Б.КУПЕШЕВ: “БИР ҮЙ-БҮЛӨДӨЙ БИРДИКТҮҮ ИШТЕЙЛИ”

  • 17.11.2021
  • 0

Министр бүгүн Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондорунун мектеп директорлору, башталгыч кесиптик билим берүү өкүлдөрү жана бала бакча башчылары менен жолугушту.

Жергиликтүү бийлик медициналык билим алгандарга көмөктөшөт

Болотбек Купешев адегенде Панфилов районуна кайрылып, мектеп директорлору жана бала бакча башчылары менен  баарлашып, билим берүү тармагында аткарылып жаткан жаңылыктардан жакындан бөлүштү. Жолугушуунун өзөгүн мектеп турмушундагы жана мектепке чейинки билим берүү жана мектепке тарбиялоодо, тагыраак айтканда, бала бакчадагы учурда чечүүгө муктаж болгон маселелер түздү.

Б.КУПЕШЕВ: “БИР ҮЙ-БҮЛӨДӨЙ БИРДИКТҮҮ ИШТЕЙЛИ”

Адепки жолугушуулардан айырмаланып, кийинки райондордо акимчилик, айыл өкмөт өкүлдөрү катышканы көңүлгө төп келген көрүнүш болду, себеп дегенде мектепти жергиликтүү бийлик карамагынан бөлүп кароого мүмкүн эмес, алар кандай болсо да, агартуучулардын турмушу менен бирге кайнаган, алардын түйшүгүн бирге тарткандар экени талашсыз. Панфилов районундагы жолугушууда элет жеринде акыркы учурда медициналык кызматкерлер тартыш болуп жатканы чоң көйгөй жаратып келгенин айтышты. Андыктан жергиликтүү бийлик коомчулук, ата-энелер менен бирге кеңешип, балдарды максаттуу түрдө медициналык окуу жайларда окутуунун камын көрүшмөкчү. Ал үчүн райондук администрация жетекчилиги медициналык окуу жайларда билим алган балдардын контракт акысынын 50 пайызын төлөп берүүгө даяр.

Мектеп картасы түзүлөт

Б.Купешев Чүй облусунун райондорундагы мектеп директорлорун түйшөлткөн маселелерди кунт коюп уккан соң, ошол жерде аталган маселелер өлкө башчысына, Министрлер кабинетинин төрагасына жакшы тааныш экенин, жакын арада алардын басымдуу көпчүлүгү чечилүү жолуна түшөөрүн дагы бир жолу баса белгиледи.

— Мен сиздерге куру убада берүүдөн алысмын, анткени эртең сиздердин алдыңыздарга жүзүм жарык келгим келет. Баардык жердеги маселелер бири-бирине дээрлик окшош: ошол эле кадрлардын тартыштыгы, жетишпей жаткан мектептер, агартуучулардын, техникалык кызматкерлердин айлык маяналарынын аздыгы, санариптештирүү, эскирген эмеректерди алмаштыруу, сапаттуу окуу китептери, методикалык колдонмолор менен камсыздоо, балдардын ден соолугуна кам көрүү.

Министрлик 10-декабрга карата Министрлер кабинетинин төрагасына республикабыздагы болгон мектептердин баардыгынын картасын даярдап бермекчи. Ошондо мектептердин жалпы абалы иликтенип, ошого жараша курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми мектептердеги эмеректерди үч этап менен жаңыртабыз, жакынкы арада алгачкы 15 мектепке жаңы эмеректер жеткириле баштайт. Эмеректерди жаңыртуу жана санариптештирүү келерки жылдагы жаңы окуу жылында толук аяктайт.

Сиздерге дагы бир жолу айтаарым, өлкө башчысы, тиешелүү жетекчилер тарабынан билим берүү тармагы толугу менен колдоого алынмакчы. Аны өзүңүздөр деле социалдык тармактардан байма-бай окуп жаткан чыгарсыздар. Мен сиздерди бир аз гана чыдамкайлыкка чакырып кетким келет, — деди министр Б.Купешев.

Б.КУПЕШЕВ: “БИР ҮЙ-БҮЛӨДӨЙ БИРДИКТҮҮ ИШТЕЙЛИ”

Сыймык алып келген Салтанат

КР Билим берүү жана илим министри Б.Купешев, министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Хусейинова баш болгон топ Москва районуна келгенде, ал жерден райондогу “Таң нуру” балдар чыгармачылык борборунун хореография ийриминин жаш бийчиси, 7-класстын окуучусу Салтанат Кубатбекова (мугалими Көчөрбаева Рахат) жакында эле “Стамбул күздөрү” эл аралык фестивалына Кыргызстандан жалгыз өзү барып катышып, алтын медаль алып келгендиги жөнүндө кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүштү.

Кыргызстандын намысына жараган даңктуу кыздарынын катарын толуктаган Салтанат Кубатбекованын ийгилиги менен куттуктаган министр, ал сыйлыктарын өз колу менен тапшырды.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер