АВСТРАЛИЯДАГЫ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
- 10.01.2025
- 0
Эл аралык тажрыйбасы бар тиш доктур Иззатбек Мидинов Австралияда 10-жылдан бери ийгиликтүү иштеп жаткан алгачкы кыргызстандык дарыгер. Ал Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктагандан кийин саламаттык сактоо тармагындагы эң катуу талаптарга ээ болгон Австралияда билим алып,беш жыл мурда иштөөгө лицензия алган. Жаңы жылдын алдында Австралиядан туулуп өскөн Бишкекке келип, сагынган ата-энесине,бир туугандарына жолугуп, эс алып жаткан Иззатбек Мидиновго жолугуп, алыскы өлкөдөгү 12 жылдык билим берүүдөгү өзгөчөлүктөр, айырмачылыктар тууралуу суроо салганыбызда, ал төмөнкүлөргө токттолду.
-Акыркы он жылдын ичинде Австралия эл аралык билим берүүдө лидерлердин бири болуп калды. Билим берүүнүн сапаты мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Австралиянын билим берүү системасы британ моделине негизделген. Бул структурага гана эмес, өлкөдөгү окутуунун жогорку деңгээлине да тиешелүү. Ар бир окуучунун жеке жөндөмдүүлүгүн, шыгын жана талантын ачуу негизги принциптердин бири.Австралия штаттардан жана аймактардан турат, алардын ар бири өзүнүн окуу планы жана мамлекеттик жана жеке мектептерди каржылоону жана жөнгө салуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ээ.
Кеңгурунун мекени аталган бул өлкөдө билим берүү системасынын үч деңгээли бар. Алардын экөө: башталгыч билим берүү жана орто билим алуу милдеттүү.Кошумча билим алуу милдеттүү эмес, бирок Австралия жогорку билимдүү калкынын эң көп пайызын түзгөн өлкөлөрдүн бири. Ошондой болсо дагы мектептин 12-классын бүтүрүү үчүнчү баскычка өтүүнүн зарыл шарты болуп саналат.
Бул өлкөдө окуу жылы январдын аягында – февралдын башында башталып, декабрдын орто ченинде аяктайт. Студенттер университеттерде февралдын аягынан сентябрдын башына чейин билим алышат.
Австралиянын мектеп системасы кеңири окуу чөйрөсү менен белгилүү. Негизги багыттардан тышкары мектеп программасына түрдүү предметтер, анын ичинде бир катар гуманитардык, коомдук жана экологиялык илимдер, технология, чет тилдер кирет. Бүтүрүүчү класста окулган предметтердин диапазону бир нечеге чейин кыскарып, багытты тандоо окуучунун өзүнө жараша болот.Мектепте бир кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар. Австралиянын мектептери спортко жана инсанды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушат.
Билим берүү программалары бирдиктүү мамлекеттик стандарттарга жооп бериши керек, ошондуктан Австралиянын диплому дүйнө жүзү боюнча таанылат жана жогору бааланат. Бул өлкөнүн окуу жайларынын программалары практикалык колдонууга багытталган жана коомдун заманбап муктаждыктарына мүмкүн болушунча жакын. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү иш берүүчүлөр Австралиянын университеттеринин бүтүрүүчүлөрүн жумушка алууга дилгир.
Учурда Австралиянын орто билим берүү системасын жеке жана мамлекеттик мектептер, жеке колледждер жана политехникалык институттар (TAFE) түзөт. Өлкөдө 10 миңден ашык мектеп бар. Мамлекеттик мектептер 71% түзөт, калгандары жеке менчик мектептер. Түрү боюнча мектептер аралаш окутуу, балдар жана кыздар мектептерине гана бөлүнөт. Мамлекеттик мектептерге жалаң ошол райондо, ошол аймакта гана жашаган балдарды кабыл алат, башка балдарды кабыл албайт. Жеке менчик мектептерге акы төлөп окушат, ага ар кайсы жактан келип окуса болот. Бирок, аларда окутуу, билим берүү акысы абдан кымбат. Ошого жараша билим берүү сапаты жакшы, жогору. Сиз айтып кеткендей ал жакта мектепте он эки жылдык билим берүү көп жылдан бери практикаланып, натыйжасын берип келатат.
Мамлекетке жараша билим берүү системасынын айрым айырмачылыктары бар. Орточо эсеп менен австралиялык балдар алты жашынан баштап мектепке барышат. 12 жашка чейин орто билим берүүнүн биринчи этабында (башталгыч мектеп), 16 жашка чейин экинчи (толук эмес орто мектеп), 18 жашка чейин үчүнчү (жогорку орто, 11-12-класстар) билим алышат.
Ал эми колледждер негизинен ар кандай тармактарда кесиптик билим беришет. Колледждер же политехникалык окуулар дагы мамлекеттик жана жеке болуп бөлүнөт. TAFE (Техникалык жана кошумча билим берүү) тутумуна бириккен мамлекеттик окуу жайлардын сапаты жогору. Ошондуктан мамлекеттик окуу жайда кесипке ээ болуу университеттен кем эмес престиждүү болуп эсептелет. Бул жакта практикага көп басым жасалат.
Ошентип, колледждердеги кесиптик программалар университетке өтүүнүн өбөлгөсү, тепкичи болот. Туризм жана мейманкана башкаруу боюнча адистештирилген мектептер Швейцариядагы окуу жайлары менен биргеликте дипломдук программаларды сунуштайт. Бул окуу жайларды аяктагандан кийин студенттер эки диплом (швейцариялык жана австралиялык) алууга мүмкүнчүлүк алышат. Австралиянын мектептеринде окуучулар билим гана алышпастан, баарлашууга, өзүн жана башкаларды сыйлоого, тартипке, өз алдынчалуулукка жана уюшкандыкка үйрөнүшөт. Мугалимдер окуучуларга заманбап жаңы билимдерди беришет. Ошол эле учурда аларды өз алдынча ойлонууга, чечим чыгарууга үйрөтөт. Турмушта керек боло турган көптөгөн сапаттар мектепте калыптанат.
Мамлекеттик мектептерде жана орто кесиптик окуу жайларда окуу бекер. Окуу куралдары менен дагы мамлекет бекер камсыздайт. Бала бакча бекер эмес, сөзсүз каражат төлөйт, бирок мамлекет үй-бүлөнүн кирешесине жараша субсидия берет. Эгер кирешеси туура келбесе, анда мектеп жардамдашат, бирок көп эмес.
Ата-энелер балдарын жашынан изилдеп, шыгына, жөндөмүнө жараша мектептерди тандайт. Эгерде 7-8 класска чейин баланы иликтеп, кайсы жагына шыгы бар болсо, ошого карап экзаменден өтөт. Ал жакта Кыргызстандагыдай ЖРТда бүт сабактан тапшырбайт. Эгер медицина тармагына кете турган болсо химия, биология жана анатомия сабактарына басым жасалып, сынактан көп упай алууга аракет кылат. Эгер математика, информатика же физика жагына кетүүнү кааласа, ага да чоң басым жасалат. Журналистика багыты да бар. Ошондой эле айрымдары гуманитардык сабактарга да кызыгат, ошого жараша булар башынан бийик максат коюп, терең билим алууга умтулат.
Мамлекеттик мектептерде жана орто кесиптик окуу жайларда окуу бекер. Окуу куралдары менен дагы мамлекет бекер камсыздайт. Бала бакча бекер эмес, сөзсүз акча төлөйт, бирок мамлекет үй-бүлөнүн кирешесине жараша субсидия берет. Эгер кирешеси туура келбесе, анда мектеп жардамдашат, бирок көп эмес.
Көпчүлүк окуучулар мектепти бүткөндөн кийин дагы жогорку окуу жайга тапшырууга ашыкпайт. Себеби булардын аң-сезими, тарбиясы же маданияты ошондой экен. Колледжде, техникумда эки же үч жыл билим алышат. Кыска убакытта окуп, кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүктөрү да бар. Ошол жерден электрик, сантехник, ширетүүчү же ушул сыяктуу адис болуп чыгышат. Бул өлкөдө алар дарыгерден да, мугалимдерден да көп акча тапкан адистер. Мен жогору айткандай булар шыгына жараша ата-энелери басым жасап түрткү бербейт. Анткени, алардын 16-17 жаш курагында эгемендүү болгону бир четинен жакшы, бир жагынан кооптуу. Балдарга өтө эле көп эгемендик, эркиндик берген туура эмес деп ойлойм. Анткени, балдар жаш кезинде көп нерсени жакшы түшүнбөйт, тажрыйбасы жок, кийин өздөрү кейип, өкүнгөндөрү байкалат. Кээ бир адамдар 30 же 35 жашка чыгып, жогорку окуу жай тандап,” окуу эч качан кеч эмес” дегендер да бар. Кээ бир балдарды ата-энеси “жогорку билим ал” деп кыйнайт. Бирок, эгер баланын өзүнүн дээринде болсо, мектепти бүткөн соң университетке тапшырып окуйт. Айрым балдар каникул учурунда чет мамлекетке чыгып, өздөрүнө кандай кесип туура келээрин ойлонуп көрүнөт.Ошондон кийин гана “жети өлчөп, бир кескендей” келечектеги кесибин тандайт.
Мисалы, медицина тармагын айта кетсем, ал жерде тиш доктур болуу абдан кыйын жана жооптуу. Жогоруда айткандай эле, мектеп учурунда балдар 8-класстан 12-класска чейин даярданып, ошол жерден экзамен тапшырып, окуу жайга өтүүгө аракет кылышат. Жалпы экзамен тапшырып, анын негизинде жыйынтыгына карап, жогорку окуу жайларга өтүшөт. Маектешүү болот, маектен кийин кимиси татыктуу, кимисинин мотивациясы күчтүүрөөк, кимиси окууга өтө дилгир болуп турганын карап тандайт. Мисалы, медицинаны окуш үчүн эки-үч жыл ошол тармакка тиешелүү биология же химия сыяктуу сабактарды терең окуйт. Анан дарыгер болуш үчүн даярдоо курсунан өтүш керек. Окуп жаткан кезде көбү “доктур болуу колуман келбейт, андайга шыгым жок, бул өтө кыйын” деп таштагандар чыгат, муну өзүнчө элек, чыпка катары көрүшөт. Себеби дегенде өзүмдүн айлана-чөйрөмдөгү курсташтарым, группалаштарым дагы бар эле. Алар беш- алты жыл окуп, анан тиш доктур же кадимки доктур боло албай башка тармакка кетишкен. Ошондуктан Австралия мамлекетиндеги медицина өнүгүп жатат,-дейт Иззатбек Мидинов айтып берди.
PS: Каарманыбыздын Австралияга 10 жыл мурда кантип барып калганы, кандай кыйынчылыктар менен окуп, жогорку категориядагы тиш догдур катары ишмердиги, жогорку окуу жайлардын өзгөгөчөлүктөрү, дене тарбия, спорту, бул өлкөдөгү кыргызстандык мекендештери, келечек максаттары тууралуу кийинкиде кеңири кеп кылабыз.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер