АЗЫРКЫ МУГАЛИМГЕ КАНДАЙ САПАТТАР ЗАРЫЛ?

  • 06.11.2025
  • 0

12 жылдык билим берүүгө багыт алган кыргыз мектептериндеги жаңыланган Мамлекеттик стандарттар жана билим берүү жаатындагы дүйнөлүк тренддер азыркы мугалимден предметтик билимди эле эмес, өзүндөгү сынчыл ой-жүгүртүүнү, санариптик жана социалдык компетенцияларды өнүктүрүүнү талап кылууда. Учурдагы мугалим билим гана бербестен, балдардын жашоосун, компетенттүүлүгүн жана социалдык көндүмдөрүн калыптандыруудагы жетекчи болуп саналат. Ошентип, мугалим өзгөрмөйүн мектеп өзгөрбөйт, коом өзгөрбөйт деген түшүнүк бүгүнкү күндөгү айныксыз аксиома болуп калды. Эмесе учурдагы мугалим кандай сапаттарга муктаж экенин чогуу карап көрөлү.

Профессионалдык-педагогикалык компетенттүүлүк

Мугалим баарынан мурун өз предметин мыкты билүүгө тийиш. Мурда да ошондой болгон. Азыр да ошондой. Мугалим окуткан предметин устат педагог Гапыр Мадаминов айтып жүргөндөй, «беш» деген баага билүүсү кажет. Антпесе болбойт. Анын иши эң алдын ушул талап аркылуу бааланат. Педагогиканын тили менен айтканда мугалим биринчи кезекте өз предметин терең билүүсү жана методикалык ыкмаларды так колдоно билүүсү зарыл. Бул — окуучуга түшүндүрүүнүн сапаты, сабакты структуралоо, баалоо ыкмаларын тандоо менен аныкталат. Жаңы стандарттар компетенцияга негизделген окуу процессин: сабакта максаттардын өз ара байланыштуу болушун, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүнү жана рефлексияны талап кылат. Сөздүн кыскасы азыркы мугалим өз үстүндө көп иштеши керек. Талбай издениши зарыл. «Бүгүнкү мугалим кандай болушу керек? Мугалимдин жаңы образын кандай тартат элеңиз?» деген суроого окумуштуу педагог Алмаз Токтомаметов мындай деп жооп берет: «Бүгүнкү мугалим тынымсыз өзүнүн үстүнөн иштеп, чеберчилигин үзгүлтүксүз жогорулатып туруусу зарыл. Алдыда кесиптик чеберчиликти жогорулатууну ырааттуу, үзгүлтүксүз жүргүзүү пландалууда. Анда педагогикалык кызматкер жыл сайын белгилүү бир көлөмдө чеберчилигин жогорулатуусу керек болот. Анткени бир нече жылда бир жолу курстан өтүү бүгүн мезгил талабына жооп бербейт. “Канткенде мыкты мугалим боло алам” аттуу китебибизде мыкты мугалимге төмөнкүдөй – окуучунун ордуна өзүн коё билүү; психологиялык жагымдуу жагдай түзө билүү; өзүн таануу, өзүнүн үстүнөн иштөө; санартиптик компетенттүүлүк сыяктуу төрт талап койгонбуз».

Алмаз Токтомаметовдун пикиринде бүгүн мыкты мугалим болуу жетишсиз.

«Мугалим биринчи кезекте жакшы адам болуусу шарт. Анткени жакшы адам болбой туруп, жакшы мугалим болуу мүмкүн эмес. Ошондой эле жакшы үй-бүлө мүчөсү болуу зарыл. “Алтын Казык” программасы: баалуулуктарга негизделген билим берүү курсубузда мына ушуларга көңүл бурулат: Мугалим баарынан мурун мыкты адам; мыкты мугалим; мыкты үй-бүлө мүчөсү» — дейт ал.

АЗЫРКЫ МУГАЛИМГЕ КАНДАЙ САПАТТАР ЗАРЫЛ?

XXI кылымдын көндүмдөрүн калыптандыруу

Заманбап окуучу үчүн эң маанилүү көндүмдөр кайсылар дегенде шыр эле сынчыл ойлоно билүү, көйгөйдү чечүү, командада иштөө жана коммуникативдүү жөндөмдөр деп айтуу туура болот. Мугалим өзү да бул көндүмдөрдү сабактын негизги максаты катары киргизгенине ишене алышы керек. Бекеринен жергиликтүү жана эл аралык эксперттер (UNICEF, UNESCO, Teacher Task Force ж.б.) жогорудагы транверсалдык компетенциялардын негизги ролуна бийик баа беришкени ушундан ачык көрүнүп турат. Көптөн бери сөз болуп, алдыңкы педагогдор өз ишинде колдонуп келген сынчыл ойломго кайрыла кетели. Сынчыл ойломду туу туткан канча долбоорлор деле иштеп кетти. Канча тренинг-семинарлар өтүлдү. Бирок ушу күндө да класстагы балдардын басымдуу бөлүгү чогулуп чындыкты издеп табуунун ордуна китептеги автордун оюна же класстагы мугалимдин пикирине көбүрөөк таянышат. Эмне үчүн? Анткени бизге биринчи класстан маселени табуунун, амалды аткаруунун бир эле китепте жазылган даяр жолун үйрөтүшкөн. Педагогикада, дидактикада болсо, андай эмес экен. Өнүккөн өлкөлөрдөгү мектептер маселени аткаруунун бир канча жолун балдарга тээ жаштайынан үйрөтүшөт экен. Ал жакта балдар жаштайынан командада иштөөнү, коюлган маселенин жообун биргеликте издеп табууга көнүгүшүүдө. Кытайда бала бакчадан эле наристелер компьютерди кой, тамак бышырганды, кийим үтүктөгөндү, мык какканды үйрөнүп алышат. Мына XXl кылымдын көндүмдөрү!

АЗЫРКЫ МУГАЛИМГЕ КАНДАЙ САПАТТАР ЗАРЫЛ?

Санариптик жана маалыматтык маданият

COVID-19 пандемиясы жана окуу процесстин онлайн формалары мугалимден санариптик куралдарды колдонуу, электрондук ресурстарды түзүү жана виртуалдык классты башкаруу жөндөмдөрүн талап кылды. Кыргызстанда ICT-компетенцияларды киргизүү үчүн тренингдер жана окуу модулдары иштелип жатат. Мына ошондуктан заманбап мугалим санариптик инструменттерди методикалык максаттар үчүн натыйжалуу пайдаланууга үйрөнүшү зарыл. Буга эң эле жөнөкөй мисал. Электрондук журналды алалы. Муну учурда ар бир мугалим колдонуп жатат деген үмүттөбүз. Окуучунун сабактагы жана сабактан тышкаркы эмгеги, чыгармачылык изденүүсү мурункудай күндөлүккө коюлбай, шыр эле электрондук форматта ишке ашууда. Мугалимдин койгон баасын окуучу эле эмес, ата-эне да көрүп турат. Мунун артыкчылыгы бир жагы мектеп менен ата-энелердин кайтарым байланышын чыңдап, өз ара ишенимин бекемдесе, экинчи жагынан окуучуга да сабактагы эмгегине өз убагында баа алууга мүмкүнчүлүк берет. Коюлган баанын канчалык даражада негиздүү жана калыс экендиги бул албетте, мугалимдин өзүнө байланыштуу деп ойлойбуз. Айрым алдыңкы педагогдор окуучунун эмгегин баалоодо жалпы класс менен биргеликте мурдатан иштелип чыккан критерийлерге таянып ишке ашырып жатат. Арийне учурда санариптик көндүмдөрсүз заманбап сабакты уюштуруу, күнүмдүк сабакты өтүү мүмкүн эмес. Окутуучу интерактивдүү досканы, компьютерди колдоно билбесе, өтө кыйын. Бирок ошол эле учурда жалаң техниканын мүмкүнчүлүктөрүнө ашкере ишеним артуу да туура эмес. Мугалим кайсыл учурда техникалык каражатты, кайсыл учурда оозеки баяндоону колдонууну билиши керек. Азыркы тапта жасалма интеллекттин да жаштарга таасири чоң. Кайсыл суроону бербе, дароо издеп таап беришет. Мунун эмнеси жаман дейсизби? Мындай бир беткей мамиле бир тарабы жаштардын жасалма интеллектке толук карандылыгын жаратса, экинчи тарабынан, баланы өз алдынча изденип, маселенин жообун табуусуна жолтоо болот. Демек, минтип отурса, барган сайын адам баласы таптакыр ойлонбой калат. Ал эми эзелтен келе жаткан аксиомага ылайык адам ойлонуп турса гана, өзүнүн адамдык сапаттарын сактайт, шарты келсе аларды өнүктүрөт. Ушуга байланыштуу учурда дүйнөдө маалыматтык маданият маселеси да орчундуу орунду ээледи. Маалыматты керектүү учурда, керектүү жагдайда туура жана максаттуу колдонуу, башка бирөөлөрдүн эркиндигине, ар-намысына шек келтирбөө, улуттарды, маданияттарды урматтоо, касташуудан, жаман сөздөн алыс болуу санарип замандын эң башкы талаптары экенин көңүл борборунда кармоого тийишпиз. Бул талаптар албетте, келечек муунду тарбиялап жаткан тарбиячыларга да тиешелүү экени талашсыз.

