АЙЫЛДАН ААЛАМГА ЖОЛ САЛГАН – «АГАЙ»
- 15.09.2026
- 0
Кыргыз агартуусундагы «Гапыр агай» феномени
Кыргыздарда абалтан эле элдин жан дүйнөсүн байытып, акыл-эсин жана турмуштук тажрыйбасын арттырууга салым кошкон инсандар коомдун каймактары катары кадыр сыйга ээ болуп келген. Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестиндеги Дүйшөн — айыл баласына билимдин жарыгын чачып, анын тагдырын өзгөрткөн мугалимдин көркөм символу. Эл ичинде оор шартка карабай агартуу ишин жүргүзгөн мугалимдердин «Дүйшөн» деп аталышы да алардын тарыхый миссиясына берилген баа болгон.
Бүгүн бул салт Гапыр Мадаминовдун ишмердигинде жаңы мазмунда уланууда. Ал айыл мектебинин мүмкүнчүлүгүн дүйнөлүк билим мейкиндигине алып чыгып, мугалимди, окуучуну, ата-энени жана коомчулукту бир максатка бириктирген заманбап агартуучунун үлгүсүнө айланды. Элдин аны урмат менен «Агай» деп аташы — анын мугалимдик эмгегине, адамдык бийиктигине жана улуттук агартууга кошкон салымына берилген элдик баа.
Ырасында эле, азыркы кыргыз агартуу айдыңында Гапыр Мадаминов өзгөчө ысым, өзүнчө феномен. Анын агартуучулук эмгеги коомчулук тарабынан гана эмес, мамлекеттик деңгээлде да жогору бааланган. Президент Садыр Жапаровдун: «…Гапыр Мадаминов агайыбызды улуу-кичүү жапырт тааныйт», — деген сөзү анын эмгеги бир айылдын эмес, бүтүндөй кыргыз агартуусунун сыймыгына айланганын тастыктайт. Бирок Гапыр агайдын улуулугу коомдук таанылуу, сыйлык же наам менен гана өлчөнбөйт. Анын негизги миссиясы — айыл мектеби туура уюштурулса, ал да ааламга жол ача аларын, мугалим баланын гана эмес, бүтүндөй коомдун тагдырын өзгөртө аларын иш жүзүндө далилдегенинде.
Ошону менен бирге Гапыр Мадаминов өзүнүн бай педагогикалык тажрыйбасын айкөлдүк менен башкаларга бөлүшкөн илимпоз-методист, жыйырмадан ашуун китептин автору жана улуттук масштабдагы устат мугалим катары да өзгөчө бааланат. Ал облустан облуска, райондон районго, мектептен мектепке барып, мугалимдер үчүн таасирдүү семинарларды өткөрүп, өзүнүн жаңычыл тажрыйбасын кеңири жайылтып келет. Анын тажрыйбасына кайрылган, андан үйрөнүүгө умтулган педагогикалык жамааттар республиканын бардык булуң-бурчтарында арбын. Себеби ал жараткан тажрыйба бир мектептин гана эмес, жалпы улуттук мааниге ээ жаңычыл табылга.
Гапыр Мадаминовдун агартуучулук дүйнөсү анын таасирдүү ойлорунан, эл арасына кеңири тараган накыл сөздөрүнөн да даана көрүнөт. “Ата-эне окумайын бала окубайт”, “Ааламдашууну адамдашуу менен жеңели”, “Рух казан”, “Адамгерчиликтин олимпиадасында биринчи орунду алгыла” деген сыяктуу сөздөрү бүгүн жөн гана ураан эмес, мугалимди ойготкон, ата-энени жоопкерчиликке чакырган, окуучуну адамгерчиликке үндөгөн педагогикалык осуяттарга айланып баратат. Мындай ойлор Гапыр агайдын билимди адамгерчилик менен, окууну тарбия менен, мектепти үй-бүлө жана коомчулук менен бирге караган өзгөчө педагогикалык дүйнө таанымы.
Жакында жарык көргөн «Айылдан ааламга жол ачып берген билим уясы» аттуу китепте, ошондой эле таланттуу режиссер Руслан Акун тарабынан тартылып, миллиондон ашык көрүүчүнүн көңүлүнөн орун тапкан «Агай» аттуу фильмде чек арадагы алыскы айылда гимназия ачуу, аны калыптандыруу жана өнүктүрүү жолундагы оор сыноолор, агартуучулук күрөш, кубанычтуу жетишкендиктер жана тарыхый мааниге ээ фактылар кеңири чагылдырылган. Бул эки эмгек тең Гапыр Мадаминовдун жеке өмүр баянын гана эмес, кыргыз айыл мектебинин мүмкүнчүлүгүн, мугалимдин руханий күчүн, ата-эне менен коомчулуктун тарбиялык дараметин жана билим аркылуу адам тагдырын өзгөртүүгө болорун далилдеген агартуучулук феноменди ачып берет. Ал эми бул макалада аталган китептин контекстинде Гапыр Мадаминовдун педагогикалык табылгалары, алардын тарыхый мааниси жана кыргыз билим берүүсүндөгү өзгөчө орду тууралуу кеп кылууну туура көрдүк.
Ааламга карай салынган билим жолундагы чоң сыноолор
Арийне, Кыргызстандын түрдүү аймактарында бир катар гимназиялар иштеп келди. Алардын көпчүлүгү даяр имараты, материалдык базасы, калыптанган мугалимдер жамааты бар мектептердин негизинде түзүлгөнү белгилүү. Ырасын айтуу керек, айрым учурларда мындай окуу жайлар мектептин атын “гимназия” деп өзгөртүү менен гана чектелип, анын ички мазмунун, билим берүү философиясын жана тарбиялык системасын түп-тамырынан жаңылоого жетише алган жок.
Ал эми Гапыр Мадаминов түптөгөн гимназиянын тагдыры таптакыр башкача. Ал Бишкектен 1500 чакырымдай алыстыкта, Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш Арка айылында, даяр имараты да, материалдык базасы да, калыптанган мугалимдер жамааты да жок шартта жаралган. Башкача айтканда, бул гимназия даяр инфраструктуранын эмес, элдик ишенимдин, мугалимдик мээнеттин жана агартуучулук оптимизмдин үстүнө курулган. К. Ташбалтаев, Б. Нурумбетов, И. Бекбоев чарба жана илим билим берүү чөйрөсүнүн дем берип колдоосу, Маматкул атанын бир айлык пенсиясын кошкону, Убайдулла агай баштаган мугалимдердин кыштын күнү керебет, матрастарды тележка менен ташыганы бул билим уясынын чыныгы элдик мектеп катары жаралганын далилдеп турат.
Ошондуктан Аркадагы бул гимназияны кадимки окуу жай катары гана баалоо жетишсиз. Ал — жоктон бар кылынган агартуу очогу, чек арадагы айылдан дүйнөгө жол ачкан билим уясы, карапайым элдин балдарына чоң кыял, терең билим жана ааламдык мейкиндикке чыгууга ишеним берген педагогикалык феномен. Гапыр Мадаминовдун улуулугу да дал ушунда: ал даяр шартты пайдаланган жетекчи эмес, шарт жок жерде шарт түзгөн, мүмкүнчүлүк жок жерде жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан чыныгы агартуучу.
Ал айланасына чын ниеттүү мугалимдерди, ата-энелерди жана коомчулуктун өкүлдөрүн топтоп, кадимки айылдын ичинде өзүнчө бир «Билим журтун», дүйнөлүк илим-билим мейкиндигине учуруп чыгаруучу «билим аэродромун» түптөп балдарга билимден канат байлап, айылдан ааламга уча ала турган деңгээлге жеткирүүнү өзүнүн агартуучулук миссиясына айландырды.
Гапыр Мадаминовдун айылдан ааламга карай салган билим жолу чек арадагы турмуштун түйшүгүнөн, жокчулуктан, ишенбөөчүлүктөн жана бюрократиялык тоскоолдуктардан өтүп, аларды жеңүү менен калыптанган татаал агартуучулук жол болду.
Биринчиси гимназияны ачуудагы алгачкы чоң сыноо — документтик-уюштуруучулук тоскоолдуктар. Райондун борбору Исфана Арка айылынан 80 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан, кээде таң эрте жолго чыгып, кечинде же түн ичинде кайтып келүүгө, айрым учурларда ошол жакта түнөп, эртеси кезек күтүүгө туура келген. Мындан тышкары, лицензия алуу үчүн Бишкекке барууга самолетко каражат жок болгондуктан, эски ПАЗ автобустары менен Өзбекстан, Ташкент аркылуу күндөп-түндөп жол жүрүүгө туура келген. Бишкекте нечендеген чиновниктердин эшигин кайтарып, кабыл алууларда болуп, оң жана терс жоопторду угууга туура келген. Бирок булардын бири да анын демин суутуп, максатынан тайдыра алган эмес. Акыры ошол кездеги Кыргыз Республикасынын билим берүү министри А. Ч. Какеев Гапырдын жаңы билим уясын жаратууга бел байлаган жалындаган демин да, ошол эле учурда каражатка, шартка, документтик тоскоолдуктарга туш болгон оор абалын көрүп кыраакылык жана даанышмандык менен маселенин оң чечилишине чечкиндүү колдоо көрсөткөн.
Экинчи чоң сыноо — гимназиянын зарылдыгына элди ишендирүү болгон. Алгач ата-энелер “гимназиянын эмне кереги бар, балдар кадимки мектепте эле окуй берет” деп күмөн санашса, мугалимдер жаңыча иштөөнүн түйшүгүнөн чочулашып “айлыгы мектеп менен бирдей болсо, иши оор, кечке иштеш керек, жаңыча окутууну үйрөнүү зарыл экен” деген пикирлер да айтылган.
Үчүнчү чоң сыноо — гимназиянын алгачкы окуучулар курамын сактап калуу болгон. Анткени, жаңыча талап, катуу тартип окуучуларга да оор сезилип, “кыйын экен” деп кетип калган учурлар аз болгон эмес. Кээде класстарда окуучулардын дээрлик баары кетип, болгону 1-2 окуучу калып сабактардын үзгүлтүккө учураган күндөр да болгон. Бирок дал ошол аз сандагы окуучулардын “Агай, капа болбоңуз, классташтарыбызды кайра чогултабыз” деп дем бергени Гапыр Мадаминов үчүн чоң руханий таяныч болгон. Ал мугалимдери менен күн-түн дебей үч айылдагы окуучулардын үйлөрүнө барып, ата-энелер менен узак сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кетип калган балдарды кайра кайтарып келип кадимки Дүйшөндүн тагдырын кайталаган.
Эң чечүүчү сыноолордун бири — мугалимдерди эски көз караштан, көнүмүш стереотиптерден жана салттуу окутуу ыкмаларынан чыгарып, жаңыча иштөөгө шыктандыруу болгон. Гимназия жөн гана башкача аталыштагы мектеп эмес, башкача ой жүгүртүүнү, башкача эмгекти, башкача жоопкерчиликти талап кылган билим уясы эле. Гапыр Мадаминов бул жерде жетекчи гана эмес, «мугалимдердин мугалими» катары көрүнөт. Гапыр Мадаминов өз чеберчилигин тынымсыз жаңылап, үйрөнгөнүн жамаатка үйрөтүп, гимназияга келген ар бир педагогду өзүнүн жандуу педагогикалык мектебинен өткөргөн. Ал мугалимдерден жогорку жоопкерчиликти, тынымсыз изденүүнү, сабакка жана тарбия ишине бүт жан-дили менен берилүүнү талап кылган. Бирок анын талапчылдыгы катуулук же үстөмдүк эмес, мугалимди өстүрүүгө, ойготууга, кесиптик бийиктикке жеткирүүгө багытталган устаттык камкордук эле.
Ал жамааттын ар бир мүчөсүнө талап да коё билген, ошол эле учурда алардын ал-акыбалын, ден соолугун, үй-бүлөлүк түйшүгүн, адамдык абалын да жүрөгүнөн өткөрө билген. Мунун бир таасирдүү мисалы Убайдулла агайга болгон мамилеси. Ал пенсияга чыгып, мектепте иштебей калгандан кийин да Гапыр Мадаминов аны унутта калтырган эмес. Ооруп калганда врачка өзү барып: “Бул киши өзгөчө жакшы адам, жакшы дарылап, айыктырып бериңиз” деп суранганы анын мугалимге болгон адамдык ызаатын, жолдоштук берилгендигин жана чыныгы устаттык пейилин айгинелейт. Китепте Гапыр Мадаминовдун мугалимдерге болгон камкордугун жана алардын кесиптик намысын коргой билген мүнөзүн ачкан фактылар көп. Мугалимдерин сынактарга алып барып, калыстык бузулган учурда алардын эмгеги үчүн күрөшкөн эпизоддор анын талапчыл гана эмес, адилеттикке бекем, жамаатын коргой билген устат экенин көрсөтөт.
Бул көрүнүш Гапыр Мадаминовдун педагогикалык лидерлигинин терең адамгерчиликке негизделгенин көрсөтөт. Ал мугалимден көптү талап кылган, бирок ошол талаптын артында кайдыгерлик эмес, камкордук, ишеним жана адамды барктоо турган. Дал ушундай мамиле жамаатты жөн гана иштеген адамдардын тобу эмес, бир максатка баш кошкон руханий үй-бүлөгө айландырган. Ошондуктан китепте Кочкор Батыров, Хансулуу Туратова, Дархан Шерова, Марзия Айжигитова, Чынара Токтоназарова, Нарбүбү Анаркулова сыяктуу мугалимдердин инсандык жана кесиптик бейнелери жылуу сезим, ыраазычылык жана конкреттүү фактылар менен ачылып берилет.
Мектеп ишин уюштурууда майда көрүнгөнү менен, чечүүчү мааниге ээ болгон жагдайлар өтө көп. Гапыр Мадаминовдун гимназиясындагы ошондой көйгөйлөрдүн бири коңшу айылдан келген балдардын келип кетүүсү болгон. Каттамдагы автобустарга балдарды салып жөнөтүү милдетин да мугалимдер аткарышкан. Айрым учурда автобуска батпай калган балдарды жолдон өткөн транспортко салып жөнөтүү үчүн кыш ызгаарда жол тосушуп, кээде такси жалдап жеткирип жүрүшкөн. Гимназиянын алгачкы жылдарындагы эң оор маселелердин бири балдарды тамак-аш менен камсыз кылуу болгон. Балдар ачка калып кыйналган учурларда Гапыр Мадаминов мугалимдер менен бирге буудай эгип, аны өстүрүп, жыйнап, ун тартып, окуучуларга ысык нан жана тамак уюштурган. Ал бул тууралуу: “Буудайды капка салып, атамдын эшеги менен же тачка менен Убайдулла агай экөөбүз тегирменге 2-3 кап алып барчубуз. Айылдагы жалгыз тегирменде дайыма кезек узун болчу. Бизге кезек түнкү саат 12де жетип, унду чыгарып келгиче жарым кече, таң атып кетчү”— деп эскерет. Балдардын ысык тамак ичип сүйүнгөнүн көргөндө “Убайдулла агай экөөбүз сүйүнүп, көзүбүзгө жаш алып толкунданчу элек” деген сөздөрү бул иштин артында терең адамдык мээрим турганын айгинелейт. Бул эпизод Гапыр Мадаминовдун агартуучулугунун өзөгүн ачып турат: ал үчүн мектеп билим берүүчү жай гана эмес, баланын ач курсагын, көңүлүн, үмүтүн жана келечегин бирдей ойлогон камкор руханий уя болгон.
“Акыл эмгегинин маданияты” — кыргыз кыртышында жаралган таасирдүү педагогикалык тажрыйба
“Акыл эмгегинин маданияты” сабагы кыргыз айыл мектебинин шартында Гапыр Мадаминовдун көп жылдык мээнети менен жаралган оригиналдуу педагогикалык табылга. Анын башкы максаты окуучуга жөн гана билим берүү эмес, аны кантип окууну, кантип ойлонууну, кантип изденүүнү жана өз алдынча билим алууну үйрөтүү болгон.
Бул жерде эл ичинде айтылып жүргөн “адамга балык кармап берсең, аны бир күн тойгузасың; балык кармоону үйрөтсөң, өмүр бою багасың” деген накыл сөздүн педагогикалык мааниси даана ачылат. Гапыр Мадаминов жетектеген гимназия окуучуга даяр жоопту, даяр маалыматты гана сунуш кылбастан, билимге жетүүнүн жолун, акыл эмгегин уюштуруунун ыкмасын, өз алдынча изденүүнүн маданиятын үйрөткөн балык кармап бербей ” “балык кармоону үйрөткөн” мекеме катары айырмаланган.
Мектепте окуучудан көбүнчө сабакты билүү, тапшырманы аткаруу, жооп берүү талап кылынып, билимди өздөштүрүүнүн ыкмасы, акыл эмгегин уюштуруунун маданияты атайын үйрөтүлбөй калат. Гапыр Мадаминов дал ушул боштукту байкап, окуучунун окууга болгон мамилесин өзгөртүүгө, аны максаттуу, тартиптүү жана натыйжалуу эмгектенүүгө багыттаган системаны жараткан.
Окуучунун акыл эмгегинин маданиятынын биринчи көрсөткүчү окууга болгон аң-сезимдүү мамиле. Мындай окуучу билимди мугалимдин талабы үчүн гана эмес, өзүнүн өсүшү, келечеги жана турмуштук багыты үчүн зарыл баалуулук катары кабыл алат. Ал “эмне үчүн окушум керек?”, “бул билим мага эмнеге керек?”, “аны кайда колдоно алам?” деген суроолордун үстүндө ойлоно баштайт.
“Акыл эмгегинин маданияты” сабагы окуучуда билимге аң-сезимдүү мамиле калыптандырууну, убакытты туура пайдаланууну, китеп менен иштөөнү, негизги ойду табууну, конспект түзүүнү, суроо берүүнү, салыштыруу, талдоо жана жыйынтык чыгаруу жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү көздөгөн. Ошондой эле окуучунун эс тутумун, көңүлүн, ой жүгүртүүсүн, өзүн-өзү көзөмөлдөөсүн чыңдап, аны мугалимге гана көз каранды болбой, өз алдынча билим алууга даярдаган.
Бул педагогикалык тажрыйбанын натыйжаларынын бири Республикалык түрдүү билим жарыштарындагы, олимпиадалардагы Гапыр агайдын окуучулары багындырган эң жогорку бийиктиктер. Алсак, Республикада орточо балл 122 болсо, Гапыр агайдын бүтүрүүчүлөрүнүн орточо балы 173 кө жеткен. Бул факты айрымдарды чын ниеттен кубандырса, айрымдардын негизсиз шегин да жараткан. Буга байланыштуу кайсы бир жылкы предметтик олимпиаданын жүрүшүндөгү бир окуяны эскере кетүү зарылдыгы бар. Алыскы Лейлек районундагы элет мектебинин окуучуларынын орус тили боюнча республикалык олимпиадада I орунду ээлеши комиссия мүчөлөрүндө олуттуу шек жараткан. Ошондуктан алар окуучуларга олимпиадалык тапшырмаларды кайрадан аткарууну сунушташкан. Кайра өткөрүлгөн сынакта окуучулар мурдагыдан да жогорку натыйжа көрсөтүшкөндүктөн комиссия мүчөлөрү күнүмдүк турмушунда орус тили сейрек колдонулган алыскы элеттен келген окуучулардын терең билимине, тынымсыз эмгегине жана мыкты даярдыгына таң калып, терең ыраазычылык менен моюнга алышкан.
Бул факт Гапыр Мадаминов жетектеген мектептин уникалдуу педагогикалык жетишкендиктеринин айкын көрсөткүчү болуп саналат. Бул окуя элет мектебинин мүмкүнчүлүгү чектелүү деген түшүнүктү жокко чыгарып, туура уюштурулган педагогикалык иш кандай шартта болбосун бийик натыйжа бере аларын көрсөткөн.
«Акыл эмгегинин маданияты» моделинин өзгөчө натыйжасы — анын бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайларында ийгиликтүү билим алууга жана өмүр бою өз алдынча үйрөнүүгө өбөлгө түзгөндүгүндө.
Бул пикирлерди бүтүрүүчүлөрдүн өз сөздөрү да ырастайт. Зулайка Жоломатова: “Акыл курчуткан сайын курчуйт” демекчи, бул сабак биздин билимибизди системалаштырып, татаал нерселерди жөнөкөй чечүүгө үйрөттү”, — деп белгилейт. Мээрим Сулайманова гимназия “миллионго алмашкыс сапаттар менен көндүмдөрдү калыптандырганын” айтат. Муктаралы Жаныбек уулу болсо АЭМ методикасы анын билим алуусуна жана карьералык өсүшүнө өбөлгө болгонун белгилеген.
Орозгүл Махмуд кызы Венгриянын Печ университетинин магистратурасын стипендиант катары аяктаганын айтып, “Акыл эмгеги маданияты” китебиндеги өз алдынча үйрөнүү ыкмалары жумушта да, жеке жашоодо да жардамчы болуп келерин эскерет. Ал эми Элеман Абдуллаев АУЦАда окуп жүргөндө АЭМ методикаларын колдонуп ийгиликтүү билим алып жатканын белгилейт. Бул эскерүүлөр Гапыр Мадаминовдун педагогикалык системасы окуучуга жөн гана билим бербестен, аны өмүр бою үйрөнүүгө, өз алдынча ой жүгүртүүгө жана турмуштук атаандаштыкка даярдаганын айгинелейт.
Коменскийден Мадаминовго чейинки “Энелер мектеби”: идея, тажрыйба жана жаңычылдык
Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби” модели тууралуу илим чөйрөсүндө сөз болгондо, “мындай идея жана тажрыйбалар Коменскийде да, Песталоцциде да бар эле” деген скептикалык пикирлерди укпай коюуга болбойт. Чындыгында, бул суроо жөн жерден жаралган эмес. Анткени дүйнөлүк педагогика тарыхында эне тарбиясы, үй-бүлөнүн баланы калыптандыруудагы орду, ал тургай “Энелер мектеби” деген түшүнүк Я. А. Коменскийдин эмгектеринде да кездешет. И. Г. Песталоцци да баланын алгачкы адептик, руханий жана акыл-эс тарбиясында эненин ордун өзгөчө баалаган.
Бул маселеге Гапыр Мадаминов кандидаттык диссертациясын коргоп жаткан учурда да кайрылып, анын аталган багыттагы өзгөчө салымын ачып көрсөтүү иретинде өз көз карашымды билдирген элем. Узак жылдар бою университеттерде «Педагогиканын тарыхы» курсунан сабак берген адам катары ошол ойлорду бүгүн дагы бир ирет ортого коюу орундуу деп эсептейм.
Я. А. Коменскийдин “Энелер мектеби” аттуу белгилүү эмгеги XVII кылымдын 30-жылдарында мектепке чейинки курактагы балдарды үй-бүлө шартында тарбиялоонун теориялык жана практикалык негиздерин көрсөтүү максатында жазылган. Бул эмгек мектепке чейинки тарбия теориясын негиздөөгө жасалган алгачкы жана ийгиликтүү аракеттердин бири катары бааланат. Коменский баланын тарбиясы мектеп босогосун аттаганда эмес, эненин мээрими, үй-бүлөнүн адеби жана күнүмдүк турмуштук тажрыйба аркылуу эң алгачкы жылдардан башталарын негиздеген. Ал балдардын жаш курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тарбияны максаттуу, ойлонуштурулган жана уюшкан педагогикалык иш катары кароого жол ачкан.
И. Г. Песталоццинин “Энелер үчүн китеп” аттуу эмгеги 1803-жылы жарык көрүп, энелерге балдарын үй шартында байкоого, сүйлөөгө, нерселерди таанып-билүүгө жана ой жүгүртүүгө үйрөтүүнүн жолдорун көрсөтүүгө арналган. Песталоцци эненин баланын алгачкы тарбиячысы гана эмес, анын акыл-эсин, тилин, сезимин жана адамдык сапаттарын ойготкон табигый педагог экенин негиздеген.
Демек, Коменский да, Песталоцци да эненин тарбиядагы ордун жогору баалап, анын педагогикалык маанисин теориялык жактан ачып беришкен. Бирок алардын эмгектери көбүнесе педагогикалык жобо, тарбиялык нускама жана агартуучулук сунуш деңгээлинде болгон. Алар энелерди атайын уюштурулган, үзгүлтүксүз иштеген коомдук-педагогикалык тарбия системасынын активдүү субъектисине айландырган практикалык моделди түзгөн эмес.
Гапыр Мадаминовдун жаңылыгы дал ушул жерден башталат. Ал “Энелер мектебин” китептик түшүнүк же жалпы педагогикалык чакырык катары калтырбастан, айылдык мектептин, үй-бүлөнүн жана коомчулуктун күнүмдүк тарбиялык практикасына айландырды. Энелерди тарбия ишинин пассивдүү катышуучусу катары эмес, баланын билимге, эмгекке, адепке, улуттук наркка жана турмушка даярдалышына түздөн-түз таасир этүүчү педагогикалык күч катары уюштура алды.
Бул моделдин баалуулугу анын аталышында эмес, турмушта иштеген натыйжалуу механизмдеринде. Гапыр Мадаминов энелерди окутуунун, кеңешүүнүн, тарбиялык кызматташтыкка тартуунун, мектеп менен үй-бүлөнүн ортосунда жандуу байланышты камсыз кылуунун иштиктүү системасын түздү. Ал карапайым энелерди өз балдарынын ийгиликтүү окуп-билим алышына көмөк көрсөтө ала турган деңгээлге жеткирүүгө аракеттенди. Натыйжада энелер үй-бүлөдөгү тарбиянын гана катышуучусу болбостон, баланын жашоо-турмуштагы багытын, ошондой эле гимназиянын билим берүү жана тарбиялоо миссиясын жүзөгө ашырууга жөндөмдүү активдүү субъекттерге айланды.
Ошондуктан Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби” модели дүйнөлүк педагогикалык мурастагы эне тарбиясы жөнүндөгү идеялардын жөнөкөй кайталанышы эмес. Коменский “Энелер мектебин” теориялык жактан негиздесе, Песталоцци энелерге баланы өнүктүрүүнүн жолдорун нускама катары сунуштаса, Гапыр Мадаминов бул идеяны кыргыз айыл мектебинин шартында практикалык күчкө ээ болгон жаңычыл педагогикалык системага айландырды. Бул — теориянын турмуш менен, мектептин үй-бүлө менен, мугалимдин ата-эне менен, ал эми педагогикалык идеянын элдик тажрыйба менен ширелишкен жандуу үлгүсү.
Буга байланыштуу мектеп алдында атайын “Энелер мектеби” түзүлгөн. Анын негизги максаты — энелердин, айрыкча жаш энелердин тарбиячылык жоопкерчилигин күчөтүү, баланын мектепке чейинки жана мектептик өнүгүүсүндө үй-бүлөнүн ролун жогорулатуу, ошондой эле эненин педагогикалык, психологиялык жана этнопедагогикалык маданиятын өркүндөтүү болуп саналат.
Гапыр Мадаминовдун пикири боюнча, эне билимдүү болуп, билимдин баалуулугун түшүнмөйүнчө, баланын окууда туруктуу ийгиликке жетиши кыйын. «Билимдүү эне — билимдүү баланын, билимдүү бала — өнүккөн коомдун башаты».
“Энелер мектебинин” түзүлүшү баланын тарбиясында эненин өзгөчө ордун таанууга негизделет. Анткени баланын алгачкы сезими, сүйлөө маданияты, адамдарга мамилеси, эмгекке көнүгүүсү, тыкандыгы, жоопкерчилиги жана билимге болгон кызыгуусу көбүнчө үй-бүлөдө, өзгөчө эненин күнүмдүк мамилеси аркылуу калыптанат. Эне баланын биринчи тарбиячысы гана эмес, анын дүйнөнү таанып-билүүсүнө жол ачкан биринчи педагог катары да каралат.
Бул мектептин милдеттери бир нече багытты камтыйт. Биринчиден, энелерде баланы тарбиялап өстүрүүгө болгон кызыгууну, жоопкерчиликти жана педагогикалык сергектикти ойготуу зарыл. Экинчиден, айыл жериндеги энелерге баланы мектепке даярдоонун жөнөкөй, турмуштук жана жеткиликтүү жолдорун үйрөтүү маанилүү. Үчүнчүдөн, балдардын сезүү, кабылдоо, ойлоо, эстеп калуу, сүйлөө жана таанып-билүү жөндөмдөрүн үй шартында өнүктүрүүнүн ыкмаларын өздөштүрүү талап кылынат. Өзгөчө көпчүлүк балдар бала бакчага барбаган шартта, мектепке чейинки даярдыктын ордун үй-бүлөдө толуктоо маселеси өзгөчө мааниге ээ болот.
“Энелер мектеби” энелерге тарбиянын максатын туура түшүнүүгө, тарбия каражаттарын аң-сезимдүү колдонууга жана баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык мамиле жасоого жардам берет. Бул жерде ата-энелердин педагогикалык маданияты жалпы маданият, руханий-ыймандык жана адептик маданият, ымала маданияты, үй-бүлөлүк турмуш маданияты, этнопедагогикалык маданият, психологиялык-педагогикалык билим, кеп маданияты, дене-бой маданияты, эмгек жана эс алуу маданияты менен байланышта каралат.
Демек, “Энелер мектеби” жөн гана ата-энелер менен иштөөнүн формасы эмес, үй-бүлөлүк тарбияны илимий-педагогикалык негизде жакшыртуунун маанилүү жолу болуп саналат. Анын натыйжасында эне баланын окуусуна, тарбиясына жана инсандык өсүшүнө аң-сезимдүү катышкан тарбиячы-педагог деңгээлине көтөрүлөт. Бул болсо мектеп менен үй-бүлөнүн тарбиялык таасирин бириктирип, баланын адептүү, билимге умтулган, жоопкерчиликтүү жана коомго пайдалуу инсан болуп калыптанышына шарт түзөт.
Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби» тажрыйбасында ата-энелердин педагогикалык маданиятын өнүктүрүүнүн таасирдүү формалары катары «Эң мыкты сабак даярдоочу бөлмө», «Мыкты үй-бүлө» жана «Мыкты эне» конкурстары колдонулган. Бул конкурстар энелерге өздөрүнүн педагогикалык билиминдеги өксүктөрдү байкоого, баланы тарбиялоого байланышкан суроолорго жооп табууга жана үй-бүлөлүк тарбиянын натыйжалуу тажрыйбасын өздөштүрүүгө түрткү берген. Айрыкча «Эң мыкты сабак даярдоочу бөлмө» конкурсу айылдык үй-бүлөлөрдүн көңүлүн балага сабак окуу үчүн жарык, ыңгайлуу жана ден соолукка коопсуз шарт түзүүнүн зарылдыгына бурган. Демек, бул конкурстар жөн гана атаандаштык иш-чарасы эмес, ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүп, алардын педагогикалык маданиятын практикалык иш аркылуу өнүктүргөн жаңычыл метод болуп саналат.
Гапыр Мадаминов жетектеген Арка айылындагы №3 эксперименталдык гимназиянын бүтүрүүчүлөрү билим аркылуу дүйнөгө жол ачып, айыл менен ааламдын ортосундагы аралыкты жакындатышты. Гапыр агайдын мектебинен билим алган бүтүрүүчүлөр бүгүн Америка Кошмо Штаттары, Германия, Улуу Британия, Франция, Кытай, Япония, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Африка Республикасы, Малайзия, Сингапур сыяктуу өнүккөн мамлекеттердин жогорку окуу жайларында билим алып жатышат. Азыр дүйнөнүн алдыңкы билим борборлорунун арасында Гапыр агайдын окуучулары билим албаган өлкөлөр сейрек кездешет.
Жыйынтыктап айтканда, Гапыр Мадаминовдун агартуучулук тажрыйбасы — алыскы айыл мектебинин да ааламдык билим мейкиндигине жол ача аларын далилдеген жандуу педагогикалык феномен. Ал жоктон бар кылып түптөгөн билим уясы, “Акыл эмгегинин маданияты” жана “Энелер мектеби” сыяктуу жаңычыл табылгалары аркылуу окуучуну, мугалимди, ата-энени жана коомчулукту бир максатка баш коштурган. Ошондуктан Гапыр Мадаминовдун жолу — бир агартуучунун өмүр баяны гана эмес, кыргыз билим берүүсүнүн эртеңине багыт берген үлгүлүү мектеп, улуттук педагогиканын сыймыктуу сабагы.
Акматали Алимбеков,
Кыргыз-түрк «Манас» университетинин
педагогика кафедрасынын профессору,
педагогика илимдеринин доктору