БАЛАНЫ ОЙЛОНУУГА, АНАЛИЗДӨӨГӨ ҮЙРӨТҮҮ КЕРЕК
- 14.07.2026
- 0
Мугалимдик кесип – эң жоопкерчиликтүү жана коом үчүн маанилүү кесиптердин бири. Ал окуучуларга билим гана бербестен, аларды мекенчилдикке, адептүүлүккө, эмгекчилдикке жана жоопкерчиликке тарбиялайт. Өлкөнүн келечеги билимдүү, жөндөмдүү, заманбап көндүмдөргө ээ жаштардан көз каранды. Ал эми бул көндүмдөрдү калыптандырууда башталгыч класстын мугалимдери зор роль ойнойт. Технологиянын өнүгүшү мугалимдердин жаңы ыкмаларды тез өздөштүрүп, заманга шайкеш билим берүү талабын койду.
Башталгыч класстын мугалими – ар бир баланын жашоосундагы билимдин жана адеп-ахлактык сапаттардын пайдубалын түптөгөн жана заманбап коомдо талап кылынган баалуулуктарды, компетенцияларды калыптандыруучу инсан. Өсүп келе жаткан баланын инсандык калыптанышы мугалимдин күнүмдүк практикада колдонгон ыкмаларынан жана кесиптик чеберчилигинен көз каранды. Демек, бул чоң жоопкерчилик.
Эмне үчүн бул кесипти тандоо маанилүү?
Жооп эң жөнөкөй! Балдар менен иштөө – бул бакыт. Анткени балдар гана таза, баёо сезими менен сени чындап сүйө алат. А мугалим өз сүйүүсү жана мээримии менен билим тарбия берип, келечекке максат коюп, канат жайып учууга көмөк көрсөтөт.
Ар бир бала – кичинекей аалам. Алардын ар бири өзгөчө кам көрүүнү, көңүл бурууну талап кылат. Баланын дүйнөсүн ачууга жардам берүү үчүн анын өзгөчөлүгүн, талантын шык-жөндөмүн табуу зарыл. Таап гана тим болбостон окуучунун өзүнө көрсөтүп, анын өзүн-өзү таануусуна көмөктөшүү керек. Ар бир мугалим окуучуларынын инсан болушун каалайт. Инсандык – адамдын өзүн окутуу жана тарбиялоо жөндөмдүүлүгү менен бирге жаралат жана өнүгөт. Мугалим катары биздин милдет – окуучунун өзүн көрсөтө алуусуна шарт түзүү. Бул үчүн бизге жаңы заманбап ыкмалар жардамга келет.
Окуучуда маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн аларда кызыгууну, таанып билүүчүлүк жана чыгармачылык ишмердүүлүктү өстүрүү, ар бир баланын жөндөмүнө жараша сапаттуу билим берүү мугалимдин башкы милдети.
Технологиянын өнүккөн учурунда замандын талабына ылайык окуучулардын маалыматтык-коммуникациялык компетенттүүлүктөрүн калыптандырууда ар кандай
программа-сайттар менен иш алып барууга болот. Интерактивдик доска жана электрондук тесттерди түзүү сыяктуу усулдар да жардамга келет. Келечек муунду окутуу учур талабына ылайык жүргүзүлүш керек эмеспи.
Маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен мугалим бирден бир маалымат булагы болуудан калды. Азыр маалымат алгысы келген адам үчүн, керектүү булактар миңдеп саналат. Бирок маалыматты кабыл алуунун эң маанилүү шарты адамдын сезимине таасир этүү. Мына ушул жерде биздин – мугалимдердин ролу зор. Балдарга билим берүү менен катар эмоция тартуулоо эң маанилүү.
Ошондуктан ар бир сабакта балдарга жаркын маанай түзүү сабактын жемиштүү болушуна өбөлгө түзөт. Ар бир сабак үчүн изденип, улам жаңы ыкмаларды колдонуп, күн сайын окуучуларга кичинекей ачылыштарды тартуулоо үчүн тынымсыз изденүүнүн үстүндө болуу зарыл.
Компьютердик технологиялар балдарды окуудан алаксытып, окууга болгон кызыгуусун жоготууда дешет. Тескерисинче, бул инновациялык технологиялардын ааламынан окуучулар үчүн улам бир кызыктуу ыкма таап, ал менен бөлүшө билүү керек. Мындай аракеттер ар күнү балдардын баёо көздөрүнөн билимге болгон кызыгууну, дилгирликти көрүү бакытын тартуулайт.
Сабактарда окуучулардын пландаштырууга, анализдөөгө, өзүн-өзү баалоого, өз алдынча билим алууга болгон компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун үстүндө иштөө керек. Ал үчүн окуу китебинен, интернеттен керектүү маалыматтарды таап, аларды өз алдынча аткаруу тапшырмасын берүү балдарда кызыгууну жаратат. Бул берилген тапшырмаларды аткаруунун ар кандай ыкмаларын издөөгө мүмкүнчүлүк берилет, ал жерде окуучулар чийинден тышкары ой жүгүртүүгө көнүгүшөт.
Мугалим өз ишинде балдарды кызыгууга, ката кетирүүдөн коркпоого, өз суроолоруна өз алдынча жооп таба билүүгө, өз иш- аракеттери үчүн жоопкерчиликтүү болууга көндүрөт. Баланы окууга гана эмес, ойлонууга, анализдөөгө үйрөтүү керек.
Мугалимдин мыкты сапаты: ар бир баланын жан дүйнөсүнүн ачкычын табуу, балдарга жүрөгүнүн бир бөлүгүн берүү. Эң башкысы, балага болгон ишеним, анын инсандыгын урматтоо, ага ийгиликке жетүүгө жардам берүүнү каалоо.

Ар бир бала – бул жылдыз, ар бир жылдыз өзгөчө жаркырап, күйүп турсун десек, аларга убакыт жана күч жумшоо керек.
Окуучуларга заман талабына шайкеш билим берүү үчүн ар кандай семинар, тренингдерге, окуу курстарына активдүү катышуу өз жемишин бербей койбойт. Педагогика – бул тынымсыз изденүү, чыгармачылык жаратмандык. Бир жерде токтоп калуу деген болбойт. Андыктан билим берүүдөгү ар бир жаңычылдык мугалимди кыйгап өтпөшү керек.
Сөзүмдү Симон Львович Соловейчиктин мугалимдик кесип жөнүндө так жана таамай жазган цитатасы менен аяктагым келет: “Ал сүрөтчү, бирок угуучулары менен көрүүчүлөрү ага кол чабышпайт. Ал скульптор, бирок анын эмгегин эч ким көрбөйт. Ал дарыгер бирок анын бейтаптары дарыланганы үчүн ыраазычылык билдирбейт. Ал күнүмдүк ишке күчтү кайдан алат? Өзүнөн гана! Өз кесибинин улуулугун аңдоодон гана!”
Акылай АСАНБАЕВА,
Ысык-Ата району, Будёновка айылындагы Усеин Адиков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими
Комментарийлер