БАЛАГА МУРАС: ӨСПҮРҮМДӨГҮ КЕСКИН АГРЕССИЯНЫН ТҮПКҮ МАҢЫЗЫ ТЕГИБИЗДЕ ЖАТАБЫ?
- 03.11.2026
- 0
Өспүрүм курактагы кризис, ата-энелердин каталары, гаджеттин залакасы жана тектаануу аркылуу көмүскө көйгөйлөрдү кантип дарылоого болот? Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр арасындагы кескин агрессия, өз жанын кыюу же курдашынын өмүрүн бир сокку менен кыйып алган окуялар, үйдөн качып кетүү, мугалимдерге кол салуу ж.б.у.с. жоосунсуз көрүнүштөр коомчулукту тынчсыздандырбай койбойт. Окурмандарды түйшөлткөн ушул олуттуу маселелердин түпкү маңызы эмнеде? Бул соболго тектаануучу жана психолог Жамиля САБИТАКУНОВА терең илимий жана турмуштук көз караш менен жооп берет.

— Тектаануу, менимче, бул жөн гана өз ата-тегин же жети атасын билүү эмес, бул ар бир инсандын тамырын, рухий дүйнөсүн жана коомдогу ордун түшүнүүчү терең илим. Ал эми өспүрүм курак — баланын балалыктан чоңдор дүйнөсүнө кадам таштаган, мүнөзү калыптанып, дүйнө таанымы кеңейген эң татаал жана жооптуу мезгили эмеспи. Тектаануунун өспүрүмдүн тарбиясына тийгизген таасири тууралуу кеп кылсаңыз.
— Тектаануу илими санжыра, генетика, психология, тарых, генеалогия илимдеринин кошулмасынан пайда болгон эң жаш илим. Ар бир илим өзүнүн адамзатка зарыл керек болгон доорунда пайда болот эмеспи. Андыктан ХХ кылымдагы адамзат башынан өткөргөн чоң системадагы социалдык катаклизмалар — биринчи дүйнөлүк согуш, Үркүн, кулакка тартуу, ачарчылык, репрессия, экинчи дүйнөлүк согуштагы биздин ата-бабаларыбыздын көргөн азап-тозогу, жоготуулар, кыйроолор айрым учурда урпактарына психологиялык жүктү (психотравма) тукум куучулук менен өткөрүп беришкен. Бул көрүнүш бир уруунун ичинде 3-4 муунга кайталана береген учурлар болот. Муну “көмүскө көйгөй” же “родовая травма” деп айтылат. Мисалы, күйөөсү согуштан кайтпай калган жаш келиндин эки эркек баласы дагы чарчап калат. Экинчи никеден дагы 4 эркек бала чарчайт. Ошентип, жоготуу программасына негизделген психологиялык жүк көнүмүшкө айланып, неберелери дагы күйөөлөрү менен ажыраша берген учурлар бар. Никедеги жоготуу кээ бир учурларда урпактардын жашоосунда финансылык жоготуулардын кайталанышына дагы алып келиши мүмкүн.

Экинчи дагы бир жагдай – ата энелердин адашуусу дагы бир нече муунга чейин тукум кууй турган чоң “көмүскө көйгөйдү” пайда кылган учурлар бар. Мисалы, жеке кызыкчылыгы үчүн бир адамдын же топтун убалына калган адам. Мындай учурдун дагы пайдалуу жагы бар. Кемчиликтерди кайталабас үчүн ата-энелердин адашуусунан дагы турмуш сабагын алып, өнүп-өсүп кетсе болот.
Тек таануунун өспүрүмдүн тарбиясына тийгизген таасири өтө зор. Санжыра бизди өзөгүбүзгө кайтаруучу тамырдагы билим, руханий көрөңгүбүз. Санжыра аркылуу уруунун, жалпы элдин, улуттун өнүгүшүнө салымын кошкон таасирдүү адамдарын образын издеп таап, ошол аркылуу “көмүскө көйгөйдү” дарыласа болот. Тегиндеги таасирдүү адамды көргөндө, өспүрүмдүн мекенчилдик жана сыймыктануу сезими ойгонуп, генетикасы активдешип, гормон системасы башка деңгээлде иштейт да, чоң максаттарды коюп, жашоосунда өзгөрүүлөр болуп баштайт.
— Ушул жаатта өспүрүмдөр же алардын ата-энелери сизге кайрылган учурлар болобу? Эгер сыр болбосо, көбүнчө кандай маселелер менен келип жатышат жана алардын реалдуу жыйынтыгы кандай болууда?
— “Көмүскө көйгөй” экенин көп учурда жабырлануучу байкабайт. Көбүнчө финансылык жана бизнестеги кыйынчылык, үй-бүлөлүк маселелер, ажырашуу, химиялык заттарга жана алкоголизмге болгон көз карандылык, кайын эне — келин, эне жана кыз мамилеси, никеге туруу же кантип үйлөнөм, турмушка чыгам деген суроолор менен кайрылышат. Биз кардардын тек системасын (санжырасын) бери болгондо төрт муунга чайин анализ жүргүзөбүз да, кайталанган окуялардын тизмегин таап “көмүскө көйгөйдүн” себебин аныктап алабыз да, ошол себепти жое турган илимий протоколду пайдаланабыз.

Мисалы, мага башка өлкөдөн бир кардар кайрылды баласы химиялык затка көз каранды экен жана бизнесимди түптөй албай жатам деп. Тек системасын анализ кылганда апасы тарабынан Үркүндө эки баласын таштап Кытайга качып, келе албай калган чоң таене-таятасынын бактысыз тагдыры, ата-энесинен ажырап тирүүлөй жетим калган таенесин ачарчылыкта тирүү калсын деп сүйбөгөн кишиге турмушка беришкени, ачарчылыктан жана бактысыз жашоодон балдарынан ажыраганы, өзүнүн апасы дагы эки жолу ичкен адамдар менен никеге турган.
Атасы тараптан төрт муун катары менен эркектер ичип кетишкен. Ошол себептен мага келген кардар ата тарабы менен байланышты үзүп, күйөөсү менен ажырашып кеткен. Биздин милдет тектин ичндеги мамилелерди калыбына келтирип, тектин энергиясын бир бүтүндүккө алып келгенде кардардын психологиялык акыбалы оңолоорун кардарга илимий жол менен түшүндүрүп бериш. Жыйынтыгында атасынын туугандары менен катышып баштагандан кийин, бизнесин ачты, баласы оорусунан айыгып, мамилелери оңолду.
— Өспүрүмдөр арасында кескин агрессия качан жана кантип пайда болот?
— Кескин агрессия менен кризистик абал баланын жашоосунда бир күндө эле пайда боло калбайт. Адамдын денеси — миң жылдык маалыматты көтөрүп жүргөн өзгөчө «унаа». Бул маалымат адамдын жан дүйнөсүнүн өзөгүн түзүп, төмөнкү сапаттарды камтыйт.

Адамдын сезим дүйнөсү — бул болсо ички эмоциялары менен болгон психологиялык мамилелери. Ал сүйүү, кубаныч, боорукердик, ыраазычылык, кайгы, коркунуч, жек көрүү, ишеним, үмүт жана өкүнүү сыяктуу ички обондор;
чыгармачылык дүйнөсү – сырткы чөйрөнү (жаратылышты, искусствону, музыканы) сезүү органдары аркылуу жан дүйнө менен сезип, андан таасир алып чыгарма жаратуу жана мамиле түзүү;
жан дүйнөнүн тажрыйбасын топтоо жана башынан өткөрүү жөндөмдүүлүгү — бул болсо адамдын көргөн азап-тозогу, кууралы жана жыргалы, таланты, чыгармачылыгы, ички-сырткы дүйнөсүндөгү шайкештиги, эмоционалдык тажрыйбалары, тынчсыздануулар, санааркоолор.
Мына ушул сапаттардын топтому адамда тубаса болот, кан менен бирге кошо төрөлөт. Түшүнүктүү болуш үчүн комузду мисалга келтирейин. Комуздун үч кылы комуздун денеси менен бирге болгондо гана бир бүтүн болуп добуш чыгып, күү чертилип жан дүйнөнү эргитип баштайт. Кылды комуздан ажыратып салсак ал жабыркаган буюм болот же психотравма алган адам сыяктуу өз жумушун жасай албай, жашоодо ордун таппай жүрө берет.
Эненин боюнда кезинде эле үйдөгү ар бир сүйлөнгөн сөз, сүйүү, мээрим, ыраазычылык, клеткалары (нейрондору) өзүнө жаңы маалымат кылып жазып алат. Ошентип, 1000 жылдык маалыматты дагы 9 ай жаңылап, толуктап туруп бизге чертиле элек комуздай болгон таптаза, үч кылы бүтүн болгон наристе төрөлөт же болбосо ата-энесинин ортосундагы чыр-чатак ж.б. социалдык көйгөйлөрдөн улам, психологиясы чарчаган, күнөөлүү сезимге баткан (чувство вины), бул ааламга карызга баткан (чувства долга), ата-энесинин кылык жоругу үчүн уялган (чувства стыда), коркуу сезими бар (чувства страха) бала төрөлөт.
Социалдык көйгөйлөрдүн эң оорчундуусу сырткы жана ички миграция, никеси мамлекетте катталбаган айрым үй-бүлөлөр, финансылык көйгөйлөр, наристени эң кенже кезинде тарбиялаган тарбиячынын психологиялык акыбалы баланын психикасынын калыптанышына таасирин тийгизген социалдык чоң суроо.
Ушундан улам кескин агрессия менен кризистик абалдын түпкү маңызы бала төрөлө электе эле калыптана баштайт. Ушул сезимдердин ордун сүйүү, ыраазычылык, мээрим менен толуктаганга баланын билими, тажрыйбасы жетпейт да, ыза болуп калган айрым балдар өз жанын кыйып же бирөөдөн өч алыш үчүн спорт менен машыгышат.
Бул жагдайларда психологдордун бала менен болгон кеп-кеңеши жетишсиз. Кризистик акыбалдын түпкү маңызы ата-эненин психологиялык, социалдык акыбалына байланыштуу болгон соң эң алдыда ата-энелер менен иштеш керек. Ата-эненин бала тарбиялоодогу жоопкерчилиги, үй-бүлөдөгү руханий, финансылык ордун ар бир ата-эне так даана билиш керек.
Ар бир баланын жан дүйнөсү өзгөчө жана кайталангыс болот да төрөлгөн күндөн баштап чөйрөсүнө, үй-бүлөдөгү салт-санаа, үрп-адаттарга, ата-энесинин мүнөзүнө, тажрыйбасына, билим деңгээлине, маданиятына, жараша баланын кулк мүнөзү калыптанат.
— Өзгөчө түнт, өзүнө ишенбеген же коомдон обочолонгон балдарга кандай мамиле керек? Кээде мектептер буларды «жөн эле мүнөзү ошондой» деп көз жумду кылып коюшат, бирок бул кандай кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн?
— Түнт, коомдон обочолонгон баланын мүнөзүнүн калыптанышына көбүнчө уюлдук телефондун залалы өзгөчө тийип жатат. Өспүрүмдүн жашоосундагы кыймыл-аркеттин аздыгы, таза абанын жетишсиздиги, ата-энелер менен болгон жандуу баарлашууунун дээрлик жокко эсе болгону, кара жумуш иштебегени, китеп окубаганы баланы интеллектуалдык жана эмоционалдык жактан өстүрбөй коет. Жыйынтыгында психикалык жактан бышып жетилбеген балдардын армиясы пайда болот да, максат кое албай, чечим чыгара албай жашоосунда кооптуу жагдайларга дуушар боло берет.
— Өспүрүм куракта балдар көбүнчө «Мен киммин?», «Менин коомдогу ордум кайда?» деген суроолорду көп беришет. Буларга кандай жооп бериш керек?
— Өспүрүмдүн бул курагы 12-18 жаштарына туура келет. Бул учур өтө жооптуу жана кооптуу. Жашоосундагы балалык кездеги сезимдериндеги эски түшүнүктөр акырындап азайып, «Мен киммин?», «Менин коомдогу ордум кайда?», “Менде кандай кайталангыс сапаттарым бар?”, “Мени башкалар кандай элестетишет?” деген суроолорду берип, ал суроого жооп табуу максатында майда эксперименттерди жасап баштайт. Мисалы, сырткы келбетине өзгөртүү киргизип, чачын өстүрүп, кумир издеп, көбүнчө тентуштарынын чөйрөсүндө болот.
Акырындап өздүк сапаттарын таап, коомдогу ордун аныктап жана кесиби, карьерасы боюнча ойлонот. Ушул учур эң маанилүү. Баланы сындап, бирөөгө салыштырып же купуя сырларын айтууга мажбурлоо баланы обочолонуп жашоого же үйдөн кетип калуусуна түрткү берет.
Ушул жагдайга кабылбаш үчүн өспүрүм куракта баланы көбүрөөк угуп, бала үчүн коопсуз жагдайды камсыз кылыш керек. Ириде ата-эне өз көз карашын жана тажрыйбасын таңуулабаганы жакшы. Телефонун текшерип, кайда болдуң?, ким менен болдуң?, эмне жөнүңдө сүйлөштүң? — деген себепсиз суроолор баланын өзүнө болгон ишеничти жоготот. Бала кетирген кемчилиги үчүн жазаланбай турганын билиш керек.
Өткөөл куракта өспүрүмгө ата-эненин гана эмес, психолог адистин дагы жардамы керек болушу мүмкүн. Эгерде сабактарынан жетишпей, мектепке баргысы келбей, жашоого болгон кызыгы жоголуп, сүйлөшкүсү келбей, ата-энеси менен чыр-чатакка кирип, алкоголдук ичимдик ичип, чегип, суицид жөнүндө кеп кылып баштайт.
— Өспүрүм курактын өзгөчөлүктөрү жана тектаануунун ролуна токтолсоңуз.
— Тек таануу — бул үй-бүлөлүк тарыхтын жана ата-бабалардын инсандын жашоосуна тийгизген таасирин изилдеген түшүнүк.
Өспүрүм курак — бул өзүн-өзү издөө, ата-энеден бөлүнүү учурундагы кризистин күчөшү менен мүнөздөлгөн мезгил. Ата-бабалардын тарыхын изилдөөгө кызыгуу же аларды үйрөнүү, таанып билүү өспүрүмгө төмөнкүдөй оң таасирлерин берет.

- Инсандык калыптануу — өзүнүн тамырын билүү, үй-бүлөлүк даракты санжыраны түзүү жана үй-бүлө тарыхын изилдөө өспүрүмгө ички дүйнөсүндөгү бүтүндүктү, туруктуулук жана таандык болуу сезимин берет да санжырада өзүнүн ордун таап, мекенге болгон кызыгуусу, сүйүүсү артат;
- Ата-эне менен баланын ортосундагы мамилелерди жакшыртуу — үй-бүлөлүк травмаларды — мисалы, мурунку муундар башынан өткөргөн мүлктү тартып алуу, согуштарды же саясий репрессияларды талкуулоо — өспүрүмгө ата-энесинин жүрүм-турумун жакшыраак түшүнүүгө жана нааразычылык сезимдерин азайтууга жардам берет;
- Боорукердикти өнүктүрүү — ата-бабаларынын оор жашоо тажрыйбалары жөнүндө билүү боорукердикти өнүктүрүп, улуу муундун өкүлдөрүнө урмат-сый менен мамиле кылууга түрткү берет.
— Заманбап өспүрүмдү жөн эле лекция окуу менен таң калтыруу кыйын. Аны тектаануу менен кантип кызыктырса болот?
— Бул өтө актуалдуу суроо. Өспүрүм курак — бул өзүн жана өз инсандыгын издөө мезгили. Үй-бүлө тарыхын билүү (теги-тукумун изилдөө) өспүрүмгө өзүнө болгон ишенимди арттырууга, мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жана ата-энеси менен болгон байланышын бекемдөөгө жардам берет.

Өспүрүмдү тек таанууга кызыктыруу үчүн кичирээк долбоор менен иштесе болот. Мисалы, “Үй-бүлөлүк тарыхтын жана салттардын азыркы өспүрүмдөрдүн инсан катары калыптанышына тийгизген таасирин изилдөө” темасын алып.
- Гипотеза — өз үй-бүлөсүнүн тарыхын билген жана муундар аралык байланышты сактаган өспүрүмдөр өздөрүнө көбүрөөк ишенишет, ошондой эле курагына мүнөздүү кризистерди жеңип өтүүгө даярдыгы жогору болот.
- Изилдөө ыкмалары — адабияттарды карап чыгуу, туугандар менен маектешүү, теңтуштар арасында сурамжылоо жүргүзүү жана генограмма түзүү.
- Изилдөөнүн теориялык бөлүгү — родология (урууну же тукум тарыхын изилдөө) деген эмне жана ал өспүрүм үчүн эмнеге маанилүү? Бул бөлүмдө негизги түшүнүктөр баяндалат:
- Тек таануу — тукумдун өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана ата-бабалардын тарыхынын алардын урпактарына тийгизген таасирин изилдеген тармак.
- Өзүн-өзү таануу (идентичность) — өз тамырларын билүү «Мен киммин?» деген суроого жооп табууга жардам берет.
- Психологиялык колдоо — ата-бабалардын кыйынчылыктарды (мисалы, согуштарды же кризистерди) кантип жеңип өткөнү тууралуу окуялар өспүрүм үчүн туруктуулуктун жана кайраттуулуктун үлгүсү болуп берет.
- Кайталанган көрүнүштөр — бир муундан экинчи муунга өтүп келген адаттарды, кесиптерди же мүнөз өзгөчөлүктөрүн анализдөө өспүрүмгө келечекте кесип тандоого, адаттарды калыптандырууга, коомдон ордун табууга чоң жардам берет.
Жыйынтыктап айтканда, тек таануу (тегиңизди же ата-бабаңызды изилдөө) — бул жөн гана кургак тарыхый фактылардын жыйындысы эмес, тескерисинче, өзүн-өзү таанууга багытталган натыйжалуу курал. Өз тегин изилдөө өспүрүмдөргө тынчсызданууну азайтууга, ата-энелери менен болгон мамилесин жакшыртууга жана өзүн санжырасын билүүгө, туруктуу тек системанын бир бөлүгү катары сезүүгө жардам берет. Өткөндү түшүнүү келечекке ишенимдүү кадам таштоо үчүн күч-кубат берет.
— Кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң ырахмат!
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”