АТА МЕКЕНДИК ТИЛ ИЛИМИБИЗДИН АЛМАШТЫРГЫС ЗАЛКАРЫ
- 20.11.2026
- 0
Академик К. Карасаевдин 125 жылдыгына карата
«Улуу адамдар жалгыз гана бир тик асканы
элестетишпейт, алар көптөгөн тоо кыркаларынын
эң бийик чокулары да болуп саналышат.»
Томас Хигинсон, америкалык жазуучу
жана аскер ишмери.
«Акты жашым, агарды чачым.
Не көрбөдү, азиз башым.»
Кусеин Карасаев, 1950-жыл.
Эң байыркы жана түбөлүк жаш кадырман улуу кыргыз калкыбыздын маңдайына бир бүткөн бул даанышман, тил айдыңынын көп багыттуу, көп кырдуу, көп катмарлуу багыттарынын негиздөөчүсү жана ээси, мындан 125 жыл илгери, 1901-жылдын 5- январында, мурдагы Орусия империясынын Жети-Суу (Семиреченский) облусуна караштуу Каракол уездинин Кең-Суу болушунда (волость) жарык дүйнөгө келген. Бул -азыркы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кара-Секи (бүгүнкү — Токтоян) айылы болуп саналат.
Кусеин ак бешикке бөлөнгөн ымыркай чагынан тарта, чоң ата-чоң энесинин колунда өсүп, кийин эс тартып калганда, өзүнүн ата-энесинин коломтосуна кайтып келет. Ал он жашка толгондо, аны жергиликтүү молдого беришип, кат сабатсыздыгын жойдуруп алышат. Баласынын билим алууга ынтызар экендигин эртелеп байкашкан ата-энеси 1914-жылы аны Караколдогу орус-тузем мектебине киргизишет. Баарынан кызыгы, ушул эле окуу жайында байырлуу элибиздин барктуу да, даңктуу да уулдары — Жусуп Абдрахманов менен Касым Тыныстанов да билим алышып, кийин алар бир-бири менен жакшы таанышып, жакын досторго, тилектеш-талапташтарга айланышкан.
Бул үч инсан кийин элибиздин дагы башка айтылуу уулдарынын кубаттуу сабына кошулушуп, калкыбыздын тарых-таржымалы менен тагдырындагы мыйзамдуу орундарды ээлешип, өз ара бекем, тыкыс жана бирдиктүү байланышта болушкан. Алар мекенибиздин өз алдынча, эркин мамлекеттүүлүгүнүн алгачкы пайдубалын түптөп, кышын кыноо менен, Кара-Кыргыз автоном облусун түзүүгө жетишкен. Албетте, бул — караламан калкыбыздын өмүрүндөгү тарыхый окуяга айлангандыгын эске алсак, бардыгы өз-өз ордуна келет эмеспи…
Белгилүү болгондой, 1916-жылы, мындан туура 110 жыл мурда, элибиз орус падышачылыгынын үстөмчүл бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыгып, кейиштүүсү андан жеңилүүгө дуушар болушту. Арийне, падышанын тишине чейин куралданган аскерлерине туруштук берүү эч мүмкүн эмес эле. Натыйжада, алар элди аёсуз, кары-жашты дебей кандуу жазалоо башталганда, анын басымдуу көпчүлүгү, алардын ичинде Карасаевдердин бүтүндөй үй-бүлөсү Кусеин менен кошо, коңшулаш Кытайга жансоогалап үркүп кетүүгө мажбур болушкан.
Бул бөтөн жерде ал калмактын балдары менен коюн кайтарып жүрүп, алардын тилин тез эле үйрөнүп алган. Жеринен тилге жатык, эс тутуму күчтүү, зээндүү, тырышчаак Кусеин Кытайда күн көрүп жүргөн беш жылга чамалаш мезгил ичинде уйгур, татар, тажик тилдерин да өздөштүрүп, бир аз кытайча да сүйлөп калган болчу.
Мурда көрбөгөн алыс, чоочун жерде азып-тозуп, кайгы-муң тартып жүрүшкөн мекендештерибиз Октябрь революциясынын жеңишинен кийин жапырт түрдө Атажуртуна кайта башташты. Кусеин да үй-бүлөсү менен 20 жашында кайтып келип, советтик жаңы бийликтин иштерине жигердүү катышууга киришкен. Адегенде, өз айылында чарбалык кара жумуштарды аткарып, 1922-23-жж. Токтоян айылдык кеңешинин катчысы, революциялык комитетинин жетекчиси болуп эмгектенип турду.
Анын жеке турмушундагы бурулуш учур 1924-жылга туура келди. Анткени, ал Ташкенттеги Борбор Азиялык мамлекеттик университетке кирип, билим ала баштады. Так ошол учурда Кара-Кыргыз автоном облусунун чечими боюнча улуттук алгачкы гезитти чыгаруу милдети коюлуп, аны Ташкентте иштеп, окуп жатышкан төрт гана чыгаан жаш жигиттерибиз аткарып беришти. Алар өтө татаал кыйынчылыктарды жеңишип, 1924-жылы 7-ноябрда, Октябрь революциясынын жети жылдыгына карата араб ариби менен басылып, бар болгону 1032 гана даана нускадагы улуттук тун гезитибиз — «Эркин Тоо» жарык көрдү.
Ошол маалда кыргыздын бир дагы кесипкөй журналисти же басмакана кызматкеринин жок болгонуна карабастан, алар чыныгы жарандык эрдикти көрсөтүшүп, гезитти окурмандардын колуна жеткизишти. Анын башкы редактору — О. Алиев, жооптуу катчысы — К. Карачев, адабий кызматкери — М. Акматов, корректору — К. Карасаев болсо, кийин алардын катарына М. Салихов да кошулган. Ошентип, бул намыскөй, жөндөмдүү дилгир эр-азаматтарыбыздын аттары тарых беттеринде сакталып кала берди. Гезиттин аталышын Осмонкул Алиев жеке өзү сунуштаган.
1926-жылдын февралында Бакуда 1-Түркологиялык съезд ачылып, ага бизден -К.Карасаев, К. Тыныстанов, И. Арабаев, О.Алиев катышып келишкен. 1927 -жылы партиянын облустук комитетинин чечими менен “Эркин Тоонун” аты “Кызыл Кыргызстанга” өзгөртүлгөн. Кийинки жылы анын алдында «Кызыл учкун» адабий бирикмеси уюштурулуп, ага алгачкылардан болуп, ошол эле, К. Тыныстанов, Д. Базаркулов, Т. Байжиев, З. Бектенов, Мамасалы Абдыкеримов, Жума Жамгырчиев, Саткын Сасыкбаев, Өмүркул Жакишев, Айша Түмөнбаева(Карасаева), А. Токомбаев, К. Баялинов, М. Элебаев, Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев сыяктуу таланттуу жаштар киришкен.
Гезит ушул аты менен 1956-жылга чейин басылып, кийин “Советтик Кыргызстан” деп өзгөртүлдү. Ал эми, мурдагы бирдиктүү совет мамлекетинин ыдыраганына байланыштуу, бүгүнкү — «Кыргыз Туусу» деген бренд менен жарык көрүп келүүдө. Ушул жагдайларга толугураак токтолуп жатканыбыздын себеби, К. Карасаевдин өзү түзүшкөн бул гезиттин ишине жигердүү катышып, өмүрүнүн аягына чейин байланышын үзгөн эмес.
Ал туура 23 жыл бою куугунтукта болуп, партиядан чыгарылып, кызматынан куулуп, өтө оор, кайгылуу турмушту өз башынан кечирип жүргөн чакта, 1950-жылы Москвага, КПСС БКнын партиялык комиссиясына чакырылып, ал жерден толугу менен акталып, партиялык билетин колуна алып, Мекенине чоң кубаныч менен кайтып келген. Өз өмүрүндөгү бул унутулгус кырдаалды ал:
Мага дагы күн чыкты,
“Аксың” деген үн чыкты.
Берия бандит атылып,
Жай алып, жанды тынчытты, — деп сыпаттаган.
Ташкент университетин аяктагандан кийин, анын жумушчулар факультетинде иштеп, бир эле мезгилде, Бүткүлсоюздук коммунисттик партиянын Орто Азиялык бюросунун котормочулар жана рецензенттер (чечмелөөчүлөр) тобунун мүчөсү болуп иштеген. Ал Касым Тыныстанов менен бирге латын тамгасын үйрөнүүгө арналган мугалимдер курстарын уюштуруп, «Сабат ачкычы» деген китепти чыгарышкан. Ишеналы Арабаев экөө чоңдор үчүн «Жаңылык» аталышындагы усулдук Алиппе окуу китебин түзүп чыгышкан. Кийин бул эки илимий эмгек караламан калкыбыздын 65 пайызынын катсабатсыздыгын жоюуга чоң өбөлгө түзүп бергени анык.
1928-жылы Ленинграддын Чыгыш институтунун алдындагы түркологиялык семинариясына кирип, лингвистика сабагы боюнча окутуучу болуп иштеген. Ал 1931-жылы ушул эле шаардагы Авель Енукидзе атындагы Чыгыш тилдер институтун ийгиликтүү аяктап, Фрунзеге кайтып, Кыргыз тили жана адабияты институтунда иштеп, элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн жыйноого киришип, бул максатта атайын нускаманы даярдап чыгарган. Көргөн-билгендерден сураштырып жүрүп, Ысык-Көлдөн атактуу манасчы Саякбай Каралаевди, Нарындан жазма акын Тоголок Молдону издеп таап, тиешелүү илимпоздор менен тааныштырып, алардын чыгармаларын академиянын “Алтын” фондусуна жаздырып, келечегине чоң жол ачтырып берген.
Илимпоз 1931-жылы Кыргыз маданий курулуш илимий-изилдөө институтунда кызматкер, эки жыл бою Жалал-Абад педтехникумда улук окутуучу болуп эмгектенди. Бирок, 1933-жылы «Туран» партиясынын мүчөсү деген жалган жалаа менен камакка алынып, үч айдан кийин бошонуп чыккан. Буга карабастан, расмий бийлик анын сыртынан тымызын аңдуу, көзөмөл жүргүзүп, куугунтуктан кутула алган эмес. 1936-жылы орус-кыргыз сөздүгүн түзүү боюнча Москвага чакырылып, бирок ал токтотулуп калган. К. Карасаев кийин, СССР Эл Комиссарлар Советинин «Бюллетенинин» редакторлук милдетин аткарган. Улуу Ата Мекендик согушка чейин К. Юдахин экөө Москвада сөздүктүн үстүнөн күнү-түнү дебей аракеттенишип, анын бир топ жерин толук бүтүрүп салышкан.
1941-жылы фашисттик Германия СССРге кол салганда, ал аскерий комиссариатка барып, мени майданга жөнөткүлө деп өтүнөт, бирок ал жердеги жооптуу адамдар сиздин бронуңуз бар,- дешип, аны кайра артка кайтарышкан. Ошол тушта аталган сөздүктү түзүүгө чоң көңүл бөлүнүп, ал И. Батманов, Я. Шүкүров, Ю. Яншансин менен бирге, орус-кыргыз сөздүктөрүн басып чыгарган. Бирок анын толук, бардык жагынан дыкат иштелип чыккан чоң вариантты 1944-жылы Москвадан жарык көргөн.
Кусеин — атабыз 1944-жылы филология илимдеринин кандидаттык даражасын жактап, 1946-жылы КПССтин катарына өтүп, тынч иштеп жаткан чакта, баягы балакет репрессиянын саркындысы кайрадан жанданып (1949-1956-жылдар), «космополитизм», «улутчул», «эл душманы» деген күнөөнү таңылоо пайда болгон. Коркунучтуу бул кырдаалды К. Карасаевдин өмүрлүк жары, жардамчысы, кеңешчиси жана жандоочусу атактуу Айша-апабыз өзүнүн 2000 жылы өтө чоң чеберчиликте жазылып, ага арналуу менен жарыкка чыккан «Кылым карыткан өмүр» аттуу, баалуу китебинде абдан элестүү чагылдырып кеткен. Анын айтуусу боюнча, мындай күнөө менен элибиздин ошол таптагы айтылуу окумуштуулары — Саманчин, Т. Байжиев, Бектеновдор кесилип, сүргүнгө айдалышкан. К. Карасаев болсо, М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик Университетине дарс окуу үчүн чакырылып кетип, камакка алынбай калган.
Ошол тушта жабыла жамандоо, ушак айтуу, ар кандай дооматтарды коюу күч алганын автор эжебиз: 1950-жылдын 25-июлунда өткөн өзүнүн отчётунда Кыргызстан ЛКСМ БКнын 1-катчысы – Садыбакас Өмүрзаков эл душмандары — Саманчин, Бектенов, Байжиев, Карасаевдерди камоо керек деп кыйкырып чыгып, кийин Кусеин куулуп, партиядан чыгарылды, – дейт эжебиз. Ошол оор күндөр эскерип, Кусеин-залкар:
Акты жашым,
Агарды чачым.
Не көрбөдү,
Азиз башым, — деп, зар какшап жазбадыбы байкуш абышкам», — дейт каңырыгы түтөп эжебиз.
Калкыбыздын — кадырлуу, элибиздин – энчилүү, кайталангыс бул улуу илимпозу көзү өткөнгө чейин курч калемин колдон түшүрбөй, жалпысынан 30дан ашык томдун жаратуучусу болду. Алардын ичинен сөздүктөрү, «Кыргыз орфографиясынын тарыхы», «Накыл сөздөр», «Өздөштүрүлгөн сөздөр», «Түгөйлүү сөздөр» (Айша-апа менен бирге), «Камус наама» («Карасай наама») өңдүү чыгармалары өзгөчө орунду ээлеп турат десек туура болмокчу. Аксакалыбыз мыкты котормочу катары таанылып, орустун атактуу жазуучулары А. Радищев менен М. Горькийдин, Индиянын улуу жазуучусу Рабиндранат Тагордун, италиялык балдар жазуучусу Джанни Родаринин жана орус калемгери Л. Кручковскийдин чыгармаларын, кытай эл жомокторун ж.б. кыргызчалаган. Ал полиглот катары, орус, тажик, түрк, араб, фарси, казак, уйгур, монгол, калмак, татар, немис тилинде эркин сүйлөп, бардыгы болуп 16 тилди билген.
Залкарыбыздын өз элинин, мекенинин алдында сиңирген нар көтөргүс эмгеги мамлекет тарабынан бийик баага татып, ал советтик «Эмгек Кызыл Туу», «Кыргызстандын «Манас — 1″» ордендери, көптөгөн медалдар, төш белгилер, мактоо грамоталарына ж.б. эгедер болгон. Ага КРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Улуттук Илимдер Академиясынын ардактуу академиги, илимге эмгек сиңирген ишмер, бир нече университеттердин ардактуу профессору, Каракол шаарынын Ардактуу атуулу деген ж.б. наамдар ыйгарылган. Ысымы Караколдогу Кыргыз-Түрк лицейине, Бишкектин мурдагы «Дружба көчөсүнө берилген. Акылманыбыздын атын Бишкек мамлекеттик университетинин (мурдагы гуманитардык) жалпы эмгек жамааты чоң сыймыктануу менен алып жүрөт. Окуу жайында тил илимин өстүрүүгө чоң салым кошкон адистерге анын атындагы лауреаттык сыйлык тапшырылып келе жатат.
«Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу болот» деген учкул сөз, кимди-кимди дебейли, эң биринчи кезекте, ушул биздин дүйнөгө бир жаралган даңазалуу атабызга тиешелүү болгондой таасир туудурат десек аша чапкандыкка жатпас. Кыргыз-советтик даңазалуу лингвист, лексикограф, мударис, педагог-аалым, сынчы, адабият таануучу, фольклорчу, түрколог, полиглот, котормочу, акын, журналист — мына ушулардын баарысы анын чыгармачылык ишмердигинин негизги багыттары болгон.
Өз башынан туура үч доорду: падышалык Орусия, мурдагы Совет мамлекетин жана бүгүнкү эгемен, эркин Кыргыз Республикасын кечирип, дээрлик бир кылымды карытып, артта калган ошол замандарда орун алган ар кыл окуялардын, алардын ичинде, каргашалуу, кандуу сталиндик репрессиянын да жандуу күбөсү болгон. Анын залакасы менен бейкүнөө атылып кетишкен калкыбыздын берендеринин аттарын унутта калтырбас үчүн, 2004-жылы «Замандаштарым жөнүндө», — деген эки тилде жазылган атактуу китебин чыгарып, бизге калтырып кеткен.
Чыгармасынын көшөгөсүн ал:
Ойлосом, оттой жанамын,
Сүйлөсөм, суудай агамын.
Айыбы жок атылган,
Азиздерден жазамын, — деген төрт сап менен ачып, автор: «Бул менин жазып отурганым азиз адамдардын өмүр баяны эмес, элибиздин тарыхында унутулуп калбасын деп, эскерме иретинде гана жазган аңгеме. Аны атайын иликтөөчү илимпоздор гана жазат. Толук эмес экен, мунусу калып калыптыр, — деген сөздөр болбосун. Мен билгенимди гана жаздым. Замандаш, курдаш болгон соң, эскерип коюуну милдетим деп санадым», — деп түшүндүрөт. Бул баяндамада Ишенаалы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов баш болгон туура 25 даанышмандардын өмүрү, ишмердиги жана аянычтуу тагдырлары даана, так, таасын далилдер менен өзгөчө кылдат чагылдырган.
Мударис кыргыз стенографиясын биринчи болуп түзүп чыккан, 13 жашында “Саябан араба” деген кинотасмага тартылып, “экрандын жылдызы” деген атка конгон Айша — апабыз экөө үч кыздын ата-энеси болушуп, аларды билимдүү, маданияттуу, эмгекчил кылып өстүрүштү. Улуусу Людмила 25 жыл бою физикадан, ортончусу — Галина химия илимдеринин кандидаты болгон, ал эми кенжеси Алтынай медицина илимдеринин доктору. Ал социалдык тармактарда өзүнүн баракчасын ачып, медицина жана психология боюнча муктаж болгондорго үзгүлтүксүз ар кандай маселелер боюнча кеңеш берип, эл аралык деңгээлдеги белгилүү адиске айланды.
Даңазалуу Кусеин атабыз өзүнүн бараандуу өмүр жана байсалдуу эмгек жолунда арт жагына кылчайып, жашоонун чыйыры кыскарып, жиби жукарып баратат, — деп белгилеп, кадырман калкы менен келечек муундарына ыйык осуят, насыйкатын, каалоо-тилектерин калтырып кетти. Ал: «Урматтуу, байырлуу элим! Сенин жылуу кучагыңда төрөлдүм, өстүм. Берекелүү узун өмүр сүрдүм. Колумдан келишинче эмгек сиңирдим. Мен сага ыраазымын. Жаман уул жаратпасын. Сен жараткан тил, адабият байлыгын колдон келишинче иликтедим, келечек муундарга кагаз бетинде калтырдым. Силерге ыракмат – алкышымдан башка айтаарым жок ишиңерге ийгилик каалап олтурам” деген көз карашы менен пикирин жарыялаган.
Ой-санаасын андан ары тереңдетип, «Бабаларды эстеп отурганда дагы бир айтарым — баарыңыздарга узун өмүр, ынтымак. Ынтымак бар жерде ырыс бар. Алладан тилегеним үчөө гана:
Биринчиси — ден соолукта эсенчилик,
Экинчиси — берекелүү кененчилик,
Үчүнчүсү — жалпы элиме, бейпилчилик! -деген ыйык ак батасын элибизге керез катары калтырып кетти.
Улуттук тил илимибиздин тагдыр бизге тартуулаган кайталангыс бул залкарынын өмүрү кылымдар бою Ата журтубуздун тарыхында өчпөс алтын тамгалар менен жазылып кала берет.
Непада, биз бул маселени дагы ушул кыйырдан алып карай турган болсок, анда К. Карасаевдин «Замандаштары жөнүндө» («О моих современниках») деп, эки тилде жарык көргөн эскерүү китеби өтө чоң мааниге ээ. Анткени анда, эч кандай архивдерде жок, так, даана, таасын далилдер менен коштолуп жазылган сейрек материалдар орун ээлеп, алар китепти окуп чыккан бир да адамды кайдыгер калтырбайт. Басылманын бетинен биз улутубуздун унутулгус уулдары: Арабаев Эшенаалы (Ишенаалы), Тыныстанов Касым, Алиев Осмонкул, Абдырахманов Жусуп, Айтматов Төрөкул, Тынаев Осмон, Карачев Сыдык, Сыдыков Абдыкерим, Эсенаманов Эркинбек, Муканбаев Ыскак, Шабданов Ажыйман, Айылчынов Абдылда, Жолдошев Токчоро, Жамансариев Асанбай, Кожобеков Осмонкул, Ырыс уулу Жунуш, Данияров Базаркул, Токбаев Турдалы, Болотов Мамбетаалы, Болотов Абдыракман, Байжиев Ташым, Солтоноев Белек, Молдогазиев Акматжан, Орозбеков Абдыкадыр, Жээнбаев Асанхандын бейнелери менен жолугушабыз.
Улутубуздун уюткулуу, урматтуу да залкар уулу 98 жашка караган чагында өмүрдөн өтүп, сөөгү Каракол шаарындагы чоң жашыл паркка урмат-сый менен жерге берилип, ал жерде анын атындагы музей ачылып, эстелиги орнотулду.
М.М.Дылдаев,
академик К. Карасаев атындагы
Бишкек мамлекеттик университетинин ректору,
география илимдеринин доктору, профессор