АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ АДАБИЙ ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИН ТАКТОО, ТОЛУКТОО ЗАРЫЛДЫГЫ
- 25.06.2026
- 0
Кыргыз жазуусунун жаралышы, тарыхы, кыргыз тилинде жазууну бир жолго салуу, анын алфавитин түзүүгө аракеттенүү, ошонун негизинде жазуу нормаларын белгилүү бир тартипте ирээтке келтирүү 20-кылымдын башында жалпы түрк тилдери, анын ичинде кыргыз тили, боюнча иштеле турган маданий-лингвистикалык агартуучулук жумуштардын эң маанилүү маселелеринин бири эле. Мурдатан анча өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө жете бербей үзүл-кесил колдонулуп, башка жазуу тилдеринин таасирине учурап келген кыргыз жазуусун оозеки өнүгүп келген кыргыз тилинин улуттук өз өзгөчөлүк-ыргагына шайкеш келтирип, онтогенездик өңүттө кыргыз тилинин жазуу системасын түзүү күн тартибинде турган. Бул өткөн кылымдын 20-30-жылдарында кыргыз коомундагы саясый-идеологиялык дагы, маданий-социалдык, таза лингвистикалык-агартуучулук дагы маселелерди улуттук кызыкчылыктан чыгып негиздеген, ошол иштердин башында туруп уюштурган, башка элдердин, өзгөчө казак элинин улуу агартуучусу жана коомдук ишмери Ахмед Байтурсунов менен тикеден-тике карым-катышта болуп кыргыз тилин казак тилинен бөлүп чыгып, анын өзүнчө элдин тили экендигин далилдеп көрсөтүүгө көп күч жумшап, кыргыз тилинин алгачкы алфавитин араб, латын графикасында түзүп чыккан Эшенаалы Арабаев менен Касым Тыныстановдордун ишмердиги аркылуу ишке ашкан.
Кийин кыргыз тилинин алфавити кирилл графикасындагы орус алфавитине механикалык түрдө көчүрүлүп, ушуга жараша кыргыз тилинин жазуу системасы түп тамырынан өзгөрдү, б.а. типологиялык жактан бири-бирине шайкеш келбеген грамматикадагы эки башка тилге бир алфавит – орусташкан кыргыз алфавит, болгондо да алфавиттик курамында орус тилинин грамматикасына негизделип түзүлгөн шарттуулук көп кездешкен, кыргыз тилинин фонетика-грамматикалык түзүлүшүнө туура келбеген, анын айтым ыргагын бузган, жазуусуна кедергисин тийгизе турган тамгалары бар алфавит таңууланган. Ушул “орусташкан кыргыз алфавитинин” негизинде кыргыз тилинин орфографиясы иштелип чыккан жана “орус тилинен кирген сөздөр орус тилиндегидей айтылат жана жазылат” деген принцип кабыл алынган. Ушунун кесепетинен сөздөр, сөз тизмектери айтылыш, жазылыш жагынан бузулуп-бурмаланган, грамматикалык түзүлүшү өзгөрүүгө учурап, кыргыз тилинин нукура төл түзүлүшүнө зак кеткен жана тилибиздин айтылышы менен жазылышынын ортосундагы ажырым, айырма, жарака күндөн күнгө чоңойгон. Орус тилинин алфавитиндеги тамгаларга, алардын айтылыш, жазылышына ылайыкталып түзүлгөн орфографиялык жасалма, ээрчиме эреже-талаптар тилибиздин табигий өнүгүшүнө, айтым күүсүнө, тарыхый ыргагына кедергисин тийгизүүдө. Анткени таңуулаган орфография тилибиздин оозеки формасына таасир этип жатат, айрымдарыбыз сөздү айтылышындагыдай эмес жазылышындагыдай окуп коюу менен, фонемаларды акустика-артикуляциялык жактан бузуп окууга өттүк. Эң өкүнүчтүүсү орус тилинин табыйатына мүнөздүү “айтканда мындай айтылат, а бирок жазганда мындай жазылат” деген принцип кыргыз тилинин сөздөрүн айтууга жана жазууга сөзмө-сөз көчүрүлүп, бир эле сөздүн айтылышы менен жазылышындагы ажырым тереңдей баштады. Типологиялык жактан бири-биринен кескин айырмалуу тилдер экендигине карабай орус тилинин лексика-грамматикалык нормалары кыргыз тилинин грамматикалык, өзгөчө синтаксистик, түзүлүшүнө тарап өтө баштады. Жыйынтыгында бул көрүнүш кыргыз тилинин грамматикалык структурасынын бузулушуна, фонетика-фонемалык структурасынын өзгөрүшүнө алып келүү менен, оозеки жана жазма формасынын жакындашына, кыргыз адабий тилинин өз ички мыйзам-нормасына, табыйат-жетесине ылайык өнүгүп-өркүндөшүнө, калыптанышына кедергисин жана зыянын гана тийгизип келүүдө. Анткени кыргыз тили флективдүү тилдерден кескин айырмаланып фонема дагы, сөз мүчөлөрү дагы, уңгу сөз дагы “кандай айтылса, негизинен, ошондой жазылат” деген принципке таянган тил. Жазуу – тил эмес, тилдин гана күңүрт көчүрмөсү, тил айтылганда гана тил болот, тил – бул айтылган гана кеп-сөз… Кыргыз тилинин жазуу системасын тилдин өз ыргагына, өз күүсүнө салып түзүүнүн өтө маанилүү жана зарыл экендиги Э.Арабаев, К.Тыныстанов тарабынан негизги принцип катары негизделгени менен, алар улутчул катары репрессияга учурагандан кийин, К.К.Юдахин, И.А.Батманов, К.Бакеев, Ү.Бактыбаев жана булардын көздөрүн караган “кыргыз тилчи сымалдары” залкар окумуштуу Болот Юнусалиевдин (алфавит маселесинде буларга жалгыз каршы турган) айткан, жазгандарына макул болушпай, бүгүн биз колдонуп жүргөн орус алфавитин өзгөртпөстөн кабыл алышкан жана кыргыз тилинин орфографиясын ушул алфавитке ылайыктап түзүшкөн (К.Бакеев, И.Батманов, Ү.Бактыбаев: Кыргыз тилинин жаңы орфографиясы, Ф., 1938; Ф., 1939; Кыргыз тилинин жаңы алфавити жана орфографиясы, Ф., 1940; Кыргыз тилинин орфографиясы, Ф., 1954 ж.б.). Тилибиздин кийинки өнүгүшүнө, анын ички мыйзам ченемдерине, өз ыргагында, өз күүсүндө калыптанышына бул алфавит жана ага негизделген орфография кандай кедерги болуп, кандай терс таасир тийгизгени бизге ачык белгилүү.
Арийне, алфавиттик жазууга негизделген жазуу системасынын маңыз-мааниси, эң алды, графикалык белги – тамганын жазуу белгиси катары тигил же бул конкреттүү тилдеги инвариант төл фонемаларды (кулакка угулган айрым-айрым тыбыштарды эмес, сөз маанисин ажыратуу касиетине ээ болгон тилдик эң кичине структуралык бирдиктерди: кал, кел, кол, көл, кул, күл, кыл ж.б.) мүмкүн болушунча так, таамай белгилөөсүндө. Албетте, тамга – шарттуу гана белги, ал тилдеги инвариант фонеманы абсолюттук даражада так туюнта, так көрсөтө албайт, жакындатып гана туюнтат. Ошон үчүн тилдеги тыбыштарды (инвариант фонемаларды эмес, алардын айтылыш варианттарын, аллафондорун) так туюнтуу үчүн фонетикалык илимий, илимий-практикалык транскрипциялар иштелип чыгып жүрбөйбү. Маселен, орус, англис, немис, француз, казак, кыргыз тилдеринин алфавитинде А, В, Е, М, О, Р, К, Т, С, Х, Ж ж.б. сыяктуу жазылыш сөлөкөтүндөгү тамгалар турат. Бирок ушул сөлөкөттөгү тамгалардын ар бири жогоруда саналган алты тилде алты башкача окулат, айтылат, булардын тыбыштык айтылышы алты башка. Муну тилчилер жакшы билет, жакшы түшүнөт. Ал эми орус тилинин алфавитиндеги тамгалар менен кыргыз тилинин “орусташкан алфавитиндеги” (эки тилге эки башка алфавит түзүлүш керек болчу 1940-жылы кирилл графикасындагы орус алфавитине өтүп жатканда, ошондо кыргыз тилинин кирилл графикасындагы алфавитинин курамы 34 инвариант фонема жана 28 гана тамгадан турмак) тамгалар жазылыш сөлөкөттөрү бипбирдей болгону менен, ар бир тамга аталган алты тилде ар башка окулат, ар башка үн, добуш, акцент чыгат. Орус тилинин алфавитиндеги 24 тамга кыргыз тилиндеги 24 тамга менен окшош, бирдей сөлөкөттө жазылганына карабай, бирдей окулбайт, бирдей айтылбайт, бирдей добуш, үн чыкпайт. Муну улуу окумуштуу, тил илиминин негиздөөчүсү Фердинанд де Соссюр: “Язык и письмо – суть две различные системы знаков, смешивать их нельзя: единственный смысл письма – служить для изображения языка”, — десе, академик Ф.Е.Корш: “Действительных, живых звуков языка не передаст никакая азбука и никакое правописание, да и не всякое ухо их расслышит и определит”, — дептир. Ал эми орус-поляк улуу тилчиси Бодуэн де Куртенэ: “Мы насилуем свой речевой аппарат, пытаясь изъясняться на языке, который не слышали наши предки”, — деп сүйлөө органдарды “зордуктоо” тилдин өз нугунда өнүгүшүнө терс таасир этээрин белгилөө аркылуу тил “существует не в “застывших” письменных формах, а в постоянной живой речевой деятельности людей”, — дейт. Анткени, биринчиден, орустун тыбыш чыгаруу көмөкөйү менен кыргыздын көмөкөйү бирдей эмес, сүйлөө органдарыбыздын түзүлүшү да, иштеши да, кыймылы да ар башка, “зордуктабаш” керек сүйлөө аппараттарын; экинчиден, башка индоевропа тилдери, өзгөчө, орус тили – акценттик тил, ал сөздүк басымга негизделет, кыргыз тили сингармониялык, сингармонофонологиялык тил, басымга эмес, үндөштүккө негизделет; үчүнчүдөн, бул тилдерде тыбыштардын өз ара тизмектеше келүүсү ар башка, орус тилинде 4-5 үнсүз өз ара катар тизмектеше берсе, бизге жакын казак тилинде 2-3 үндүү тизмектеше келет (Ауэзов, боаурым), бул “насилует речевой аппарат”. Ал эми кыргыз тили, негизинен, үндүү-үнсүздөрдүн, үнсүз-үндүүлөрдүн кезектеше тизмектешүүсүнөн түзүлөт; төртүнчүдөн, тыбыштардын сапаттык өзгөчөлүктөрү ар башка, маселен: кыргыз тилинде 14 үндүү, 20 үнсүз болсо, орус тилинде 5 үндүү, 34 (6 үндүү, 35 үнсүз – Петербург мектеби) үнсүз тыбыш бар деп айтылат, казак тилинде 9 эле үндүү; бешинчиден, орус тилинде 15 үнсүз тыбыш (б, в, г, д, з, к, л, м, н, п, р, с, т, ф, х) сөз ичинде бирде жумшак, бирде каткалаң вариантта айтылып инвариант фонеманын вариациясы, варианты катары белгиленет (кон – конь, мол – моль, няня-нь, наш-н).

Мына, орус, кыргыз тилдеринин фонетикалык системасындагы бири-бирине төп, шайкеш келбей ачык көрүнүп турган айрым жагдайлар. Ошондуктан таңууланган орус алфавитиндеги шарттуулуктарды жана биздин тилдин фонетика-фонологиялык структурасына шайкеш, төп келбеген көрүнүштөрдү сокур кабыл алуунун кесепетинен төмөнкүдөй кемчиликтер бар экендигине анча көңүл бурбай, 85 жылдан бери туура эмес жазып, туура эмес айтып, тилибизди бузуп келебиз:
— Азыркы кыргыз адабий тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар дейбиз. Бул таптакыр туура эмес. Кирилл графикасындагы орус алфавитине өтүүгө “өз демилгебиз менен” кам көрүп жатканда К.К. Юдахин, И.А. Батманов жана анын этегине баш каткан айрым бир кыргыз тилчилерине каршы залкар окумуштуу Болот Юнусалиев агай 1939-жылы 16-сентябрда “Кызыл Кыргызстан” гезитине макала жазып, каршы пикирин билдирген. Бирок 37-38-жылкы кызыл террор-репрессиядан жана жогорку эки “улуу агадан” корккон кыкеңдер Болот агайдын ой-пикирин элес да алышпаган. Чындагында кыргыз тилинде 34 гана төл фонема бар, аны 28 тамга менен белгилесе болот. Мындай пикирди кыргыз тилчилеринин ичинен Болот Юнусалиев агайдан кийин академик Б.Ө.Орузбаева, профессор А.Жапаров, Т.Ахматов, К.Дыйканов, булардан кийин Ж.К.Сыдыков, К.Токтоналиев, мен жана башкалар айтып келебиз. 34 фонеманын 14 – үндүү, 20сы – үнсүз; алфавитте буларды 28 тамга менен белгилесек эле жетиштүү.

— Бүгүнкү алфавиттеги 8 тамга, бир эле [e] фонемасын белгилеген эки башка сөлөкөттөгү эки тамга (э жана е) кыргыз тилинин алфавити үчүн ашык тамга, я, ю, е, ё, ц, щ, ъ, ь – бул тамгалар кыргыз тилинде эч кандай фонемалык мааниге ээ эмес. Ал эми бир эле [e] фонемасын эки түрдүү сөлөкөттөгү тамга менен жазуунун эч зарылдыгы жок. “Переднеязычный заднего подъема [е] графически передается в виде Е и Э, которые по месту образования и по степени подъема языка ничем не отличаются друг от друга” (С.М. Кудайбергенов), б.а. [е] тыбышы баардык учурда бир эле фонемалык типти билдирет: элек, элечек, ээрчишкендиктен ж.б., бир фонеманы эки башка сөлөкөттөгү тамга менен жазуунун эч кандай кереги жок. Тээ байыркы мезгилден бери эле бир гана [е] фонемасы жана аны белгилеген бир эле тамга болгон. Э сөлөкөтүндөгү тамганы Петр 1 1708-жылы церковно-славянский шрифттен кетип, граждандык алфавит түзгөндө Э тамгасын (оборотное) жаңы киргизген. Буга У, Я тамгасын да кошкон.
Албетте, “орусташкан кыргыз алфавитиндеги” ушул жагдайлар кыргыз тилинин орфографиясын да татаалдаштырып чаташтырды, жазуу системабыздагы жасалма 30га чукул эрежени пайда кылды, ар кыл кемчиликтерди жаратты. Муну оңдоо – бүгүнкү күндүн өктөм талабы, эгемендиктин зарыл шарты. Анткени “орусташкан кыргыз алфавитиндеги” жогорку 9 тамга белгилеген тыбыштарды кыргыз тилинин тыбышы катары кароо жана аларды төл сөздөрдө жазуу талабы кыргыз тилинин фонетикалык структурасынан тартып анын сингармониялык моделин, тембрин, ыргагын, ритмин сөздүн түзүлүшүндө да, анын грамматикасында да таптакыр бузду. Бүгүнкү күндө кыргыздардын кеп-сөзүндө эки фонетикалык система, эки грамматикалык структура бар: бири, таза нукура төл фонемаларга негизделген структура, экинчиси, тоталитардык-идеологиялык талапка негизделген структура, ал орус алфавити аркылуу кирген жогорку тогуз тыбышка байланыштуу. Демек, тилдин нукура төл фонемаларды туюнткан алфавити жана ага ылайык иштелип чыккан улуттук орфография талаптары – тилдин улуттук өзгөчөлүгүн, анын айтым күүсүн, ыргагын, сингармониялык моделин сактап калуунун бирден бир кепилдиги. Бул ар бир эгемен элдин ата-баба мурасы болгон тилин сактап, кийинки муунга калтыруунун моралдык-этикалык, саясый-идеологиялык, тарыхый-маданий жоопкерчилиги, мойнундагы милдети.
Арийне, кыргыз тилинин жазуу системасы төрт түшүнүк аркылуу аныкталат:
- Кыргыз тилинин нукура инвариант төл фонемаларын жана алардын курамын тактоо;
- Ошол инвариант төл фонемаларды белгилей турган шарттуу тамгалардын курамын тактоо;
- Ошол шарттуу тамгалардын ырааттуу системасы — улуттук алфавиттин курамын аныктоо;
- Ошол улуттук алфавитке жараша улуттук орфографиялык талаптарды иштеп чыгуу.
Албетте, бул төрт пункут менен белгиленген маслелелердин үчөөнү, б.а. 1, 2, 4-маселелерди аныктоо, биздин, тилчилердин милдети. Ал эми 3-пункут, б.а. алфавит – бул мамлекет тарабынан чечиле турган саясый-идеологиялык маселе. Муну чечүүгө биздин тилчилердин билими, мүмкүнчүлүгү толук жетет, бирок укуктук-административдик компетенция жетишсиз… Биз кирилл графикасындагы “орусташкан кыргыз алфавитин” өзгөртпөй толук калтыруу менен, өзүбүздүн 34 инвариант төл фонемабызды кирилл тамгасы менен эле белгилеп, ошого жараша улуттук орфографияны иштеп чыгышыбыз керек, ага милдеттүүбүз.
Сунушталып жаткан орфографиядагы негизги маселелер төмөнкүлөр:
- Жогор жакта белгиленгендей, 36 тамгадан турган алфавитибизде 8 (сегиз) тамганын кыргыз тили үчүн эч кандай фонемалык милдети жок: Э, Я, Ю, Ё, Ц, Щ, Ъ, Ь. Булар орус тилиндеги сөздөрдү жазуу үчүн гана колдонулат. Эгерде ушул өңдүү ыкманы жетекчиликке алсак, анда англис, немис жана башка тилдердеги сөздөрдү жазыш үчүн да алардын алфавиттериндеги тамгаларды да алфавитибизге киргизишибиз керек болот, өткөндө бир тилчи “вотс ап” сөзүн жазыш үчүн W тамгасын кийрели деп сунуштаптыр. Бул такыр акылга сыйбас иш. Ар бир улуттук тилдин алфавитинде өзүнүн гана төл инвариант фонемаларын белгилеген тамга болуш керек. Бул тамгаларды, өзгөчө йоттошкон тамгаларды, төл сөздөрдө жазуу кыргыз тилиндеги фонемалардын биримдигин, морфемалардын тизмектешүү мүмкүнчүлүгүн бузат. Ошондуктан кыргыз сөздөрүн йоттоштурбай аналитикалык формада жазуу зарылдыгы бар: аюу=айуу, боёюн=бойойун, коёюн=койойун, тоёюн – тойойун; мындай сөздөрдү созулма үндүүгө, уңгуга, мүчөгө ажырата албайбыз;
- Кыргыз тилинин өзүнүн инвариант төл фонемалары – 34 гана фонема, биз алфавиттеги ц, щ жана йоттошкон 4 тамганы кээде, кээ бир педагог-тилчилер, адабиятчылар ушу бүгүнкү күнгө чейин кыргыз тилинин тыбышы катары эсептеп, кыргыз тилинде 39 тыбыш бар деп келатабыз, бул таптакыр туура эмес;
- Бир эле [е] фонемасын эки түрдүү сөлөкөттөгү (е), (э) эки тамга менен жазып, орфографиялык көйгөйлөрдү жаратып келебиз. Бир эле [е] фонемасын сөз башында э, сөз ортосунда е, сөз аягында е, созулмасын ээ сөлөкөтүндө төрт түрдүү жазып келдик, бул такыр акылга сыйбас көрүнүш, жасалма эреже-талаптарды көбөйтөт;
- Кошмок сөздөрдү бөлөк, бириктирип жазуу маселеси да кыргыз тилиндеги узак мезгилден бери чечилбей, талаш-тартыш жаратып, элдин сабаттуулугуна өз кедергисин тийгизип келаткан маселе катары белгилүү;
- Баш тамга жана аны жазуу, качан жазуу, кошмок сөздөрдүн компоненттеринин канчасын баш тамга менен жазуу маселеси да тактоону талап кылат;
- Тырмакчага алып жазуу, дефис белгисин коюп жазуу, тыныш белгилер маселеси да майда маселелердей көрүнгөнү менен, булар да так аныкталышы зарыл. Ага карабасаң – “стрелять нельзя, оправдать!”, “стрелять, нельзя оправдать!” – атылып кетишиңиз да ыктымал.
Арийне, бүгүнкү күндө колдонулуп жүргөн орусташкан кыргыз алфавитибизге эч кандай тактоо, толуктоо киргизбей туруп эле жогоруда көрсөтүлгөн мүчүлүш-кемчиликтерди орфографиялык жол менен оңдоп-түзөп, тактап коюуга толук мүмкүнчүлүк бар. Азыркы кыргыз адабий тилинин орфографиясын оңдоо, тактоо, тууралоо жалпы коомчулук тарабынан, мына 86 жылдан бери эле, б.а. 1938, 1939, 1940-жылы кирилл графикасындагы орус алфавитине өтүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн күндөн бери эле айтылып келе жатат. 1953, 1972, 1995, 2002, 2008-жылдары орфографияга айрым бир тактоолор киргизилип, азыркы учурларда “толукталган редакциясы”, “жаңы редакциясы”, “соңку редакциясы” деген аталыштар менен КР ЖК тарабынан бекитилип келди. Бул “редакциялардагы” принциптүү талаш маселе, биринчиден, кошмок жалпы аттардын айрымдарын жана энчилүү жер-суу аттарын бириктирип жазуу деген жобо болду; экинчиден, “орустан кирген сөздөрдү орус орфографиясындагыдай эмес өздөштүрүп жазуу” деген жобо да көп талаш пикир жараткан; үчүнчү маселе төл сөздөрдү йоттоштурбай жазуу жана [е] фонемасын бир эле тамга менен белгилөө маселеси болгон. Орус тилинин талабына көнүп калган коомчулуктун айрым өкүлдөрү, аларга жан тарткан айрым бир “орусчул” интеллигент өкүлдөрү көнүп калдык дешип каршы болушту. Буга бийлик өкүлдөрүнүн айрым таасирдүүлөрү аралашты…
Тилдин ийкемдүүлүгү, эвфониялуулугу, көркөмдүүлүгү, белгилүү деңгээлде андагы синоним, варианттуулук маселелери менен да тыгыз байланышта. Ошондуктан орфографияда шартка жараша морфемалардын варианттуулугуна да жол берүүнү туура деп эсептөөгө болот. Анткени варианттуулук, синонимдик ар кандай тавтологиялык кайталоолордон арылтып, тилдин ийкемдүүлүгүнө, көркөмдүүлүгүнө оң таасир этет.
Ошону менен эле бирге четтен кирген сөздөрдү которуп, фонетикалык жактан өздөштүрүп жазуу маселеси да негизги маселелердин бири, ушуга да өзгөчө көңүл бурулду.
Ушул белгиленген жана айрым бир жеке маселелерди тактоо, оңдоо кыргыз жазуу эрежелерин тактап иштеп чыгуу зарылчылыгын жаратты. Негизги маселе – эне тилибиздин өз айтым күүсүнө, ыргагына, өзүнүн мыйзам-нормасына жараша грамматикалык жактан табыгый жол менен өнүксө деген эле тилек жана жазууда сабаттуулукка жетишүү менен, чаржайыт каталарды кетирүүдөн арылуу… Жаңы иштелип чыккан орфографиялык талапты жаштарга билим берүүчүлүк өңүтүнөн чыгып, сабаттуулук жолуна түшүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган деп аныктоого болот…
PS: Албетте, бүгүнкү күндө алфавит, орфография боюнча “орусташкан” эреже-талаптардан кайта албаган айрым бир улутташтарым өз пикирлерин айтып чыгышы толук мыйзамдуу. Бирок ошолор ушул маселенин маңызын терең түшүнүп, далилдүү аргумент менен бекемдешээр бекен же куру эмоциянын серпиндиси катары сунушташат бекен…?
Академик СЫРТБАЙ МУСАЕВ
Комментарийлер