РЕСПУБЛИКАЛЫК ТАРБИЯ ФОРУМУ: «АТА-ЭНЕ ЭҢ АЛГАЧКЫ ЖАНА ТҮБӨЛҮКТҮҮ МУГАЛИМ»

  • 18.12.2022
  • 0

Балдардын тарбиясы колдон чыгып кетти кыргыз коому бушайман ойдун чеңгелинде турганда, өлкөдөгү аттуу-баштуу педагогдор Бишкекке чогулуп, заманбап доордун тарбия иштерин канткенде таасирлүү алып баруу керек деген маселени талкуулашууда.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ТАРБИЯ ФОРУМУ: «АТА-ЭНЕ ЭҢ АЛГАЧКЫ ЖАНА ТҮБӨЛҮКТҮҮ МУГАЛИМ»

Баш калаадагы «Маариф»  мектебинде Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган республикалык биринчи тарбия форуму үй-бүлөлөрдө тарбия иштеринин таасири жакшы болбой, кээ бир мектептерде мугалим менен окуучулардын ортосунда конфликт чыгып, ал эми педагогдордун аракети жаңы заман чакырыгына жооп бербей, кризистик көрүнүштөр күчөгөн учурда өтүүдө. Балдардын тарбиясындагы кемчиликтер үчүн мектеп ата-энени, ата-эне мектепти күнөөлөгөн адат күчүндө.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ТАРБИЯ ФОРУМУ: «АТА-ЭНЕ ЭҢ АЛГАЧКЫ ЖАНА ТҮБӨЛҮКТҮҮ МУГАЛИМ»

Көп жылдан бери бул багытта мамлекеттик бирдиктүү саясат жок болуп келип, азыр-көптүр иш жыла баштаганына аз эле убакыт болду.

«Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучулары үчүн тарбия иштеринин жана тарбия сабактарынын  программасы иштелип чыгууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Инсандын рухий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепцияда белгиленгендей, үй-бүлө инсандын руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн пайдубалы болуп саналат. Ошондуктан ата-энелердин балдарды окутуп-тарбиялоого болгон дараметин көтөрүү учурдун талабы болуп саналат»,-деди форумдагы сөзүндө билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов.

Ырас, балдардын тарбиясы биринчи кезекте үй-бүлөнүн мойнундагы жоопкерчилик. Ошол эле убакта азыр энеси кызына баш бербей, атасын балдары укпай калган үй-бүлөлөр да көп. Демек, жаңы доордун балдарына таасирлүү тарбия берүү жагынан ата-энелердин потенциалын көтөрүү дагы учурдун маанилүү талабы болуп калды.

«Балдардын билим жана тарбия сапатын жакшыртуу үчүн мектептин, мугалимдин ишмердиги аздык кылат. Ошондуктан ата-энелердин педагогикалык маданиятын өнүктүрүү боюнча дагы иштер жүргүзүлүп атат. Ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу жана аларга кам көрүүдөгү көндүмдөрүн жакшыртуу, жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында 2022-жылдын 1-октябрынан баштап республика боюнча пилоттук негизде 272 бала бакчага жана 522 мектепке «Ата-энелер мектеби» программасы киргизилди»,-деди министр.

«Ата-энелер мектеби» программасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын сунушталган максаттуу программа. Аны А. Калдыбаева, А. Муратов, Г. Мадаминов, С. Рыспаев сыяктуу белдүү окумуштуулар, педагогдор иштеп чыккан.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ТАРБИЯ ФОРУМУ: «АТА-ЭНЕ ЭҢ АЛГАЧКЫ ЖАНА ТҮБӨЛҮКТҮҮ МУГАЛИМ»

Ата-энелердин өздөрүн окутуу жалпы эле окуу-тарбия деңгээлинин жакшыруусуна алып келе тургандыгын Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун педагогикалык ишмердиги кашкайта көрсөтүп турат. Бишкектеги тарбия форумунда жалпы кыргыз журту кадырлаган педагог өзү да мастер класс өткөрүп, ата-энелер менен иштөөнүн маани-маңызына токтолду.

«Ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатуу деген биздин кулакка чоочун угулушу мүмкүн. Педагогдордун маданиятынын ата-энеге кандай кереги бар? Бул аксиоманы карасак, мындай деген сөз бар экен: «Ата-эне эң алгачкы жана түбөлүктүү мугалим» деген. Үй бүлө дүйнөдөгү эң кичине жана түбөлүктүү мектеп. Мен жалаң гана Мадаминовдун атын атабастан, дүйнөлүк бир-эки шилтеме берейин. Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» деген китебин билесиздер. Ошол жерде айтылып атат, үч жаштан кийин тарбия кеч болуп калат деп. Үч жашты кой, бизде алты жашка чейин балдар педагогикалык маданияты, билими жок ата-энелердин колунда калып, мектепке келип атат»,-деди Гапыр Мадаминов.

Чынында эле, ар бир үй-бүлөнү өзүнчө бир тарбиячыга айлантуудан балдар да, ата-эне да, коом да, мамлекет да утат турбайбы. Демек, ата-энелерди педагогикалык бир минимумга окутуу ишин жалпылап колго алуу милдети турат. Бул ишти Гапыр Мадаминов өзүнүн Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиясында эчактан бери эле жүргүзүп келатат, анын иш тажрыйбасы Кыргызстандын башка региондорундагы мектептерге да тарап жатат.

«Ата-эне өзү үйдө бир жолу да китеп окубаса, үй-бүлөлүк китепкана болбосо, энциклопедия, сөздүк, справочник болбосо, балдар каяктан китеп окусун. Азыр бир мындай мода кирген, китеби 300 аз болгон үй-бүлөнү рухий жакыр үй-бүлө деп жарыяладык. Эгер мугалимдин китеби дагы 500 аз болсо, ал мугалим болуп иштешке моралдык укугу жок. Мен өзүмдүн мугалимдериме айтып атам, ар бир айлыгыңардан 500-1000 сомду китеп алышка бөлүп койгула. Бул кайыр-садаканын да ордуна өтөт, дыйканды дыйкан кылган кетмени болсо, мугалимди мугалим кылган анын монографиясы, энциклопедиясы».

Ата-энелерди окутуу тажрыйбасы жер-жерлерде эң жакшы натыйжаларды берүүдө. Гапыр Мадаминовдун өзүнүн эксперименталдык гимназиясынын окуучуларынын жетишкендиги эле бул жерде эң кашкайган факт. Эгерде ар жылы ЖРТдан окуучулардын республика боюнча орточо баллы 124.5 болсо, ал эми Мадаминовдун гимназиясындагы окуучулардын орточо баллы 173 болуп жатат. Ал эми эң алдыңкы окуучулары алтын сертификат алууда. Бир класстан 23 окуучу бүтсө, анын 18 жогорку окуу жайына бюджеттик орундарга өтүп жатат.

Кубат Чекиров, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер