БАА ЭМЕС, КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК: ЖАҢЫ ЗАМАНДЫН ОКУУЧУСУ КАНДАЙ БОЛУШ КЕРЕК?

  • 26.06.2026
  • 0

Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу №93 жалпы билим берүү мектебиндеги бир жылдык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы

(2025–2026-окуу жылы)

КИРИШ СӨЗ

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформаларынын негизги багыттарынын бири – 12 жылдык жалпы билим берүү системасына өтүү болуп саналат. Бул өзгөрүү окуучунун билим алуусун гана эмес, анын инсандык сапаттарын, чыгармачылыгын, изилдөөчүлүк жөндөмүн жана турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Демек, жаңы реформалар мектептердин ишмердүүлүгүнө жаңы талаптарды коюуда. 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү стратегиялык маанидеги реформа катары жарыялагандан кийин, ар бир мектеп бул жолдо өзүнүн конкреттүү кадамдарын жасашы зарыл. 12 жылдык билим берүү системасына этап-этабы менен өтүү – бул окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн, кызыгууларын жана келечектеги турмуштук муктаждыктарын эске алган заманбап билим берүү моделин түзүүгө багытталган. Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу №93 жалпы билим берүү мектеби – 12 жылдыкка өтүү процессинде ишенимдүү кадам басып жаткан мекемелердин бири.

Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн мектеп жамааты окуу жылы ичинде мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке киргизүү, педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу боюнча системалуу иштерди жүргүздү.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ДАЯРДЫК

Окуу жылынын башынан тартып педагогикалык кеңештерде 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү кеңири талкууланды. Мугалимдер жаңы окуу программалары, компетенттүүлүккө негизделген окутуу, калыптандыруучу баалоо жана окуучунун жеке өнүгүүсүнө багытталган методдор боюнча окуулардан өтүштү.

Мектепте төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлдү:

  • Мугалимдер үчүн семинарлар жана тренингдер уюштурулду;
  • Жаңы мамлекеттик стандарт боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү;
  • Ачык сабактар өткөрүлүп, тажрыйба алмашуу камсыздалды;
  • Санариптик платформаларды колдонуу кеңейтилди.

Бул иш-чаралар мугалимдердин жаңы билим берүү шарттарына даярдыгын арттырууга өбөлгө түздү.

БАА ЭМЕС, КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК: ЖАҢЫ ЗАМАНДЫН ОКУУЧУСУ КАНДАЙ БОЛУШ КЕРЕК?

МУГАЛИМДИН КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮСҮ

Билим берүүнүн сапаты биринчи кезекте мугалимдин кесиптик деңгээлине байланыштуу. Ошондуктан мектептин педагогикалык жамааты билим берүү системасындагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык 12 жылдык билим берүүгө өтүү багыты боюнча өз билимдерин тереңдетүү, предметтик даярдыгын жогорулатуу жана жаңы талаптарды өздөштүрүү боюнча КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА КАЙРА ДАЯРДОО РЕСПУБЛИКАЛЫК ИНСТИТУТУ менен тыгыз байланышта иштеп, жыл бою бир нече мугалим төмөндөгү багыттар боюнча квалификацияларын жогорулатышты:

  1. Жогорку класстын 10 мугалими ”12 жылдык билим берүүдө окутуу технологиялары” курсунан өтүштү.
  2. Башталгыч класстын 7 мугалими ”12 жылдык билим берүүдө окутуу технологиялары” курсу.
  3. 2026-жылдын февраль айында “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу жана өнүктүрүүнүн педагогикалык мамилелери курсун 1 мугалим аяктады.
  4. 2026-жылдын март айында ”12 жылдык билим берүүдө психологиянын теориясы жана практикасы” курсун 52 мугалим ийгиликтүү өздөштүрдү.
  5. Башталгыч класстын 22 мугалими 2026-жылдын март айында” 12 жылдык билим берүүдө технологиянын теориясы жана практикасы” курсун.
  6. Башталгыч класстын 16 мугалими май айында ”Окуу-тарбия процессин этнопедагогизациялоо” курсун ийгиликтүү өздөштүрүштү.

STEM БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ

Мектептин артыкчылыктуу багыттарынын бири STEM билим берүүнү өнүктүрүү болду. Математика, физика, химия, биология сабактарында практикалык иштерге жана долбоордук окутууга басым жасалды.

Жүргүзүлгөн натыйжалуу иштердин жыйынтыгында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү департаменти уюштурган “Изилдөө долбооруна” төмөндөгү окуучулар катышып, ийгиликтерге жетишишти:

  1. Биология предмети боюнча 9-класстын окуучусу Мусаева Акылай изилдөө долбооруна катышып, 2-орунга ээ болду. Бул жетишкендик окуучунун биологиялык изилдөө жүргүзүү, маалыматтарды талдоо жана илимий жыйынтык чыгаруу жөндөмдөрүнүн жогору экендигин көрсөттү.
  2. Химия предмети боюнча 9-класстын окуучусу Рысбаева Диана 3-орунду багындырды. Окуучунун химиялык процесстерди изилдөө, тажрыйбалык иштерди жүргүзүү жана өз ишин илимий негизде коргой билүү жөндөмдөрү ийгиликтүү калыптанды.
  3. География предмети боюнча 9-класстын окуучусу Айдарбекова Азема 3-орунга татыды. Бул географиялык маалыматтарды талдоо, айлана-чөйрөнү изилдөө жана практикалык жыйынтык чыгаруу багытындагы жакшы көрсөткүч болуп саналат.
  4. Информатика предмети боюнча 9-класстын окуучусу Абдыкадыров Мирас 3-орунга ээ болду. Бул окуучу санариптик технологияларды колдонуу, программалоо жана маалымат менен иштөө жөндөмдөрүнүн өнүккөндүгүн далилдеди.

Бул жетишкендиктер 12 жылдык билим берүүнүн негизги багыттарынын бири болгон изилдөөчүлүк, чыгармачылык жана практикалык компетенттүүлүктү өнүктүрүү иштери ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтөт. Изилдөө долбоорундагы мындай ийгиликтер окуучулардын илимге болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги кесиптик багытын аныктоого жардам берди.

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө мугалимдер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдүн бири – “Алтын Казык” ноутбугу болду. Бул ноутбуктун негизги жардамы санарип кампа аркылуу берилген даяр окуу материалдарынын болушу. Санарип кампадагы 12 жылдык билим берүүнүн талаптарына ылайык даярдалган сабактардын иштелмелери, презентациялар, видеоматериалдар мугалимдердин ишин кыйла жеңилдетти.

Мугалимдер даяр материалдарды жөн гана колдонбостон, алардын өзүнүн педагогикалык тажрыйбасы менен айкалыштырып, класстын өзгөчөлүгүнө, окуучулардын билим деңгээлине ылайыкташтырып пайдаланышышты. Бул сабактарды сапаттуу пландаштырууга, убакытты үнөмдөөгө жана негизги көңүлдү окуучулар менен иштөөгө бурууга мүмкүнчүлүк берди.

«УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК»
УҢГУЖОЛУНУН НЕГИЗИНДЕ 1-КЛАССТАН 12-КЛАССКА ЧЕЙИН ТАРБИЯЛЫК СААТТАРДЫН СИСТЕМАСЫ

I баскыч: 1–4-класстар – «Тамыр» (Кимбиз? Кайдан келдик?) Башталгыч мектепте тарбиялык сааттардын максаты – улуттук маданияттын биринчи катмарын балдардын жан дүйнөсүнө сиңирүү.

Бул жашта:

  • Кыргыз элинин жомоктору, жаңылмачтары, табышмактары, макал-лакаптары менен таанышуу жана аларды жатка үйрөтүү;
  • Улуттук оюндарга (топ-таш, чүкө оюндары, жип чалмай ж.б.) активдүү катышуу;
  • Ата-эне, чоң ата-чоң эне, жети ата, ата-журт, мамлекеттик туу, «Манас» эпосун таанытуу;
  • Жаратылышты, жерди-сууну сүйүүнүн баштапкы тажрыйбасын берүү;
  • Улуу-кичүүнү сыйлоо маданиятын практикалык деңгээлде калыптандыруу.

II баскыч: 5-8-класстар – «Өсүш»

Өспүрүм – жаш инсандын калыптана башташынын, дүйнөтаанымдын кеңейишинин мезгили. Бул баскычта тарбиялык сааттар төмөндөгүдөй мазмунда жүргүзүлөт:

  • Кыргыз тарыхы, «Манас» эпосунун терең маанисин, улуу инсандардын өмүрүн таанып билүү;
  • Улуттук маданий мурасты изилдөө: кол өнөрчүлүк, музыка, кийим, тамак-аш маданияты;
  • Жарандык тарбия: Конституция, мамлекеттик символдор, укук жана жоопкерчилик;
  • Экологиялык тарбия: жерди-сууну, табиятты коргоо маселеси;
  • Чыңгыз Айтматовдун, Токтогул Сатылгановдун ж.б. акын, жазуучуларыбыздын чыгармаларынан руханий нерсе алуу;
  • Улут аралык ынтымак, жалпы адамзаттык баалуулуктардын маанисин аңдоо.

III баскыч: 9–12-класстар – «Бийиктик»

Бул мезгил – жаштын инсандык жана жарандык позициясын аныктоо, дүйнөгө өзү чыгуунун босогосунда турган маал. Тарбиялык сааттар мындай мазмундарды камтыйт:

  • Кыргызстандын геосаясий жайгашуусу, дипломатиясы, дүйнөлүк аренадагы орду;
  • Кыргыз инсандарынын дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктери (Ч.Айтматов, Б.Бейшеналиева ж.б.);

Лидерлик сапаттарды, жарандык активдүүлүктү жана демилгелүүлүктү калыптандыруу;

Улуттук экономика, инновация, технология тармагындагы карьера жасоого умтулуусун арттыруу;

Жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктардын синтезин жашоодо практикага айландыруу.

ТАРБИЯЛЫК СААТТАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ФОРМАЛАРЫ
ЖАНА  МЕТОДДОРУ

Уңгужолдун негизинде тарбиялык сааттар ар кандай методикалык формаларда жүргүзүлөт:

  1. Таасирдүү баяндоо жана диалог: тарыхый окуялар, баатырлык образдар, ата-бабалардын турмушунан мисалдар аркылуу;
  2. Долбоордук ишмердүүлүк: «Менин аймагымдын тарыхы», «Улуу ата-бабаларымдын баскан жолдору» темаларында;
  3. Маданий-массалык иш-чаралар: Нооруз, Манас айтуу конкурсу, улуттук кийим күнү, ата-бабалардын кесиптерин тааныштыруу кечелери;
  4. Мектепте аксакалдарды, улуу инсандарды чакыруу: «Тирүү тарых» форматында кездешүүлөр;
  5. Ата-энелер менен биргелешкен тарбиялык иштер: “Аталар” мектеби, ”Энелер” мектеби, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө сессиялары;
  6. Санарипти мазмундуу пайдалануу: кыргыз маданиятын, тарыхын жана табиятын чагылдырган видеолор, документалдуу фильмдер.

КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАР

Уңгужолдун негизинде системалуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн тарбиялык сааттардын натыйжасында:

  • Окуучулардын улуттук өзгөчөлүгүн, тилин жана тарыхын баалоо деңгээли жогорулайт;
  • Патриоттук сезим менен дүйнөлүк ой жүгүртүүнүн гармониясы калыптанат;
  • Жаш инсандын жарандык позициясы, жоопкерчилиги жана активдүүлүгү өсөт;
  • Мектеп маданиятынын сапаты жана тарбиялык чөйрөнүн бирдиктүүлүгү камсызданат;
  • Үй-бүлөлүк баалуулуктар бекемделип, муундар аралык байланыш жандандырылат;
  • Кыргыз маданиятынын дүйнөлүк деңгээлде таанылышы жана таасири кеңейет.

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН МЕКТЕПТИН ӨНӨКТӨШТҮГҮ

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө ата-энелердин мектеп менен биримдиги өтө маанилүү. 2025-2026-окуу жылында ата-энелер менен жүргүзүлгөн иштер жандуу жана натыйжалуу болду. Айрыкча 1, 2-класстын ата-энелери менен жеке суроо-жооп сессиялары уюштурулуп, 12 жылдык боюнча ата-энелерден анкеталар алынды. Жалпы 1, 2-класстан 339 ата-эне катышты. Жалпы аналитикалык жыйынтык боюнча 12 жылдык билим берүү системасына оң мамиле басымдуулук кылат. Ата-энелердин басымдуу бөлүгү баланын өнүгүүсүнө пайдалуу экенин белгилешти. Мындан тышкары, «Энелер» мектеби жана “Аталар” мектеби түзүлдү.

«Энелер» мектебинин зарылчылдыгы: Бүгүнкү күндө коомдо балдардын тарбиясы, үй-бүлөлүк баалуулуктардын сакталышы маанилүү маселеге айланып жаткандыгы баарыбызга маалым. Энелер мектеби – бул энелерге билим берүү, өз ара тажрыйба алмашуу жана психологиялык колдоо берүү.

“Аталар” мектебинин негизги максаты, бала тарбиясына жана үй-бүлөлүк жооптуулукка аң-сезимдүү кайтаруу.

2025-2026-окуу жылы Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу №93 жалпы билим берүү мектеби үчүн 12 жылдык билим берүүгө ишенимдүү кадам басуунун жылы болду. «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу мектептин бардык ишмердүүлүгүнө бирдиктүү идеологиялык жан киргизди.

12 жылдык билим берүүгө өтүү – бул жөн гана мектеп жылынын санын өзгөртүү эмес. Бул – окутуунун мазмунун, мугалимдин ролун, окуучунун позициясын жана мектеп менен коомдун байланышын кайра аныктоо. Мектебибиз бул чакырыкты кабыл алып, конкреттүү кадамдар менен алдыга жылды.

Биздин максат – ар бир окуучуну улуттук нарктан суу ичкен, дүйнөлүк бийиктикке жетүүгө даяр, инсандык жактан бекем жаран катары тарбиялоо. Бул жолду тандаган мектеп – улуттун болочогун тандайт.БАА ЭМЕС, КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК: ЖАҢЫ ЗАМАНДЫН ОКУУЧУСУ КАНДАЙ БОЛУШ КЕРЕК?

А.Абдылдаева,
№93 жалпы билим берүүчү мектептин директору,

Эл агартуунун мыктысы, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик»

уңгужолунун насааткери

Бөлүшүү

Комментарийлер