“АЗИЯНЫН ЖҮРӨГҮНӨН КЕЛГЕН КАТТАР ЖАНА СҮРӨТТӨР”

  • 09.12.2022
  • 0

Жыйырманчы кылымдын башында кыргыз жана казак жергесине келип кеткен венгр саякатчысы Дьёрд Алмашинин баалуу эмгектери “Азиянын жүрөгүнөн келген каттар жана сүрөттөр” деген аталышта өзүнчө китеп болуп кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыкты.

“АЗИЯНЫН ЖҮРӨГҮНӨН КЕЛГЕН КАТТАР ЖАНА СҮРӨТТӨР”

Китептин бет ачаары Бишкекте Венгриянын элчилигинде болуп, бул мыкты ишти аткарган окумуштуулар жана өнөктөш авторлор Даут Шомфaи Кара менен Иштван Шанта венгр саякатчысынын эмгегинин маанисин айтып беришти.

Китепте Дьёрд Алмашинин 1906-жылы Кыргызстанга экинчи жолу келген сапарында аялы Илона Питтониге күндөлүк түрүндө жазган каттары жана анын өзү тарткан сүрөттөр топтолгон. Ошондой эле анын күндөлүгүн, кылган иштерин изилдеп чыккан авторлордун макалалары менен толукталган.

Эң кызык жери, Алмаши ошол сапарынын жүрүшүндө Чоюке манасчыдан “Манастын” “Чоң Казат” эпизодун жазып кеткен экен. Ал эми бул иште ага жардам көрсөткөн кыргыз жигит Турган Бердике уулу анын менен Европага кошо кеткен. Бирок изилдөөчүлөр Турган Бердике уулунун кийинки тагдырын тактай алышкан эмес.

“АЗИЯНЫН ЖҮРӨГҮНӨН КЕЛГЕН КАТТАР ЖАНА СҮРӨТТӨР”

Алмаши өзү зоологияга кызыккан окумуштуу болгон, бирок саякат убагында кыргыз элинин этнографиясын, тилин жана баатырдык дастандарын дагы изилдеген. 1903-жылы чыккан “Азиянын жүрөгүнө саякатым” деген китебинде ушул табылгалары жөнүндө баяндаган.

“Алмашинин аялы Илона Питтониге 1906-жылдагы казак-кыргыз изилдөө сапарынан жазган каттары ошол убактагы кыргыз турмушу жөнүндөгү баа жеткис булак болуп саналат. Немисче жазылган каттардын түп нускалары жоголуп кеткен. Бирок түркологиянын окуган Зита Дьёмёреинин зиректигинен улам таятасы Дьёрд Алмашинин мажарчага которулган каттары сакталып калган. Өзү үчүн эң баалуу саналган мурастын жарыяланышын көздөө менен каттарды жаш окумуштуулар Иштван Шантага жана Дауд Шомфаи Карага берет. Каттар 2021-жылы Лакитилекте, Мажарстан-Чыгыш байланыштарынын башкы сактоочу жайларынын биринде жарык көрдү”,-деп белгилейт китептин баш сөзүндө Янош Ховари, Түрк мамлекеттери уюмунун Будапешттеги өкүлчүлүгүнүн директору.

Китеп бир жылдан кийин орус жана кыргыз тилине которулду. Кыргызчага которгон Памирбек Казыбаев, редактору анын кызы Аида Памирбек Шомфаи.

Кубат Чекиров, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер