БААРДЫК БАЛДАР БИРДЕЙ

  • 18.02.2021
  • 0

Өткөн жылы Аламүдүн балдар чыгармачылык борборунда инклюзивдик билим берүү боюнча ийрим ачылган. Ал жерде 25 бала кошумча билим, тарбия алат.

БААРДЫК БАЛДАР БИРДЕЙ

 “Кошом, кошулам”

Аламүдүн балдар чыгармачылык борборунун директору Жаркын Момунованын берген маалыматына таянсак, Кыргызстанда 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын болжолдуу саны учурда 23567ни түзөт.  Ден соолугунан чектелген балдарды  коомчулукка кошуу жалгыз гана ата-энелердин колунан келбейт. Анткени  кыйынчылыктар көп, шарт жок. Эң негизгиси инклюзивдүү билим берүүдө өзгөчө муктаждыктагы балдарда, ата-энелерде болгон чектөөлөр жоюлат. Инклюзив деген сөз француз тилинен которгондо  «кошом, кошулам» деген маанини билдирет.

Инклюзивдик билим берүүнүн негизги эле идеологиясы – тил, улут, дене өсүшү, интеллектуалдык, психикалык өзгөчөлүктөрүнө карабастан, баардык балдарды билим берүү системасына, анын ичинен кошумча билим берүүгө кошуу керектигин адистер айтышууда.

БААРДЫК БАЛДАР БИРДЕЙ

  • Биздин борборго кабыл алынган балдар менен иштөөдө мугалим атайын курстан өтүп, сертификат алган. Бул ийримге балдар абдан кызыгуу менен келип жатышат. Алардын өнүгүшүндө оң динамика байкалууда. Биздин милдет – балдарды ар тараптуу, гармониялуу өнүктүрүү болуп саналат. Ар бир баланын чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн ар бирине жакындан жардам берип жана баардык жактан активдүү болушуна түрткү беребиз, — дейт Жаркын Момунова.

 Акысыз ийримдер

БААРДЫК БАЛДАР БИРДЕЙ

Аламүдүн райондук балдар чыгармачылык борборунда 6 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр тарбияланат. Учурда 420 бала бекер билим, тарбия алат. Ар кайсы багыт боюнча он эки ийрим иштейт. Ийримдерге ата-эненин жана алардын балдарынын каалоосу менен кабыл алынат. Борбордо окуучулардын жаш курагына, кызыгуусуна карата программа иштелип чыккан.

БААРДЫК БАЛДАР БИРДЕЙ

  • Биздин борбор балдар чыгармачылыгы болгондон кийин педагогдор менен тарбиялануучулар баардык сынактарга, көргөзмөлөргө, ар кандай деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып келатышат. Карантин маалында ийримдеги окуучулар онлайн-режимде окушту. Ошол эле кезде райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги онлайн-сынактарга, фестивалдарга катышты, — дейт борбордун директору.

Сынактар. Ийгиликтер

БААРДЫК БАЛДАР БИРДЕЙ

Балдар көркөм искусство боюнча борбор ичинде уюштурулган сынакка катышып, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктарга татыктуу болушту. Бул конкурска ата-энелер өздөрү демөөрчү болушкан. Ийримдин жетекчиси Елена Козлованын айтымында, Улуу ата мекендик согуштун 75 жылдыгына карата өткөн  “Аталардын эрдигин даңктайбыз!” республикалык онлайн-фестивалга катышып, борбордун тарбиялануучулары сынактын дипломанттары болушту.

БААРДЫК БАЛДАР БИРДЕЙ

  • Оригами ийриминин жетекчиси Аида Кыздарбекованын тарбиялануучулары да сынакка активдүү катышып, жыйынтыгында Зарылбеков Эльдар, Шамилева Айбийке дипломдор менен сыйланышты. Ал эми ийримдин жетекчиси Аида Кыздарбекова кошумча билим берүүдөгү көркөм жана социалдык-педагогикалык багытындагы методикалык кейстер боюнча өткөң республикалык сынакта “Көркөм чыгармачылык – аралыкта” деген программалык-методикалык иштелмелер номинациясы боюнча  катышты. Баардык турдан ийгиликтүү өттү. Ошондой эле ал “Санарип педагогика” республикалык сынагына “Аскер (Солдат)”, “Акжолтой куш (Птица пожеланий)” темасында катышкан. Биздин педагогдор карантин учурунда “Тоту куш (Попугай”), “Көпөлөк (“Бабочка”), ошондой эле “Мамлекеттик тил”, “Балдарды коргоо”, “Карылар”, “Мугалимдер” күндөрүнө карата, Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгына, Улуу ата мекендик согуштун 75 жылдыгына жана Жаңы жылга карата сабак-роликтерди тартышты, — дейт жетекчи.

 Пандемия педагогдорду онлайн билим берүүгө үйрөттү

Пандемия педагогдорду заманбап технология менен иштегенге үйрөтүп, такшалтты. Ар кандай темага, белгилүү даталарга видеосабактар тартылып, ийримдердин баардык жетекчилери активдүүлүгүн көрсөтө алышты.

“Балажан” республикалык борбору өткөргөн “Кыздардын сулуулугу алардын кийиминде” деген сынакка борбордун тарбиялануучулары катышып, сыйлыкка татыктуу болушту.

БААРДЫК БАЛДАР БИРДЕЙ

— 2020-жылдын 4-декабрында оффлайн режимде “Манас” күнүн өткөрдүк. Ийрим жетекчиси Исмаилова Адашбүбү. Ийримчилер китеп көргөзмөсүн уюштуруп, “Манас” эпосунан үзүндү айтышты. Ал эми Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору өткөргөн “Элдердин достугу” республикалык сынагында хор боюнча катышып, 2-орунду жеңип алдык. Диплом менен сыйландык. Ийрим жетекчиси Таласпаева Айтолкун. Келечекте шахмат боюнча ийрим ачсак деген ниетибиз бар. Азыркы учурда ушул ийримди ачуу боюнча программа даярдап жатабыз. Ошондой эле имараттын  кире беришин оңдоп-түзөө боюнча долбоор жаздым, райондун акими жардам бергенге макулдугун берди. Мындан тышкары, “Максат” балдар реабилитациялоо борборуна жана Бишкек карылар үйүнө салтка айланган кайрымдуулук концерт менен чыкканы турабыз. Буюрса, балдар өздөрүнүн колу менен жасаган буюмдарды карыларга белекке беришет, — дейт Ж.Момунова.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер