«АКЫЛ НУРУ» БАЛА БАКЧАСЫНЫН ДИРЕКТОРУ НАРБҮБҮ АНАРКУЛОВА :»БАЛАНЫ ДА, ЭНЕНИ ДА ОКУТУШУБУЗ КЕРЕК»

  • 24.08.2026
  • 0

«Акыл Нуру» бала бакчасынын тажрыйбасы: баланы мектепке гана эмес, билим алууга даярдоо

Баланын мектепке даярдыгы анын тамгаларды таанып, санай билиши менен гана өлчөнбөйт. Мектеп босогосун аттаган бала жаңы маалыматты кабыл алууга, ой жүгүртүүгө, өз оюн эркин айтууга, суроо берүүгө жана алган билимин турмушта колдоно билүүгө даяр болушу шарт. Айрыкча, азыркы тез өзгөрүп жаткан заманда мектепке чейинки курактан баштап баланын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү өзгөчө маанилүү.
Ушул максатты көздөп, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылында «Акыл Нуру» бала бакчасы иштеп келет.Учурда бала бакчада билим менен тарбия алып жаткан балдардын саны 45-50гө жетти.
"АКЫЛ НУРУ" БАЛА БАКЧАСЫНЫН ДИРЕКТОРУ НАРБҮБҮ АНАРКУЛОВА :"БАЛАНЫ ДА, ЭНЕНИ ДА ОКУТУШУБУЗ КЕРЕК"
Бала бакчанын негиздөөчүсү — Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү №3 гимназияда 20 жылдан бери эмгектенип келе жаткан мугалим Анаркулова Нарбүбү. Анын бул ишке келүүсүнө көп жылдык педагогикалык тажрыйбасы жана белгилүү устат Гапыр Мадаминовдун билим берүү жаатындагы идеялары түрткү болгон.
Мугалим болуп иштеп жүргөн жылдары «Ата — энелер мектебине» жана «Акыл эмгегинин маданияты» сабактарына катышып, бала тарбиясындагы үй-бүлөнүн ордун терең түшүнгөнүн айтат.
«Гапыр  Мадаминовдун “Ата-энелер мектебинде” айтылган — бала бакчага жана мектепке барганга чейин баланын акыл-эс тарбиясын калыптандыруу керек деген ойлору мага чоң таасир берди. Ошондон улам балдарды мектепке чейин акыл-эс жагынан даярдоо, чет тилдерин эрте үйрөтүү максатында ушул бала бакчаны ачтым», — дейт Анаркулова Нарбүбү.

 

Баланы мектепке даярдоонун жаңы түшүнүгү 

Көп учурда мектепке даярдык дегенде баланын тамга таанып, жазып жана санай билиши гана түшүнүлүп калат. Бирок педагогикалык көз караштан алганда, бул кыйла кеңири түшүнүк. Бала жаңы билимди кабыл алууга психологиялык жактан даяр болушу, көңүлүн топтой алышы, логикалык ой жүгүртүүсү, салыштыруу жана талдоо жөндөмү калыптанышы зарыл. Ошондой эле өз оюн так жеткире билүүсү, башкаларды угуусу жана коомдук чөйрөгө ыңгайлаша алышы да маанилүү.

"АКЫЛ НУРУ" БАЛА БАКЧАСЫНЫН ДИРЕКТОРУ НАРБҮБҮ АНАРКУЛОВА :"БАЛАНЫ ДА, ЭНЕНИ ДА ОКУТУШУБУЗ КЕРЕК"

"АКЫЛ НУРУ" БАЛА БАКЧАСЫНЫН ДИРЕКТОРУ НАРБҮБҮ АНАРКУЛОВА :"БАЛАНЫ ДА, ЭНЕНИ ДА ОКУТУШУБУЗ КЕРЕК"
«Акыл Нуру» бала бакчасынын өзгөчөлүгү да дал ушунда. Бул жерде негизги мектепке чейинки билим берүү программасы менен катар балдардын акыл-эсин өнүктүрүүгө, окууга болгон кызыгуусун арттырууга жана тил үйрөнүүсүнө өзгөчө басым жасалат. Мында кыргыз тили менен катар орус жана англис тилдери да окутулат. Мунун өзү баланын сөз байлыгын көбөйтүү менен чектелбестен, эс тутумун, кабыл алуусун жана коммуникациялык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзөт.

 

Билимдеги алгачкы жыйынтыктар

Кызын бул бала бакчага бергенине эки эле ай болгон Алима эне кыска убакыттын ичинде чоң өзгөрүүлөрдү байкаганын белгилеп кетти:«Акыл Нуру бала бакчасына кызымды бергениме эки ай болду. Аз убакыт болсо дагы кызымда аябай чоң өзгөрүүлөр болду. Жазганды, муунга бөлгөндү, кошконду, кемиткенди ушул бакчадан үйрөндү. Мугалимдерге чоң ыраазычылык билдирем. Бул жактагы тарбиячылар балдарды өз баласындай көрүп, ар бир бала менен жекече иштешип, баарына көңүл бурушат экен».

"АКЫЛ НУРУ" БАЛА БАКЧАСЫНЫН ДИРЕКТОРУ НАРБҮБҮ АНАРКУЛОВА :"БАЛАНЫ ДА, ЭНЕНИ ДА ОКУТУШУБУЗ КЕРЕК"

Мектепке чейинки куракта бардык эле баланын маалыматты кабыл алуу ылдамдыгы бирдей болбойт. Бир бала маалыматты тез илип кетсе, экинчисине аны бир нече жолу кайталоо талап кылынат. Ошондуктан ар бир балага жекече мамиле жасоо — билим берүүнүн сапатын арттыруучу башкы факторлордун бири.
Дагы бир ата-эне баласынын тил үйрөнүүдөн сырт, өз оюн эркин билдирүү жөндөмү өнүккөнүн белгилейт. Нурканай эненин айтымында, айыл жеринде мындай заманбап багыттагы бала бакчанын ачылышы чоң жаңылык болгон:
«Баламды бул бала бакчага үч жашында бергем. Балам бул жерден англис жана орус тилин  үйрөнүп калды. Өз оюн толук кандуу түрдө билдиргенди үйрөндү. Бул бала бакча биздин жерде биринчи жолу ачылды. Жаңы-Жер айыл өкмөтү боюнча мындай багыттагы бала бакча мурда болгон эмес», — дейт ал.
Балдардын кабыл алуу жөндөмү тууралуу «Акыл Нурунун» тарбиячысы Абдуали кызы Гүлнура төмөнкүлөргө токтолот:
«Бул бала бакчада бир жылдан бери иштеп келем. Балдардын кабыл алуусу абдан бат, бул аларга мектепке чейинки даярдыктын бекем базасын түзүп берип жатат», — дейт тарбиячы.
Эгер бала мектепке чейин эле окууга кызыгып, жаңы маалыматты оңой кабыл алууга көнүп, өз алдынча ой жүгүртүүнүн алгачкы көндүмдөрүн өздөштүрсө, мектепте жаңы сабактарды өздөштүрүүсү да алда канча жеңил болот.

 

Билимге кызыгуу — баланын өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчү

Ал эми бала бакчанын негизги каармандары — балдардын өздөрү. Алар үчүн бул жай билим алган жер гана эмес, достору менен ойногон, жаңы нерселерди кубаныч менен үйрөнгөн кызыктуу чөйрө.

"АКЫЛ НУРУ" БАЛА БАКЧАСЫНЫН ДИРЕКТОРУ НАРБҮБҮ АНАРКУЛОВА :"БАЛАНЫ ДА, ЭНЕНИ ДА ОКУТУШУБУЗ КЕРЕК"

Бала бакчадагы тарбиялануучу бала дагы өз пикирин билдирди:
«Бала бакча мага аябай жагат. Балдар менен ойнойбуз, тарбиячы эжебиз бизди жакшы көрөт. Окуганды, сүрөт тартканды, санаганды, кошконду үйрөндүм».
"АКЫЛ НУРУ" БАЛА БАКЧАСЫНЫН ДИРЕКТОРУ НАРБҮБҮ АНАРКУЛОВА :"БАЛАНЫ ДА, ЭНЕНИ ДА ОКУТУШУБУЗ КЕРЕК"
Бул баланын жөнөкөй жообунун артында мектепке чейинки билим берүүнүн түпкү маңызы жатат: бала үчүн билим оюн, кызыгуу жана жылуу мамиле менен айкалышып турууга тийиш.

Энелер мектеби — бала тарбиясынын экинчи канаты

«Акыл Нурунун» дагы бир баалуу багыты — билим берүү процесси бала менен гана чектелип калбастан, «Ата — энелер мектеби» аркылуу ата-энелерге да  багыт бериле турганында.
Бала күнүнүн бир бөлүгүн гана бакчада өткөргөндүктөн, анын негизги чөйрөсү — үй-бүлө. Эгер бала бакчада берилген тарбия үйдө улантылбаса, натыйжа толук болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан ата-эненин  сабаттуулугун жогорулатуу — баланын келечегине салынган эң чоң салым.

Мектепке чейинки даярдык — келечектеги ийгиликтин башаты

«Акыл Нурунун» тажрыйбасынан көрүнгөндөй, мектепке даярдык — баланын колуна калем карматуудан же тамга үйрөтүүдөн алда канча кеңири түшүнүк. Бул — анын ой жүгүртүүсүн, сүйлөөсүн, кабыл алуусун, кызыгуусун жана билим алууга болгон ички даярдыгын калыптандыруу процесси. Бала бакчанын бул багытта ата-эне менен биргеликте иш алып барышы мектепке чейинки тарбиянын таасирин дагы да күчөтүүдө.

Бүгүн бала бакчада калыптанып жаткан көндүмдөр эртең мектептеги окуунун пайдубалына айланат. Тамга таануу, саноо же чет тилин үйрөнүү менен катар баланын ойлонууга, суроо берүүгө, угууга жана өз алдынча жыйынтык чыгарууга көнүгүүсү анын кийинки билим алуусуна жол ачат.

«Акыл Нуру» бала бакчасынын негиздөөчүсү Анаркулова Нарбүбүнүн башкы максаты да ушунда:«Балдар мектепке барганга чейин акыл-эс тараптан билим алууга даяр болушу керек. Чет тилдерин эрте үйрөнүшү зарыл. Чоң класстарга барганда башка сабактарды өздөштүрүүгө даяр болушу керек. Мен ушул максатта бала бакчаны ачтым».

Демек, баланын билим алуу сапаты мектеп босогосун аттаган күндөн эмес, ага чейинки даярдыктан башталат. Бул даярдыкта бала бакчанын мүмкүнчүлүгү, педагогдун кесипкөйлүгү жана ата-эненин колдоосу бири-бирин толуктаганда гана натыйжа күчтүү болот.

«Акыл Нурунун» мисалы көрсөткөндөй, балага эрте жаштан туура билим жана тарбия берүү — анын бүгүнкү өнүгүүсүнө гана эмес, эртеңки ийгилигине да түзүлгөн пайдубал.

Мадина КУРБАНОВА , «Кут Билим»

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды.

Бөлүшүү

Комментарийлер