АТА-ЭНЕЛЕРДИ ЫЙЛАТПАЙ, ОКУУ КИТЕБИ МЕНЕН ТОЛУК КАМСЫЗДАП КОЙСО БОЛОБУ?

  • 21.09.2026

Чыкканы турган көз эле, чыгып кетти өзү эле.

Окуу китеби боюнча ызы-чуу баарын басып кетти. Бул эчактан бери келе жаткан көйгөй эле.

Ооба, ата-эне мектепке барса, китептерди толук берген жок. Базардан бирин табат, бирин көпкө издейт. Базарда бир класстагы бир предмет үчүн бир нече китеп бар, авторлору ар башка. Адашып кайсынысын аларын билбей кыйналат. Анан эптеп тактап, 5-6 китеп сатып алса, асмандын башы, эми ошол ата-энеден кандай реакцияны күтсө болот? Албетте, ачууланат, катуу ачууланат.

Бирок бүгүн ата-эне эле чуулдап жаткан жери жок да. Бул процесске эптеп кыбырап дем алгандын баары кирип кетти. Ооба, мындай жеңил лайктар, мындай масштаб дагы качан болмок?!. Маселени билгени да, билбегени да, түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да “бакылдап” жүрөт.

Бирок канчалык ызы-чуу салбайлы, маселени акыл-эси жайында, аны жакшы түшүнгөн, сабырдуу, жай отуруп, терең акыл калчап, чечкиндүү аракеттерди жасай турган адистер гана чечет. “Чычкан сойсо да, касап сойсун!”.

Көйгөй маселени чечүү үчүн төмөнкү баскычтардан өтүүгө туура келет:

  1. Маселени талдоо, анализ (анын ичинде сын да бар) – 5-10% (азырынча баарыбыз ушул жердебиз, өтө көп болсо, 10%га чейинки ишти кылат экенбиз);
  2. Планды иштеп чыгуу – 25-35%;
  3. Аны ишке ашыруу – 45-65%.

Билим берүү боюнча дүйнөгө белгилүү эксперт Кен Робинсон буга 2-пункт катары “Билүү” дегенди кошот. Ооба, маселени чечүүнү билүү кийинки баскычтарга негиз болот.

Эмне кылуу керек?

  1. Маселени жакшы билген, түшүнгөн адамдардан жумушчу топ түзүлөт. Алар абалды толук анализ кылып чыгат;
  2. Учурда китеп менен камсыздоо кандай абалда экендиги 11 жана 12 жылдык боюнча өз-өзүнчө такталат (мында окуу китептин канчалык эскилиги да эске алынат);
  3. Алдыдагы 2-3 жылга план түзүлөт, план ачык жарыяланат, дайыма жеткиликтүү болот. Мугалимдер да, ата-энелер да, коомчулук да кайсы китеп качан, канча нускада чыгарын көрүп турушат (бул маалымат дайыма жаңыланып турат);
  4. Тиешелүү мекемелер, уюмдар планды ишке ашырышат.

Эскертме: Планды ишке ашырууда бир топ өзгөртүүлөр, түзөтүүлөр кириши мүмкүн.

Кайсы маселелерге көңүл буруу керек?

  • 12 жылдык боюнча окуу китептер (окуу-усулдук комплекстер) ашыгы менен басылат. Анткени бул китептер 5 жылга эсептелет, андан сырткары кийинки жылы балдардын саны көбүрөөк болот. Бир топ китептер айрылат, жоголот ж.б.;
  • Учурда 12 жылдык боюнча 3 китеп чыгууда: математика, табигый илимдер жана англис тил, калган предметтер боюнча окуу-усулдук комплекстер тез арада даярдалат;
  • Авторлор, редакторлор, эксперттер системалуу окутулат. Бул жаңы система. Мурда биз Пруссия системасы менен иштеп келсек, учурдагы 12 жылдык билим берүү – Кембридж системасы;
  • “Учкундан” башка да басмаканаларга китеп басууга уруксат берилет. Учурда “Учкун” үлгүрбөй, китептер кечигүүдө. Кыргызстанда китеп басуу кызматы абдан өнүктү. Жеке менчик басмаканалар кийин китепти контрафакт кылып баса берет деген коркунуч бар болчу. Бирок китепти жетиштүү, керек болсо ашыгы менен басып койсо, аларды контрафакт кылып басуунун зарылчылыгы болбойт. Мыйзамсыз китеп базары да токтойт;
  • Мыйзамсыз китеп базары тыкыр көзөмөлдөнөт. Бул базар коррупциянын айынан укмуш “гүлдөп” кеткен. Кошумча маалыматта бул тууралуу мисалдар менен кеңири айтылат;
  • Укуктук жагы чечилип, жумушчу дептерлер (түстүү жана түссүз форматта) ачык сатыкка чыгарылат;
  • Окуу китептер бөлүктөрдөн турат, оор болбойт.

Урматтуу окурман, бул кошумча маалымат, кааласаңыз окуңуз.

Абал кандай эле?

Союз учурунда “Мектеп” басмасы китептерди даярдап, анда бир нече редактор, бир нече корректор, бир топ сүрөтчү, корректорлор иштечү. Алар такай иштегендиктен, мыкты, дасыккан адистер эле. Маселе жаралса, консилиум кылып, тактай коюшчу. Ал жерде жаш адистер такшалып, профессионалдар тапталып турчу.

Анан эмне болду?

“Мектеп” басмасы атайылап банкрот болду. Учурунда ал жерден менин да окуу китебим (Адабий окуу, 2-класс) чыгып, калем акысын алалган эмесмин.

Анан базарга (рынокко) жеке менчик басмалар “келди”. Жасалма келди. Азия өнүктүрүү банкы окуу китептерин чыгарууга олчойгон сумма бөлөрү белгилүү болгондон кийин маалыматты “ичинен” билген адамдар жасалма басмаларды түзүштү, эл аралык тажрыйба деген болуп, конкурстар өткөрүлгөн болду. Чындыгында жасалма басмалар китептерди жөн гана бөлүштүрүп алып турушту. Анткени баса турган китептер көп, басмалар аз эле.

Коррупция укмуштай гүлдөдү! Буга министрлик да катуу аралашты.

Бир эле мисал. 2007-жылы мирнистрлик жаңы муундагы окуу китептерге конкурс жарыялады. Бир топ авторлор катышып, биз Алиппе боюнча жеңип чыктык. Коррупция ушунчалык гүлдөгөндүктөн, биздин китеп жөн гана чыккан жок. Министрлик өзүнүн конкурсунун жыйынтыгын өзү аткарган жок.

Бул тууралуу макалаларды жазып, сотко да кайрылдык. Бирок колум бошобой, кийин арызды кайтарып алууга туура келди.

Бул абал улана берди.

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде комиссия түзүлүп, окуу китептерин чыгаруу маселеси каралды. Китептерибиз чыкпай, сотко берип, арызданып жүргөн үчүн процесске аралашып калдык.

Укмуштай мыйзам бузуулар!.. Бир эле факты, 52 млн сомго 10 китеп чыгардык деп отчет берилген, ошол эле китептерди ошол эле суммага долбоор аркылуу да чыгардык деген отчет да бар. Мындай учурлар толтура. Менде ал справканын көчүрмөсү азыр да бар.

Ошол кездеги жаңы келген министр Каныбек Осмоналиев: “Бардык маалыматтарды даярдап, 10 күндүн ичинде документтерди Башкы прокуратурага өткөрүп бергиле!” — деп тапшырма берди. Бир жумада өзү жумуштан кетти;

  • 5-6-класстардын китептери Индия сыяктуу мамлекеттерден басылып келди;
  • 7-9-класстардын табигый багыттагы китептери аягына чыгарылган жок. Эки жыл апробациядан өтүп, апробациянын материалдарын жалпылаган, жыйынтыктаган киши болбоду;
  • 7-9-класстардын китептери менен иштеп жатканда, “Бул китепти жазгандагы сиздин концепцияңыз кандай эле?” деген суроого, “Ал эмне?” деген авторлор болду. Концепцияны жөнөкөй тил менен түшүндүргөндө, үй салып жатсаңыз, анын долбоору болот эмеспи, эмне үчүн ушундай салып жатканыңызды түшүндүргөн. Бир автор “Мен мурдагы китепти алдым да, 30%га өзгөрттүм”, — деди. “Эмне үчүн?” — десек, ”Антпесек автордук укук болбой калат экен”, — деп жооп берди.

Ошол учурда жапайы базар укмуштай гүлдөдү. Каалаган китебин каалагандай контрафакт менен басып жатты.

Бир жолу ЦУМдун жанындагы жер алдындагы өтмөккө барып, сынап көрүү үчүн өзүмдүн китебимди сурасам, “3000 нуска керек болсо, 2 күндөн кийин келиңиз” — деди. Укук коргоо органдарына берейин десем, абалды билгендер “убара болбо!” дешти.

Эмне өзгөрүүдө?

  1. “Окуу китеби” басма үйү түзүлдү. 12 жылдык боюнча окуу китептерин даярдап берип жатат.

Негизи окуу китептин сапаты басмадан (издательство) көз каранды. Басмакана (типография) даяр материалды жөн гана басат, сапатка таасир этпейт;

  1. Бүгүнкү күндө окуу-усулдук комплекстер 4 түрдүү экспертизадан өтөт;
  2. Окуу китептерин чыгарууга олчойгон сумма бөлүнүүдө. Бул жылы 1 млрддан ашык каражат бөлүнүп, 9,5 млн нускада окуу-усулдук комплекстер басылууда.

Окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн бир аз убакыт керек болот.

Алмазбек Токтомаметов

Бөлүшүү