БААТЫРДЫН ЫСМЫ БАЛДАРДЫ ШЫКТАНДЫРАТ

  • 25.11.2021
  • 0

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында Улуу ата мекендик согуштун Баатыры, эрдиги менен кыргыздын даңкын чыгарган, эрдиги менен улуу-кичүүгө үлгү болгон сыймыктуу агабыз Дүйшөнкул Шопоковдун ысмын алып жүргөн мектеп бар.

Андагы агартуучулар болобу, окуучулар болобу, бул мектептин босогосун аттагандардын баарын мектептеги Дүйшөнкул Шопоковдун музей классын көргөзгөнгө ашыгышат. Анысы да жөндүү, алар музейдеги кыргыздын сыймыктуу баатыр уулу жөнүндөгү маалыматтар менен эле чектелбей, улам жаңыртып, согуштан кийин өмүрлүк жарынын эрдигине тете өтөгөн эмгеги менен “Баатырдын баатыр жары” деген атка конгон Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова, анын жердештери, ж.б. жөнүндө жаңы маалыматтар менен толуктап турушат. Ошондон уламбы, ар бир келген адам кийинкисинде мурда көрбөгөн, укпаган жаңылыктар менен таанышып калышы толук ыктымал.

Аталган мектептин директору КР Билим берүүсүнүн мыктысы, шаардын Мыкты инсаны төш белгисинин ээси Раткан Бердигулова 2009-жылдан бери ушул мектепти жетектеп келатат. Өзүн уюштургуч, демилгечи, бардык иштин көзүн таба билген адис катары көрсөтүп, ишенимге арзыган кыраакы жетекчи эмгек жамаатына ийгиликтин сыры ынтымакта экендигин сөзү менен да, аткарган иши менен да далилдеп келет.

БААТЫРДЫН ЫСМЫ БАЛДАРДЫ ШЫКТАНДЫРАТ

Биз да адеп мектептин босогосун аттаарыбыз менен өздөрүнө билинбей калыптанып калган салт боюнча адегенде эле мектептеги музей класска алып барып, мектеби тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

— Баарыңыздарга жакшы маалым болгондой, биздин мектеп Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун атын алып жүрөт. Учурда мектепте жалпысынан 607 окуучу билим алат, алардын ичинен 50 окуучу жалаң “беш” деген баага окуйт, ал эми 121 бала “төрт” жана “беш” деген баага окугандар. Окуучуларга 36 мугалим талбай билим-тарбия берип, үзүрлүү эмгектенип келатат, анын ичинен тогуз мугалим — КР Билим берүүсүнүн мыктысы. Эгерде багбандын же болбосо дыйкандын эмгегинин үзүрү өстүргөн мөмөлөрүнөн, алган түшүмүнөн билинсе, мугалимдин эмгегинин натыйжасы окуткан окуучулардын жетишкендиктеринен билинет эмеспи. Анын сыңарындай, биздин окуучулардын ийгиликтери тууралуу айта кетейин. Ушул жылдын март айында өткөн шаардык олимпиадага жети окуучу катышып, эки окуучубуз география сабагынан 1-орунга,  бир окуучубуз биология сабагынан 1-орунга жетишсе, эки окуучубуз  тарых сабагынан 3-орунга, дагы бир окуучубуз кыргыз тили жана адабияты сабагынан 1-орунга ээ болгон. Натыйжада, 1-орунду ээлегендер олимпиаданын облустук туруна катышууга жолдомо алышкан.

БААТЫРДЫН ЫСМЫ БАЛДАРДЫ ШЫКТАНДЫРАТ

Биология предмети боюнча олимпиаданын облустук  туруна катышкан Ырыскелди Сагыналиев деген окуучубуз 3-орунду ээледи. Биология мугалими Галия Гарипова даярдаган Ырыскелди Сагыналиев ушул эле биология предметинен  альтернативдик олимпиадага катышып республикалык турга чейин чыкты. Ал эми орус тили жана адабияты сабагынан Майрам Ташибекова облустук турга катышып, алтынчы орунду ээледи. Бул да болсо чоң жетишкендик деп эсептейм. Себеби, ар бир сынакка, мелдешке катышканда балдар такшалат, тажрыйба топтойт. “Катышуунун өзү эле эрдик, жеңиш” деген жакшы сөз бар эмеспи, анын сыңарындай, балдарыбызды кандай кароо-сынак болбосун катыштырууга аракеттенебиз, – дейт Раткан Кадырбаевна.

Мектептин эле эмес, ошол чөлкөмдүн сыймыгына айланган Дүйшөнкул Шопоковдун музей классын учурда Миргүл Мадышова жетектейт. Миргүл Жийдебаевна адепки күндөн баштап эле Сокулук районундагы Шалта айылынын тургуну, Дүйшөнкул Шопоковдун өмүрлүк жары Керимбүбү Шопокова менен жакындан байланышып, тыгыз иштеп келатат.

— Мен Дүйшөнкул Шопоковдун өмүрлөшү болгон Керимбүбү апабыз менен анын көзү тирүү кезинде жакындан тааныш болуп калганыбызга аябай сыймыктанам. Биз үчүн ал кишилердин ар бир колдонгон буюмдары баалуу болгондуктан, эстеликке сактоо үчүн музей класска алып келгенбиз. Мындай тарыхый инсандар, алардын басып өткөн жолу, өтөгөн эмгектери, эрдиктери балдарды тарбиялоодо өтө таасирдүү болот экен. Келечек муундун өкүлдөрү Ата мекен үчүн кан жанын аябаган адамдарды унутпай, ар дайым эстеп жүрүшү керек деген максатта, карым-катнашыбызды үзбөй келатабыз. Ошондой тыгыз кызматташтыктын натыйжасында жолугушууларды уюштуруп, окуучулар жана мугалимдер үчүн өтө кызыктуу маалыматтарды камтыган семинарларды өткөрүп турабыз. Анын бирине Сокулуктагы музейдин башчысы Клара Көбөгөнова өзү келип катышып кеткен. Тактай кетсем, Сокулуктагы музейди адегенде Сагынбүбү Шопокова деген кызы жетектеген экен, анын көзү өтүп кеткенден кийин музейдин ишин улантып келаткан Клара Көбөгөновага биз терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз, — дейт класс музейдин жетекчиси.

БААТЫРДЫН ЫСМЫ БАЛДАРДЫ ШЫКТАНДЫРАТ

Кара-Көлдөгү №4 орто мектеп 1985-жылдан бери Дүйшөнкул Шопоков атындагы мектеп деп аталып келатат. Музей классты адегенде ардагерлер кабинети деп аташып, 2010-жылы Жеңиштин 65 жылдыгына карата Д.Шопоковдун кабинети кылып атайын ачышкан. Музей класстын эң баалуу, эң кызыктуу бурчу “Баатырдын баатыр жубайы” деген стенд десек болот. Ырасында эле бул бурч, деги эле жалпы эле музей, андагы баатырлар баяны, балдарды патриоттуулукка тарбиялоодо эң таасирлүү мыкты курал катары кызмат өтөп келатат. Кабинетте Улуу ата мекендик согушта Советтер Союзунун Баатыры наамын алган кыргызстандык 13 баатыр жөнүндө, Ооган жоокерлери, алардын эрдиктери жөнүндө кенен баяндалат.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жеңиштин 76 жылдыгына жана Советтер Союзунун Баатыры Д.Шопоковдун 106 жылдыгына карата ”Карегимде мекеним, баатырдын ысмын алган мектебим “деген темада облустук семинар өткөрүлүп, ага айтылуу баатырдын айылынан музей жетекчиси Клара Көбөгөнова жана ошол айылдагы мектептин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Айнура  Оморова келип катышкан. Ошондой эле Таш-Көмүр шаарынан, Токтогул районунан атайын келишкен кесиптештеринин катышуусу менен өткөн ал семинардын жүрүшүндө  М.Мадышова  8-класстардын окуучулары үчүн “Эрдиги, эмгеги менен элге таанылган эл баатырлары” деген темада кызыктуу тарбиялык саат өткөн. Ал эми М.Маматовдун 9-класстарга өткөн сабагы   “Жеңиш  алып келген кыргыз баатырлары” деп аталса, 2-а класс үчүн даярдаган А.Ибрагимованын сабагы  “Эрдиктер эскирбейт” деп аталып, мугалимдер окутуунун жаңы методдорун колдонуу менен өтө таасирдүү, эсте калаарлык тарбиялык сабактарды өтүп беришкен. Мугалимдер балдардын  аң-сезимин ойготуп, патироттуулукка, мекенин сүйүүгө тарбиялаган сабактарды гана даярдашпастан, балдарга мекенге арналган ырларды көркөм окутушуп, “Дүйшөнкулду майданга узатуу”, “Керимбүбүнүн анты” сценкаларын даярдашып, келген конокторго тартуулашкан.

БААТЫРДЫН ЫСМЫ БАЛДАРДЫ ШЫКТАНДЫРАТ

Дүйшөнкул Шопоков атындагы мектепте эмгектенген мугалимдердин да алгылыктуу аракеттери көз жаздымда калбай, сынактарда сыналып, байгелүү алдыңкы орундарга жетишип, жеңүүчү аталып келишет. Алсак, апрель айында  бардык мектептердин башталгыч классынын мугалимдери катышкан шаар аралык “Жылдын мыкты мугалими-2021” сынагында Сайкал Аметжанова 2-орунду ээлегени да чоң ийгилик экени талашсыз.

Мына ушундай ийгиликтерди жаратып, эл арасында билинбегендей сезилгени менен опол тоодой эмгек өтөп, балдарды окутуп-тарбиялоодо мугалимдик зор вазийпасын аткарып келатышкан ардактуу агартуучуларыбыздын ысмын атап, белгилеп койгонубуз биз үчүн да сыймык.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер