АЙДАРАЛЫНЫН КӨЙРӨҢ КҮҮСҮ ЖӨНҮНДӨ

  • 29.10.2026

Таластан башталган көч, тарыхта калган тагдыр 1934- жылы Сибирге айдалганына байланыштуу «Кулак» деп аталганы үчүн Айдаралы Жөргөлөк деп аты жөнүн толук айта албаган эсил кайран чоң атам- дейт Айсулуу Манбатова апам.

Кээде бир күү угасың да, жүрөгүңдө катылып жаткан өткөн күндөрдүн эшиги ачылгандай болот. Күү менен кошо ата-бабаңдын баскан жолу, тарткан азабы, жашоого болгон сүйүүсү көз алдыңа келет.

Кайненем Манбатова Айсулуу апамын эскерүүсүн сиздерге сунуштаймын.

-«Чоң атам Айдаралынын түпкү теги Таластан, уруусу Тас кутчулардан экен. Таластан Чаткалдын Каныш-Кыясына көчүп келип, кийин жазгы жайлоосу — Кара-Төбөнүн батышындагы Талды-Булак, кышкы кыштоосу Мончок-Дөбө болгон дешет. Айдаралы атанын жети жүз кою, жетимиш жылкысы, жетимиш ири малы бар, бардар адам болгон экен.

Бирок отузунчу жылдардагы катаал саясат анын тагдырын өзгөрткөн. Үй-бүлөлүк эскерүүгө караганда, аны «кулак» деп Сибирге сүргүнгө айдашкан. Жети жылдай өткөн соң, согуш башталган мезгилде мекенине кайтып келген экен. Кийин Кашка-Сууга жайгашып, ал жер эл арасында Айдаралынын кыштоосу аталып калган.

Заман бир адамды гана эмес, анын балдарын да аяган эмес. Уулу Турдубай мектепке барганда, «кулактын баласын окутпайбыз» деп класстан чыгарып салышканын айтып жүрчү экен. Атасынын тагдыры үчүн баласы да билим алуу укугунан ажыраган. Бул — бир үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй бир доордун ачуу эскерүүсү.

Турдубайдан жети уул, төрт кыз — он бир бала тараган. Айдаралы атанын өмүр жолу оор сыноолорго туш болсо да, анын аты, тукуму жана күүсү бүгүнкү күнгө жетти.

Айсулуу апанын дагы бир эскерүүсү өзгөчө көңүлгө татыктуу. Айдаралы ата күүгө берилип черткенде, улам-улам «Дагы минтип!» деп, бир кайрыгын кайра кайталап черте берчү экен. Атүгүл молдошун отуруп алып күүгө берилип кеткенде, кээде буту менен чертчү экен дешет. Коноктор үйдөн күлүп-жайнап кыраан каткырык менен коштоп, кетишчү экен. Анткени колу эле эмес бүт тулку бойу менен күү чертчү экен. Желке-башы, каруу-билек, бет маңдайы да күүгө төп келчү.

Демек, Айдаралы ата оор тагдырдын ээси гана эмес, күүгө жанын берген, шайыр, өзгөчө мүнөздүү өнөрпоз да болгон экен.

Жакында «Ты Супер!» көрсөтүүсүндө Сезим Коргонбаева Айдакеңдин көйрөң күүсүн чертип жатканын көрүп, кайненем Айсулуу апам эскерүүлөрүн кайрадан жаңыртты. Мен жазып койгум келди.

Ашира Кулишева,

КР улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Бөлүшүү