АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ПРОЗАСЫНДАГЫ АДАМЗАТТЫК ИДЕЯЛАР ЖАНА УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАР
- 22.09.2026
- 0
Адабияттын коомдогу ал жаралгандан берки бардык доорлорлогу ролу, учурдагы мааниси адамды тарбиялоо, жан-дүйнөсүн тазартуу, аны жашоого шыктандыруу экендиги талашсыз. Көркөм адабият окурмандын түшүнүгүнөн, деңгээлинен алдыда жүрүп, окурманды алдыга жетелеп, ойлонтуп, түйшөлтүп, толкундантышы менен баалуу. Азыркы мезгилде адабиятта философиялык жалпылоолор менен ой жүгүрткөн философиялык, психологиялык пландагы адабиятка баш койгон тенденциялар ачыкталууда.
Улуу ойчул калемгер Ч.Айтматовдун дүйнөдөн кайтканына быйыл он сегиз жыл болду. Андан кийинки калемгерлерибизден адабиятыбызды ошол улуу шарга кошкондордун ири алдында турганы – Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, дүйнөлүк деңгээлдеги адабий сыйлыктарды багынтып келе жаткан жазуучу жана драматург Султан Раев. Жазуучунун акыркы жылдары жаратылган “Жанжаза”, “Топон” романдары коомчулукта резонанс жаратып, окурмандык пикирлер айтылууда. “Топон” романы Швецияда өткөн эл аралык адабий конкурста ири жанр категориясы боюнча финалга чыккан жети чыгарманын бири болуусу, ошондой эле адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы эл аралык сыйлык да алгандыгы жалпыбызды сыймыктандырат. Автор өзү да Би-Би-Си каналынын журналистине берген интервьюсунда жогорудагы конкурстун калыстарынын совет системасы деген стереотиптүү ой менен Борбор Азия чөлкөмүнө көңүл бурган эмес экенбиз, азыр түшүнүк алып, өзүбүз үчүн Борбор Азия адабиятын ачтык деген пикирин айткан жана бул Чыңгыз Айтматовдон кийинки муундун жазуучуларына байланыштуу экендигин белгилеген.
Заман, акыр заман, топон суу темасы төл адабиятыбыздагы бардык доорлордо ырдалып, айтылып келген темалардан экендиги белгилүү. Буга төкмө ырчыларыбыздын заман өзгөрүштөрү, болмуштун мааниси, жалган жана чын дүйнө тууралуу ырлары, казалдары күбө. Апокалипсис адамзат тарыхындагы мифтик башаттардан тартып диний, көркөм өнөр, адабияттагы руханий туундуларда кыйратуу, жок болууменен тазартуучу, эскертүү берүүчү, сескендирүүчү, өз жашоосун кайрадан караттыруучу, силкинтүүчү улуу күч катары кабылданып келет. Дүйнөлүк адабиятта Джош Малерман, Девид Вонг, Нил Гейман жана Терри Пратчетт ж.б. көптөгөн жазуучулар бул темага кайрылып, чыгармаларын жараткан. Апокалипсис темасы айрыкча акыркы он жылдыктарда актуалдуу болуп, бул темадагы жанрдын алкагы улам кеңейип баратканы байкалат. Бул багыттагы кийинки адабий чыгармачылыкта катаклизм мезгилиндеги өлүү коркунучу эмес, андан кийинки жашоо, дүйнө кандай болот деген маанидеги ой-жоруулар келип чыкканы көрүнөт.
Султан Раевдин өткөн ХХ кылымдын башында эле жашап өткөн ойчул акын Барпынын баарын көтөргөн жер эне тууралуу ыры менен башталган “Топон” романы постмодернисттик багыттагы улуттук адабияттагы жаңылык болду десек жаңылышпайбыз. Романда сүрөттөлгөн Жер менен Суунун күрөшү Ч.Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повестинде да бар. Анда адамдын жер менен сууга орток жаралып, бирок жерге отурукташып, боор тартып калганына деңиздин ачуусу келип, адам деңизге чыкканда ага түрдүү кыйынчылыктарды келтиргени тууралуу нивхилердин атынан баяндаган мифтик көркөм деталь берилет (Айтматов Ч. Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт. Чыгармаларынын 10 томдугу. 2-том. – Б.: Улуу тоолор, 2018).
Жеңижок ырдаган он сегиз миң ааламда, азыркы тил менен айтканда космостогу чексиз галлактикада биздин Жер планетабыз ырасында бир чекит. Дүйнөдө бардык нерсе салыштырмалуу, көлөм да ошондой. Романда автор өзү белгилегендей, ал өзү чексиз космостогу кичине чекит болгону менен Жерде миллиарддаган адам тагдырлары өтүп жатты.
Чыгарманын сюжетине кайрылсак, роман кыямат кайым болуп жер бетин бүт улуу суу каптап турганынан башталат. Анын алдынан өзүнүн жашырын сырларын ыйык сактаган ааламдын түп өзөгү кайнап, Жер чыңалган мээнин кан тамырларындай жарылууга даяр болуп турду. Кыямат келерин билдирип, Дүйнөлүк Катастрофа азаптуу күндөрдүн белгиси болгон бороонун жөнөттү. Жер түпкүрүндөгү магма от сыртка чыгууга жол издеп буркулдайт, мухит, деңиздердеги суу жаныбарлары кургакка ашыгат, алардын эң зору киттер өздөрүн кургакка таштап жатышты. Жердин жети кабатын бузууга жөндөмдүү улуу суу кургакка умтулуп бүт жер бетин каптап калды. Адамзат тутунган диндердин ыйык китептеринде (Библия, Куран) жазылган кыямат кайым, топон суу ошентип келди. Бардык нерсе, адам баласы түзгөн нерсенин баары топон суунун түбүндө калды. Бул адамзаттын эсинде калган экинчи топон суу эле, биринчисинде, мындан көптөгөн доорлор мурун Нойго кудай адам уругу эле эмес, жан-жаныбарлардын түрүнөн сактап калуу тапшырмасын берсе, азыр белгисиз уй тилиндей чакан аралда бир үй-бүлөнүн кандайча аман калганы өзүнчө табышмак. Алар төртөө: ата-эне жана алардын эки баласы. Алардын өмүрү, жашоосу топон сууга чейин жана кийин болуп экиге бөлүнүп калды. Бул алааматка чейин Кхе дин өкүлү, ал эми аялы Ман гендик инженер эле. Ар бири өз-өзүнчө тагдыры, туйгусу, акыл-эси бар адамдар. Уулу Этих чуркап ойноп жүргөн бала болсо, кызы Дуна эми буту баскан бөбөк эле. Бизге белгилүү үч өлчөмдүн бири – убакыт да бул жерде кандай экени билинбей маң болуп турган учур. Мында рухий дүйнөсү калыптанып, жаратканды тааныган, ыйман, адеп дегенди билген улуу муундун өкүлдөрү жана аларга чейин адам баласы жасаган, өнүктүргөн нерседен эч нерсе калбаган, дүйнөнү ошол аралдагыдай гана кабылдаган, дене талабынын, кумардын жетегинде жашаган, абийир, нарк дегениңди таптакыр элес албаган, айткан сөз, берген тарбия жукпаган, кадимки жандыктай, керек болсо айбан да жасабаган ишти жасай турган жаш өспүрүмдөр бар. Адам ар кандай кырдаалда өзүнүн адамдыгында кала алабы? Акыл-эсти берген кудай абийир менен эркти адамдын өзүнүн тандоосуна койгон белем?!
Дегинкиси биосфера адамдын аң-сезиминен тышкары, ага чейин жаратылган чөйрө болуп, андан кийин да, андан көз карандысыз жашап кете берүүчү чөйрө. Адам болсо анын бир бөлүгү болуп саналат. Ал эми техносфера – адам баласы жараткан чөйрө, анын өз турмушун жеңилдетүү үчүн илим менен техниканын негизинде жараткан чөйрөсү. Алардын карама-каршылыгы жеке эле адам эмес, бүткүл табиятты жок кылуу коркунучуна алып келет.
Адабияттаануучулар фабулалык убакыт, же бир аңгемеде камтылган убакыт тууралуу белгилегендей, “көркөм убакыт” сюжетке тиешелүү (Уэллек Р., Уоррен О. Адабият теориясы. – Шинжаң “Манас” изилдөө борбору. Үрүмчү, 2016, 34-б.). Бул окууга жумшалган, албетте, автор тарабынан көзөмөлдөнүүчү убакыт, анда жылдарга созулган окуяга бир нече сүйлөм гана бөлүнүп, чай ичүү аземине же бийге эки бөлүмдү чектеши мүмкүн. Роман-притчадагы убакыт чексиздикке уланат, бул чыгармадагы мейкиндик-убакыт маселеси өзүнчө сөз болууга арзыйт.
Албетте, адам башка флора жана фаунага салыштырмалуу аң-сезимдик деңгээлде бийик болгону менен аларсыз, башка биотүрлөрсүз жашоо мүмүкүнчүлүгүнө ээ эмес, табийгат, андагы өсүмдүктөр жана жаныбарларсыз жашоо кунарсыз болору, алардын жашоо айлампасындагы бири-бирин шарттаган орду алмаштаргыс экендиги эстен чыкпоосу шарт. Экологияга байланыштуу бул бештен белгилүү маселе аталган романда тышкы чөйрөдөн ички чөйрөгө бурулуп берилет. Мында табигый катаклизм эмес, ыймандык катаклизм жөнүндө сөз болуп, адамдын ички дүйнөсүндөгү акыр заман тууралуу баяндалат. Автор өзү белгилегендей, топон суу боло турган болсо, ал ар бир адамдын жүрөгүнөн, ыйманынан башталат, анын келиши өзүбүздөн көз каранды деген ой айтылат. Адам баласына эмне ыйык, эмне баалуу, ал эмнени аздектеп жашайт, сактайт, туу тутат? Жалпы адамзаттык дөөлөттөр руханий нуктабы жематериалдык нукка көбүрөөк бурулуп баратабы? Романдагы адам, анын баарына жоопкерчиликтүү мамилеси бул дүйнөдөгү эң башкы дөөлөт болушу керек,бүгүн ошол адам өзүнүн сапатынан, ички миссиясынан алыстап бара жатканын деген жазуучунун чакырыгы окурманды кайдыгер калтырбайт.Демек, роман-притчадагы негизги ой-толгоо адамдын жан дүйнөсүндөгү жараткандан берилген гармония, жакшылыкка умтулуу канчалык бузулса, дүйнө дагы ошончолук бузулат деген идея болуп саналат. Коомдогу бузулуулар, дисгармония ушуга алып келди, аны Кхе да, аялы да кыйынчылык менен эстешет. Ооба, кыямат-кайымдын алдында элдин оозунда кудайдын каары, акыр заман, сурак күнү жакындадаы, өз жанын кыйгандар көбөйдү, энесинин курсагында ыйлаган, эки баштуу балдар төрөлүп жатат, бир жыныстуу никелер көбөйдү деген сыяктуу сөздөр көп айтылып баштаган эле. Бул алдын ала сезүүлөр ушинтип ишке ашты, ушундайча аяктады.
Күнөөлөрү көбөйүп кудайдын каарына калган адамдардын мурунку топон суудагы жалгыз өкүлү Ной менен кийинки топон суудагы жалгыз Кхенин айырмасы кайсы? Ной адам уругу менен жаныбар, өсүмдүк уругун сактап кала алды, жараткан жиберген сыноодон өтө алды, ал эми Кхе не болду? Кептин баары ушунда. Ал чыгармадагы башкы идеялык жүктү аркалаган образ, адамзат өзү түзүп алган кырдаалдын натыйжасы болгон топон суунун азап-тозогун өзү тартты, акырында өз балдарынын колу менен өлүмгө кыйылды. Романдын сюжетинин улам өнүгүүсү менен уулу Этихтин жасалма эмбриондон төрөлгөн бала экендиги ачыкталат. Аялы Ман болсо бир кезде окумуштуу инженер катары өзү катышып кошо түзүшкөн жасалма эмбриондон жаралган баласынын зөөкүрдүгүнө кабылып. курмандыгы болду. Кызы Дуна биологиялык ата-эненин кадимкидей баласы болгону менен эси киргенден ошол аралда жашады, өсүп жетилди, бирок агасы сыяктуу эле кулагына кеп кирбес, эсинде эс нерсе калбай турган өзүнчө бир пенде болду.
Романдагы эң таасирдүү жүрөк силкинткен саптар ядролук куралдын келип чыгышына байланыштуу айтылат. Бул ал куралдын ойлоп табуучусу: “Мен эгерде илимий ачылышым согуштук максатта колдонулуп кетерин билгенде өспүрүм кезимде эле муунуп өлүп алсам болмок экен”, — деген саптар. Өзүн жердеги кудай эсептеген, гендик ачылыштарды жасаган, жасалма адам тууралуу илимдин негиздөөчүсү окумуштуу Ян Вильмутөлөрүндө өз жаназасын сөөк өчтү душманы болгон, кудай бар деген Кхе окуусун керээздейт. Бул Кхеге оор болсо да кечиримдүүлүк деген кудайдын талабын эске алып окууга аргасыз, башкача айтканда, тирүүсүндө кудайды танган Ян өмүрүнүн аягында Кхе аркылуу кудайдын алдында кечирим сурап жатат. Жаратканды танган өзүм баш заманда кудайга ишенген акыркы адам Кхени жоопко тартуу, өлтүрүү дүйнөлүк топон суунун башталышы менен ишке ашпай калды (Раев С. Топон. Повесть, роман-притча. – Б.: Турар, 2018).
Учурда тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө техносфера биосферага үстөмдүк кылып бараткандай сезилет. Табийгат менен тирешүү эмес, андан үйрөнүп, гармонияда жашоо кечирүү акылга сыярлык, туура жашоо болору тууралуу көркөм өнөрдүн түрдүү жанрларында, алсак, адабият, сүрөт, музыка, кино искусствосунда ж.б. добулбас каккан чыгармалар жаратылууда, алар адам жүрөгү дегендин эшигин кагып, ага кирүүгө аракеттенип жатат. Ушундай доордо адабияттын ролу айрыкча экендиги белгилүү, анын борборунда ар дайым адам, анын тагдыры турганы турган.
Мына ушундай адам мээси ылганбаган маалыматтарга толуп турган, айрыкча өз жолун таап, көз карашын калыптандыра элек, эстетикалык-адабий табити калыптана элек жаш муундарга жаңы кылымда мындан ары кандай мурас калтырылат, адабияттагы муундардын улануучулугу кандай кетет деген ойлор тынчсыздандырат. Бул маселенин адабий чыгарманы кабылдоо, анын коомго керектүүлүгү деген тарабы. Ал эми бул макалада биз карап жаткан тарабы – аталган чыгарманын улуттук адабияттагы орду тууралуу пикир билдирүү.
Азыркы илимий-фантастикалык чыгармалардагыдай биоробот, клон же жасалма адам коому болуп калсак, анда жараткан берген жан дүйнөкайда калат, дегеи ал бизге эмнеге берилген? Адабияттын негизги миссиясы – адамдын кишилигин сактоо, өнүктүрүү, биз ошондо гана мезгилдин чакырыктарына жооп берип, үн кошуп, туруштук бере алабыз. Ал эми илимдин өнүгүшү менен жаратылган жасалма интеллект адамга жардам берүүчү, анын эмгегин жеңилдетүүчү катары келүүсү мүмкүн, бирок анын жалпы дүйнөгө, анын бөлүгү катары адамга, анын нарк-насилине каршы келүүсү, кыянаттык кылуусуна жол берилбөөсү тийиш. Ар кандай адам колунан жаралган нерсе, анын ичинде жасалма интеллект адамдын жараткан берген жан-дүйнөсүн алмаштыра албайт деген идея чыгармада өзөк болуп өтүп турат. Кандай гана илимий ачылыш, технологиялар болбосун бардык замандарда, доорлордо адамды алмаштыра турган альтернатива жок, бул дүйнөдө ошол жараткандан берилген адамдын жан дүйнөсүн таза сактап калуу баарынан жогору турат.
Чыгарманын композициясына келе турган болсок, окумуштуу М.Б. Храпченко көрсөткөндөй: “Одной из форм художественной трансформации временных процессов является нарушение реальной последовательности изображаемых явлений – описание событий, происшедших позже, нередко предшествует показу того, что случилось до них (Храпченко М.Б. Художественное творчество. Действительность. Человек. – М.: Советский писатель, 1978, 253-б.). Буга ылайык романдагы окуя кульминацияга жакындоо чегинен башталып, улам арттагы жана алдыдагы боло турган окуяларга жылып турат.
Ичтеги өзгөрүү тышка чыгат, жан дүйнөдөгү топон суутышкы топон сууга алып келет, ага да адам өзү себепкер, акыр замандан дүйнөнү, анын ичинде өзүн, урпактарын сактап калуу дагы кишинин өз колунда деген ой башкы идея катары, адамзаттын ички кыйкырыгы иретинде чыгармада берилет.Адам илимди өнүктүрүү менен өзүнө окшош адамды жасай алат, ал адамды оорубай турган, дененин да, рухтун да азабын тартпай турган күчтүү кылып жасагысы келет, бирок анын адамдыгын, жан дүйнөсүн, уят-сыйытын жасоо колунан келбейт. Кайгырууну жана кубанычты, адамгерчиликти, сүйүүнү, ызат-урматты, өткөндү сыйлап эстутумда кармоону, келечектен үмүт кылууну биле турган адамдарды жасоо, алардын өз тандоосуна ээ болушу жана сыноодон өтүшү жараткандын мыйзамы белем. Айткандай, адам жаны – жараткандын табышмагы. Ошентип, С.Раевдин “Топон” романы – адабиятыбыздагы, улуттук эле эмес дүйнөлүк адабияттагы жалпы адамзаттык нарктуулуктун башкысын – адамдыкты сактап калууну добулбас каккан жан дүйнөнүн чакырыгы.
Албетте, жазуучу көркөм чыгармада турмушту чагылдыруу менен аны конкретүү жана ар тараптуу сүрөттөйт. Ал дүйнөлүк адабий процессте болуп жаткан жаӊылануулардан четте калбай, өздөрүнүн чыгармаларын ошол жаӊыланууларга ылайыктап жазып, тажырыйба алышып, улуттук адабиятты өнүктүрүүгө салым кошот жана ар кандай адабий багыттарда да жазып өзүн сынап көрөт. Ошол жаӊы адабий багыттардын кыргыз адабиятында орун алышы андагы ийгиликтерибизди, алга жылууну көрсөтүп турат. Ошондой алдынкы саптагы калемгерлерибиздин бири А. Койчиев да жаӊыча изденүүдөгү чыгармаларын жаратып окурмандарга тартуулап жатат.
Жаӊы адабий багыттардын анын ичинде кыргыз адабиятында адабий өнүгүш мыйзамченемдүүлүктөрүнө, андагы багыттардын өнүгүү тенденцияларына ылайык учурда модернизм, постмодернизм, экспрессионизм, сюрреализм, мистицизм сыяктуу багыттардын орун алышынан көрүнүүдө. Аларды адабий процесстин нугунда карап, теориялык жалпылоодо, илимий анализге алууда жана талдоодо улуттук адабият таанууда К. Асаналиев, С. Жигитов, М. Борбугулов, А. Акматалиев, О. Ибраимов, А. Эркебаев сыяктуу адабиятчы-окумуштуулардын эмгектери жетектөөчү роль аткарганы байкалат. Ал эми бул багытты кеңири аңдап-билүүдө чет элдик окумуштуулардан М. Хайдеггер, Ж. Деррида, Г.Н. Поспелов, В.В. Хализев, Е.М. Болдырева ж.б. сыяктуу окумуштуулардын теориялык жоболорунун орду бар.
Көркөм адабият пайда болгондон баштап калыптануу, өнүгүү, өсүү жолун басып, ар бир элдин адабияты калыптангандан тартып, дүйнөлүк адабияттын деңгээлине жеткенге чейин тутунган принцибине, дүйнө түшүнүгүнө жараша ар түрдүү жолдорду башынан өткөрөт. Адабий процесстин мына ушундай басып өткөн жолуна, өнүгүүнүн тарыхый мыйзамченемине, мезгилге жана мейкиндикке жараша ар түрдүү категориялар мыйзамченемдүү түрдө жашайт, көркөм чыгармачылыктын ар бир доорунда, өзүнчө принципке ээ, өзүнчө стилдик кубулушка ээ ар кыл аталыштагы кубулуштар келип чыгат, маселен, көркөм метод, адабий агымдар, адабий багыттар, адабий мектеп ж.б. пайда болот.
Өткөн кылымда өнүккөн адабий багыттар: модернизм, постмодернизм, авангардизм, дадаизм, экспрессионизм, импрессионизм, экзистенциализм, сюрреализм, магиялык реализм (кара романтизм) ж.б. саналат. Маселен, модернизм – адабият менен искусстводогу ХХ кылымдагы түрдүү жаңычыл топтордун жалпы аталышы. Анда классикалык салттуулуктан алыстап, жаңы эстетикалык принциптерди табууга, турмушту чагылдырууда жаӊычылдыкка умтулуу бар жана өзүнө импрессионизм, экспрессионизм, сюрреализм, постмодернизм, магиялык реализм ж.б. аталыштагы багыттарды камтыйт. Мындай адабий багыттар кээ бир улуттук адабиятта өнүгүп, алдыга кетип, башка бир адабиятка таасирин тийгизсе, экинчи бир адабиятта өздөштүрүү, таасирленүү мыйзамченеми денгээлинде жашайт. Улуттук адабиятыбыз да азыркы ааламдашуу учурунда жалпы адабий агымдан четте калбай өнүгүүдө. Ошол авангарддык сапта биз сөз кылуучу жазуучу Арслан Койчиевдин да чыгармалары орун алганы кубанарлык көрүнүш.
Жазуучунун чыгармаларында жалпы адамзаттык баалуулуктар улуттук баалуулуктардан келип чыгарына ачык мисалдар бар. Адамзат азыркы мезгилде архаикалык аң-сезимдин архетиптик моделдерине кайтып жаткан учуру. Арийне, көркөм адабияттын башкы предмети – адам жана анын турмушу. Бирок адам байыртан эле адабияттын негизги предмети болуп калган эмес, алгачкы мифтик чыгармачылыкта адам пендеси жаратылышка баш ийген абалда, экинчи планда көрсөтүлгөн. Бара-бара тарыхый өнүгүү жолунда адам пендеси жогорку аң-сезимдин ээси катары биринчи планга чыкты, бирок дүйнө, табият, коом алдындагы жоопкерчилиги кандай болду деген суроо азыркы мегилдеги заман чакырыктарында кырынан коюлуп турган учурда жашап жатабыз.
Дегинкиси көркөм адабий чыгармачылык искусствонун бир түрү катары популярдуулугунан жанбай келет. Анын идеялык өзөгүн түзгөн көркөм образ – объективдүү чындыкты белгилүү бир эстетикалык идеалдардын позициясында туруп, түздөн-түз кабыл ала тургандай формада, сезимге таасир эткендей конкреттүү түрдө кайрадан жаратуу. Бул болсо көркөм чыгарманын жалпы категориясы, объективдүү турмушту өздөштүрүүнүн өзүнө таандык бөтөнчөлүгү. Образ аркылуу конкреттүү көрүнүштүн түпкү маңызын ачып берүүчү жандуу көркөм картина түзүлөт. Ошентип көркөм чыгармалардагы образдар идеялык жүк көтөргөн кызматы менен белгилүү.
Жазуучу А. Койчиев “Бакшы менен Чынгыс хан” романын магиялык реализм багытында жаратып, анда реалдуу дагы, мистикалык дагы образдарды түзгөн (Койчиев А. Бакшы менен Чынгыс хан (Жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери). – Бишкек, 2014). Адабияттагы мистикалык образ – табияттан тыш, сырдуу, наркы дүйнө жана бул дүйнө менен өтмө катар байланышкан кейипкер. Ал көркөм чыгармада элдик оозеки чыгармачылыктын мотивдери, мифология же диний образдар катары келип, кадимки реалдуу образдардан өзгөчөлөнүп, окурманды жашоонун терең, сырдуу тараптары тууралуу ой жүгүртүүгө ойготот. Биз карап жаткан чыгармада бул Чынгыс хандын арбагынын образына түздөн-түз байланышкан. Мында мистикалык образдын мүнөздөмөсү анын реалдуулукту жана одүйнөлүктү кесип өтүшүнө байланышкан. Чынгыс хандын арбагы адамдар жашаган дүйнө менен аралашат, кээде ага кирип келет. Жазуучу бул образды жаратууда элдик уламыштар жана мифтердеги образдарды (Мисалы, Кыдыр ата, Умай эне ж.б.) тереңдикти жана символизмди берүүдө колдонот. Анткени мистикалык образ адам аң-сезиминдеги терең жана жашырын маанилерди берүүдө символ катары келет. Чындыкты башкача түрдө өзгөртүп берүүгө келсек, мистикалык элементтер романда мейкиндик жана убакыттын кадимки тартибин бузуп башкача өңүттө сунушталат. Чынгыс хан түрдүү кылымдарда, жылдарда, айларда жана түрдүү муундагы урпактарына түрдүү мейкиндик алкактарында кезигет, өзү баштаган ата жолун урпактары улантып жатканын көргүсү келет, бирок анын Ыйык йаса жолунан кылымдап тайбай жолдоп келе жаткан урпагы аз, кийинки доорлорлогу кээ бир кылымдарга келгенинде андай муундарды таппай да калат.
Чынгыс хандын бейнеси романда мейкиндик образга кирет жана Хамид Хайруллаев, Николай Аблеухов, Бактыгерей Избасаровдордун реалдуу образдарынан айрымаланып турат. Мында Чынгыс хан бүткүл чыгарманы бир нукка салып турган образ. Анын портреттик сыпатталышы романдын ыргактык жанрдагы өзгөчөлүгүнө ылайык улам кайталанып такталып берилет: “… нооча бойлуу, бети багжайган, көгала жука сакалчан, жука муруттуу, көзү жымшык киши, үстүндө узун этектүү боз чапан, башында ак топу”. Ал бир маалда абага абадай куюлуп кетип, абадан суурулуп чыгат, абага сиңип кетип, абадан калкылдап чыгат, бир оокумда жер бетине аягы тийбей, жерден таяк бою көтөрүлүп, абада каалгап пайда болот. Мындан байкалып тургандай, Чынгыс хандын мистикалык образы чыгарманын башкы идеясынын берилишинде борбордук роль аткарып, туу сыктуу желбиреп башкы ойду кармап турганын көрүүгө болот.
Ал эми анын арбагын кууп, аны идеологиялык кылмышкер катары карап кармай албай жүргөн коопсуздук органынын кызматкери капитан Хайруллаев материалисттик дүйнөнү гана кабылдай алган советтик идеологияга сугарылган каарман. Аблеухов болсо өткөн замандарда бабасы өз атынан баш тарткан, орусча ат коюлган, түшүнүп-түшүнбөй христиан динине өткөрүлүп, чокунуп, оруска көз каранды болгон каарман. Ал туруш-турпаты менен орус чиновнигине айланган, өкмөттүн, партиянын камчысын чапкан аткаминер, ата-бабасынын тарыхынан кабары жок, өзүн орусмун деп эсептейт.
Булардан айрымаланып Бактыгерей Избасаров тууралуу айтылчу сөз такыр башка. Чыгарманын “Бакшы менен Чынгыс хан” деген аталышында (Жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери) деген кошумча аталыштын берилиши да бекеринен эмес. Ал өз жашоосунда көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, согушка катышып, анда туткун болуп, кийин аны азабын тартып, качкын катары жашоо кечирсе да өзүнүн ички эркиндигин, жашоо принциптерин, индивидуалдуулугун сактап калган кашкөй адам. Бактыгерей үч дептер сатып алып өзүнө аян келген ыйык йаса жолун жазат, айтып берген кишиси – кадимки Чынгыс хандын арбагы. Дал ошондой эле кол жазма “Чынгыз-наме” Ташкентте Илимдер академиясынын кол жазма фондунда да турат. Түрдүү доорлордо бул мазмундагы кол жазма канча жолу жазылды болду экен, улуу инсандын аты ашыкча караланып, эл душманы катары көрсөтүлгөн, элдик мурастар зыяндуу нерсе катары четке кагылып, аны алып жүрүүчүлөр куугунтукталган, советтик замандын төбөлдөрү тарабынан коммунисттик партиянын идеологиясына туура келбейт деп табылган руханий жана материалдык канчалаган дөөлөттөр жок кылынды?
Чынгыс хан арбак түспөлүндө кайып дүйнөдөн келип кетип жүрүп дүйнөгө жайылган көптөгөн урпактарынын ичинен татыктууларын издеп, “Туулбаптыр!” — деп кейип жүрүп татыктуу деп тааныгандары өткөн доордогу Сайчы уул менен кийинки мезгилдеги Бактыгерей Избасаров болду. Белгилеп кетүүчү нерсе, А. Койчиевдин “Бакшы менен Чынгыс хан” (2016) романындагы Бактыгерей Избасаровдун образы жазуучунун “Добулташтык Заратустра” (2022) чыгармасындагы журналист М.Т. образына кайсы бир деңгээлде окшойт. Экөө тең ак көңүл, ачык, шар мүнөзү, чечкиндүүлүгү, кашкөйлүгү, чындык үчүн күрөшкөн сапаттары менен айырмаланышат. Автордун мурдагы чыгармаларын эстесек, ушул типтеги образ жаратуусу анын “Айта бар менин кебимди” чыгармасынан эле көрүнгөн. Адам болуп жаралган соң ошол кудай береген сапаттарын сактап, бирөөнү сокур ээрчибей жан-дүйнөсүн угуп жашоонун баасы, куну бул образдар аркылуу калемгер тарабынан даана ачыкталган десек болот.
Романдагы образдар тууралуу сөзүбүздү уласак, каралып жаткан чыгармадагы учкай берилип, бирок ташка тамга басандай из калтырган образ – Бакшынын образы. Монголдордун, деги эле Көк Теңирге сыйынган көчмөн элдердин аскерий жүрүштөрүндө согушка кирер алдында арбакка сыйынуу, табынуу, андан колдоо суроо салты болгон. Теңирчиликти тутунган Элбасар хан менен жаңыдан кирип келе жаткан исламды тутунган Өзбек хандын бет келишип урушка кире алдында ата-бабадан келе жаткан салт боюнча Элбасар хан бабалардын Онгонун (арбагын) бакшыга чакыртып, душманды жеңишке колдоо сурайт. Карыган бакшы миң алекеттенип айланып бийлеп, хесе хүүрүн ургулап ак уруп жатып көп күттүрүп келген арбак Мөңкө-Темирдин арбагы экен, аны Элбасарга айтып билдиргендин ортосунда бакшы экинчи бир арбактын келгенин, болгондо да көп даай албай, узак мезгилдер чакырылбай жүргөн Чынгыс хандын өзүнүн арбагы келип калганын көрөт. Бакшылык жөрөлгөсүн күч менен аткарып кубаты кеткен карыя бакшы аны кайлап (көмөкөйдөн үн чыгарып) ырдап урматтап тосуп алууга тили күрмөөгө келбей, бет маңдайында булут басып аягы шилтенгени билинбей зыпылдап жетип келген хандын арбагынын алдына тикесинен сайылып түшүп жан берет, үзүлүп бара жатып: “Арбагына арбагым кошулсун, бирге кетейин”, — деп ниет кылат. Мындан биз чыгарманын аталышындагы эки каарман чын дүйнөдө бириккен тейде болуп, бир рухка кошулган, бир максатты көздөгөн эки дүйнөлүк арбактар катары берилгенин баамдайбыз.
Ал эми романдын көркөм сөз каражаттарына келсек, жазуучу чыгармада өз стилине таандык кептик оролмолорду, көркөм троптун жөнөкөй жана татаал түрлөрүн чебердик менен колдонот. Маселен, салыштыруулар, эпитеттер нак кыргыз менталитетинин өзөгүнөн чыкканы көзгө түшөт: көк таштай көгүш көз, тебенээк короздой чокчоңдогон, опсуз коңкойгон мурун ж.б.
“Бакшы менен Чынгыс хан” романы композициялык уюштурулушунда ритмикалык роман жанрына кирет. Анда Чыңгыс хандын арбагынын жер кыдырып, урпактарына жолугуп жүрүүсү, алардын кийинки тагдырын ойлоп, өзү жашоо эрежеси катары коюп кеткен Ыйык йасанын мыйзамдары менен жашап жатабы, бабалардан калган нарк-нуска сакталуудабы деп тынчсыздануусу берилет. Анын бул убакытка баш ийбеген арасат абалы улам кайталанып берилүү аркылуу романдагы башкы идея кызыл жип болуп өтүп чыгармадагы кайталанган ыргактуулукту жаратат.
Ритмикалык роман – тар мааниде байма-бай кайталанган метрдеги проза болсо, кең мааниде бул ачык кайталанган ыргактагы проза болуп саналат. Дегинкиси, ритмдүүлүк адабияттагы, көркөм чыгармадагы кайсы бир элементтин маал-маалы менен кайталанып берилиши. Кара сөз жанрындагы чыгармада ыргак структура жана кайталануу менен келет. Аталган романда айтымдар, сүйлөмдөр жана контексттик бөлүктөр Чынгыс хан сүйлөгөн кептик каденцияда, б.а., бирдей гармониялуу ыргактагы үн, каармандын харизмалуу сүлпөтү, рухтун (арбактын) өзгөчө күчү менен үндөштүктө берилген. Романдан мисал келтирсек: “мына ошондо мына минтип боздоду. Жети кылым артты карайт, жети кылым алга карайт, жети катмар ааламды өткөрө карайт, “желкесиз калдым беле, катыгүндүкү” деп карайт, жетесин унуткан жалалуулардын көзүнө кантип бир көрүнөт?! Жаңырыгы угулган дүйнөгө жаңырып кантип бир тиет!? Күн тийген жердин кыйырына, ай тийген жердин учуна угулсам дейт аттиң, же алакчы дүйнөгө айкырыгы угулбайт, же аттап анда кире албайт. Мына ушундай караан эле бул караан” (19- ж.б. беттерде). Автор дал мына ушинтип башкы каарманды, болгондо да мистикалык каарманды бизге тааныштырат, романдагы окуялардын жүрүшүндө, сюжеттин өнүгүшүндө бул кайрык улам кайталанып отуруп чыгарманын композициялык уюшулушунда маанилүү ролду аткарат. Кийинки окуялардын жүрүшүндө ыргактык түзүлүштү камсыздап, романдын окуяларын бир дайранын нугунда аккандай жолго салат.
Советтик доордогу эрежелерге баш ийбеген, эзелки коом жашоосунун көп кылымдык эволюциялык тажрыйбасында калыптанган ата жолу кийинки мезгилдерде өзү чыгарган жасалма эрежелердин туткунунда калган урпактарды канчалык кызыктырат? Кептин баары ушунда болуп жатпайбы. Тарыхый инсан Чынгыс ханга бүтүндөй караланган, аны жан алгыч катары сыпаттаган атты ыйгаруу советтик идеологиянын бир беткей көрүнүшү болгонун тарых мындан ары дагы тастыктай берет. Бирок жакшылык менен бириге албаган элдерди согуш менн бириктирген бул инсандын табышмактуу бейнеси дагы көп кылымдар коомчулуктун кызыгуусун арттыра берери, аны көркөм адабиятта каарман катары түрдүү көз караштардан сыпаттаган образынын жаратылышы дагы да улана берери бышык.
Башкы каарман Чынгыс хандын арбагынын дүйнө кезип жүрүшү: “Бир караса калкагар тоону капталдап, Каңгай-Тоону капталдап турат, бир караса аскарлуу тоону капталдап, Алтай-Тоону капталдап турат, бир караса Каңгай-Тоо менен Алтай-Тоонун арасында турат, бир караса эбегейсиз жайылган талаанын – кыпчак талаасы деп коюшчу илгериде, далай жолу айгайлап жоого тийген, далай жоонун белин сындырган бул жерде, ошол талааны үстүндө учуп барат, бир караса калдайган чоң калаанын үстүндө салаңдап турат, бир караса чатыры жапыз, жепирейген сары тамдын эшигин сагаалап турат…” (40-, 230-ж.б.беттерде), — делип улам кийинки бөлүктүн башталышында келип, чыгарманын башкы идеясын, башкы ойду окурмандын эсине салып турат. Ал эми ошол башкы каармандын “Кааласам – бул жердикмин, кааласам – ал жактыкмын”, — деген сөзү көп мааниде болуп, түз маанисинде бул дүйнөнүн, автордун сөзү менен айтканда алакчы дүйнөнүн бул же тигил жерлерин, аймагын айтса, ал эми өтмө, же кең мааниде жалган (алакчы) дүйнө менен чын (акырет) дүйнөнүн арасында жүргөнүн билдирет.
Жоокердик мезгилде дүйнөнү кылыч менен багынткан Чынгыс хандын мистикалык образынан башка анын идеясын улаган, элдин чынгы уулу Сайчы уулдун образы – романдагы жаркын образдардын бири. Ал бабалардан келе жаткан нарк-нусканы сактап, ата жолун сактап аны кийинки муундарга өткөрүп берүүдө, ар түрдүү тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга карабастан аны эрдик менен улоодо Өгөдөй күүчүдөн үлгү алат. Ал кара киши Теңиз-Буканын буйругу менен тили кесилип, сүйлөө кудуретинен ажырап калганына карабастан кыл кыякта күү тартуу аркылуу айткан элге ойлорун жүрөгү менен кабылдап, журтка сөз аркылуу которуп билдирет. Сайчы уул – Чынгыс хан тукумунун ичинен чыккан ата калтырган рухий мурасты, ата намысын баалоочу, анын жоопкерчилигин алуучу инсан: “Өгөдөйбү, же өзүнө өзүбү, кимдир бирөө чебелене сүйлөп туру кулагында: “Ай, Сайчы уул! Журтуңдун ат көтөргүс жүгү мойнуңда. Алдагы ызаңды жут, кокуй. Унут. Унута тур, Теңир уулу Чыңгыс хандын арбагын чанып, ыйык йаса жолун тепселеген ант ургурлардын кесепетинен ата жолу куулбай, өчүп бараткан чакта, бир Сайчы уулдун кара кишиден чоку талаштыра камчы жегендеги кордугу да кордукпу? Сабырдуу эле немесиң! Оңбойт дебедим беле!” (168-бет). Адамгерчилик, чынчылдык, эрдик менен эл-жерине кызмат кылуу, карасанатайлык менен аёосуз күрөш романда Сайчы уулдун образынын өзөгүн түзөт.
Ошондой эле романда элдик ынаным-ишенимдер, дин түшүнүктөрү камтылган. Теңирчилик ишеними табиятка сыйынуу (шаманизм) ж.б. кездешет. Бакшы кара жердин ээси Этукен экеге сыйынып жерди тыңшайт, көк асман менен сүйлөшүп Теңирди тыңшайт, каармандар Алтын кадас, Долоон Бурхан жылдыздарга сыйынат, жол көрсөтүүсүн сурайт.
Бул чыгарма тууралуу жыйынтыктап айтканда, жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин “Бакшы менен Чынгыс хан” романы – саясаттан тыш, чыгармачылык объектиге чындыктын позициясынан караган, ошол эле мезгилде официалдуу айтылганда мистикалык деп аталган, кыргызда кайып дүйнө делген өтмө катар дүйнө менен адамдын байланышы, аны таанып-билүүсү, ата жолун, эл тарыхын туюп-билип аны татыктуу улоо, пенденин жашоодогу жыргалчылыгы жана азабы, тирүүчүлүктүн мааниси тууралуу жазылган чыгарма. Келечекте роман далай талкууларга жем таштап жазуучунун башка чыгармалары менен бирге эле көркөм ой жүгүртүүнүн мыкты туундусу катары окурмандардын колунан түшпөй, оюнан кетпей орун ала турган көркөм жаратман эмгек болуп калды деген ойдобуз.
Жакынкы күндөрдө Токтогул атындагы адабий сыйлык ыйгарылган чыгарма – жазуучу Ишен Айтмамбетовдун «Бет-алман» тарыхый-даректүү романы. Мурунку СССРдин мезгилиндеги советтик цензура учурунда көркөм адабиятта жана аны аны иликтеген адабият таанууда деле согуш туткунунун тагдыры темасы ошол кездеги мамлекеттик саясатка ылайык жабык бойдон келген. Ошентсе да буга чейин аталган тема, маселен, кыргыз адабиятында Ч. Айтматовдун “Кылым карытар бир күн романында” Абуталип Куттыбаевдин образында айрым берилген. Ал эми орус жазуучусу А. Солдженициндин “Иван Денисовдун бир күнү” чыгармасы бүтүндөй советтик туткун лагериндеги турмушту, согуш туткунунун тагдырын баяндайт. Бирок өзү да согуш туткуну болгон жазуучунун тагдыры татаалдашып, мекенинен башка чыгып кетүүгө аргасыз болгондугуна байланыштуу бир топ чыгармалары постсоветтик тарапта кийин эгемендүүлүк мезгилинде басылып чыкканы белгилүү. Ошентип учурда согуш туткуну темасынын көркөм чагылышы адабиятта жана искусствонун башка жанрларында постсоветтик аймакта жана чет өлкөлөрдө да актуалдуу каралып жаткан мезгили.
Ал эми азыркы кыргыз адабиятында жазуучу, КР Жазуучулар союзунун мүчөсү Ишен Айтмамбетовдун жакынкы убакытта жарык көргөн «Бет-алман» тарыхый-даректүү романы ошол кенемтени толуктаган чыгарма (Айтмамбетов И. Бет-алман. Тарыхый-даректүү романы. – Бишкек, 2024). Улуттук адабияттын кыртышында ушундай теманы алып чыккан автордун пайда болушу кубанарлык көрүнүш экени айтпасак да түшүнүктүү. Окурман романдан мурда бизге тагдыры туюк бойдон калган согушта дарексиз делген, туткун болгон жоокерлердин бейнесин ачып берип олтурат. Дүйнөлүк экинчи согуштун составдык бөлүгү болгон Ата Мекендик согушта болгон чыныгы окуяларды, туткунга түшүүнүн түрдүү кырдаалдары, алсак, башкы каарман командир Сатар Алмамбетовдун жакын жерде болгон жарылуунун натыйжасында контузия абалында колго түшүшү ж.б.
Аталган роман кайсы кыртышта жаралды, деген суроого телеберүүдөгү маегинде адабиятчы Л. Үкүбаева эгемен жылдарда бардык жанрда өнүгүп жатат, аны ичинде романистика жанры да аракетте, С. Станалиев, А. Койчиев, С. Раев, А. Рыскулов, А. Сармамбетов ж.б. роман жанрын алдыга сүрөп жатышат. Ошондой эле кийинки мезгилде Б. Назаралиев жана И. Айтмамбетов деген авторлор пайда болду, жана алар алар адабиятка өз жүзү, стили менен келишти деген пикирин билдирген.
Бул романды жазганга автор бир топ даярдыктар, такшалуулар менен келген, мурда, чыгармачылыгынын башталышында, И. Айтмамбетов “Ала-Тоо” журналында аңгемелери чыгарып жүргөн, 1997-жылы “Алтын” даректүү повестин жазган жана ал “Ала-Тоо – 97” адабий конкурсунун баш байгесин жеңип алган. “Туманга кирген көч” аттуу романы болсо 2018-жылы чыккан, башкы каарман дунган уулу маданиятка эмгек сиңирген ишмер – Эсен Исмаилов. Ал эми биз сөз кылып жаткан “Бет-алман” романында негизинен автор реалдуу чындыктын негизинде жалпыланган көркөм чындыкты жазган жана дээрлик алты жылдан соң аталган роман жарык көргөн. Башында чыгарма эки китептен турган чоң көлөмдөгү роман болуп, анын кол жазмадагы алгачкы окурманы болгон агасынын сунушу менен автор үч жыл бою кыскартып жүрүп бир китепке түшүргөн.
Автордун айтуусу боюнча ал башкы каарман тууралуу маалыматты 1985-жылы алгач уккан. Ошондон тарта аны тааныган, билген инсандар менен Кыргызстанда, РФда, Германияда жолугуп, каарман тууралуу сураштырып, Сатар Алмамбетов менен Сибирде чогуу түрмөдө жаткан адам менен жолугуп маалымат топтогон, жабык, тыюу салынган документ катары сакталган материалдарды Москванын коопсуздук комитетинен ж.б. уюмдардан издеген.
Журналист жана адабиятчы Э. Нурушев чыгармада ойдон чыгарылган каармандар жок, бардыгы даректүү, турмушта жашап өткөн адамдар болуп көркөм жалпыланып берилген жана жасалма эпизод, окуя, каарман жок, баары реалдуу адамдар деп белгилейт.
Романдын башкы лейтмотиви – мекенчилдик. Эч нерсеге карабай, СССРде өзүн күтүп жаткан согуш туткунунун татаал тагдырына да кайыл болуп, бирок И.В. Сталинге кайрылып, ошол мезгилдеги согуш тутукундарына байланыштуу чыккан эл аралык документтерге таянып кат жазышы, өтө сабаттуу зиректиги, терең билимдүүлүгү, эркинин күчтүүлүгү тан калтырат. Мекенге деген чексиз сүйүүсү, жоокер катары берген антынын өтөсүнө чыкканы, Кызыл дипкурьерлер мектебинин Батыш өлкөлөр факультетин артыкчылык менен бүтүргөн өзөчө даярдыктан өткөн аскер кызматкери болгону, көп тилдүүлүгү чыгарманы окуган ар бир окурманды суктандырат жана Бет-алмандын тагдырына жүрөк сыздаган өкүнүчтү, терең урматтоону жаратат.
Анын патриоттук, аскер адамы болгону менен ага кошо эле илимпоздук сапатарынын ачык мисалдары согушта жүргөн чагында алгач мектеп балдары үчүн “Кулан мерген” элдик поэмасын жазып алып китеп кылып чыгарышы (Фрунзе, 1941) жана кийинчерээк анык кыргыз баласы катары туткунда жүрүп анын деңгээлин, потенциалын билген немецтер тарабынан берилген котормо боюнча тапшырманы аткарганча анын “Манас” эпосунун “Семетей” бөлүмүн немец тилине которуп чыгарууга жетишкендиги кыргыз элине, илимге сиңирген эмгеги болуп эсептелет. Илимий жагынан алып караганда бул котормо 19-кылымдагы академик В.В. Радловдон кийинки экинчи жолу эпостун айрым бөлүгүнүн немец тилине которулушу десек болот. Тарыхый инсан, аскербашы Атилланын тагдырын, жасаган иштерин Германияда сакталып калган материалдардын негизинде карайт, ал боюнча кунсуз кол жазма материалдарды ошол оор абалында жүрүп да ал жактан издейт, муну менен кыргыз элинин басып өткөн тарыхын толуктагысы келет. Ал чейрек кылымга жакын өмүрүн Германияда жана СССРдин түрмөлөрүндө өткөрүп, акыры миң азап менен шарттуу бошоп элине кайтканда борбордогу басмаканада корректор болуп иштейт жана туткунда болгон, саткын деген жаман ат жабышып калган жаны жалгыздыктын азабын тартат. Ошондогу жан-дүйнөсүн толтурчу учуру: “Андан (жалгыздыктан – Г. Ж.) арылуунун бир аргасы дегенидир, акыл-эс жеткен ай-ааламдын алкагын, убакыт менен мейкиндикти, санжыралуу байыркы тарыхты, оомал-төкмөл турмуштун ак-карасын, дегиси, адамдын акыл чөйчөгүнө сыйчу илимий, көркөм, болумуш, не бир керемет сулуулукту сыйдырган китеп дүйнөсү менен алпурушуп күн кечирет”, — деп баяндалат.
Сатар Алмамбетов согуштун алгачкы айларында эле курчоодо калып туткунга түшкөн соң качып кайра кармалат, андан соң Польшадагы Освенцим концлагерине жөнөтүлөт. Ал жерде адам чыдагыс азапты көрүп, крематорийде иштеп жүрүп беш туткунду качырып жиберип, алардын аркасын жаап, качкан жолун билдирбеш үчүн өзү калып калат. Ал эми оорукта кыргыз жеринде жаткан туугандары согуш туткунунун жакындары катары бийликтен ыдык көрөт.
Сатарга согушка повестка келгендеги полковник А. Болушбаевдин сөзү боюнча алганда С. Алмамбетов Кыргызстандын алгачкы комиссарларын жана туңгуч аскер командирлерин, окумуштууларын жана партиялык советтик кызматкерлерин жазыксыз репрессиялагандар И.П. Лоцманов жана Х. Даутовдун кылмыштуу опергруппасын тазалап, бетин ачууда өзүн жакшы адис катары көрсөткөн. Тарыхка кылчайсак, кыргыздын канчалаган мыкты уулдарын репрессия алып кеткени эл жүрөгүндөгү так, эстен кеткис жоготуу болгону айтпасак да түшүнүктүү.
Ишен Айтмамбетов – романдагы башка каармандар Эрика Фрайзинг, Алексей Угрюмов, Петр Лутченко, Артем Кушнарев, Күлүйпа Кондучалова ж.б. каармандардын образдары жан-дүйнөсүнүн психологизми менен коштолуп берилип окурманга таасир калтырат. Жазуучунун сүрөткерлиги, табият көрүнүшүн чыгарманын идеясын коштотуп берген пейзажисттиги, көркөм тил байлыгы чеберчилиги көзгө түшөт. Эң башкысы автор романда анын жанрдык спецификасына ылайык архивдик, турмуштук материалдар менен айкалыштырып бир бүтүндүктө бергендигинде.
Романда ийгиликтер менен бирге эле айрым кенемтелер да бар, тактап айтканда, учкай сүрөттөп коюу, айрым учурларда азыркы заманбап нерселерди, түшүнүктөрдү ал доорго ыйгарып сыпаттап жазуу сыяктуу кемчиликтер учурайт. Бирок булар чыгарманын кийинки басылышында жөнгө салып коюуга боло турган майда көрүнүштөр. Ошентип автор И. Айтмамбетовдун “Бет-алман” романы жана андагы башкы каарман Сатар Алмамбетовдун образы окурмандарды белгисиздиктен капысынан жарк этип чыга калган жаңычылдыгы, чынчылдыгы, кашкөйлүгү, элге-жерге берилген мекенчилдиги менен таң калтырып кубантуучу көрүнүштөрдөн болуп олтурат. Бул тарыхый-даректүү роман тууралуу айтылчу сөздөр али алдыда деген терең ишеничтебиз.
Чыгарманын башында автор өзү арнап жазгандай, “Өлбөстөр полкунун катарына кошулбай калган” жоокерлердин бири, болгондо да колдун башы менен саналчу мыкты уулдарынын бири, Сатар Алмамбетовдун ар тараптуу инсандык бейнеси ачылган романдын сапары байсалдуу болсун! Кандай катаал тагдырга туш болсо да мекенин сагынып, ага түрдүү жагдайда кызмат эткенинен жазбаган, туулуп-өскөн эл-жерин эстутумунда сактап, анын өнүп-өсүшүн, сакталышын жеке керт башынын кызыкчылыгынан жогору койгон, аны кыйбай жер түбүнөн келчү уулдары менен элибиз күчтүү.
Корутундулап айтканда, терең ойго сугарылган, түшүнүү үчүн даярдыкты талап кылган жаңы багыттагы чыгармалардын кыргыз адабиятында жаралышы адабиятыбыздын уучу кур эместигин, ааламдашуунун ылдам өзгөргөн шарттарында ал жалпы адабий жараяндын, дүйнөлүк адабият дайрасынын шарынан калбай өз үнү менен аралашып баратканы, адабий дөөлөтүбүздү дүйнөгө таанытуусу кубандырат.
Жамгырчиева Г.Т.
Филология илимдеринин доктору,
ОшМУнун профессору