Психологдук-педагогикалык жөндөмдөр жана инклюзивдүүлүк

Ар бир окуучунун жеке мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү, мотивациялоо, эмоционалдык колдоо көрсөтүү — заманбап мугалимдин маанилүү сапаттары. Инклюзивдүү билим берүү талаптарына ылайык, мугалим мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучулар менен иштөө ыкмасын билүүсү жана класста теңдикти камсыздоого умтулушу керек. Жаңы стандарттар ушул багытты да баса белгилейт. Эсиңиздерде бардыр, мурунку советтик авторитардык мектеп окутуунун класстык формасына, анын негизи болгон класстык окуучулар жамаатына басым жасаган үчүн, ар бир баланын жеке окуу мүмкүнчүлүгүн түшүнчү эмес, түшүнгөн учурда да маани берчү эмес. Алдыңкы илимпоздор, практик мугалимдер окутууда дифференциалдык мамилеге басым жасаганы менен, мындай саамалыктар бүтүндөй мектептерде жалпы колдоого алынган жок. Анткени адамдын эркиндигин туу тутпаган жерде жеке өзгөчөлүктөр көз көрүнө тебелендиде калары бышык. Ал эми биз билим берип жаткан окуучулар билим алууга карата шык-жөндөмү, даярдыгы, каалоосу жагынан ар башка деңгээлде болушат. Мисалы бир окуучу мектепке келгенде эле тамгаларды муундап окуганды билсе, башка бирөөнө бир топ убакыт зарыл. Мугалим класстагы окутууну уюштурууда ар бир окуучунун окуу темпине таянышы зарыл. Ал эми инклюзивдүүлүк болсо, бүгүнкү мектептин реалдуу чындыгы болуп калды. Бирок көп мугалимдер буга даяр эмес. Мындай топтогу балдар менен иштөө мугалимден атайын даярдыкты талап кылары анык. Бир жагынан окуучуларды да сезимталдыкка, боорукерликке даярдап алган оң. Айыл жерлеринде болсо, мурдатан эле ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өз курбалдаштары менен бирге окуп, билим алышууда. Бул практиканын да жакшы жактарын изилдеп, инклюзивдүү билим берүү тажрыйбасына кошуу зарыл.

АЗЫРКЫ МУГАЛИМГЕ КАНДАЙ САПАТТАР ЗАРЫЛ?

Илимий-практикалык жана чыгармачыл активдүүлүк

Мугалим үзгүлтүксүз кесиптик өсүү, изилдөө жүргүзүү жана инновацияларды класста сынап көрүү менен өзүн заман нугунда кармайт. Кыргыз мектебинде мындай мисалдар толтура. Борборубуздагы №64 мектеп-гимназиясынын  химия жана биология мугалими Нуржамал Аметжанова изилдөө методун колдонуп, көп ийгиликтерге жетишти. Айтуусунда шаардык мугалимдердин «Окуйм, издейм, жаратам» сынагы издемчил, иштемчил мугалимдин демине дем, шыгына шык кошкон. Биринчи жолкусунда Азаматова Алия аттуу окуучусу менен «Арчанын курамындагы фитонциддердин касиетин изилдөө» деген темада долбоор жазып катышып, райондо биринчи орунду, шаарда экинчи орунду жеңип алышат. Кийинки жылы дагы башка окуучусу Жумгалбекова Алина экөө арчадан май (мазь) алуу жолун көрсөтүп беришкени үчүн шаардык сынакта жеңүүчү болушту. Ушул эле долбоор менен Алма-Ата шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышып,  казак окумуштуусу, профессор Кусаинова Лаззат Абаевнанын өз оозунан жакшы пикирин угат. Көп өтпөй изилдөө иштеринин аркасында ОшМУдан Коланов, Абдымомунова, Боронбаева сыяктуу пикирлештерди тапты. Москва шаарында өткөн эл аралык конференцияга онлайн катышып, арча майы үчүн 2-орунду, ал эми мохтун (кыргызчасы мамык чөп деп аталат) пайдалуу касиеттерине арналган изилдөөсү үчүн конференциянын атайын дипломуна татыктуу болду. Арчадан май алуу боюнча изилдөөсү Кыргызпатенттен каттоодон өттү. Учурда табылгасын зор масштабда өндүрүүнү ойлонуп жүрөт. СТЕМ усулдары кыргыз мектебинде колдоонууга алынгандан тартып, өз сабагында изилдөө усвлдарын колдонгон мугалимдердин саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Илимий усулдардын кеңири таралышына албетте, СТЕМ усулдары боюнча семинар-тренингдер да оң таасирин берүүдө. Ошентип, чыгармачылык активдүүлүк бүгүнкү мугалимдин маанилүү сапаттарынын бири болуп калды. Ансыз жандуу сабакты элестетүү мүмкүн эмес. Өз казанында эле кайнаган мугалимден жаңылыкты күтө албайсың. Башка бирөөнүн сабагына катышуу, ай сайын семинар-тренигдерден билим алуу, жаңылануу мугалим үчүн өзүнө карата коюлган зарыл талаптардан болууга тийиш. Учурдагы мугалимдер үчүн онлайн билим алуунун кенен мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.

Лидерлик сапаттар

Өз кесибин, окуткан окуучуларын сүйгөн мугалим өз кесибинин да лидери болушу керек. Ансыз болбойт. Мунусуз азыркы санарип замандын балдарына татыктуу билим бере албайсың. Алар сени ээрчишпейт. Билим жолунда аларга үлгү болуп, ээрчитиш үчүн баарынан мурун өзүңө ишенишиң керек. Өзүңдү сүйүшүң керек. «Мен мыкты мугалиммин!», «Мен өз кесибимди сүйөм!», «Мен окуучуларымдын баарын бирдей көрөм!», «Мен эч кимисин кемсинтпейм!», «Менин сабактарым — балдар үчүн ачылыш!», «Мен ар бир баланын оюн, пикирин сыйлайм!», «Ушундай ажайып балдарды жарык дүйнөгө алып келген ата-энелерди сыйлайм!», «Мен лидермин!», «Мен бала тарбиялоодогу жооптуу иште да лидермин!» деген сыяктуу ички бекем ишенимдер ар бир мугалимде болуусу зарыл. Буларсыз мугалим окуучуларды да, алардын ата -энелерин да шыктандыра албайт. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, Кыргызстанда өзүнүн лидерлик сапаттары аркылуу өз кесибинде коомчулукка таанылган лидер мугалимдер жок эмес. Бар. Айрымдарын атап өтөлү. Кыялбек Акматов, Жеңишбек Абдиназаров, Бийик Рыскулов, Азирет Заидов, Нургүл Тайир кызы, Мейизгүл Сүйүндүкова…

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер