АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДИН ФУТУРИСТТИК ОЙЛОРУ

  • 11.11.2026

Мен – өмүр бою айылда жашаган адаммын. Жалпы эмгек ишмердүүлүгүм кырк жылга чукулдап калды. Ал эми отуз эки жылдан бери карай мугалимдик кесиптин ысык-суугун башымдан өткөрүп келемин.

АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДИН ФУТУРИСТТИК ОЙЛОРУ

Мен – кыргыз агартуу айдыңынын Владимир Маяковскийимин! Мен – кыргыз педагогикасынын Рамис Рыскуловумун!

Эмесе, өзүмдүн футуристтик ойлорумду, миң канаттуу идеяларымды ортого салып көрөйүн.

1. Бүткүл дүйнөлүк педагогикалык форум өткөрөлү!

Узап бараткан 2026-жылдын июнь айында Кыргызстанда эл аралык Ысык-Көл форумунун кырк жылдык мааракеси өтө жогорку деңгээлде белгиленди.

Нобель сыйлыгынын лауреаты, кытай элинин улуу жазуучусу Мо Янь баштаган адабий, маданий, илимий ишмерлер Ысык-Көл форумунун ажарын ачышты.

Менин сунушум: Шалва Амонашвили баш болгон агартуу тармагынын дөө-шааларынын катышуусунда дүйнөлүк педагогикалык форумду өткөрөлү.

Гарвард, Оксфорд, Сорбонна университеттеринин өкүлдөрүнө чакыруу баракчаларын жөнөтөлү.

2. Окуучулар китеп окубай коюшту…

Ооба, мектеп окуучулары окуу китептерин мурдагыдай барактабай калышты. Алардын таңды-кеч, күнү-түнү кармаган оокаты уюлдук телефон болуп калды. Эмне деген трагедия!?

Эми гаджеттерде «Билим», «Сабак» оюн-зоок тиркемелерин жаратуу керек. Беш мүнөттөн ашпаган ролчолор, чакан тасмалар аркылуу сабак өтөлү.

3. Китептерге эстелик тургузалы!

Өзбекстанда акын Зульфия Муминованын «Балдарга китеп бергиле!» аттуу ырына эстелик тургузулган.

Баткендик чыгаан мугалим Султанбек Момунов өз шаарына китепке арналган айкелди орнотту.

Келгиле, эң мыкты адабий-көркөм чыгармаларга, китептерге эстелик тургузууну жапатырмак колдойлу!

  1. Китеп окуу айлыгын уюштуралы!

Ар жыл сайын апрель айын жалпы Кыргызстан боюнча «Китеп окуу айлыгы» деп жарыялайлы! Агартуу министрлиги биздин бул сунушубузду мыйзамдык негизде токтомдоштуруп берсин. Окуу жылынын аягында окуучулардын китеп окуусу солгундап кетпесин!

  1. «Адабият кербени» өз жүрүшүн баштасын!

Кыргыз элинин эң мыкты акын-жазуучулары өлкөбүздүн мектептерин кыдырып, жаш муундардын адабий шыгын, көркөм сөз өнөрүнө болгон кызыгуусун ойготушсун!

Ар бир аймак өз жергесинде жашаган калемгерлер менен адабий жолугушууларды уюштурсун!

6. Педагогикалык томдуктарды чыгаралы!

Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры, көрүнүктүү мугалим Бектур Исаковдун китептерин кайра баштан томдук түрүндө чыгаралы!

Белгилүү окумуштуу, жазуучу жана публицист, кыргыз эл жазуучусу Советбек Байгазиевдин, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери Орозали Сайдилкановдун, Гапыр Мадаминовдун, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун жана башка атактуу агартуучулардын томдуктарын окурмандардын кеңири чөйрөсүнө суналы!

7. Обсерватория куралы!

Илим-билимге катуу басым жасайлы! Тойканадан Ойканага өтөлү!

Эми илим-билимге кызыккан жаш муундар үчүн обсерватория куралы! Жылдыздар дүйнөсүн изилдөө бөлмөсүн кайсы жерге курууну илимий коомчулук өзү чечсин.

Мен өзүмчө кыялданып көрөйүнчү: Кыргыз-Ата обсерваториясы, Жалпак-Таш обсерваториясы, Кошой-Коргон обсерваториясы! Кандай сонун угулат.

8. Мугалимдер кыйналбасын!

Бир мугалим күн сайын сабак өтөт, даярдык жазат. Ар жума сайын чогулушка катышат, ийримдин иштерин жүргүзөт, окуучулардын дептерин текшерет, ата-энелер менен сүйлөшүүлөрдү уюштурат, коомчулук менен кызматташат, нөөмөтчү болот, кароо-сынактарга даярданат, олимпиадага барат, классты көзөмөлдөйт, өзүнүн сабак өтүүчү каанасын иретке келтирет, окуучулардын тартибине көз салат, ишембиликке катышат, китепканага баш багат.

Ошондуктан, мугалимдердин өз ара сабакка катышуусунун санын азайталы. Бир мугалим жумасына бир жолу, айына төрт жолу өз ара сабакка катышсын.

Агартуу министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы өз ара сабакка катышуунун ыңгайлуу жолун сунуштасын. Ансыз деле мугалимдер ар беш жылда Дүйнөлүк деңгээлдеги ЖОЖдордун бөлүмдөрүн ачалы!

Дүйнөлүк кадыр-баркы бар Оксфорд, Гарвард, Сорбонна, Аль-Азхар, Кембридж, Стэнфорд университеттеринин бөлүмдөрүн Кыргызстанда ачуу керек!

  1. Предметтик олимпиадаларды реформалоо зарыл!

Бир топ жылдардан бери мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадалары окуучулардын жаш курагын эсепке албастан, аралаш өткөрүлүп келет. Тактап айтканда, 7-класстын окуучусуна 11-класстын деңгээлиндеги тапшырмалар берилүүдө. Үлүл, сөөлжан менен ажыдаарларды жарыштырууга болобу?

Окуучулардын олимпиадасын мурдагы калыбына келтирели! Ар бир класстын билим сынагын өз-өзүнчө өткөрөлү!

Анан да бардык окуучулардын толук катышуусун камсыз кылуу максатында предметтик олимпиадаларды ЖРТнын үлгүсүндө уюштуруу жагын колго алалы!

  1. Ар бир үй-бүлөгө – «Манас» эпосу!

«Манас» улуттук академиясы жана «Манас» улуттук театры демөөрчүлөрдү таап, Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөнү «Манас» эпосу менен камсыздоосу керек. Мына ошондо улуттук идеологиябыз боюнча алгылыктуу кадамдарды жасайбыз.

  1. Агартуу тармагын өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешти түзөлү!

Кыргызстандагы агартуу тармагын өнүктүрүү, билим менен тарбиянын сапатын жогорулатуу боюнча оозунда кеби, көкүрөктө деми, башында зээни, затында дээри бар адамдардан турган Улуттук Кеңешти түзүү керек. Дал ошол кеңеш он бир мүчөдөн турсун!

Ошол Улуттук Кеңешке мүчө болгум келет…

  1. Талант-Ордо курулса экен…

Өлкөбүздө Ынтымак-Ордо имараты курулду. Ырыс-Ордо пайдаланууга берилди.

Эми Кыргыз Республикасынын Жазуучулар, Сүрөтчүлөр, Архитекторлор, Композиторлор, Журналисттер Союздарынын башкармалыгын коңшулаш жайгаштырып, беш үйдөн турган Талант-Ордо имараты курулса деп тилек кылабыз.

АЙЫЛДЫК МУГАЛИМДИН ФУТУРИСТТИК ОЙЛОРУ

Тайир Аширбай
Баткен облусунун Лейлек районундагы «Ак-Суу» жалпы билим берүү мектебинин
кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү