АТ АРЫТЫП, АШУУ АШКАН АГАРТУУЧУЛАР: «АЛТЫН КАЗЫК» ЭМНЕНИ ӨЗГӨРТТҮ?

  • 30.06.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги өлкөнүн билим берүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү максатында масштабдуу реформаларды чектөөсүз улантууда. Бул багыттагы эң негизги стратегиялык кадамдардын бири 12 жылдык мектеп тутумуна өтүүсү болду. Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту 29-июнда ордо калаабызда «Мугалим – өзгөрүүнүн өзөгү» аттуу педагогдордун республикалык форумун өткөрдү. Иш-чарада «Алтын казык» программасынын негизинде 12 жылдык билим берүүгө өтүү реформасынын алкагында бир жылда аткарылган иштердин жана тренерлердин рейтингинин жыйынтыгы чыгарылып, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, алдыңкы педагогикалык тажрыйбалар, инновациялык идеялар менен бөлүшүштү.

Бул реформа – жөн гана окуу мөөнөтүн узартуу эмес, бул билим берүүнүн мазмунун, методологиясын жана мугалимдердин кесипкөйлүгүн түп тамырынан бери жаңылоо. Программаны ишке ашыруунун алкагында институт тарабынан төрт негизги этаптан турган ири тутумдуу иш жүргүзүлдү:

  1. Тренерлерди даярдоо;
  2. Мугалимдерди окутуу;
  3. Кайтарым байланыш орнотуу;
  4. Сертификациялоо.

Реформанын ийгилиги алгач мугалимдерге багыт көрсөтө турган тренерлердин деңгээлинен көз каранды. «Алтын казык» программасынын алкагында өлкө боюнча атайын тандоодон өткөн күчтүү тренердик курам түзүлдү.

Географиялык өзгөчөлүктөр жана муктаждыктар эске алынып, тренерлер төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Бишкек шаары – 47 тренер;
  • Чүй облусу – 67 тренер;
  • Ысык-Көл облусу – 44 тренер;
  • Талас облусу – 20 тренер;
  • Нарын облусу – 32 тренер;
  • Жалал-Абад облусу – 105 тренер;
  • Ош облусу – 122 тренер;
  • Баткен облусу – 32 тренер.

Багыттар боюнча алганда, башталгыч мектептер үчүн 195 тренер, табигый илимдер багыты боюнча 89 тренер жана математика предмети боюнча 90 тренер, англис тили предмети боюнча 95 тийиштүү адистер даярдыктан өтүштү.

12 жылдык билим берүү тутуму боюнча бир жылда 28913 мугалим окуудан өтсө, 19200 мугалим сертификацияланган. Багыттар боюнча ала турган болсок, башталгыч мектептин 10434 мугалими, математика сабагынан 5352 мугалим, табигый илимдер боюнча 7651 мугалим жана 5727 англис тили мугалими окуудан өтүшкөн.

Программанын алкагында ар бир тренердин ишмердүүлүгү, анын ичинде мугалимдерге билим берүү усулдары, кайтарым байланыштын сапаты атайын критерийлер менен бааланды. Түзүлгөн рейтингдин негизинде облустар боюнча эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон, реформанын жүгүн ишенимдүү аркалаган алдыңкы тренерлер аныкталды. Эң алдыңкы орундарды мектепте реалдуу сабак берген практик мугалимдер ээледи.

Өлкө боюнча мыкты көрсөткүч көрсөткөн тренерлердин толук курамы:

Бишкек шаары:

Уулбүбү Акжолова – Башталгыч мектеп

Назгүл Султанбаева – Башталгыч мектеп

Элзат Жолболдиева – Башталгыч мектеп

Ош шаары:

Гүлзада Камаридин кызы – Англис тили

Ибрагим Амирбеков – Математика

Данакан Топчубаева – Табигый илимдер

 Баткен облусу:

Рахат Нурбаева – Табигый илимдер

Гүлзада Абдикаримова – Математика

Дилмурат Абдуллаев – Математика

Жалал-Абад облусу:

Абдувахид Маматкулов – Математика

Үмүткан Эгизбаева – Башталгыч мектеп

Нигора Хайдарова – Англис тили

Нарын облусу:

Астра Асаналиева – Башталгыч мектеп

Чолпон Сагынбаева – Башталгыч мектеп

Данакан Топчубаева – Табигый илимдер

Талас облусу:

Бактыгүл Алымбекова – Табигый илимдер

Кенжекүл Исмаилова – Англис тили

Азия Жаманкулова – Табигый илимдер

Чүй облусу:

Асыл Кожомбердиева – Математика

Улан Абыкеев – Табигый илимдер

Аксана Зарылбек кызы – Англис тили

Ысык-Көл облусу:

Гүлжан Дүйшеева – Математика

Лена Кенжебаева – Табигый илимдер

Залина Үсөнова – Англис тили

Видеосабак:

Динара Байжигитова

Айдана Медетбекова

Аида Абдиева

 

«РЕФОРМАНЫН БАШАТЫНДА ТУРГАН ПРАКТИК МУГАЛИМДЕРДИН ЛИДЕРЛИК ДЕҢГЭЭЛИ ӨСТҮ»

Алмазбек Токтомаметов, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору:АТ АРЫТЫП, АШУУ АШКАН АГАРТУУЧУЛАР: «АЛТЫН КАЗЫК» ЭМНЕНИ ӨЗГӨРТТҮ?

— Былтыр Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу иш жүзүндө 12 жылдык билим берүү тутумуна өттү. Бул масштабдуу кадам жаңы окуу китептерин басып чыгаруу, мамлекеттик стандарттарды даярдоо жана мугалимдерди кайра даярдоо сыяктуу чоң жоопкерчилик менен коштолду.

Бүгүнкү республикалык форумдун негизги максаты – бул багыттагы окутуу кандай жүргөнүн, кандай тоскоолдуктар жаралганын, аларды кантип жеңгенибизди жана кандай ийгиликтерге жетишкендигибизди ортого салуу. Учурда форумга өлкөнүн чар тарабынан 130дан ашык өкүл келип катышууда, андан сырткары жүздөгөн кесиптештерибиз онлайн кошулду.

Биз даярдык иштерин мурда эле баштаганбыз. Алгач 88 мастер-тренерди окутуп, алар жыл бою математика жана табигый илимдер (физика, химия, биология, география) багытындагы 16 миңге жакын мугалимге көмөк көрсөтүштү. Кийинчерээк жаңы окуу программалары менен китептердин негизинде иштөө үчүн дагы 400-500дөй мастер-тренер даярдалды. Алар беш негизги багыт боюнча – башталгыч жана жогорку класстардын математикасы, табият таануусу, ошондой эле англис тили мугалимдерин окутуп чыгышты.

Албетте, башында кыйынчылыктар аз болгон жок. Эң биринчи кезекте, айрым мугалимдердин мындай кескин өзгөрүүлөргө психологиялык жактан даяр эместиги же жаңылыкты кабыл алгысы келбегени байкалды. Экинчиден, окуу китептеринин басылышы кечеңдеп, окуу жылынын башында календардык-тематикалык пландарды түзүүдө бир топ убаракерчилик жаралды. Китеп жетишпегендиктен, кошумча окуу куралдарын колдонууга туура келди. Бирок жер-жерлерде бул маселелерди ийгиликтүү чече алдык.

Учурда мастер-тренерлерибиз өз презентацияларын сунуштап жатат. Алар ошол тоскоолдуктарды кантип жеңип өтүшкөнү тууралуу реалдуу окуялары менен бөлүшүүдө. Баса белгилей кетчү нерсе, бүгүнкү мугалимдер, методисттер жана мастер-тренерлер – бир жыл мурунку адамдар эмес. Алар кесиптик жана инсандык жактан такыр башка деңгээлге көтөрүлүштү. 12 жылдык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана анын өлкө келечеги үчүн маанисин терең түшүнүп, лидерлик сапаттарын өнүктүрүштү.

Бул форумда аймактардан келген катардагы мугалимдер да өздөрүнүн реалдуу тажрыйбалары менен бөлүшүп жатышабы? Практик мугалимдердин үнү угулуп жатабы?

— Албетте! Биз мастер-тренерлердин арасында атайын рейтинг жүргүзгөнбүз. Натыйжада, эң алдыңкы орундарды мектепте реалдуу сабак берген практик мугалимдер ээледи. Бүгүн келип өз тажрыйбасын ортого салып жаткандар – дал ошол мугалимдик менен катар мастер-тренерликти ийгиликтүү айкалыштыргандар. Мектептин турмушун ичинен билген мугалимдердин мыкты тренер болууга мүмкүнчүлүгү да, таасири да жогору болот, анткени алар – накта практиктер.

Форумдан сырткары да биз алдыңкы мугалимдердин тажрыйбасын жайылтуу багытында үзгүлтүксүз иштеп жатабыз. Мисалы, буга чейин республикалык деңгээлде «Гран-при» сыйлыгын алган Ош облусунан Назгүл Каныбек кызынын жана Каракол шаарынан Асанова аттуу мугалимибиздин алдыңкы ыкмаларын өлкө боюнча жайылттык. Мындан сырткары, биз окуткан 30 миң мугалим жаңы методиканын негизинде өткөн сабактарынан үзүндүлөрдү жөнөтүштү. 20 мугалим атайын видеосабактарды тартып беришти, алар учурда биздин порталда турат.

Бул практиктер кошумча жүк алып, мастер-тренер болуп иштеп жатышат. Алардын эмгеги материалдык жактан кандай бааланат?

— Каржы маселесине келсек, мурунку жылдары эл аралык долбоорлордун колдоосу менен тренерлерге акы төлөнүп келген. Бирок кийин каржылоо токтоп калгандыктан, бул жүктү негизинен жер-жерлердеги методисттер көтөрүүгө туура келди. Методисттер кээде өздөрүнүн профилине туура келбеген учурлар болгондо, биз мектептердеги алдыңкы мугалимдерди көмөккө чакырдык.

Эң чоң кыйынчылык ушунда болду – аларга кошумча айлык төлөнгөн жок. Болгону жол киреси жана кеңсе товарлары гана каржыланды. Муну компенсациялоо үчүн биз учурда аларга моралдык колдоо көрсөтүү, ар кандай сыйлыктарды жана наамдарды берүү маселесин карап жатабыз. Андыктан келечекте материалдык стимулдаштыруу жолдорун да караштырабыз.

Бирок маселенин экинчи жагы бар: түз каржылык пайда албаганы менен, бул адистер бир жыл ичинде профессионалдык жактан зор бийиктикке жетишти. Алар өз райондорунда кадыр-баркка ээ болуп, күчтүү команда кура алышты. Азыр өлкөдө жүрүп жаткан реформанын алкагында ири аймактык методикалык борборлор түзүлүп жатат. Биздикиндөй тажрыйбалуу мастер-тренерлер ал жердеги сынактарга катышканда эч кыйынчылыксыз өтө алышат. Бул дагы алардын кесиптик келечеги үчүн чоң мүмкүнчүлүк.

 

«АРГАСЫЗДАН АТ МИНИП ЖОЛГО ЧЫККАН КҮНДӨРҮБҮЗ БОЛДУ»

Акылбек уулу Курстанбек, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу, мастер-тренер:АТ АРЫТЫП, АШУУ АШКАН АГАРТУУЧУЛАР: «АЛТЫН КАЗЫК» ЭМНЕНИ ӨЗГӨРТТҮ?

Саламатсызбы! Мастер-тренерлик кызматта иштеп жатканыңызга канча убакыт болду жана жалпы иш тажрыйбаңыз тууралуу айтсаңыз?

— Саламатчылык. Жалпы тренерлик стажым төрт жылга чукулдап калды. Ал эми 12 жылдык билим берүү системасы боюнча иш алып барганыма бир жылдын жүзү болду. Бул убакыт ичинде бир топ оң өзгөрүүлөрдү байкадык. Түзүлгөн жаңы шарттардын аркасында окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу артып, мугалимдер да өз сабактарын заманбап, натыйжалуу ыкмалар менен өтө башташты.

Жаңы системага өтүүдө мугалимдер жана коомчулук тарабынан кандай кооптонуулар болду? Түшүнбөстүктөрдү кантип чече алдыңыздар?

— Туура айтасыз, коомчулукта эң көп берилген суроолордин бири ушул убакыт маселеси болду. Көпчүлүк: «11 жыл араң окуп жатышса, 12 жылдыктын эмне кереги бар? Бала мектептен тажап кетпейби?» — деп кооптонушту. Чындыгында, бул жерде убакыт жагынан эч кандай деле айырма жок. Мурдагы «нөлүнчү класс» же мектепке чейинки даярдоо тайпасы азыр жөн гана 1-класс болуп өзгөрдү. Башкача айтканда, окуу мөөнөтү узарган жок.

Биз элге негизги максатты түшүндүрүүгө аракет кылдык. Дүйнө жүзү менен теңтайлашуу үчүн 12 жылдык билим берүү тутуму бизге аба менен суудай зарыл. Себеби, биздин бүтүрүүчүлөрдүн 11 жылдык аттестаты менен өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы университеттерине түз кирүү мүмкүнчүлүгү чектелип калчу. Муну туура аңдап билгенден кийин, мугалимдер да жаңылыкты жылуу кабыл алышты.

Сиз усулчулуктан сырткары мектепте мугалим да болуп иштейт экенсиз. Айлык акы жагы кандай болуп жатат?

— Ооба, мен усулчулук менен бирге мугалимдик кесипти да кошо аркалап келем. Кудайга шүгүр, айлык маселеси абдан жакшы. Эки жумуштан тең өз убагында акыбызды алабыз. Акыркы мезгилде мугалимдердин эмгек акысы аябай сонун көтөрүлдү, ошондуктан бул жаатта эч кандай көйгөй жок.

— Базар-Коргон районунун алыскы, тоолуу аймактарындагы мугалимдер менен иштешүүдө кандай кыйынчылыктар болду?

— Ооба, муну жашыруунун кереги жок, реалдуу кыйынчылыктар болду. Биз райондун борборунан 60тан 100 чакырымга чейинки алыскы айылдарга барып жаттык. Жол катаал, машина каттабаган аймактар бар. Өзгөчө кыш айларында калың кар жаап, жолдор жабылып калганда кыймыл токтоп калат. Мына ушундай учурларда аргасыздан ат минип жолго чыккан күндөрүбүз болду.

Мисалы, Жай-Терек деген тоолуу айылдагы мектепке дал ушундай жол менен жеткенбиз. Албетте, жүздөгөн чакырымды ат менен баскан жокпуз, бирок машина өтө алгыс кыйын ашуулардан ушинтип өттүк. Бул биздин жумуштун эң кызыктуу жана унутулгус тажрыйбаларынын бири болуп калды.

Бүгүнкү форумдун атмосферасы кандай экен? Мындай иш-чараларды аймактарда да өткөрүү керекпи?

— Атмосфера абдан сонун, жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Бул жерде кесиптештер менен түз тажрыйба алмашып жатабыз. Мен бул форумдун моделин, тажрыйбасын аймактарга жайылтып, Ош, Талас сыяктуу башка аймактарда, жер-жерлерде өткөрүү сунушун толугу менен колдойм. Борборго келе албай калган канчалаган мугалимдерибизге да ушул тажрыйбаны жеткиришибиз керек.

 

«ЖАҢЫ КИТЕПТЕР МЕНЕН БАЛДАР АНГЛИС ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨЙ БАШТАШТЫ»

Айнура Джолборсова, Ноокен районундагы №24 Садат Мырзакматов атындагы мектептин англис тили мугалими, улуттук деңгээлдеги тренер:АТ АРЫТЫП, АШУУ АШКАН АГАРТУУЧУЛАР: «АЛТЫН КАЗЫК» ЭМНЕНИ ӨЗГӨРТТҮ?

Айнура айым, мугалимдердин ушул форуму Сизге кандай таасир калтырып жатат?

— Атмосфера абдан сонун! Мындай форумдар бизге, мугалимдерге аба менен суудай зарыл. Анткени, бул жерде кесиптештер менен тажрыйба алмашып, көйгөйлөрдү ачык талкуулап жатабыз. Өзгөчө азыр 12 жылдык билим берүү системасына жаңы өткөндүктөн, бул тема кызуу талкууланууда.

Бул жерде кайсы региондун мугалимдери менен пикир алышуу өзгөчө эсте калды?

— Чынында, баланча регион деп бөлүп айта албайм. Бул жерге өлкөнүн эң мыкты, тажрыйбалуу адистери чогулуптур. Алардын көбү менен былтыр июль айындагы тренингден бери таанышмын. Ал кезде жаңы методика жана жаңы окуу куралдарынын авторлору менен бирге иштешкенбиз. Демек, бул биздин алгачкы эмес, кезектеги жемиштүү жолугушуубуз десем болот.

Бир жыл бою жаңы система, жаңы китептер менен иштеп көрдүңүздөр. Мугалим катары кандай жыйынтыктарды байкай алдыңыз?

— Ооба, жыйынтыктар жаман эмес. Жаңы киргизилген китептер абдан кызыктуу экен – ичи толо түстүү сүрөттөр, аудио тректер бар. Мурун биз сабакты кадимки эле эски ыкма менен өтсөк, азыр балдарды кызыктырууга, топтордо иштетүүгө басым жасап жатабыз. Эң башкысы – окуучулар теориялык билимди жөн эле жаттап албастан, аны күнүмдүк жашоодо колдонууну үйрөнүшүүдө.

Азыр балдар аудио материалдарды угуп, чет элдиктердин акценти менен туура сүйлөөгө аракет кыла башташты. Бул чоң жылыш. Жыйынтыгы да көп күттүргөн жок: менин окуучуларым ушул жаңы китептердин жардамы менен олимпиадаларга катышып, райондук, облустук турларда байгелүү орундарды ээлешти.

Мурун «Мектепте 6-7 жыл англис тилин окуп, бирок беш-алты сөз гана билип калышат» деген сын-пикирлер көп айтылчу эле…

— Туура айтасыз, мурун «Англис тилин окутасыңар, бирок балдар эмнеге сүйлөй алышпайт?» деген дооматтар көп болчу. Азыр болсо прогресс байкалып жатат. Балдар тилди өз турмушунда колдоп, эл аралык сынактарда, конкурстарда ийгиликтерди жаратууда. Демек, биз туура багытта баратабыз.

Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер