АЙЫЛЫМ – МЕНИН БЕШИГИМ, МЕКТЕБИМ –БИЛИМДИН, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

  • 17.05.2021
  • 0

Түп районун Талды-Суу айылынын жана Мукай Элебаев атындагы №10 орто мектебине 100 жыл

Такабай Асанакунов, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент, профессордун м.а.

АЙЫЛЫМ – МЕНИН БЕШИГИМ, МЕКТЕБИМ –БИЛИМДИН, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

Айыл менен мектеп коомдук турмушта бири-бири менен чырмалышкан, тыгыз, өтө маанилүү милдеттерди аткарат. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда ар бир мезгилдин өзүнө таандык багыты, айырмачылыктары бар. Ушундан улам доорго жараша жашаган муундардын өз мезгилинин коомунун калыптанышына, өзгөрүүсүнө аз болсо да салымын кошуп, эл алдында жасаган иштери, кызматтары, милдеттери тарыхый өзгөчөлүктөргө байланыштуу болот. Ал өзгөчөлүктөр айрым инсандардын эс тутумунда узак мөөнөттү же туруктуу сакталып калат турбайбы.

Демек, бул өзү – тарых. Тарыхты урпактарга божомолсуз, кандайдыр бир фактылардын негизинде так жана өзгөрүүсүз калтырып кетүү көйгөйү ар бир муундун парзы экенин эстен чыгарбоо зарыл го! Ушундан улам киндик каныбыз тамып, ата — бабаларыбыздын баскан издери калган, касиеттүү, куттуу айылыбыз, биз үчүн кымбат кичи мекенибиз Талды-Суу жана билимдин, илимдин бешиги болгон Мукай Элебаев атындагы мектебибиз тууралуу кыскача кеп кылалы деп чечтик.

АЙЫЛЫМ – МЕНИН БЕШИГИМ, МЕКТЕБИМ –БИЛИМДИН, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

Айылдагы биринчи мектеп

Талды-Суу айылынын тарыхы

Талды-Суу айылы 1917-жылы негизделип, биринчи үйлөрдү, көчөлөрдү Алексей Фоменко, Михаил Прокофьев жана Иван Юдин пландаштырган. Анда узунунан алты көчө, туурасынан алты көчө орногон. Ошол эле жылы Мамлекеттик айылдын рефком уюмунуна Алыбай Байзаков жана Саалы Арбатаевдер биринчи төрагалар болушкан. Алгачкы партияны Райымбек Буурабаев уюштурса, Аманбай Илепесов, Намазбек Бейбитов, Жанадил Арзыматов, Асан Бейбитовдор мүчө болушкан. 1929-1930-жылдары биринчи уюшма уюшулган. Алгач 30 түтүн кирген. «Кызыл Аскер» уюшмасы – төрагасы Жекшеев Асанакун, «Мээнеткеч» уюшмасы – төрагасы Жээнбеков Аса, «Талды-Суу” уюшмасы 1936-жылы биринчи ХТЗ тракторун алган.

Курманалиев Шераалы, Бөлөнбаева Дөкөш, Кылычбаев Улай, Түркебаев Ургазы, Тайгашкаевлар биринчиден болушуп трактор айдашкан.

1943-жылы Талды-Суу району бөлүнүп, 1956-жылы апрель айында Түпкө көчүрүлгөн.

АЙЫЛЫМ – МЕНИН БЕШИГИМ, МЕКТЕБИМ –БИЛИМДИН, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

Айылдагы алгачкы мектептин негиздөөчүлөрүнүн бири Мусажан Жамбоев

Талды-Суу айылында Токоч, Толубай, Такабай атанын уулдары жашашат. Айылга отурукташуу аракеттери Октябрь революциясынан мурдараак башталып, 1920-жылы ишке ашат. Айылдагы эң биринчи мектеп 1921-жылы кара кирпичтен эки бөлмөлүү кылып Султанаалы Түмөнбаев, Мусажан Жамбоевдор салышкан. Айылда эң биринчи кооперативдик соода точкасын ачуу 1925-жылы Токторбаев Асип аркылуу ишке ашырылган. Талды-Суу айылында 2010-жылы Улуу Ата-Мекендик согуштан кайтпай калган жердештерибизге арналып эстелик тургузулган. Эстелик Бишкектеги «Талды-Суу ынтымак коомунун» демилгеси менен ишке ашкан. Азыркы тапта айылда 832 кожолук, 4600 адам жашайт. Эки кабаттуу мектептин корпусу белгилүү акын, жазуучу Мукай Элебаевдин ысымын алып жүрөт. Андан сырткары оорукана, жолду эксплуатациялоо бөлүмү (ДЭУ-4), электр түйүндөр ишканасы, «Керемет» балдар бакчасы жана көптөгөн соода тейлөө пункттары бар. Талды-Суу айылындагы көчөлөргө айылдын көрүнүктүү инсандары Курманаалы Жүзөнов, Кубатов Орозбай, Бейбитов, Султанаалы Түмөнбаев, Экия Муканбетов, Б.Турусбеков, Казы Дыйканбаевдин атынан коюлган. Ошондой эле Талды-Суу айылынан Кыргыз элине көрүнүктүү, таанымал инсандар көп чыккан. Мисалы: Казы Дыйканбаев, Айша Карасаева, Салима Орозбаева, Салиева Батыш, Аяткан Орозбаева, Зууракан Иманкалыкова, Бейшен Турусбеков, Иманбаев Сулайман, Уркаш Мамбеталиев, Бекиш Ибраев ж.б.

Бүгүнкү күндө Талды-Суу айылында 100 орунду бала бакча, маданият үйү, спорт зал жаңы муунга ылайыкталып курулууда.

Кыйын тагдырга карабай мектеп курушкандар

Алгачкы мектепти 1921-жылы кара кирпичтен эки бөлмөлүү кылып Султанаалы Түмөнбаев, Мусажан Жамбоевдор салышкан.

Султанаалы молдо өз мезгилинде Талды-Суудан чыккан билимдүү адам болгон. Ал Уфа шаарынан окуп, атайын диний билимге ээ болуп чыккан. 1913-жылы өзү менен кошо айылдык Кенакун молдону, Караколдогу орус тузем мектебинен окуган, орусча түшүнгөн, сүйлөй билген жаш өспүрүм Мусажан Жамбоевди ээрчитип алып Караколдогу орус бийлигине келип, элибиз жер иштетип дыйкан болсун деп, аймак бөлүп берүүсүн суранган жана уруксаат алган. 1916-жылы Үркүндө Кытайга качып, кийинки жылы Кеңеш Өкмөтү орногондо Талды-Суу айылына келип, Кеңеш Өкмөтүнө арыз менен кайрылышып, Талды-Сууну жердеп калат. Эл отурукташкан соң, Талды-Сууга эң биринчилерден болуп мектеп куруу демилгесин көтөрүп чыгат. 1920-жылдары Мусажан Жамбоев экөө мектепти курулушуна киришип, эки бөлмөдөн турган мектеп салышат. Экөө Алма-Атага барышып, мугалимдер курсун бүтүрүп, мектепте окуучуларды окута башташат. Ортодо репрессияга кабылып, Украинага айдалып, белгисиз бойдон калат. Кийин күнөөсү жокко чыгарылып, реабилитацияланат.

Мусажан Жамбоев 1897-жылы туулган. Ал 1913-1914-жылдары Каракол шаарындагы орус-тузем мектебинде окуйт. Кадимки Үркүнгө кабылып, ооруган энесин жонуна көтөрүп алып, Кытайга качат. Энесинин ташта дегенине көнбөйт. Тилекке каршы, жолдон энеси каза болуп калат. М.Жамбоев 1917-жылы Кеңеш Өкмөтү орногондо кайра кайтып келет да, Султанаалы менен кошулуп мектеп салышат. 1931-1932-жылдары Ленинграддагы Финансы-экономикалык институтун бүтүрөт. Ал экономист жана мектеп директору болуп да эмгектенген. Талды-Сууга көп эмгек кылган алгачкы агартуучу Мусажан Жамбоев 1977-жылы Талды-Суу айылында дүйнөдөн кайткан.

АЙЫЛЫМ – МЕНИН БЕШИГИМ, МЕКТЕБИМ –БИЛИМДИН, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

Жаңы окуу мектеби

Жамыйла Найманбаева 1941-1945-жылдары Караколдогу педтехникумду сырттан окуп, пединституттун күндүзгү бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. Тылда талыкпай иштеп, коомдук иштерге активдүү катышып, М.Элебаев атындагы орто мектептин партия уюмунун катчысы болуу менен бирге айылдагы жатак мектептин тарбиячылык иштерин да жетектеп турган.

Жакыпов Манап математик мугалими. 1915-жылы төрөлгөн. 1929-жылы 7-классты бүтүрүп, чарбада эмгектенип, 1936-жылдары комсомол уюму тарабынан Пржевальск шаарындагы мугалимдерди даярдоочу педтехникумга окууга жиберилет. 1942-жылы Ой-Талда директор болуп иштеп жатканда согушка аттанат. Согуштан бир бутунан айрылып, кайтып келет. Согуштан кийин Талды-Суу айылында башталгыч класстын мугалим болуп иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыгат. Ал 1968-жылы салынган мектепке да өз салымын кошкон.

Заман жүгүн аркалаган жаңычыл мугалимдер өсүп чыгууда

Айылдагы эки кабаттуу эски мектептин корпусу белгилүү жазуучу М.Элебаевдин ысымын алып жүрөт. Мектепте азыркы учурда 894 окуучу жана 56 мугалим эмгектенишет. Бүгүнкү күндө дүйнө тынымсыз өзгөрүп турган шартта Мукай Элебаев атындагы мектептин мугалимдери да тынымсыз алдыга озуп, жаңыча иштеп жатышат. Себеби, билим берүү жараянын санариптештирүү бүгүн зарыл экендигин турмуш өзү далилдеп отурат. Ушундан улам мектебибиз билим берүү системасында информациялык-коммуникативдик технологияларды окуу процессине киргизип жатышат. Электрондук окуу китептери, мобилдик тиркемелер, ар кандай темаларга ылайыкталган веб-сайттар, вебинарлар жасалып колдонулуп жатат. Мунун баары реалдуу көрүнүш. Болгону муну туура пайдалануу жагы гана калды. Ар бир адамдын бүгүн интернет жана веб-технологияларды эркин пайдалана алышын жашоо талап кылып турат. Мугалим жана окуучу ар кандай санарип булактарынан маалымат ала алгандай болсун деген максаттардын үстүндө иш алып барышууда. Мектеп бүгүн компью-тердик класстар менен камсыздандырылып, интерактивдүү доскалар аркылуу алдыңкы сабактар өткөрүлүүдө.

АЙЫЛЫМ – МЕНИН БЕШИГИМ, МЕКТЕБИМ –БИЛИМДИН, ТАРБИЯНЫН БАШАТЫ

Айылдын биринчи мугалими Султанаалы Молдо

2020-2021-окуу жылында Түп районунун Талды-Суу айылынын жана Мукай Элебаев атындагы №10 орто мектебинин 100 жылдыгына карата өткөрүлүүчү мааракеге учурда даярдык кызуу жүрүүдө. 2021-жылдын 21-майында Бишкек шаарында «Талды-Суу ынтымак коомунун» демилгеси менен Кыргызстан эл аралык университетинин башкы корпусунун жыйындар залында 100 жылдык мааракеге арналып илимий-конференция өтөт.

Дареги:
Бишкек шаары,
7-Апрель к., 4. Бай тел.:
0702 37-00-44; 0704 10-63-54; 0703 99-77-11; 0312 67-86-22

Бөлүшүү

Комментарийлер