«АЗЫР ДЕЛЕ СТАТУСУҢАР БАР»: КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЗАМАНБАП ӨНҮГҮҮ ПОТЕНЦИАЛЫ КАНДАЙ?

  • 08.10.2026

Бүтүндөй билим берүү тармагы комплекстүү жаңыланып, мамлекет бул тармакка мурда болуп көрбөгөндөй көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жатканда, реформанын толкуну башталгыч кесиптик лицейлерге да жетти. Мугалимдердин кесиптик майрамында Бишкекке чогулган бардык кесиптик лицейлердин директорлору майрамдык маанайды улай, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева менен жолугушууда жаңыланып өнүгүүнүн заманбап жолдорун талкуулашты.

 

"АЗЫР ДЕЛЕ СТАТУСУҢАР БАР": КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЗАМАНБАП ӨНҮГҮҮ ПОТЕНЦИАЛЫ КАНДАЙ?

Суроо-жооп форматында өткөн жолугушууда директорлор өздөрүнүн көйгөйлөрүн ачык айтып, сунуштарын беришти. Алардын арасында авариялык абалга келген имараттар, окуу-материалдык базанын жетишсиздиги, заманбап техника менен камсыз кылуу, каржылоо, заманбап башкаруу, окуучулардын лицейди таштап кетип жаткан учурлары негизги маселелерден болду.

"АЗЫР ДЕЛЕ СТАТУСУҢАР БАР": КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЗАМАНБАП ӨНҮГҮҮ ПОТЕНЦИАЛЫ КАНДАЙ?

 

Догдуркүл Кендирбаева өз кезегинде авариялык жана эскирген окуу имараттарынын тизмесин жаңылап түзүү, мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо жөнүндө тапшырма берип, буга өкмөттөн каржылоо бөлдүрүүгө киришерин билдирди. Ошол эле жерден Ак-Талаа районунун акимине телефон чалып, бул райондогу кесиптик лицейдин жаңы корпусун курууну тездетүүнү өтүндү.

Азыр өлкөнүн экономикасы өрүш тартып, мамлекеттик казынада каражат көбөйүп жаткан учур. Ошондуктан эскирген имараттарды жаңылоо, жаңыларын куруу, санарип инфраструктураны кеңейтип өнүктүрүүгө мамлекет жакшы көңүл бурганынан шек санабай эле койсок болот. Бирок ошол эле учурда мамлекеттин эле көзүн карай бербей, колдо турган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып өнүгүү жолугушууда болгон сөздүн өзүнчө лейтмотивине айланды десек болот.

Мисалы, бир лицейдин директору окуу-материалдык база эскиргенин, жаңы техника көп жылдардан бери алына электигин айтып арызданып жатканда, Аксы районундагы лицейдин директору окуу жайга 14 трактор сатып алганын, дагы жаңыларын алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Эмне үчүн мындай чоң айырма? Эки лицей тең тоолуу аймакта, мамлекеттик каржылоо бирдей, мыйзамдык статустары, мүмкүнчүлүктөрү бирдей.

Бул айырмачылыкты баса белгилеген министр өлкөнүн түштүк тарабындагы лицейлердин директорлорунун ишин мактап, аларды түндүктөгү лицейлерге ротациялоо керектиги жөнүндө айтты.

Ысык-Көл областындагы кесиптик лицейдин директору өнүгүүгө жакшы импулс бериш үчүн лицейлерге өзгөчө макам берилсе деген сунушун жолдоду эле, министр жооп катары айткан жүйө баарыбызга ынанымдуу болду.

“Азыр деле өзгөчө статустасыңар. Акчаңар, бухгалтериңер өзүңөрдө, мыйзамыңар өзүңөрдө, жериңер өзүңөрдө”, — деди  Догдуркүл Кендирбаева.

Чынында эле мамлекеттен башка дагы каражат табуунун кошумча булактары бар. Иш билги жетекчилер колундагы ошондой мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, резервдерди таап, окуу жайдын кем-карчын өзү толуктап алып жатат. Демек, министрлик дагы ушундай иштерман, заманбап менеджменттин көзүн билген жетекчилерди колдоого алат.

«Жетекчинин адаптивдүү лидерлиги, ошол шартка ылайыкташуу, кырдаалдан чыга билүү абдан маанилүү. Жаркыраган имарат салып койсо деле, жетекчи иштей албаса, идеясы болбосо, анын пайдасы жок”.

Бул үчүн окуу жайдын жетекчиси да бизнес менен сүйлөшө билген, долбоор даярдай алган, кошумча ресурс таба алган жетекчи болушу керек.

«Бизнесмендер менен иштешүү керек. Балдар практикада иштеп, акча табышы керек. Ишкана окуу жайга аппарат алып берип жатат. Бул жаман эмес. Эми ошол фандрейзингди кантип жасаш керек, инвестицияны кантип тартуу керек, кимге кайрылуу керек — ушуну да үйрөнүшүбүз керек», — деди министр.

"АЗЫР ДЕЛЕ СТАТУСУҢАР БАР": КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЗАМАНБАП ӨНҮГҮҮ ПОТЕНЦИАЛЫ КАНДАЙ?

18-кесиптик лицейде автоунааларды детейлинг багытында тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

“Биздин негизи көз карашыбыз — лицейлер мамлекеттик бюджетке гана көз каранды болуп отура бербестен, өз алдынча да киреше табууга шарт түзүү. Мисалы, лицейдин окуу-өндүрүштүк устаканаларын чыныгы өндүрүш аянтчаларына айландырса болот: продукция чыгаруу, кызмат көрсөтүү, акы төлөнүүчү кыска курстарды өткөрүү аркылуу өзүн-өзү каржылоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатабыз. Бирок мамлекеттик бюджет дайыма негизги таяныч бойдон кала берет”,-дейт Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармасынын начальниги Бактыгүл Акулова.

 

"АЗЫР ДЕЛЕ СТАТУСУҢАР БАР": КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЗАМАНБАП ӨНҮГҮҮ ПОТЕНЦИАЛЫ КАНДАЙ?

 

Кошумча каражат табуу, иш берүүчүлөр менен келишим түзүү, мамлекеттик мүлктү пайдалануу, студенттердин бюджеттик орундагы жоопкерчилиги сыяктуу маселелердин баары так укуктук механизмди талап кылат. Ошондуктан эгерде азыркы мыйзамдар, укуктук ченемдик актылар тоскоолдук жаратып колду байлап турса, эртелеп алардын өзгөртүү демилгеси менен чыгып, мыйзам базасын жаңылоо керек.

 

"АЗЫР ДЕЛЕ СТАТУСУҢАР БАР": КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЗАМАНБАП ӨНҮГҮҮ ПОТЕНЦИАЛЫ КАНДАЙ?

 

 

Жыйында көтөрүлгөн дагы бир маселе – Агартуу министрлигине караштуу Окуу-методикалык борбордун тагдыры жөнүндө болду. Билим берүү тармагындагы реформалардын алкагында аны Кыргыз билим берүү академиясына кошуу керекпи же өз алдынча калтыруу туурабы деген талкуу жүрүп жаткан учур. Министр азыркы учурда функционалдык анализ жүрүп жатканын белгилеп, чечим ошол талдоонун жыйынтыгында кабыл алынарын билдирди.

Азыркы учурда башталгыч кесиптик билим берүүдө Агартуу министрлигине караштуу 94 лицейде 120 дан ашуун жумушчу кесиптер боюнча адистер даярдалууда. Бүгүн эмгек рыногу тездик менен өзгөрүп жаткан чакта, экономиканын керектөөсүнө ыңгайлашуу маанилүү маселе.

Айрым региондордо окуучулардын саны азайып, окуу жайлар толук кубаттуулукта иштебей жатканда, аларды жөн гана жабуунун ордуна, багытын региондун экономикасына ылайыкташтыруу сунушталды. Министр мисал катары ар бир аймакта ошол жердин экономикасына керектүү адистерди даярдаган базалык окуу жайларды түзүү зарылдыгын айтты.
Мисалы, өнөр жайы өнүккөн аймактарда электр адистерин, сантехниктерди, ширетүүчүлөрдү даярдоого басым жасоо; туризм өнүккөн аймактарда туристтик багыттагы адистерди даярдоо өзүн актайт.

“Албетте, бүгүнкү күндө талап кылынбай калган, формалдуу гана турган кесиптерди тизмеден чыгарабыз. Алардын ордуна азыркы заманга эң зарыл болгон IT-технологиялар, робототехника, туризм, жашыл экономика багыттары, курулуш жана агробизнес сыяктуу суроо-талап жогору кесиптерди киргизебиз. Бир нече тар адистиктерди бириктирип, кенен профилдүү адистерди даярдашыбыз керек”,-дейт Бактыгүл Акулова.

Ошентип улуттук билим берүү комплекстүү жаңыланып жатканда, башталгыч кесиптик билим берүүнү концептуалдык жана программалык деңгээлде кайра карап чыгуу, каржылык потенциалын көтөрүү, менеждменти жакшыртуу биринчи кезектеги милдеттерден болуп турат.

Мадина Курбанова, “Кут Билим”

Бөлүшүү