АТА ЖУРТ ЖАНА ӨМҮР ФИЛОСОФИЯСЫ: МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВДУН ЖАҢЫ КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 04.08.2026
  • 0

АТА ЖУРТ ЖАНА ӨМҮР ФИЛОСОФИЯСЫ: МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВДУН ЖАҢЫ КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Акын жана журналист, “Кут Билим” гезитинин башкы редактору Майрамбек ТОКТОРОВДУН  “Түбөлүк тур, Ата Журт!” аттуу жаңы поэтикалык китеби Бишкектеги “Улуу тоолор” басмасынан жарыкка чыкты.

ТҮРКСОЙдун “ Беш акын” теле долбоорунун жеңүүчүсү Майрамбек Токторовдун жаңы жыйнагына жер тагдыры, адамзаттын бүгүнкү көйгөйлөрү, максат-мүдөөсү, өмүр, сүйүү, жашоо, турмушу туурасындагы терең философиялык ырлары киргизилген. Китеп жалпы окурман журтчулугуну арналат. Төмөндө биз акындын китебиндеги кыскача өмүр баянын жана  айрым ырларын жарыялайбыз.

АТА ЖУРТ ЖАНА ӨМҮР ФИЛОСОФИЯСЫ: МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВДУН ЖАҢЫ КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МЕНЕН КАНАТ БАЙЛАГАН ӨМҮР

(Автор жөнүндө кыскача маалымат)

Майрамбек ТОКТОРОВ 1966-жылы 5-декабрда Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында жарык дүйнөгө келген. Анын сөз өнөрүнө, адабиятка болгон куштарлыгы мектеп курагында эле башталган. Өспүрүм кезинде, тагыраагы 6-классынан тартып  макала, ырлары Республикалык «Кыргызстан пионери» гезитине байма-бай жарыяланып турган. Мектепте окуп жүргөндө эле райондук, областтык сынактарда алдыңкы орундарды багындырып, аймактык «Талас турмушу» гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы катары таанылган.

Бул чыгармачылык жол аны улуттук журналистиканын чоң мектебине алып келди. Ал 1991-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы университеттин филология жана журналистика факультетин бүтүрүп, эмгек жолун студент кезинде эле «Мугалимдер газетасында» кабарчы болуудан баштаган. Кийинчерээк «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Эркин Тоо» сыяктуу өлкөнүн алдыңкы басылмаларында кабарчы, бөлүм башчы, ал эми «КТР-Обо» гезитинде башкы редактордун орун басары болуп иштеген. Өзгөчө агартуу тармагынын күзгүсү болгон «Кут Билим» гезитинде чейрек кылымга жакын убакыт бою кабарчылык, жооптуу катчылыктан тартып, башкы редактордун орун басарлыгына чейинки такшалма жолду басып өтүп, 2022-жылдан бери бул басылманын башкы редактору болуп эмгектенип келет.

Студенттик жылдары адабий ийримдерге катышып, поэзия дүйнөсүнө ишенимдүү кадам таштаган. Майрамбектин ырлары ошол кездеги белгилүү «Учкун» альманахтарына үзбөй чыгып турган. Анын калемине таандык бир нече ыр топтомдору гезит беттеринде да үзбөй жарыяланып келет. Буга чейин жарык көргөн «Жаз чакырган жан дүйнө» аттуу ыр китеби адабият күйөрмандары тарабынан абдан жылуу кабыл алынган. Акындын айрым ырларына обон жаралып, Кыргыз радиосунун Алтын фондуна кабыл алынган. Поэзия менен катар эле ал бир катар адабий китептердин редактору жана түзүүчүсү.

Майрамбек Токторов коомчулукка акын катары гана эмес,  журналист катары да кеңири таанымал. Анын калеминен жаралган макалалар гезит беттеринде, Интернет баракчаларында үзбөй жарыяланып келет. Алардын арасында Түркия менен Өзбекстандагы кыргыздардын жашоо-турмушу тууралуу жазган эмгектери да бар.   Журналисттик ишмердүүлүгү үчүн ал мамлекеттик жана эл аралык бир катар ири сынактардын жеңүүчүсү болгон.

Өлкөбүздүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө жана улуттук басма сөз тармагына кошкон зор салымы үчүн Майрамбек Токторов Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Мындан тышкары ал «Кыргыз тили», «Билим берүүнүн отличниги», «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгилери жана «Билим берүүгө 100 жыл» юбилейлик медалынын ээси. ТҮРКСОЙ, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу жана ЭЛТР каналы уюштурган «Беш акын» теле-сынагынын жеңүүчүсү аталып, эл аралык «Баласагын-1000» медалына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун сыйлыгынын лауреаты. Майрамбек Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун жана КР Журналисттер союзунун мүчөсү.

АТА ЖУРТ ЖАНА ӨМҮР ФИЛОСОФИЯСЫ: МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВДУН ЖАҢЫ КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Майрамбек ТОКТОРОВ

ДҮЙНӨ 

Жамгыр беле, же бул көлдүн суусубу,

Канды мына какшыган жер суусуну.

Булут минип бакыт келди төбөңө,

Сен дыйканым сездиң бекен ушуну.

 

Наристенин үнү угулса ыңаалап,

Бүт жер шаары тургансыды ураалап.

Бир баладан миңдеп дүйнө куралат,

Сен жаш эне, сездиң бекен ушуну.

 

Пенде затым байманасы ташыган,

Жамандыкты көрбөсөң дейм жашыңан.

Сөз кубалап, кек сактабай көгөрүп,

Дос жасай бил кырчылдаган касыңан.

 

Турат дүйнө күтүп таңдын атышын,

Тазарууга болсун десең катышың.

Жаныңдагы жолдошуңа жылмайып,

Керек сенин түз жолдордо басышың.

 

Мына тоолор, мына жаркын талаалар,

Куюлушат өзөндөрдө аккан суу.

Баары сага кызмат кылып жаткансыйт,

Сен ушуну сездиң бекен адамзат.

 

Бирок сага баары аздай көрүнөт,

Чек аралар жылып келет берилеп.

Дүйнө өзүнүн коломтосун өрттөсө,

Жаракалар тигиштердей сөгүлөт.

 

Адам өлөт, согуш бүтпөй уланат,

Жаратканым Жер тынчтыгын суранат.

Ага болбой ачылууда арааның,

Неге мынча жаралгансың сугалак?!.

АТА ЖУРТ ЖАНА ӨМҮР ФИЛОСОФИЯСЫ: МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВДУН ЖАҢЫ КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

КЫРГЫЗЫМ

Ким айта алат ушул заман жаман деп,

Кедейинен байып калган балаң көп.

Арабызда маңкурт, зөөкүр көбөйүдү,

Жакшыңды айтсам, ошончолук жараң көп.

 

Мактап жазат шылуундарды гезиттер,

Кимиң мыкты, кимиң ууру чечип көр.

Мансабына маашырланган андан көп,

Талашканы кызмат менен эшик төр.

 

Колдо барын дасторконго жайнатып,

Коногуңа кымыз сунуп турчусуң.

Басканың да, шашканың да башкача,

Эми сени таануу кыйын кыргызым.

 

Мейли канча өзгөрсө да замандар,

Жаман бойдон калбаса экен жамандар.

Пейилди оңдо, бер берекет Мекенге,

Мекенчилге азыр мына заман зар.

 

Өзүбүздү барктап, сактап жашайлы,

Ансыз деле түмөн кыргыз азайды.

Биригели, бөлүнбөйлү деп туруп,

Ынтымактын бир чоң үйүн жасайлы.

 

Андан башка аргаң барбы кыргызым,

Күндөн күнгө оңолууда турмушуң.

Түндүгүңө, түштүгүңө бөлүнбөй,

Чогуу жанса деп тилеймин жылдызың,

Аалам кезип ай чапчыган кыргызым!

2015-ж.

АТА ЖУРТ ЖАНА ӨМҮР ФИЛОСОФИЯСЫ: МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВДУН ЖАҢЫ КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

ЫСЫК-КӨЛҮМ

Кетким келбейт көлүм сенин жээгиңден,

Кумуң алтын, сууң мүрөк көрүнөт.

Толкундарың жай шарпылдап турганда,

Бакыт кушу ай далыма төгүлөт.

 

Көлүм сенин амандыгың тилеймин,

Толкундарың тирүү турсун түрүлүп.

Ашыгабыз жетсек экен эрте деп,

Жылда бизди тозуп алгын сүйүнүп.

 

Сен бар үчүн толкуйт кээде көңүлүм,

Өзүңө айткан сырлар калды жээгиңде.

Сага баруу бул өмүрдүн майрамы,

Сени көрүү чоң бакыт го өмүрдө.

 

Тереңдигиң кыргызымдын өзүндөй,

Сабырдуусуң, албуут кээде мүнөзүң.

Тайыздыкты жек көрөсүң башынан,

Нак кыргызды билем катуу сүйөсүң.

 

Аман болгун, түбөлүк тур , оо көлүм,

Бабалардын табериги, тумары.

Сага келген далай элдер таңгалып,

Канбай турсун касиетиңден кумары!

 

АТА ЖУРТ ЖАНА ӨМҮР ФИЛОСОФИЯСЫ: МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВДУН ЖАҢЫ КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

АЛА-ТОО

Ала-Тоо миң кылымдын эстелиги,

Эстейби таңдагыны,кечтегини.

Ал үчүн бир көз ирмем бүт өмүрүң,

Тигилет эсепчидей көктө күнү.

 

Заңкайып жылдыз тирейт чокулары,

Көк майсаң жылга жыбыт коктулары.

Жайыгы жанга жыргал, малга жайлуу,

Шылдырайт таза, тунук тоо булагы.

 

Жер жатат тоо жамынып камырабай,

Сулуулук керек дейсиң дагы кандай.

Булуттар чокусуна минип алган,

Жарк этет тээ алыстан чагылган жай.

 

Кебелбейт, кең дүйнөнүн түркүгүндөй,

Каары анын кабылан да үркүгүдөй.

Ала-Тоо аалам алпы, жердин жаны,

Кыргыздын кыраан кушу бүркүтүндөй.

 

Шамалы уйгу-туйгу, титирейсиң,

Чыгам деп тоо башына күч үрөйсүң.

Биз аны багынтсак деп көп ойлойбуз,

Тоо кантип адамдарга кичирейсин.

АБАЙЛА

Айланам Ала-Тоодон,

Ал бир чеп, улуу коргон!

Угулат улар үнү,

Тыңшасаң тиги жондон.

 

Абайла Ала-Тоодон,

Сактаган далай жоодон!

Ташында ок күчү бар,

Өзү эле мылтык болгон.

 

Качпагын Ала-Тоодон,

Койнуна жылдыз толгон.

Жетинин бири кыдыр,

Жолугат сага жолдон!

ТҮБӨЛҮК ТУР, АТА-ЖУРТ!

Ата-Журтка кеткен жол, арыбагын,

Ата-Журтум, эч качан карыбагын.

Алыс кетсем ай, жылдап азгын тартып,

Билерим чын өзүңдү сагынарым.

 

Аман болгун Ата-Журт элиң менен,

Билем сени бай түптүү жериң кенен.

Бийик тоодо бүркүттөр шаңшып учат,

Дос болбосун балдарың кузгун менен!

 

Түбөлүк тур, Ата-Журт аскар тоодой,

Чеп болушсун балдарың жоодон коркпой.

Миң кылымга жер турсун муюбастан,

Эл жашасын дүйнөдө кайгы жоктой!

АТА ЖУРТ ЖАНА ӨМҮР ФИЛОСОФИЯСЫ: МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВДУН ЖАҢЫ КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

ТУУЛГАН ЖЕРГЕ

Түшүмө айылым кирди алыс калган,

Түндөсү жылдыздары алоолонуп,

Таңында таза абасы таңыркаткан.

Камынып мен өзүңө баратыпмын,

Жолумду тоолор тосту, салам айттым.

Жеримди айттым ага бара турган.

Колдорун бу тоолордун,

Кармадым мага сунган.

Ойгондум капысынан.

Жакшы түш кандай сонун,

Уйкуңду бузбай туруп таң атырган.

Өзүңдү сагынганым,

Эми сездим.

Тоолоруң, талааларың

Кеңирсиген.

Жаткандыр шамал менен,

Миң тазарып.

Жамгырың кайың жыттуу

Айылымды,

Түрлөнтүп сулуу кыздай

Кийиндирип,

Ойнотуп, жуундуруп

Жатса керек.

Сарталаа күз жемишин берип бүтүп,

Кеңирсип, милдет кылбай анысына,

Пейилин кенен салып, жазды күтүп,

Айдоого аңтарылып, аңыз болуп,

Күздүгү дымак күтүп шашса керек.

Тоо, талаа, кайың, дарак даакы болуп,

Жазды эңсеп жатат балким уйкусурап.

Кыш кетсе, ылымсырап Жаз кылтыйса,

Ойгоноор чагылгандын дабышынан.

Тоолоруң бийикмин деп менменсинбей,

Суугун коктусуна катса керек.

Сагындым аккан сууң, кайыңыңды,

Сагынуу кандай сонун айылыңды.

Бир гана Ата Журтум Агышайда,

Кыйналып таппай турат дайынымды.

Убактың жок билемин таарынганга,

Жер керек пендең үчүн табынганга.

Турасың кебелбестен түркүк болуп,

Жашайсың дагы канча кылымдарга.

А бизби, биз кетебиз акырындап,

Өзүңдөн топуракка айланабыз.

Жер болуп, эгин болуп, жемиш болуп,

Денени урпактарга кайтарабыз.

Пендебиз, көр тириликтин камын ойлоп,

Биз сага келгичекти кичирейип,

Унутуп бу жалгандын чындыгын да,

Жашайбыз таранчыдай үтүрөйүп.

Келебиз майдаланып, тайгаланып,

Тууган жер, арманды айтам кайда барып.

Бийиктик бир өзүңдө тургандыгын,

Сезербиз акыретке келген кезде.

Ошондо Опол тоодой тууган жерде,

Бабалар шамал менен күү чыгарып,

Комузун чертип турар теребелде!

АТА ЖУРТ ЖАНА ӨМҮР ФИЛОСОФИЯСЫ: МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВДУН ЖАҢЫ КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

ЧАРЧАДЫК

Чарчадык

Тепселгенден, кептелгенден.

Чарчадык

Өктөмдөрдөн, өкчөлгөндөн.

Чарчадык

Согуштан да, оорудан да.

Чарчадык

Рух дүйнөбүз бүлүк түшүп,

Чарчадык

Өлүү дүйнө бөктөргөндөн.

Чарчадык

Ыйлагандан, кыйналгандан.

Чарчадык

Азаптардан, кошоктордон.

Чарчадык

Согуш бизди тозот жолдон!

Алаамат баштагандар

Адамзатка

Кутулбай калышса дейм тозок тордон!

АТА ЖУРТ ЖАНА ӨМҮР ФИЛОСОФИЯСЫ: МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВДУН ЖАҢЫ КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

ЭРКИНДИК ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА

же КАРАГЕР күлүк баяны

Токтор, Сүйүнбай чоң аталарымдын жаркын элесине

Тулпар десе тулку бою бап келген,

Талбай учкан ташыркабай таш жерден.

Алга озсо төрт туягы тыбырап,

Ат чабымдай алыс калган ат кербен.

Айгайлаган айыл журтун кубантып,

Ал Карагер далай байге алып келген.

 

Карагерди бай ээси баптап турчу,

Саяпкери жанында таптап турчу.

Жеңиш менен жалы учса сапырылып,

Кубангандан эл көзүн жаштап турчу.

Карагерим деп ырдап төкмө акындар,

Чаң жугузбай жарышта мактап турчу.

 

Карагер ат жылкынын асылы эле,

Таңдандырчу а тургай басыгы эле.

Маңдайында кашкасы күйүп турчу,

Чуркагандан башка анын жазыгы не?!

Туйлап турган бул тулпар чындыгында,

Туулгандан аз журттун азыгы эле.

 

Жаткан кезде эл чардап алы менен,

Жаңы заман, төңкөрүш капыс келип.

Бай-манабын баш кылып малга кошуп,

Бар байлыгын байлашып, асып, керип,

Үйүр-үйүр жылкысын кошуп айдап,

Канагайран түшүрдү жазык берип.

 

Эх, ошондо жылкылар кошкурунуп,

Чаң ызгытып сай менен кеткен дешет.

Карагерди кайрып журт кала албаптыр,

Тулпар тургай, ат ээси азап чегет.

Азыноолап, кишенеп күлүк кургур,

Айдаганга баш бербей араң кетет.

 

Айдап барып коргонго камашыптыр,

Ат көрбөгөн арамдар таңдан кечке,

Ай чекелүү тулпарды талашыптыр.

Атырылып жулкунган Карагерди,

Аса байлап алууга камынышып,

Алы жетпей кечинде тарашыптыр.

 

Ошол кечте от алып, каны дүргүп,

Коргонду аттап Карагер качкан экен.

Жан жагында тургандар жапырылып,

Кармайбыз деп ээлигип шашкан экен.

Тийбесе да эки ирет мылтык менен,

Тири укмуштар ташка уруп аткан экен.

 

Карагер ат, Карагер калдактаган,

Карамүртөз адамга карматпаган.

Алды артынан тозушуп, чалма салып,

Адамдарга буйт берип дардактаган.

Алып учуп жөнөптүр туулган жерге,

Агышайга, жайлоого жайдак калган.

 

Карагерди кайран эл көрүп алып,

Көздөрүнөн жаш алып ыйлашыптыр.

Кайран тулпар каңгырап ээсин издеп,

Өзү жүргөн төрдөгү кырды ашыптыр.

Бош коюшуп, сыртынан акмалашып,

Карагерди кишидей сыйлашыптыр.

 

Карагер ай, Карагер, Карагерим,

Каран күндө билгенсиң таң атарын.

Туткунунан турмуштун туйлап качып,

Туулган жерди туу кылып баратасың.

Эркиндигин бербеген ошол тулпар,

Ошол тулпар аты эле чоң атамдын!

 

АТА ЖУРТ ЖАНА ӨМҮР ФИЛОСОФИЯСЫ: МАЙРАМБЕК ТОКТОРОВДУН ЖАҢЫ КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

ЖАШОО ШАҢЫНДА

Кимдир бирөө өзүн сезет бактылуу,

Кимдир бирөө бактысызмын деп ыйлайт.

Кимдир бирөө жашоосуна шүгүр дейт.

Кимдир бирөө байлыгы жок болсо да,

Санааркабай ар бир түнү тынч уктайт.

Кимдир бирөө шарап ичип мас болуп,

Тегерегин күнү-түнү тынчытпайт.

Кимдир бирөө элди ойлоп санааркайт,

Кимдир бирөө ырдап жанды жадатпайт.

Кимдир бирөө уйкусунан ойгонуп,

Ушул дүйнө не болот деп толгонот.

Кимдир бирөө сөгөт досун ашата.

Кимдир бирөө кан жол менен кырсыктайт.

Кимдир бирөө чардап жатса бакадай,

Кимдир бирөө ар бир күнүн эсептеп,

Ооруу кыйнап, очорулуп жатат ай!

Кимдир бирөө ушул жарык дүйнөгө,

Аласасы бар өңдөнүп ыңаалап,

Төрөлүүдө жакшылыкты чакыртып.

Кимдир бирөө сүйүп калып селкини,

Бүт өмүрүн арнаймын дейт жүгүрүп.

Кимдир бирөө сүйгөнүнөн түңүлүп,

Ыйлап жатат өлөмүн деп күйүнүп.

Кимдир бирөө бакыт кушун учурбай,

Жашап жатат ынтымакта сүйүнүп.

Кимдир бирөө мансабына чиренип,

Каадаланып, пейил күтүп басат жай.

Кимдир бирөө жардылардан аянбай,

Байлыгынын берет жармын таратып.

Кимдир бирөө көмөлөнүп жыгылат,

Башкаларды калп ушактап баратып.

Кайран гана ушул турмуш сонунсуң,

Бир карасам мышык-чычкан оюнсуң.

Жакшы адамдар жарты нанга ыраазы,

Сараң байлар өлгүчөктү тоюнсун.

ЭНЕЛЕР КАРЫБАСА ЭКЕН ДЕЙМИН

Карыды энем,

Каалгып басканы жай.

Кайраты болбой барат баштагыдай.

Кабагы салыңкыдай,

Жүрөгүнө тамак баспай,

Ичкени чай.

 

Энелер эмнеге эрте картайышат,

Бырыш баскан колдору түйшүк изи,

Балам десе тимеле жер сайышат.

Алтын энем кечээ эле жаш чагында,

Коломтодо тамак жасап балдарына,

Бир күнү да оорудум деп жатып албай,

Жүрчү эле бизди көздөп жаны тынбай.

Олтурам ой толготуп ошолорду…

 

Эске түштү алыс калган балалыгым.

Апам барда үй жарык, сонун болчу.

Анан эле бир жумалап апам ооруп,

Айылдагы эмканага жатып калды.

Ошондо сездим окшойт эне баркын.

Үйгө келсем энем жок баягыдай.

Чырагы өчкөн үйдөй куту качып,

Сезилди муздагандай дубалдары.

Ачуулуу көрүнгөнсүйт атам дагы.

Апам жок он-чакты күн түн өңдөндү.

Эжекемдин кабагы андан жаман.

Тентек кылсам таякты жеген турам.

Анан эле бир күнү сырттан келсем,

Апамдын үнү чыгып жатат үйдөн.

Кучагына жыгылдым кубангандан.

Карасам үйдүн айтпа жарыктыгын.

Тимеле кут кириптир, нуру жайнайт.

Дубалы тургай үйдүн чатырлары,

Мээриминен апамдын эрип жатты.

Эркелигим кармады заматта эле.

Карасам атамдын да көңүлү ачык.

Түнөргөн үйгө бакыт келди шашып,

Апам жокто ал дагы кеткен качып.

Олтурам ошолорду эстеп коюп,

Энесиз үйдөн бакыт качат тура.

Энесиз муздак экен ичкен ашың.

Апамдын ошондогу мээримине,

Бүтүндөй үйдүн ичи жылыганын,

Эстеп алып тынчыбай олтурамын.

 

Карылык келди апама,

Апаке моюн сунба карылыкка,-

Деймин күлүп тамашалап.

Жылмайган апакемдин жүзү мага,

Күн сыңары тийип турат.

Күн карыбайт апакебай,

Сиз дагы күндөй болуп карыбаңыз!

2016-ж.

ТИЛЕК

Оо Теңири, мынча түнөрбө,

Жалгызга жар бер сүйөргө.

Жардыдан бакыт аяба,

Күйөө бер кызга тийерге.

 

Ууруга нысап бере көр,

Байлардын пейили кең болсун.

Балага зарга бала бер,

Жашоодо баары тең болсун.

 

Жигитке бер намысты,

Кызга бер кылык, жакутту,

Тирүүгө бер ишеним,

Өлгөнгө бер табытты.

 

Ордуна баарын кое көр,

Күйгөнгө калыс боло көр.

Жамандык бербе пендеге,

Тынч болсун ушул кара жер!

АК БАТА

Кыргызды кыргыз сүйбөсө,

Кыргызга кыргыз күйбөсө.

Чогулган жерден чоңдору,

Чет тилде гана сүйлөсө.

Баласы тургай атасы,

Манастын тилин билбесе,

Кыргызча сүйлө деп айтсаң,

Башка тил менен тилдесе,

Сүрөтүн көрүп Чыңгыздын,

Тааныбай аны ким десе,

Олуттуу ишке бой урбай,

Үлпөттө гана гүлдөсө,

Койсо да бизди сомолоп,

Кыргызым анда жоголот.

Улуу эл кайдан бололу,

Улуулар жүрсө жоролоп.

Жоголбойм десең кыргызым,

Жоо болбо эне тилиңе!

Ооматың оттон күч болсун,

Бириңди-бириң жок кылбай,

Ойлогон оюң түз болсун.

Кыргыздын тили өнүгүп,

Кыргызга өчпөс кут консун!

Омийин!

ЭНЕ ТИЛИМ

Эне тилим, өзүң менен чоңойдум,

Билим алдым, адам болуп торолдум.

Ар бир сөзүң канга сиңген касиет,

Көркөмүңө чыкпас болуп оролдум.

 

Эне тилим, сени неге жеришет,

Баркың сезбей, кол баладай көрүшөт.

Кыргыз тилин түшүнбөйм деп бүшүркөп,

Чет тилинен бакыт издеп келишет.

 

Эне тилим, неге мынча кор болдуң,

Бийиги элең, куюну элең тоолордун.

Сени чанып, башка тилде жазгандар,

Жүзүн бузду жаркыраган борбордун.

 

Сен бир кезде асыл элең сопсонун,

Үнүңдү уксам ыргып туруп коштодум.

Эки кыргыз башка тилде сүйлөшсө,

Эсил кайран тилим ай,- деп жоктодум.

 

Өзгө тилдин ооматы зор болсо да,

Эне тилим сенде калуу зор бакыт.

Сен тараптан келет мага улуу ой,

Сени менен чер жазамын сырдашып,

 

Бөтөн тилдин баркы менен кырды ашып,

Өкүмдарлар саясатта кылды азык.

Сатып кетти сага келген ооматты,

Өзүң менен бирге жүрүп, бир басып,

 

Кыргыз тилим кылымдардын желеги,

Тил жоголсо элдин барбы кереги?!

Эне тилди маңкурттарга жем кылбай.

Урпактарга бүтүн сактап берели!

2013-ж.

ЖАШАСЫН, ЖАРЫК ДҮЙНӨ!

Жанбагар болуп баары баратканбы?..

Жашагым келбейт күндө карап жанды.

Корогум келет жалаң жакшылыкка,

Коргогум келет чөгүп баратканды.

 

Жаңылат өмүр аз деп кейигендер,

Бир кылым сага кантип аздык кылат.

Жалп өчкөн жаштыгында-ошол арман,

Жакшы адам карылыкка топук кылат.

 

Жашасын жарык дүйнө, шүгүрчүлүк,

Бактылуу болгон жакшы күтүп жүрүп.

Эң кыйын сүйбөй калуу баарынан да,

Жек көрүү андан жаман сүйүп жүрүп.

ЧЫНДЫК КАЙДА?

Кара мышык айткандан шаштың,- деди,

Карасың десем болбой акмын,- деди.

Ак мышык аксың десем акмын, -деди,

Эмнеге кара мышык адалсынат?..

 

Ит үрөт иттигине моюн бербей,

Карышкыр мен эт жебей калганмын, -дейт.

Уурулар уурдап алган коюн бербей,

Мынакей нанды кармап каргандым, -дейт.

 

Пенделер бир-бирине алданды көп,

Ишенимге калпычы калган түнөп.

Бул заман түлкү заман эки жүздүү,

Чындыкты жалганчылар айдап жүрөт.

ЧАКЫРЫК

Ташты жарып чыккан чөптөй өсүп чык,

Алың жетсе ааламды бүт кезип чык.

Таанышка эмес, билимиңе ишенгин,

Өз күчүңдү байкап, баамдап сезип чык.

 

Ата-энеңди, тууганыңды сыйлагын,

Дос, жолдошту жамандыкка кыйбагын.

Колдон келсе жакшылыгың аянба,

Ниетиңди жаман жакка бурбагын.

 

Мансап үчүн сатпа намыс, арыңды,

Таза карма күлгө чаппай жаныңды.

Аруулукка бөлөп бүткүл өмүрдү,

Сыйлап жаша балдарыңды, жарыңды.

 

Байлык, бийлик кумарына алданба,

Жалган айтып, жаныңды жеп карганба.

Бийик болгун, майдаланба, пас болбо,

Абийир соту турган кезде тайманба.

 

Аянбагын, келгин дайым  жардамга,

Бут тоспогун өсө турган балдарга.

Пейил күтүп манчыркасаң кеп укпай,

Анда өмүрүң айланганы арманга.

 

Кошоматчы, кыйды, кыйкым болбогун,

Жакшы сөз айт, таза жолду жолдогун.

Өзүмчүлдүк өзөктү өрттөп турганда,

Эл кадырын, жер тагдырын ойлогун.

 

Жарыгың чач, күйүп турсун жүрөгүң,

Жалаа жапса чындыкты айтып сүрөгүн.

Күчүн салып басынтканды колдобой,

Жыгылганга жалың төшөп сүйөгүн.

 

Чыккын сыртка. Чыйрал, чурка алыска,

Тайсалдабай түшкүн чоң-чоң жарышка.

Көшөкөрлүк жигит үчүн уят иш,

Элиң үчүн жарап бергин намыска!

КҮЙҮНДҮМ

Өткөн күнгө өтөлгө жок, кайгырдым,

Өзөн күткөн өмүрүмдү сай кылдым.

Убактымды куюн кылып учуруп,

Далай жылдын түшүмүнөн айрылдым.

 

Кетти күндөр, өчтү сонун убактар,

Баскан жерим эми менин бубак, кар.

Ойлобопмун оюн салып жүргөндө,

Мээмди эзип көбөйөөрүн сурактар.

 

Калдым билбейм караанында кай жылдын,

Жан дүйнөмдү келчү эле бай кылгым.

Баркын билбей ошол сонун кездердин,

Календардын барагындай айрылдым.

 

Көкүрөгүм бош өңдөндү каңгырап,

Ички ишеним күтүп жүрдү жалдырап.

Ыр жазган күн бакыт эле мен үчүн,

Эргүү келсе уйкаштырып, сап курап.

 

Билбейм неге өзүмдү өзүм короттум,

Ачык турган жолумду да тороттум.

Кетти күндөр кол булгалап бош калган,

Шамалындай кокту менен колоттун.

 

Кылчайдым да аттиң, дедим, күйүндүм,

Көрдүм, билдим, көп нерсени түшүндүм.

Кантсе дагы каркырадай сабалап,

Катарымдан калбаганга сүйүндүм.

Майрамбек ТОКТОРОВ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер