АТТОКУР ЖАПАНОВ: “БАЛБЫЛДАП КҮЙҮП, КЕЛЕЧЕККЕ ҮМҮТ АРТКАН КӨЗДӨРДҮ КӨРДҮМ”

  • 09.12.2021
  • 0

“Элеттеги адамдардын жашоосу жөнөкөйлүгү менен керемет. Кайсы үйдүн босогосун аттаба, нан ооз тийгизип, бата берип узатат. Бир ай бою айылдын асыл адамдары менен баарлашып, баёо сезим балдары менен тең жарыша ойноп, көп жылдык энергия топтоп келдим”, — дейт Аттокур Жапанов. Агай жакында эле өткөн парламенттик шайлоого  Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондору боюнча бир мандаттуу округдан талапкер болду эле.

АТТОКУР ЖАПАНОВ: “БАЛБЫЛДАП КҮЙҮП, КЕЛЕЧЕККЕ ҮМҮТ АРТКАН КӨЗДӨРДҮ КӨРДҮМ”

Аттокур Жапанов – филология илимдеринин кандидаты, Б.Ельцин атындагы КРСУнун профессору. Улуттук илимдер академиясынын, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын ардак диплому жана “Кыргыз тили” медалы жана башка сыйлык-наамдар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы. 202 китепти ( анын ичинде 35 сөздүктү, 28 үч тилдүү сүйлөшмөнү, 104 энциклопедияны, 17 китепти) жана 35тен ашуун макаланы чыгарып, «Кыргызстандын Гиннесс китебине» катталган.

Эне тил – улут жаны

Фрунзедеги орус тили жана адабияты институтун  аяктаган Аттокур Жапанов 29 жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келет. Эмгек жолун 1992-жылы борбордогу №65 орто мектепте кыргыз тили мугалими болуп баштаган. 1994-жылдан бери Кыргыз-Орус Славян университетинде сабак берет. Парламенттик шайлоого баруу идеясы мага былтыр келди, — дейт ал.

— Өткөн жылдын май айында Башкы прокуратурадан чалып, Кылмыш-жаза, кылмыш-процессуалдык, административдик кодекстерин кыргызчага которууну сунуштады. Буга чейин которулган вариантын карасам, эптемейдин иши экен. Мисалы, “Адамзатка каршы кылмыштар” деген бар, ошону “Адамгерчиликке каршы кылмыштар” деп которуп коюшуптур. Мындай одоно катаны кантип кетирүүгө болот? Ушуга окшогон алешем жерлерин түнү менен оңдоп иштедим. Мамлекеттик маанидеги ишке ушунчалык шалаакы караган мамилени көргөн соӊ, булардын баарын Жогорку Кеӊештин деӊгээлинде коюп, чечүү керек деп чечтим.

АТТОКУР ЖАПАНОВ: “БАЛБЫЛДАП КҮЙҮП, КЕЛЕЧЕККЕ ҮМҮТ АРТКАН КӨЗДӨРДҮ КӨРДҮМ”

Айылдын ак дил адамдары

— Айыл аралап жүрүп нан жапкан апаларга суктандым. Очокко бышкан нандын жыты, даамы эле кандай сонун! Көчөдө чана тепкен, чүкө ойногон балдарды көрүп сүйүндүм. Алар менен кошула калып, балалык күндөрүмө кайттым!

Бир күндө 200-300дөй үйдү кыдырсам, 50 үйгө кирип даам сызып жаттым. Элибиздин меймандостугунан айланса болот. Эртеден-кечке жөө басып, эл кыдырган сонун экен. Элеттеги аталардын баталары өзгөчө дем берди. Алардын: “Кудай берген ырыс-таалай кубаласа кетпесин, теңир берген ырыс-таалай тебелесе кетпесин!”,  “Кыдыр ата даарысын, кылымга атың таанылсын!”,  “Ачуу таттуу турмушта ташка чапса тайманба, башка түшсө муңайба, жамандыкка жанашпа!” өңдүү баталары кадимкидей дем берди.

 

АТТОКУР ЖАПАНОВ: “БАЛБЫЛДАП КҮЙҮП, КЕЛЕЧЕККЕ ҮМҮТ АРТКАН КӨЗДӨРДҮ КӨРДҮМ”

Бир учурда айылга көчүп жашагым келди. Тааныбаган алыскы туугандарымды таанып, баспаган көчөлөрдү таптап бастым. 34 жыл мурун мектепте астрономиядан сабак берген агайымды жолуктурдум.

Жакшыны ит каппайт

— Бир келин итибиз үйгө эч кимди киргизчү эмес эле. Сиз кандай кирдиңиз? — деп күлүп калды. Үйлөргө кирип жатканда эшиктин алдында жаткан иттердин көзүнө тик карап, ошол бойдон кирип жаттым. Кызыгы, бир дагы ит үрүп же тап салган жок. Бир жолу таң эрте  жолго чыксам, уйлар жолумду бошотпой, кайкалап туруп алышты. Бир маалда кайдан-жайдан ит чыгып, жолумдагы уйлардын баарын айдап, жол ачып берди.

АТТОКУР ЖАПАНОВ: “БАЛБЫЛДАП КҮЙҮП, КЕЛЕЧЕККЕ ҮМҮТ АРТКАН КӨЗДӨРДҮ КӨРДҮМ”

            Элеттик мугалимдерге таазим

— Мугалим катары мектептин эшигин аттаганда эле көзүмө дубал гезиттер урунду. Дубал гезиттер мугалимдердин кесиптик чыгармачылыгын көргөзөт. Бирине-бири окшобойт, ар башка. Айылдардагы агай, эжейлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча курстарды көбөйтүү зарыл экенине дагы бир ирет ынандым. Мугалимдердин күн сайын  жаңырып жаткан жаңы тенденциялардан артта калбай, окуучулар менен бир агымда болуусу — бүгүнкү күндүн талабы. Айлыгынын аздыгынан башка айылга жөө каттап кошумча саатка иштеген мугалимдерди жолуктурдум. Эл башындагылар биринчи агартуучуларга көңүл буруп, эмгек акыны миң долларга чейин жогорулатып берсе, мектептен чыкпай көңүлдөнүп иштеп калышат эле!

“Айыл жергесинде жаш мугалимдерге иш жок, пенсионер мугалимдер орун бошотуп бербейт” деген кептерди угуп жүрөм. Мен өзүм улуу муундагы мугалимдердин алдан-күчтөн тайганча иштей беришин кубаттайм. Аларда канча жылдык билим, тажрыйба, эмгек бар. Ал эми жаштар улуулардын тажрыйбасын үйрөнүп калганга ашыгышы керек. Азыркы жаштар көбүнчө сырттан окуп келип мугалим болом дейт. Өзү сырттан билим алса, анан кантип окуучуга билим берет? Ансыз деле билим берүү тармагы төмөнкү чекке жетип калды.

Мугалим катары ар бир үйгө киргенде балдардан жадыбалды сурасам, бирин-экин тыңдары гана билбесе, көпчүлүгү башын жерге салат. Неберелери мукактанып туруп калса, 90 жаштагы апа айтып берди. Илгерки замандагы билимдин күчтүүлүгүн карачы. Советтик системадан билим алып калган апалардын гезитти калтырбай кызыгып окуп, сураганынан билимге ушунчалык маани бере тургандарын байкадым. Советтик билим берүү дүйнөдөгү эң мыкты билим берүүнүн бири болгону талашсыз.

АТТОКУР ЖАПАНОВ: “БАЛБЫЛДАП КҮЙҮП, КЕЛЕЧЕККЕ ҮМҮТ АРТКАН КӨЗДӨРДҮ КӨРДҮМ”

Тизгинделген агартуучулар

Мугалимдерди мурда өтүгүнүн таманын арчыганчылык кылып пайдаланып келишти. Эми шайлоого иштетпейбиз деген шылтоо менен аларды жекече ой-пикирин айтуу укугунан да ажыратып салышты. Талапкерлер менен жолугушууга тыюу салышыптыр.

— Айыл жериндеги мугалимдер камерага сүйлөштөн коркот. Өзүм мугалим болуп туруп, мугалимдерге жолуга албай койдум. Барсам эле алар менден качып жатса, кантип мен алардын арыз-муңун угам.  Жолдо китеп кап көтөргөнүнөн таанып: “Сиз мугалимсизби?” – десем, “Жок, жок!” — деп качышат. Программамды сунсам, «сиздин кагазыңызды ала албайм” деп албай койгондор болду.

 Айылдык интеллигенцияны алдыга тарталы

— Жалпы элде талапкерге болгон ишенбөөчүлүк жете турган жерине жетип калыптыр. Шайлоого талапкермин дегенде дароо: “Биз силерди билебиз, эмнени кыйратмак элеңер. Далай убада берип, депутат болгон соң бир кайрылып келбейсиңер”, — өңдүү сөздөрдү уктум.

Бирок бизнесмен талапкерлер акчасына чиренип, добуш сатып алып болсо да өтүп кетет, а карапайым эл арасынан чыккандар четте калат. Парламенттен мандат бөлгөндө аялдарга атайын квота берилет эмеспи, дал ушул нерсени мугалимдерге дагы киргизүү зарыл.

Мисалы, бир округдан бир бизнесмен өтсө, экинчиси сөзсүз мугалим, дарыгер же маданияттын өкүлү болушу шарт деген талап. Бул элеттик интеллигенцияны алдыга түртүү максатын көздөйт. Аймактан чыккан талапкерлерден күрөөгө акча талап кылынбашы керек.

АТТОКУР ЖАПАНОВ: “БАЛБЫЛДАП КҮЙҮП, КЕЛЕЧЕККЕ ҮМҮТ АРТКАН КӨЗДӨРДҮ КӨРДҮМ”

Үлбүрөгөн үмүттүн шамы өчпөсүн

— Кайсы үйгө кирбейин, биринчи эле китеп текче издедим. Арасында илгерки жакшы китептер болсо сатып алмакмын. Бирок дээрлик жолуктура албадым. Китеп шкафы, текчеси бар үйлөр өтө аз экен.

Аймактагы эки кабат үйдө жашагандар менен илгерки тамда жашагандар ортосунда асман менен жердей айырма болуп калыптыр. Эки кабат үйлөрдүн эшигин аттасың, бутуңан башыңа чейин сынап карап сынайт. Адамдарга карата болгон мамилеси эки башка. Улуу муун менен ортоңку (30-40) жаштын ортосунда чоң айырма бар болуп калганын байкалды. Айрым үйлөрдө кымбат баалуу буюмдар турат, бирок бир катар китеп текчеси жок.

Ар бир доор өзү тарых жазат, каарманын жаратат. Бүгүнкү жаш муун – өлкөбүздүн эртеңки келечеги. Мектеп окуучулардын көзүнөн жалындап күйүп турган үмүттүн шамын көрдүм. Келечегибиз бар, мен ага ишенем.

Парламентке интеллигенция келмейинче оңолбойбуз. Белдерин бек бууп келиши керек. Кыргыз дүйнөсү бардык күчүн илим, билимге жумшаганда гана өнүгүүгө жол ачылат.

Нурзат Казыбекова, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер