АТ-БАШЫ: РЕФОРМАЛАР, КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА ӨНҮГҮҮ ДИНАМИКАСЫ
- 24.08.2026
- 0
Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн акыркы жети айлык ишмердүүлүгү жана жаңы окуу жылына карата даярдыгы аймактагы билим берүү системасы олуттуу трансформация баскычында турганын көрсөтөт. Улуттук «Алтын Казык» программасы жана 12 жылдык билим берүү стандартына өтүү алкагында аткарылган иштер, кадрдык потенциал жана инфраструктуралык өзгөрүүлөргө көз чаптырып көрөлү.

Педагогикалык парадигманын өзгөрүшү жана мугалимдин жаңы ролу

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аксатбек Дыйканбаевдин айтымында, анын бөлүм башчы болуп дайындалганына болгону жети ай болду. Ал ушул аралыкта тармактагы эң негизги концептуалдык өзгөрүү — мугалимдин функциясын кайра карап чыгуу экенине токтолду. Маалымат баарына жеткиликтүү болгон санарип доордо мугалим жөн гана лектор эмес, окуучунун изилдөөсүнө жол көрсөтүүчү ролду аткарышы керектиги белгиленет. 45 мүнөттүк стандарттуу сабак окуучуну кызыктыруу, изилдөө иштери жана жыйынтыктоо баскычтарынан турушу талап кылынууда. Башталгыч класстарда изилдөөгө, ал эми жогорку класстарда долбоордук ишке басым жасалууда. Окутуунун негизги натыйжасы катары окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өстүрүү биринчи планга коюлган.
Окуу-тарбия иштери боюнча аткарылган иштер
Ат-Башы районунун мектептеринде 2025-2026-окуу жылында окуучулардын жалпы саны 11534 түздү. Райондо 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүдө район боюнча 35 класс комплектисинде 862 окуучу 1-класска кабыл алынып, аларга “Наристе” апробацияланган программасы менен “Мен жана дүйнө” предмети аркылуу табигый-илимий багытына киришүү (пропедевтика) мазмуну камтылган билим берүү программасы менен окутулду. Ал эми “Наристе” мектепке даярдоо программасын өтүшкөн балдар жалпы билим берүү уюмунун 2-классына 41 класс комплектиде 1008 окуучу кабыл алынып , 12 жылдык мектептин 2-классынын билим берүү программаларын ийгиликтүү окуп бүтүштү.

— Учурда Ат-Башы районунда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча бир катар иштер этап-этабы менен жүрүп жатат. Бул өтүү билим берүү сапатын жогорулатуу жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында жүргүзүлүүдө. 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классына кабыл алынган. Башка класстарга өтүү да белгиленген график боюнча ишке ашырылып, 2019-жылы төрөлгөн район боюнча 41 класс комплектиде 978 окуучу 12 жылдык интеграцияланган программалар менен окуп, ийгиликтүү аякташты. “Санариптештирилген ресурстар жана окуу процессин башкаруу” программалары боюнча 4 райондук билим берүү кызматкери, 17 окуу бөлүм башчы окутулду. Мындан сырткары С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине караштуу Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору тарабынан план графикке ылайык 171 мугалим курстан өтүш керек болсо, 195 мугалим курстан өттү. Андан сырткары 5-7-класстарынын мугалимдеринен химия сабагы боюнча 21 мугалим, биология сабагы боюнча 23 мугалим, физика сабагы боюнча 23 мугалим, табият тануу сабагынан 7 мугалим, математика сабагы боюнча 54 мугалим, башталгыч классынан 73 мугалим, англис тили сабагы боюнча 55 мугалим жана 20 мектептин окуу бөлүмүнүн башчылары райондук билим берүү бөлүмүнүн 3 методист кошумча окуулардан өтүштү. Жалпы район боюнча 486 даана “Алтын Казык ” ноутбугу мугалимдерге берилди, — дейт бөлүм башчы

2025-2026-окуу жылы реформаны ишке ашыруу үчүн мектептерди материалдык -техникалык жактан камсыздоо боюнча 1-класстардын окуу кабинеттерин мектептик эмеректер менен, жогорку класстын окуу кабинеттерин профилдик программаларды ишке ашыруу жана баштапкы эмгек көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн окуу жабдуулары менен камсыз кылуу үчүн, маселен, Ж.Кайыпов орто мектебинде 1-11-класстардын кабинеттери окуу жабдуулары менен камсыздалды жана заманбап вип панель коюлду. Ошондой эле 12 жылдык билим берүүгө өтүү үчүн устачылык жана тигүүчүлүк багытта профилдик окутууларды тандалып, устачылыкка 1 УДСка станогу жана тигүүчүлүк боюнча 4 тигүүчү машина менен камсыз кылынды. Мектептерде парта-столдор, доскалар окуучулардын жаш курагына ылайык толук жабдылган.

— 2025-2026-окуу жылында окуучулардын жалпы саны 11530 түзсө, анын ичинен 11-классты 1005 окуучу, 9-классты 1040 окуучу аяктады. Кызыл күбөлүктү 126 окуучу, артыкчылык аттестатты 94 окуучу алышты. Окуучуларга аттестат, күбөлүк берүүдө документтерди кабыл алуу электрондук форматта жүргүзүлдү. Окуучулардын билим сапаты окуу жылдын жыйынтыгы менен 76,44% түздү, — дейт А.Дыйканбаев.
Чечилбеген көйгөйлөр жана тоскоолдуктар
Жетекчилик реформанын оң жактарын гана айтуу менен чектелбей, көмүскөдө калган олуттуу көйгөйлөрдү да ачык айтты.
— Мугалимдердин басымдуу бөлүгү салттуу ыкмалардан толук чыга элек. Китептеги логикалык суроолорду жана изилдөө менен долбоордун айырмасын түшүнүүдө кыйынчылыктар бар. 1-класска келген балдардын 10–20%ы бала бакчага барбай келгендиктен, окутуу процессинде чоң дисбаланс жаралды. Райондогу 20 мектепке болгону 4 методист кызмат көрсөтөт. Физикалык жактан ресурстардын жетишсиздигинен улам методисттер ар бир мектепке айына бир гана жолу бара алышат, — дейт бөлүм башчы.
Жылдын мыкты мугалими жана мыкты окуучу
Республикалык предметтик олимпиаданын жыйынтыктоочу IV этабына райондон алты окуучу жолдомо алып, катышып, жеңишке Кара-Суу айылынын К.Карпеков атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Мария Качкынова кыргыз тили жана адабияты сабагынан I орунду ээлеген.

Ал эми “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынакка райондун жалпы билим берүү мектептеринен 47 мугалим, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 10 тарбиячы катышты. Анын ичинен облустук турга иргелип алынгандардын ичинен Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Турганбаева Гүлүмкан, К. Керималиев атындагы орто мектебинин математика сабагынын мугалими Айдарова Жазира 1-орунду жана “Казыбек-Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Жунусакунова Мээрим жана Орозакун Мамбетакунов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун методисти Жапашова Бегайым 1-орунду камсыздап, Республикалык конкурстун 4-этабына жолдомо алышты.
Ысык тамак
Ат-Башы районунун 20 жалпы билим берүү мектептеринде 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар класс комплекти боюнча 4836 окуучу бекитилген. 2026-жылдын май айына карата 4823 окуучу билим алып, ысык тамак ичишти. Бул жалпы окуучулардын 42%ин түздү. Ысык тамак райондун бардык 20 жалпы билим берүү мектептеринде уюштурулду. Ат- Башы районунун жалпы билим берүү мектептерине 1-4-класстарынын ысык тамагы үчүн Республикалык бюджеттен мектепке тамактандыруу программасын ишке ашыруу максатында 2026-жылга карата 9 026 700 сом акча каражаты каралган. Республикалык бюджет тарабынан бөлүнгөн ар бир окуучуга 14 сомго ылайыкталып меню төрт жумага бирдей түзүлүп, НРАОААжМСЭКБМнин Ат-Башы району боюнча бөлүмү менен меню макулдашылып бекитилет. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 14 сомго райондун жалпы билим берүү мектептеринде 1-4-класстарынын окуучуларына бекитилип, түзүлгөн менюнун негизинде 1-күндөн 4-күнгө чейин ысык тамак, ал эми 5-күнү компот, булочка берилет. Мектептерде ысык, муздак суу киргизилген, көйгөй жок. Ысык тамактандырууга өткөн пилоттук мектептер үчүн, республикалык бюджеттин эсебинен ашпозчулардын бирдиктери түзүлүп, район боюнча 28 ашпозчу, 32 ашкана кызматкери эмгектенет.
— Ал эми С.Мурзакматов атындагы жалпы билим берүү мектебинде көмөкчү чарбасынын эсебинен окуучуларга кошумча эт, демөөрчүлөр тарабынан картошка менен камсыз кылынат. Көмөкчү чарбанын эсебинин берилген кошумча эт жасалган тамактарга кошумча керектелет, ал эми демөөрчүлөр тарабынан берилген картошка менен 5-күнү окуучуларга (кызылча, картошка аралаштырып) кызылча салаты кошумча берилип келди. Боогачы атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2025-2026-окуу жылына карата көмөкчү чарбанын эсебинен 90 000 сом акча каражаты бөлүнгөн. Буга ай сайын 10 000 сомуна эт алынып берилди. Айына 1 жолу 1-4-класстарынын окуучуларына кошумча беш бармак берилди. Ж.Кайыпов, Т. Адыраңов атындагы жалпы билим берүү мектептеринде көмөкчү чарбанын эсебинен ысык тамак берүүдө картошка менен камсыздалган, — деди бөлүм башчы.ю
Коррупцияны алдын алуу боюнча
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана кылмыштуулуктун, зордук зомбулуктун алдын алуу максатында райондун бардык мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында бурчтар жана QR-коддор уюштурулду.
Ал эми райондун жалпы билим берүү мектептеринде мугалимдер, ата-энелер, окуучулар арасында 2026-жылдын апрель айында коррупцияны алдын алуу, кызматтык этика, мыйзамдуулукту сактоо жана ата-энелер менен иш алып барууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу ошондой эле “Акыркы коңгуроо салтанатына” карата мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөө, ата-энелердин укуктук аң сезимин жогорулатуу, окуучулар арасында таза, ак ниет коомду калыптандыруу максатында маалыматтар берилип түшүндүрүү иши жүргүзүлдү. Жалпы билим берүү мектептеринде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында “Коррупция коомдун өнүгүшүнө тоскоол”, “Коррупцияга жол жок!”, “Коррупциясыз жашоо” ж.б темаларда маалыматтык бурчтар жана иш-чаралар уюштурулду. Ал эми мектепке чейинки бардык билим берүү уюмдарында тарбиячылар арасындаапрель айында “Калыстык жана адилеттүүлүк”, “Ак ниеттүүлүк”, Чынчыл дүйнө”, “Жоопкерчилик” ж.б темаларда тренинг сабактары жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду.
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы “Манас” эпосунун үчилтиги (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө”, “Улуттук нарк”,”Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик”уңгужолу Жарлыктарын республикалык деңгээлде өткөрүлгөн “Манас таануу” интелектуалдык таймашында Акжар-Сезими мектепке чейинки билим берүү уюму 1-орунду камсыз кылып келишти. Ал эми А. Табылдиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9-классынын окуучусу Токтомамбетов Азамат мана айтуу боюнча 3-орунду камсыз кылды. Районундагы жалпы билим берүү мектеп китепканаларында “Улуттук нарк-улуттун уңгусу”, “Боз үй-кыргыздын табериги”, “Уңгу жолдун багыттары”, “Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам”ж.б темаларда бурчтар уюштурулду.
Спорт
Ат-Башы районундагы жалпы билим берүү мекемелериндеги мектептерде ден соолукту чыңдоо жана окуучуларды терс көрүнүштөрдөн алдын-алуу максатында мектеп окуучуларынын кышкы эс алуу каникул күндөрүндө “Спорт — ден соолуктун булагы”, “Биз биргебиз”, “Шамдагайлар таймашы”,“Спорт — биримдиктин символу”,”Дени сак улут, дени сак мамлекет”, “Спорт — коррупциядан тышкары”,”Биринчи байлык ден соолук”, “Футбол — спорттун падышасы” деген темаларда райондогу мектептерде футбол ийримдеринин 5-11-класстарындагы мектеп окуучулары арасында футбол оюндарынын тактикаларын өздөштүрүү, футбол спортунун деңгээлин көтөрүү, чеберчилигин жогорулатуу, өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу, ынтымакка, патриоттуулукка чакыруу максатында уюштурулуп, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Ал эми райондун мектептеринде кышкы спортту өнүктүрүү максатында ”Сыйкырдуу кыш”,“Ынтымак, достук, жеңиш”, Атам, апам жана мен”-деген темаларда ата-энелер менен биргеликте муз үстүндө чана тебүү, муз тебүү эстафеталык спорттук оюндар уюштурулуп, спорт ийримдериндеги мектеп окуучулар арасында улуттук каада-салттарды жана баалуулуктарды жайылтуу максатында ордо, шахмат,тогуз коргоол, оюндары боюнча мелдештер жыл сайын өтүп келүүдө.
Санариптештирүү жана методикалык колдоо
2025–2026-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында билим берүү тармагын санариптештирүү багытында бир катар иштер аткарылды. Райондогу мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында “ИСУО”, “АИС Мугалим”, “E-күндөлүк”, “E-кызматы” платформаларын колдонуу боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлдү. Билим берүү уюмдарынын администрацияларына жана жооптуу адистерине электрондук платформалар менен иштөө боюнча практикалык жана методикалык жардамдар көрсөтүлдү. Электрондук каттоо, маалымат базаларын жаңылоо жана санарип системалар аркылуу отчет берүү иштери көзөмөлдөндү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтомуна ылайык иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинарлар жана тренингдер өткөрүлдү.
Коопсуздук жана укуктук профилактика
Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу багытында тиешелүү мекемелер менен биргеликте иштер жүргүзүлдү. Райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Жашы жете электер арасында тамеки, насвай, энергетикалык суусундуктар, алкоголдук ичимдиктер жана баңгизаттардын зыяндуулугу тууралуу тегерек столдор, тарбиялык сааттар уюштурулду. Жол коопсуздугу жана өрт коопсуздугу боюнча ИДН жана МАИ кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча КР Министрлер Кабинетинин №390 токтомунун алкагында иштер жүргүзүлдү. Окуучулар арасында экстремизмдин, терроризмдин, диний радикализмдин жана адам сатуу коркунучтарынын алдын алуу боюнча маалыматтык иштерди тарбиялык сааттарда, тегерек столдордо, видеороликтерди көргөзүү менен жүргүзүлдү. Дискриминациянын, суициддин жана зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар уюштурулду.
Социалдык коргоо жана инклюзивдүү билим берүү
Социалдык жактан аярлуу катмардагы балдарды колдоо жана алардын билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын тизмеси такталды. Социалдык педагогдор менен биргеликте муктаж окуучуларга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Үй шартында билим алган окуучуларга шарт түзүү боюнча көзөмөл жүргүзүлдү. Райондук саламаттык сактоо мекемелери менен биргеликте жугуштуу ооруларды, анын ичинде кургак учукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 3-декабрь — Эл аралык майыптар күнүнө карата билим берүү уюмдарында тарбиялык жана социалдык колдоо иш-чаралары өткөрүлдү.
Ата-энелер жана коомчулук менен кызматташуу
Ата-энелердин мектеп менен байланышын чыңдоо жана тарбиялык жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштер жүргүзүлдү. Ата-энелер комитеттери жана Көзөмөлчүлүк кеңештер менен биргеликте иштер жүргүзүлдү. Ата-энелер мектебинин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү. Үй-бүлө менен мектептин кызматташтыгын күчөтүү боюнча жолугушуулар, жыйындар жана түшүндүрүү иштери уюштурулду.
Инфраструктура, каржылоо жана социалдык колдоо
— Соңку мезгилде мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан бөлүнгөн каражат билим берүү тармагынын физикалык абалын бир топ жакшыртты. Алсак, К. Акматалы атындагы мектепте 150 орундуу кошумча корпус курулууда. А. Койчуманов атындагы мектепте 43 млн сомго, Ч. Асеков атындагы мектепте 23 млн сомго капиталдык ремонт жүргүзүлдү. Ой-Терскен инновациялык мектебинин курулушу аяктоодо. К. Тыналиев (220 орундуу, 2012-жылдан бери токтоп турган), Большевик айылындагы (120 орундуу) бала бакчалардын курулушу кайра жанданды. Ремонт иштерине республикалык бюджеттен 3,84 млн сом, ал эми айыл өкмөттөрүнөн 2,65 млн сом бөлүнгөн.
Сөз соңу
Ат-Башы районунда билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу боюнча жигердүү аракеттер көрүлүүдө. Бирок реформалардын ийгилиги, албетте, төмөнкү кадамдардан көз каранды:
Эмгек өргүүсүнөн кийин 1-, 2-, 5- жана 7-класстардын мугалимдери үчүн практикалык курстарды сапаттуу өткөрүү. Методисттерге автоунаа бөлүнүшү оң көрүнүш, эми алардын мектептерге баруу графигин максималдуу натыйжалуу пайдалануу зарыл. Кермалиев атындагы мектеп сыяктуу күчтүү мектептердин жана STEM багытында өзгөчөлөнгөн мугалимдердин тажрыйбасын район боюнча «кластердик» ыкмада жайылтуу зарыл экенин айтып кетүү парз.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды).
Комментарийлер