АЙЫЛЫБЫЗДА УЛУУЛУК  БАР БИЗ БИЛГЕН…

  • 25.04.2023
  • 0

Аксы районундагы №10 Жоробек Мамытбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин химия мугалими, кезегинде мектепте класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу болуп эмгектенген, окуучулардын  шык, жөндөмүн, талантын, бекем билимин, мыкты тарбиясын жөнгө салып келаткан  эл агартуунун мыктысы, КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси  Жээнбүбү НАДЫРБЕКОВА тууралуу азыноолак кеп кылгым келди.

 

Жээнбүбү Надырбекова 1956-жылдын 16-ноябрында айтылуу Аксы районунун жарашыктуу Жаңы-Жол айылында чыгаан мугалим Жакыпбек Надырбековдун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1975-жылы Ленинчил жаш, азыркы Ж.Мамытбеков мектебинен орто билимге ээ болгон. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик универстетинин химия факультетин ийгиликтүү аяктаган соң, эмгек жолун  Кара-Суу орто мектебинен баштаган.

Жаштайынан үй-бүлөдө, мектепте, жогорку окуу жайында бекемделген терең билим, такшалган мүнөз, изденүү, талбас эмгек, өз билимин тынымсыз өркүндөтүү менен түйшүгү түмөн кесиптен тез эле өз жолун таап, ийгилик артынан ийгиликтерди чакыра баштайт.

Окуучулары аймактык, райондук, бара-бара облустук, ал эле эмес республикалык олимпиадаларды багындырып келет.

1981-1982-окуу жылынан 2020-2021-окуу жылдары окуучулары районду багындырып, облустук олимпиадада белгилүү орундарды ээлесе, 2014-2015-окуу жылында, 2020-2021/2021-2022-окуу жылдарда химия предмети боюнча республикалык олимпиадада алдыңкы  орундарды ээлеп, т.а. 2020-2021-окуу жылында  1-орунду алган.

Жасаган эмгеги, жетишкен ийгиликтери жогору бааланып, мектептин, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн, Аксы райондук администрациясынын, Жалал-Абад облустук методикалык борбордун, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен бир нече ирет сыйланган. 2005-жылы Жалал-Абад облустук  мамлекеттик администрациясынын, 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына ээ болгон.

2010-жылы Курманжан Датканын 200 жылдыгына, 8-март — Эл аралык аялдар майрамынын 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын  көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына карата Борбордук Азиядагы биринчи Президент айым Роза Отунбаеванын сыйлык баракчасы менен сыйланган.

Өз предметинин чебери, мыктысы болууда ар тараптуулук натыйжа берет. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз-Россия Славян универстетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Көп жылдар бою Аксы районундагы №10 Ж.Мамытбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу болуп эмгектенип, окуучулардын  шык, жөндөмүн, талантын, бекем билимин, мыкты тарбиясын жөнгө салуу үчүн уюштурулган  “Жаш таланттар”  сынагында райондук алдыңкы орундарды, баш байгени 2013-2014-2015-жылдары багындырган.

Класстан тышкаркы иштерди уюштурууда мыкты жетекчи экенин далилдеп, иш тажрыйбасын үйрөтүү  максатында 2012-2013-окуу жылында райондук класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулардын семинарын өткөрүп, башталгыч класстардын 10 мугалиминин өткөн тарбиялык сабактары “Мугалимдер дүйнөсү” газетасына жарыяланган.

“Изденүүдөн ийгилик жаралат”  дегенде эжекенин албан-албан ийгиликтери али алдыда. Биз  билген  Жаңы-Жол айылындагы улуулук менен тааныштыруу сиздер үчүн да ийгиликтерге жол ачат деп ойлойбуз.

Айгүл Момункулова, эл агартуунун мыктысы,  №10 Ж.Мамытбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер