«АТА-ЭНЕЛЕР ӨЗДӨРҮ ЖЕТПЕЙ КАЛГАН КЕСИПТЕРДИ БАЛДАРЫНА ТАҢУУЛАШАТ…»

  • 04.06.2025
  • 0

Кесип тандоо — адам жашоосундагы эң бир маанилүү этаптардын бири. Азыркы учурда бул ишке кандай талаптар коюлат жана мектеп практикасында кандай көйгөйлөр бар экенин бүгүнкү маектен окуй аласыздар.

"АТА-ЭНЕЛЕР ӨЗДӨРҮ ЖЕТПЕЙ КАЛГАН КЕСИПТЕРДИ БАЛДАРЫНА ТАҢУУЛАШАТ..."

Кундуз  ОМОРОВА, Бишкек шаарындагы №69 ОТКГнын психологу

Кундуз Макеновна,  азыр биз баары тездик менен өзгөрүп жаткан доордо жашап жатабыз. Кесипке багыт берүү жаатында кандай өзгөрүүлөр болууда?

— Ооба, туура айтасыз, азыркы заманда бардык нерсе тез өзгөрүүдө жана тездик менен жаңы кесиптер жана аларга болгон азыркы замандын талаптары дагы пайда болууда. Калыптанып калган көз караштар өзгөрүүдө, бирок бардык жерде бирдей деп айта албайм. Көптөгөн мектептерде тилекке каршы, мурдагы эле нукта калууда. Биздин мектепте Германия кызматташтыгынын GIZ  долбоорунун негизинде бир топ жыл  “Кесипке багыт берүү” сабагы окутулду. Бул долбоорго Кыргызстан боюнча сегиз мектеп катышып, 16 кесипке багыт берүү адистери даярдалган. Ал адистердин ичинен эки тренер  башка аймактарды да окуттук.  Биздин №69 ОТКГнын директору Сайрагүл Токтосуновна кесипке багыт берүү балдардын келечеги үчүн абдан маанилүү экенин түшүнүп, бул багытта көп жылдардан бери жигердүү иш алып баруудабыз.

"АТА-ЭНЕЛЕР ӨЗДӨРҮ ЖЕТПЕЙ КАЛГАН КЕСИПТЕРДИ БАЛДАРЫНА ТАҢУУЛАШАТ..."

 — Кесип тандоодо кандай критерийлер белгилүү?

— Биз, баарыбыз, адам баласы үчүн туура кесип тандоо жана туура жар тандоо абдан маанилүү экенин билебиз. Туура кесип тандоо менен ким болбосун келечекте бактылуу адам, кесипкөй, кадыр-барктуу, ийгиликтүү адис боло алат. Эгер кесибин сүйсө, жөндөмдүү болсо, кесибинин кыйынчылыгы дагы көп билине бербейт. Кызыгуу, жөндөм жана баалуулук кесип тандоодогу эң негизги маани берчү нерселер.

"АТА-ЭНЕЛЕР ӨЗДӨРҮ ЖЕТПЕЙ КАЛГАН КЕСИПТЕРДИ БАЛДАРЫНА ТАҢУУЛАШАТ..."

  — Кесип тандоону канча жаштан баштаган туура?

— Ата-эне баланын кызыгуусун, жөндөмүн ымыркай төрөлгөндөн, эрте жаш курактан эле байкоосу зарыл. Мисалы: музыканы же тынчтыкты каалайбы, кандайдыр бир нерселерди өзгөчө жакшы көрөбү деген нерселерге маани берүү керек. Бала бакчада жакшы тарбиячы адистер балдардын кызыгуусун, жөндөмүн, баалуулуктарын байкай алат. Мектепте дагы мыкты мугалимдер башталгыч класстан эле байкап, алардын таланттарына маани берип жана ал жагын ачканга, өнүктүргөнгө аракет кылышат. Ошондой эле ата-энелер балдарын ар кандай ийримдерге берүү аркылуу да ар тараптан өнүктүрүүнү баштаса болот.

—  Бул багытта мектептерде кандай иштер жүрсө деп ойлойсуз?

—  Бардык мектептерге кесипке багыт берүү сабактары киргизилсе, келечек үчүн аябай жакшы болмок. Кесипке багыт берүү сабактары 17 сааттан турат. Бул сабактарда маалыматтар, оюндар, жумушчу барактар, экскурсиялар, реалдуу жолугушуулар камтылган.  Жаштардын туура кесип тандоосу, өз кесибин сүйгөн кесипкөй адистердин болушу мамлекет үчүн дагы абдан маанилүү.

 — Уул-кыздын келечектеги кесибин аныктооодо ата-эненин орду канчалык?

— Кесип тандоодо ата-эненин орду, таасири, жоопкерчилиги абдан чоң. Бирок жаш өспүрүмдөрдүн кызыгуусун, баалуулуктарын билген ата-энелер абдан аз. Көпчүлүк учурларда ата-энелер өздөрү каалаган же өздөрү жетпей калган кесиптерди таңуулашат, тааныштары бар окуу жайды издешет же балдарынын кызыгуусун, жөндөмүн эске албастан азыркы заманга ылайык кесип деп балдарына сунушташат. Мында окуу жайдын үйгө жакынына карашат, кадыр-барктуу окуу жай деп тандашат жана башка көп себептерге маани беришет. Тилекке каршы, мындай тандоонун негизинде окуй баштаганда, 1-2-курсста,  бир топ студенттер окуусун таштап, кээ бирлери тырышып бүтүп,  бирок кесиби менен иштебей калат. 1990-2000-жылдары ушундай учурлар көп болгон. Кадыр-барктуу окуу жай, кадыр-барктуу кесип деп юрист, экономист болууну каалагандар көп бүткөн, бирок көбү ал кесиптери менен иштеген эмес. Мен ата-энелерге окуу жайды тандоодон мурун балдардын кызыгуусуна, жөндөмүнө, баалуулуктарына жараша кесип тандап, андан кийин ал кесиптер бар окуу жайларга экскурсияга же Ачык эшик күндөрүнө барууну, тандаган кесиптин ийгиликтүү адистери менен чыныгы жолугушуу уюштурууну же ишканаларга барууну, кесиптин жакшы жана оор жактары жөнүндө маалымат алгандан кийин, тандаган кесибине шайкеш окуу жайларды караштырууну сунуштайм.  Көпчүлүк учурда  кесип тандоодон мурун окуу жайды тандашат, бул да туура эмес! Менин тажрыйбамда “ Менин автопортретим” методикасын колдонуп көргөндө, ата-энелердин арасында балдарынын кызыгуусун, жөндөмүн билгендерге караганда билбеген ата-энелер көп болгон. Ушул эле методиканы классташтары менен ойногондо, ата-энелерге караганда бирге окуган курдаштары окуучу жөнүндө жакшыраак  билишкени аныкталган.

 — Кесип тандоодо тесттен өтүүнүн пайдасы канчалык?

— Кесип тандоодо тесттен өтүү абдан пайдалуу жана ал туура кесип тандоого  жакшы багыт берет. “Кызыкчылыктардын навигатору” тести Кыргызстанга адаптация кылынып иштелип чыккан. Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын астында  “Кесипке багыт берүү” борбору бар. Мындай борборлор ар бир аймактарда да ачылган. Бул борборлордон кесипке багыт берүү боюнча акысыз бир нече тесттерден өтүп, атайын адистерден кеңештерди дагы алса болот. Биздин мектепте 9-класстардын баарын алып барып, тесттен өткөрүүгө аракет кылабыз.

"АТА-ЭНЕЛЕР ӨЗДӨРҮ ЖЕТПЕЙ КАЛГАН КЕСИПТЕРДИ БАЛДАРЫНА ТАҢУУЛАШАТ..."

— Өзүңүздүн практикада кандай усул-ыкмаларды колдонуп жүрөсүз?

— Биздин мектепте кесипке багыт берүүнү беш тепкич менен алып барабыз.

1-тепкич: Өзүн-өзү таанып билүү. Бул тепкичте өспүрүмдөр  өз кызыгууларын, жөндөмдөрүн, баалуулуктарын өтүлгөн сабактардын, оюндардын негизинде аныктап билишет. Бул тепкичтеги  7-сабак ата-энелерге өтүлөт. Аларга  балдарынын кесип тандоосунда эмнелерге көнүл бөлүш керектигин жана кандай жардам бурүүсү жөнүндө тренинг өтүлөт жана буга чейинки сабакта балдары толтурган  “Менин автопортретим” баракчасын колдонуп,  оюн ойнотулат. Окуучулардын булутчага жазган кызыгууларын, хоббилерин, жөндөмдөрүн, баалуулуктарын окуй баштаганда эле, ата-энелер «Менин балам!» деп табуусу зарыл.

2-тепкич: Кесиптер жөнүндө кенен маалымат алуу. Кандай кесиптер бар, аларга кандай жөндөмдөр, баалуулуктар талап кылынат, жаңы муунга зарыл болгон жана жоголуп бара жаткан кесиптер жөнүндө терең окуп билишет.

3-тепкич: Окуу жайлар. Окуу жайлар
жөнүндө  kesip.kg  сайтынан кенен маалымат алышат.

4-тепкич: Чыныгы жолугушуу. Чыныгы жолугушууда окуу жайларга, ишканаларга, мекемелерге экскурсиялар уюштурулат жана окуу жайлардан маалымат берүүчү  адистерди, ар кандай кесиптин ийгиликтүү адистерин мектепке чакырып, суроо-жооп кылышып кесиптер жөнүндө кенен  маалымат  алышат. Менин тажрыйбамда бул метод балдардын кесип тандоосуна абдан жакшы жардам бергенин байкадым. Чыныгы жолугушууну уюштурууга окуу жайлар абдан кызыкдар, алар окуу жай жөнүндө кеңири маалымат беришип, кызыккандарды ачык эшик күнүнө чакырышат. Ал эми бизде мекеме, ишканалардын көбү окуучуларга экскурсия кылууга макул боло беришпейт. Биз бул көйгөйдү иш менен камсыз кылуучу ишкана менен биргеликте чечип жүрөбүз.

5-тепкич: Чечим кабыл алуу. Бул тепкичте жогорудагы төрт тепкичтин негизинде өзү, ата-энеси, мугалим эжейи  менен биргеликте талкуулап, бирок акыркы чечимди окуучу өзү чыгарат.
Ошентип, биз балдарга кесип тандоону үйрөтүү менен алардын кесип тандоосуна жардам берип жатабыз.

Маектешкен: А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер