АЙЛЫК МАЯНАНЫН ЖОГОРУЛАШЫ — ПЕДАГОГДОРГО КӨРСӨТҮЛГӨН ИШЕНИМ, УРМАТ-СЫЙ
- 18.06.2025
- 0
17-июнда Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева агартуучулар үчүн абдан кубанычтуу жана маанилүү кабарды коомчулук менен бөлүштү. 2025—2026-окуу жылынан тартып мугалимдердин, методисттердин жана жалпы агартуу тармагында иштеген адистердин айлык маянасы жогорулай турганын жарыялады. Эмгек акыны жогорулатуу эки этап менен ишке ашырылат. Биринчи этабы — 2026-жылдын апрель айы. Экинчи этабы — 2026-жылдын октябрь айы.
Агартуу системасы — мамлекеттин келечегине таасир этүүчү эң негизги күч
Бул жакшы кабарга бардык агартуучулар ыраазычылык билдирип, сүйүнүп, мамлекет тарабынан билим берүү тармагына көрүлгөн колдоонун реалдуу жыйынтыгы катары кабыл алып жатат. Анткени акыркы жылдары билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган системалуу кадамдар, стратегиялык чечимдер жана финансылык колдоолор коомубузда билимдин баалуулугун кайрадан бекемдөөдө.
Ушундай туура чечимдер үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровго жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиевге жалпы мугалимдер жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Бул мамлекеттин интеллектуалдык ресурска багытталган келечек саясатынын айкын көрсөткүчү.
Агартуу системасы бул мамлекеттин келечегине таасир этүүчү эң негизги күч. Демек, агартуучуларга түзүлгөн шарт бул коомдун сапаттуу өнүгүшүнө болгон кам көрүү. Айлык маянанын жогорулашы бул жөн гана финансылык колдоо эмес, мамлекет тарабынан педагогдорго көрсөтүлгөн ишенимдин, урмат-сыйдын, социалдык статусунун көтөрүлүшү.
Бул чечимден кийин мугалимдик кесипке болгон кызыгуу артып, жогорку квалификациялуу кадрлар агартуу тармагын тандайт деген ишеним. Эми агартуучу болуу сыймыктуу гана эмес, коомдук жана моралдык жактан бааланган кесипке айланат деген үмүт чоң.
Методисттер көрүнбөгөн, бирок билим берүү системасы үчүн өзөктүү күч
Өзгөчө белгилеп кетчү жагдай, бул райондук, шаардык жана облустук усулдук кызматкерлердин айлыгынын да жогорулашы. Бул билим берүү системасындагы өтө кейиштүү, реалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп келген.
Методист – бул мугалимдин сабагынын сапатына, педагогикалык компетенттүүлүгүнүн өсүшүнө түз таасир этүүчү адис. Бирок көп жылдар бою бул кызматка жетиштүү көңүл бурулбай, айлык аз болгондуктан, көптөгөн жаш кадрлар бул тармакта узак кармалбай эле кетип жаткан.
Методисттик кызмат – бул бир убакта уюштуруучу, үйрөтүүчү, колдоочу, багыттоочу жана анализдөөчү татаал ишмердик. Бул кызматты аркалап, канча кызматкерге жол көрсөтүп, тажрыйба бөлүшүп, дем берип келе жаткандар көп. Биз, усулчулар, кандай шарт болбосун, өз кесибибизге берилгендик менен, системалуу түрдө сапаттуу билим берүүгө кызмат өтөп келе жатабыз. Бул жолу айлыгыбыз жогорулаганы – моралдык жана материалдык акыйкаттыктын орногонунун белгиси.
Методисттердин ишинин эң чоң бөлүгү аймактарда, район/шаарларда облустук деңгээлде өткөрүлүүчү предметтик семинарлардаы, сынамык тесттерди ж.б.у.с. иш-чараларды уюштуруп келет. Министрлик берген тапшырма менен жер-жерлерге тынбай барат. Бул деген жаңычыл методикаларды жайылтуу, тажрыйба алмашуу иштери менен тыгыз байланыштуу. Бирок бул иштин натыйжалуу жүргүзүлүшүнө, айрыкча, айылдык аймактарда жеткиликтүү транспорттун жоктугу чоң тоскоолдук жаратып келген. Мисалы, Талас облусунун мисалында айта кетейин (мындай көйгөй ар бир дубанда бар) географиялык шарты, жол инфраструктурасы, кышкы шарттарда жетүү оор болгон айылдар булардын бардыгы методисттердин иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүүсүнө кыйынчылыктар жараткан. Эми райондук жана облустук билим берүү бөлүмдөрүн автотранспорт менен камсыз кылуу маселеси чечилүү алдында экендиги биз үчүн өтө кубанычтуу жана эң маанилүү колдоо.
Бул чечим менен методисттер жер-жерлерге убагында жетип, семинарларды үзгүлтүксүз, натыйжалуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Демек, практикалык иштерде сапат жогорулап, агартуучуларга болгон методикалык жардам дагы да натыйжалуу жүрөт.
Жыйынтыктап айтканда, мамлекеттин мугалимдерди, усулчуларды колдоосу келечекке болгон ишенимдин негизин түзөт.
Билим берүү системасына болгон мындай терең жана системалуу мамиле мамлекет менен мугалимдин, коом менен агартуучунун өз ара ишениминин кайра жаралышына өбөлгө болот. Эми агартуучу болом деген жаштар көбөйүп, педагогдор чыгармачылык менен иштеп, билим сапаты жогорулап, келечек муундарга болгон үмүт дагы бекемделет.
Ушул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, агартуучулар билим берүүнү санариптештирүүгө, дүйнөлүк стандарттарга жеткирүүгө багытталган реформаларды колдоп, ыкчам жана жоопкерчилик менен иш алып барышыбыз керек. Себеби сапат шарттан, шарт саясий эрктен жаралат. Бул колдоо жаңы доордун башталышы. Аны биз билим, жүрөк, жоопкерчилик жана балага болгон сүйүү менен тастыкташыбыз керек.
КРнын эл мугалими, устатыбыз Бектур Исаков агай айтмакчы: «Мамлекет мугалимдерге эң жакшы көңүл бура баштады, эми мугалмдер иштеш керек, иштеш керек» дегендей, жоопкерчилик менен иштешибиз абзел.
Салтанат БЕЙШЕНОВА, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору
Комментарийлер