АВТОБУСТА ОРУН ТАЛАШЫП УРУШМАЙГА КАНТИП КЕЛДИК?
- 18.08.2026
- 0
Мен СССР доорунда төрөлүп, мектепте окудум. Октябрёнок, пионер, комсомол, атүгүл КПССтин мүчөсү болдум. Ал кезде тарбия берүү тутуму абдан күчтүү экен. Ушул күнгө чейин кыйшык жолго бара албайсың, бир да жалган сөз сүйлөй албайсың. Билбейм, бул доордун күчүбү?
Үй-бүлөдөгү тарбия КПССтен да күчтүү эле. Атам менен апам партиянын мүчөсү болуп, түптүз жолдо жашашты. Апам — мугалим, атам инженер болуп эмгектеништи. Бизге түз тарбия берип, иштеп тапкан адал мээнети менен чоңойтушту, Аллах ыраазы болсун! СССР доорундагы үй-бүлөлөрдүн жашоосу окшош болчу. Баарыбыз үчүн жогорку окуу жайга тапшырып окуу абдан маанилүү эле. Ким кайсы окуу жайда окуп жатканы биринчи орунда туруп, өзгөчө сый-урматка ээ болчу.
СССР кулап, башаламан жашоо башталды. Эч ким эч нерсени түшүнбөйт, эптеп эле күнүбүз өтүп жатты. 1993-жылдары улуттук валютабыз — кыргыз сому жүгүртүүгө кирип, 5 сом бир айлык эмгек акы болуп калды. Бара-бара акчанын баркын түшүнө баштадык.
Демократия доорун да сүрүп келе жатабыз. Биздин көз карашыбыз таптакыр башка болгондуктан, демократия доорунда төрөлүп-өскөндөр бөлөкчө тарбия алып калышты. 2000-жылдары мен иштеген жерге компьютер коюп беришти. Кабинетте үч киши отурат элек, он күндүк окутуу курсунан өтүп, сертификат алдык. Ошол күндөн баштап компьютерде иштегенди үйрөндүм. Ушул күнгө чейин жазуу процессинин ар кандай түрлөрүн: көрсөтмө куралдарды (презентацияларды), илимий отчётторду, изилдөөлөрдү, методикалык колдонмолорду жана китептерди жазганды өздөштүрдүм. Мурда орус тилинде жазып жүрүп, кыргыз тилинде жаза алам деп эч ойлогон эмесмин, кийин кыргызча эле жазып кеттим. Көрсө, адам баласы үзгүлтүксүз умтулса, илимий жактан абдан байыйт экен. Аракетке берекет!
Балдарга сабак берип, мугалимдер менен иштешип отуруп, өзүнөн өзү тажрыйба топтолуп, психолог да болуп кетет экенсиң. Ой жүгүртүүң, жазууң, сүйлөө кебиң байыйт. Өзүңдү өзүң тарбиялайсың. Деген менен, негизги пайдубал — КПССтин таасири абдан чоң күч берип, ички дүйнөнү толтурган экен. Кудайга шүгүр, башымдан сонун күндөр өттү, бай педагогикалык тажрыйбам да жакшы тарбия берип келе жатат.
Кайрадан тарбия маселесине көңүл буруу мезгили келди. Идеологияны кылдат карап чыгуу талап кылынууда. Тарбия болбосо, өсүп-өнүгүү да болбойт. Ал эми өнүгүү бизге аба менен суудай зарыл. Илим, билим берүү, экономикалык жана социалдык өсүш жаңыдан гана башталууда, жол узак, тажрыйба да аз. Өнүгүү жолундабыз. Илгерилеш үчүн дарак отургузуп, ага ар дайым суу куюп турганды үйрөнөлү, Кудайдан жакшылык тилейли. Баштаган ишти аягына чыгаруу жана жакшы натыйжага жетиш үчүн стратегиялык пландарды түзүп алышыбыз керек.
Мектептерде мугалимдер жетишпей, сабактар жылдап өтүлбөй калган күндөр көп болду. Мисалы, орус тили сабагы таптакыр өтүлбөй, балдар орус адабиятын билбей калышты. Математика, тарых жана башка предметтерден да мугалимдин айлыгы аз деген шылтоо менен сабак өтүлбөй, билим албай калгандар көп болду. Эмгек мигранттары көбөйүп, кичинекей балдарын таштап кетишти. Натыйжада, балдарына мээрим бере алышкан жок. «Тартипсиздер кайдан чыкты?» дейбиз. Ата-энесиз, мээрим көрбөй, билим да, тарбия да албай чоңойгондор бүгүнкү күнү өздөрү ата-эне болушту. Уруш-талаш, ажырашуулар да дал ушул тарбиянын жетишсиздигинен келип чыгууда.
35 жылдан бери мамлекетибиз өнүксүн деп пайдубал куруп келе жатабыз. Толук куруп бүтө элекпиз, бирок өз жолубуз менен баратабыз. Элибиз, жерибиз бар. Тарбия, үй-бүлө, илим-билимди өнүктүрүү боюнча стратегиялар жана ар бир тармакта изилдөөлөр болушу зарыл. Искусство өнүгүшү керек. Өнөр тойго барып ырдап коюш эмес. Кино, театр, спектаклдер аркылуу бүгүнкү жашоодогу курч маселелерди ачык көрсөтүп, ошол эле учурда алардын чечүү жолдорун чагылдырып, үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү оң нукка буруу темасын көтөрүшүбүз зарыл.
Качанга чейин коомдук жайда, жолдо же автобуста бир орун үчүн урушуп-талашабыз? Мындай жоруктарды токтотолу! Кайнене менен келиндин ортосундагы маселени бир жолго жабышыбыз керек. Кайнене эч качан өз баласына жамандык каалабайт. Келиндер да майдаланып, сөз кууганды токтотушу зарыл. «Тамак жасабайт», «мага жардам бербейт», «иштен чарчап келсем, мени карап отурушат» деген майда-чүйдө себептерден улам канчалаган үй-бүлөлөр ажырашып жатат. Эгер ушундай негизсиз нерселер үчүн ажыраша беришсе, балдары да дал ошол каталарды кайталайт. Кыргыз үй-бүлөсүнүн баалуулуктары кайда калды?
Демек, тарбияга өзгөчө көңүл буралы, окуйлу! Үй-бүлөлүк баалуулуктарды алтын тамга менен жазып, чекебизге илип алышыбыз керек. Күн сайын ошол жазылган баалуулуктарды аткаралы, башка айла жок!
СССРдин тарбиясы күчтүү болгону үчүн мен түз жолдон чыкпай калдым, мага окшогондор абдан көп. Эми СССРден баштап бүгүнкү демократияга чейинки тажрыйбаны таразалап, тарбияга басым жасап, аягында позитивдүү жашоого өтүшүбүз керек.
Дамира Жумабаева, Билим берүүнүн отличниги
Комментарийлер