Айбек КУДАЙКУЛОВ: “БИЗДИН ИШМЕРДҮҮЛҮК “КЫЗМАТКЕРДИН УКУГУ БААРЫНАН ЖОГОРУ” ПРИНЦИБИНДЕ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ”

  • 23.07.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети өлкөдөгү эң ири тармактык коомдук уюмдардын бири болуп саналат. Учурда ал курамга 3 997 баштапкы кесиптик бирлик уюму кирет. Анын алкагында 15 жогорку окуу жайынын кесиптик бирлик комитеттери; 4 атайын орто окуу жайынын кесиптик бирлик комитеттери; 1 кесиптик лицейдин кесиптик бирлик комитети; 40 райондук кесиптик бирлик комитети; 15 шаардык кесиптик бирлик комитети иш алып барат. Агартуучулардын профсоюз уюмдарынын канчасы иштеп жатканы, учурда жүргүзүп жаткан иштери тууралуу бизге КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары КУДАЙКУЛОВ Айбек Обганович айтып берди.

— Коомчулукта айрым учурларда “кесиптик бирлик уюмдары жоюлуп жатат” деген пикирлер айтылып калат. Бирок бул чындыкка дал келбейт. Тескерисинче, кесиптик бирлик бүгүнкү күндө өз ишмердүүлүгүн заман талабына ылайык жаңылап, санариптештирүү, башкарууну өркүндөтүү жана жаш лидерлерди тартуу багытында активдүү иштерди жүргүзүүдө.

2025-26-жылдары Уставга ылайык мөөнөтү келген райондук, шаардык, жогорку жана атайын окуу жайларындагы кесиптик бирлик комитеттеринде отчеттук-кайра шайлоо конференциялары өткөрүлдү. Натыйжада жетекчилик кызматтарга билимдүү, демилгелүү жана жаш лидерлер шайланып, бүгүнкү күндө жаңы дем менен иш алып барып жатышат.

Бул өз кезегинде аялдардын жана жаш кадрлардын ролунун өсүп жатканын, кесиптик бирликтин туруктуу өнүгүп жатканын жана анын келечеги бекем экенин көрсөтөт.

Азыр жайкы эс алуу учуру эмеспи. Мугалимдерге жана тарбиячыларга жайкы эмгек өргүүсүндө кандай эс алуулар уюштурулууда?

— Мугалимдердин жана билим берүү тармагындагы кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо жана сапаттуу эс алуусун камсыз кылуу – кесиптик бирликтин социалдык саясатындагы негизги багыттардын бири.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети республикадагы райондук, шаардык, жогорку жана атайын кесиптик окуу жайларындагы кесиптик бирлик комитеттеринин ишин координациялап, алардын мүчөлөрүнүн эс алуусун уюштурууга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

Райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттери жыл сайын өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша мүчөлөрү үчүн ар кандай эс алуу жана туристтик программаларды уюштурушат. Алардын алкагында Ысык-Көлгө, Сары-Челекке, Арсланбапка жана өлкөбүздүн башка кооз жаратылыш аймактарына бир күндүк жана көп күндүк экскурсиялар өткөрүлөт.

Мындан тышкары, айрым райондук жана шаардык комитеттер өздөрүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Казакстан, Өзбекстан сыяктуу коңшу өлкөлөргө да таанып-билүү жана эс алуу максатындагы туристтик сапарларды уюштуруп келишет.

Мисалы өткөн жылы райондук жана шаардык комитеттердин эсебинен республика боюнча болжол менен 10 миңге жакын педагог санаторий-курорттук мекемелерде ден соолугун чыңдап, дагы элүү миңге жакын билим берүү кызматкерлери бир-үч күндүк маданий жана туристтик эс алуу программаларына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул иштердин негизги максаты – мугалимдердин ден соолугун чыңдоо, эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана алардын сапаттуу эс алуусуна шарт түзүү.

— Өткөн жумада Тоң районундагы “Кызыл гвоздика ден соолукту чыңдоо борбору жаңыланып ачылып, жаңы дем-күч менен иштей баштады. Бул — каалоочулар үчүн эс алуу менен бирге ден соолугун чыңдоону айкалыштырууга эң сонун мүмкүнчүлүк.  Азыр ал жерде канча мугалим эс алууда жана алардын ден соолугун чыңдоого кандай шарттар түзүлдү?

— «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунун инфраструктурасын кеңейтүү максатында жүргүзүлгөн иш-чаралар болгону тогуз айдын ичинде заманбап жаңы курулуш иштери аяктады. Быйыл пайдаланууга берилген үч кабаттуу жаңы жатакана корпусу 55 орунга ылайыкташтырылып, ошондой эле эки кабаттуу заманбап конференц-зал жана банкеттик имарат курулду.

Жаңы курулуштардын ишке берилиши менен борбордун жалпы сыйымдуулугу 140 орунга жетип, бир жайкы сезондо 2000ге жакын педагогикалык кызматкердин эс алып, ден соолугун чыңдоосуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Борбордо жатакана, сапаттуу тамактануу, медициналык тейлөө, спорттук жана маданий иш-чаралар уюштурулат. Эс алып жаткан педагогикалык кызматкерлердин чыгымдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан каржыланат. Бул – кесиптик бирликтин өз мүчөлөрүнө көрсөткөн маанилүү социалдык колдоолорунун бири.

— Кесиптик бирликтин колдоолору тууралуу кененирээк токтолсок. Бирлик мугалимдердин эмгек укуктарын кандай коргой алат?

— Эмгек укуктарын коргоо – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин негизги жана артыкчылыктуу багыттарынын бири. Биздин башкы милдет – билим берүү тармагында эмгектенген ар бир кызматкердин мыйзамдуу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылуу.

Кесиптик бирлик өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Эмгек кодексине, «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Мыйзамына жана башка ченемдик-укуктук актыларга ылайык жүргүзөт. Биз эмгек мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышына коомдук көзөмөл жүргүзүп, кызматкерлерге укуктук жана консультациялык жардам көрсөтөбүз.

2026-жылдын февраль, март, апрель жана май айларында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Боёнов Саламат Акылбековичтин жетекчилиги алдында өлкөнүн бардык облустарында, 40 районунда жана 15 шаарында көчмө окутуу семинарлары өткөрүлдү.

Семинарларга мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана кесиптик бирлик активдери катышты.

Бул семинарларда эң актуалдуу маселелер кеңири талкууланды. Алсак, Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодексинин талаптарын практикалык колдонуу; эмгек келишимдерин түзүү, өзгөртүү жана токтотуу тартиби; жамааттык келишимдерди түзүү жана алардын аткарылышын камсыз кылуу; жумуш убактысы, эс алуу убактысы жана эмгек өргүүсүнө байланышкан укуктар; эмгек акынын өз убагында төлөнүшү жана компенсациялык төлөмдөр; эмгекти коргоо жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү;

кызматкерлердин социалдык кепилдиктери; эмгек талаш-тартыштарын мыйзам чегинде чечүүнүн жолдору; кесиптик бирликтин укуктары жана иш берүүчү менен социалдык өнөктөштүк мамилелер. Ушулардын баарын ар бир кесип ээси, ар бир өз укугун коргогусу келген жаран билүүгө милдеттүү.

Мындан тышкары, бардык билим берүү уюмдарына Борбордук комитеттин ишеним телефону, расмий сайты, электрондук почтасы жана укуктук консультация алуу үчүн байланыш маалыматтары жеткирилген. Натыйжада ар бир кызматкер өзүнүн эмгек укугу бузулган учурда түздөн-түз кесиптик бирликке кайрылып, акысыз юридикалык жардам, укуктук кеңеш жана өкүлчүлүк кызматтарын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

— Жарандар кандай юридикалык маселелер боюнча көп кайрылышат?

— Биздин юридикалык кызматкерлер жыл сайын жүздөгөн кайрылууларды карашат. Алардын арасында мыйзамсыз жумуштан бошотуу, эмгек акынын кечиктирилиши, мыйзамсыз тартиптик жаза колдонуу, эмгек өргүүсүн бербөө, кошумча төлөмдөрдү өндүрүү, эмгек келишимдерине байланыштуу талаштар жана башка маселелер көбүрөөк кездешет.

Эгерде маселе сүйлөшүү жолу менен чечилбей калса, кесиптик бирлик кызматкердин кызыкчылыгын мамлекеттик органдарда жана сотто коргойт. Биздин юристтер соттук процесстерге чейин документтерди даярдап, доо арыздарды түзүүгө көмөктөшүп, соттук отурумдарда өкүл катары катышышат.

Акыркы жылдары кесиптик бирликтин юридикалык колдоосу менен мыйзамсыз иштен бошотулган бир катар билим берүү кызматкерлери мурдагы кызмат ордуна кайрадан калыбына келтирилип, аргасыз жумушка чыкпай калган мезгил үчүн орточо эмгек акысы өндүрүлүп берилген учурлар болду. Ошондой эле мыйзамсыз колдонулган тартиптик жазалар жокко чыгарылып, кызматкерлердин бузулган эмгек укуктары толук калыбына келтирилген.

Биз үчүн ар бир кайрылуу өзгөчө мааниге ээ. Ар бир кызматкер өзүн жалгыз сезбеши керек. Эгер анын укугу бузулса, кесиптик бирлик мыйзам чегинде бардык мүмкүн болгон укуктук жардамды көрсөтүүгө даяр.

— Жалпы окурмандарга кесиптик бирлик тууралуу дагы кандай маалыматтарды айта аласыз?

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги – бул жөн гана коомдук уюм эмес. Бул өлкөбүздүн билим берүү тармагында эмгектенип жаткан жүз миңдеген мугалимдердин, тарбиячылардын, окутуучулардын жана башка кызматкерлердин укуктарын, эмгектик, социалдык-экономикалык жана кесиптик кызыкчылыктарын коргогон эң ири тармактык коомдук институт.

Бүгүнкү күндө кесиптик бирлик эмгек укуктарын коргоо менен гана чектелбестен, кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртуу, жамааттык келишимдерди түзүү жана алардын аткарылышын камсыз кылуу, коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө көмөк көрсөтүү, квалификациясын жогорулатуу, эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу, спорттук-маданий иш-чараларды өткөрүү жана жаш адистерди колдоо сыяктуу көптөгөн багыттар боюнча иш алып барат.

Ошондой эле кесиптик бирлик мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташып, билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы, социалдык кепилдиктери жана эмгек шарттары боюнча сунуштарды берип, алардын кызыкчылыктарын мамлекеттик деңгээлде коргойт.

Биздин ишмердүүлүктүн негизги принциби – «Кызматкердин укугу баарынан жогору». Ар бир мугалим, тарбиячы же билим берүү тармагындагы кызматкер өзүнүн артында мыйзамды жакшы билген, тажрыйбалуу юристтери бар күчтүү кесиптик бирлик турганын сезиши керек.

Мындан ары да биздин негизги максат – билим берүү жана илим тармагында эмгектенген ар бир кызматкердин эмгек, социалдык жана укуктук кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоо, эмгек шарттарын жакшыртуу, социалдык өнөктөштүктү чыңдоо жана кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн заман талабына ылайык мындан ары да өнүктүрүү болуп кала берет.

— Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн Сизге чоң ырахмат! Эсенчиликте болуңуз.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер