АТА-ЭНЕЛЕР КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ БАЛА БАКЧАГА КЫЗЫКДАР
- 08.08.2024
- 0
Бишкек шаарындагы №25 мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылганына жарым жыл толо элек. Борбор калаабыздын чыгыш түштүк тарабында жайгашкан бул бала бакча ошол чөлкөмдөгү көзгө көрүнүктүү эң кооз имараттардын бири болуп калды.
Көк-Жар жаңы конушун кайра куруу шарданы менен козу карындай жайнап чыккан жаңы конуштардын аксакалы десек да жарашат. Анысына карабай алигүнчө бала бакчасы жок, ата-энелер балдарын ары-бери ташып убара тартып келишкен. Ушул жазда көк-жарлыктардын көксөөсү канып 280 орундуу жаңы типтеги жаркыраган бала бакчалуу болушту. Анын ачылышына Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өзү катышып, бул бала бакча акыркы эки жылда борбор калаада курулган 21 билим берүү мекемесинин бири экенин баса белгилеген эле. Мында спорт, музыкалык жана концерттик залдар, медициналык жабдуулар, заманбап жабдылган ашканасы, кыскасы, балдардын коопсуз жашоосу жана заманбап өнүгүүсү үчүн бардык шарттар бар экендигин, айрыкча, бала бакчалардагы бош орундарды оптимизациялоонун жардамы менен дагы орундар кошулуп, балдарды көбүрөөк камтууга шарт түзүлгөнүн өз көзүбүз менен көрүп кайттык.
Көк-Жар жаңы конушунун тургуну Майрамбек кызы Мегиза жакын жерде бала бакчанын жоктугунан көп жылдардан бери үч баласын ар кайсы жакка ташып жүргөн. Эми минтип жаңы бала бакча ачылганына кубанычы койнуна батпай турган кези.
— Биринчиден, үйүбүзгө жакын. Жол тыгында балдарыбызды ташып убара тартпай жыргап эле калдык. Бала бакчабыздын ичи аябай кенен, жарык. Айрыкча кыргыз тилине, кыргыз каада-салттарын таанытууга басым жасалып жатканы бизди аябай кубандырат. Ар бир бөлмө, ар бир тайпа Манас эпосундагы жана башка жан дүйнөбүзгө жакын аталыштар менен аталат. Мисалы, Манас, Семетей, Сейтек, Ак-Кеме, Актан, Акылай деген кулакка жагымдуу аталыштарды балдар күндө угуп жаттап алгандарына да жакшы. Менин төрт жашар кызым Айсулуу Сагынбекова мурда орус тайпага барып жүргөндүктөн, тили бурула баштаган. Бул бала бакчага келгенден бери кызым кыргызча ырларды ырдап бизди аябай кубандырып жатат, — дейт сүйүнүп.
Бала бакчанын директору Айнура Байсабаеванын айтымында, 280 орундуу кыргыз тилдүү бала бакчада 12 тайпа бар. Бала бакчалардагы орундарды эффективдүү пайдалануу, тагыраак айтканда, уктоочу бөлмөлөрдү оптимизациялоонун натыйжасында сентябрдан баштап жалпысынан 510 баланы кабыл ала баштайт.
— Өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун бөбөктөрдү 40% бала бакчага тартуу саясаты ургалдуу жүрүп жатканына баарыбыз күбө болуудабыз. Айрыкча, Көк-Жар сыяктуу жаңы конуштарга жакшы көңүл бурулуп, бала бакча, мектептер курулуп жатат. Жаңы конуш дегени менен, алардын курулганына деле 30 жылдан ашпадыбы. Бирок ушул мезгил аралыгында бир да бала бакча жок болгондуктан, бала бакчага жылдап кезек күткөндөр өтө көп эле. Бул имараттын аянты бөлмөлөрүн оптималдаштыруу аркылуу дагы 12 тайпа ачууга мүмкүнчүлүк берет. Демек, кезек күткөндөрдүн саны кыйла кыскарат. Балдардын 99 пайызы – жаш үй-бүлөлөр жана жергиликтүү калктын балдары. Айрыкча кыргыз тилдүү экенин уккан ата-энелер балдарын сүйүнүп алып келип жатат. Орус тили кошумча сабак катары окутулат. Бала бакча заманбап жасалгаланган. Мында бий залы, кыргыз үйү сыяктуу бардык эле бала бакчаларда боло бербеген өзгөчө бөлмөлөрү бар. Ашканасы да заман талабына шайкеш жасалгаланган. Балдар төрт маал тамактанышат. Бир күндүк тамагы 120 сомду түзөт, анын 60 сомун мамлекет, 60 сомун ата-эне төлөйт. Ата-энелер бир балага айына 1300-1400 сомго чейин төлөшөт, — дейт.
Айнура Жеңишовна баса белгилегендей, 90 пайыз жаш ата-энелердин каалоосу менен балдарга билим жана тарбия жалаң гана кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мында балдардын жаш курагына жараша улуттук оюндарды, улуттук каада-салттарды үйрөтүшөт. Кыргыздын хан ордо, топ таш, чий куурчак, чүкө атуу, тогуз коргоол ж.б. оюндарын киргизүү демилгесин ата-энелер өздөрү көтөрүп жатканы жагымдуу көрүнүш. Бул оюндар балдардын моторикасын өнүктүрүүгө, ал тургай математика-геометрия сабактарын үйрөтүүгө негиз болорунда шек жок. Ошондой эле ата-энелердин жардамы менен кыргыз үйүн жасалгалана баштады. Ал иштерди эми жаңы окуу жылында толуктап улантышат.
Кесиби логопед Айнура Байсабаева алгачкы эмгек жолун медициналык айым кызматкери катары Нарын шаарындагы балдардын ооруканасында баштаган. Андан соң Бишкек шаарындагы №184, №115 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде усулчу, жетекчилик кызматтарды аркалап келген.
Айнура Жеңишовнага жаңы ачылган №25 бала бакчаны жетектөө ишеничи артылганы да бекеринен эмес чыгар. Жаңы иштин чийки жактары көп болот эмеспи, бала бакчанын азыркы жаркыраган абалына жеткирүүгө чейин кол алдындагы кызматкерлер менен күндөп-түндөп иштеди. “Аракет кылсаң берекет” демекчи, азыр жаңы, заңгыраган бөлмөлөрдү көргөн адамдын көзү кубанат. Ал эң чоң жардам Өкмөт башчысы тарабынан болгонун баса белгиледи.
— Бала бакчада учурда жалпысынан алганда 40дан ашык кызматкер иштейт. Ачылышында өзү келип лента кескен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кадрларды комплектөө жагы кандай болор экен деп кабатырланганы эсимде. Көрсө, ал көрөгөчтүк кылган экен, чындыгында эле талапка жооп берген кадрларды топтоо оңой болгон жок. Анализ жүргүзүп көрсөм, айлыктын аздыгынан көптөгөн квалификациялуу кадрлар чет өлкөлөргө иштеп кетет тура. Азыр кадр жагынан көйгөй жок, акырындап толуктап алдык. Кеңсе товарлары, балдарды витаминдүү тамак-аштар, оюнчуктар менен камсыздоо, деги эле бала бакчага эмне зарыл болсо, баардыгы бар. Бардык шарттар түзүлгөн жерде белсенип иштөө гана керек, — дейт Айнура Байсабаева.
Жогоруда ата-энелер белгилегендей, бала бакчанын чыгармачыл, изденгич жаш кызматкерлери ар бир тайпага логотип ойлоп таап, ошого жараша ат коюп алышкан. Имараттын ичиндеги Манас бурчу, Айтматов бурчу, кыргыз бөлмөсү, бий залы да талапка жараша жасалгаланган.
Бишкек шаардык билим берүү департаментинин башкы адиси Чинара Майтиковадан алынган маалымат боюнча учурда баш калаабызда 111 бала бакчага 30 миңдей бала барат. — Электрондук кезекте 32 миң бала турат. Жаңы окуу жылына карата кайтарылган жана жаңы курулган беш бала бакча ишке кирери күтүлүүдө. Акыркы беш жылдан бери жаңы ачылган бала бакчаларды кыргыз тилинде ачуу аракеттери жүрүп жатат. Албетте, орус жана башка тилдер да четте калбайт, а бирок негизинен жалпы маалыматтарды таратууда, алсак, иш кагаздарын жүргүзүүдө кыргыз тилине басым жасалып, негизги сабактар, оюндар кыргыз тилинде болмокчу, буга мамлекет башчысынын талабы жана ата-энелердин оозеки кайрылуулары негиз болууда, — дейт Чинара Намазбековна.
Статистика боюнча алсак, 19 — бала бакча кыргыз тилинде 23ү – орус тилинде, аралаш тилде — 69 бала бакчада жана ошондой эле көп тилдүүлүк, мисалы, кыргыз, орус, англис же башка тилде 62 бала бакчада иш жүргүзүлөт.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер