ал жерге жан кыйылган кылмыш кылган бала барбаш керек. Кайсы жерде болбосун эрезеге толо элек ата-энелүү бала ошондой оор кылмыш кылса, биринчи кезекте ата-энеси жооп бериш керек. Жазык кодексине да эрезеге толо элек (несовершеннолетный) бала кылмыш кылса, мыйзам толук иштеп, ал бала эрезеге толгонго чейин анын кылмыш-жазасын атасы же энеси тартат деген берене керек окшойт. Мына ошондо гана ата-эненин, жашырганда эмне, биринчи кезекте чиновник ата-энелердин бала тарбиялап өстүрүүдөгү жана коом алдындагы жоопкерчилиги артып, өлкөбүздөгү тартип жакшы жагына оойт деп ишенсек болот. Мына ошондо өлкөбүз мугалимдердин үзүрлүү иштешине кам көргөн болот.
Менин оюмча, жанагы кылмыш катталган мектептердин жетекчилерин, мугалимдерди текшерсе текшерсин, бирок кызмат орундарына кайра коюшса туура болоор эле деп ойлойм. Мектептеги рэкетчиликти жок кылуу үчүн ишти ата-энелердин тарбиялуулугунан башташ керек.
Ибраим АБДУВАЛИЕВ,
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору
Комментарийлер