АРЫШЫН АЛГА ТАШТАГАН МЕКТЕП

  • 11.02.2022
  • 0

Мага тарбия берген асыл адамдарга өмүрүм өткүчө рахмат айтсам да аздык кылаар. «Улуу иш, ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры аныкталат» — деп Белинский да бекеринен айтпаса керек. Кыйын кезеңде кыргыздын оорун колдон алган, даанышман даткалар мекендеген, алыскы Алайдын борбору Гүлчөгө чектеш, чакан «Чакмак» аттуу айыл бар. Сөз ошол айылда жайгашкан мектеп жөнүндө болмокчу.

Мектеп 1998-жылдан бери Молдокулов Сары абанын атын алып жүрөт. Сары Молдокулов 1925-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Согуш жана эмгек ардагери, коомдук ишмер. 1963-жылы Кыргызстан КП БКнын алдындагы советтик-партиялык мектепти, К.Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн. Эмгек жолун колхоздо бухгалтер болуп иштөө менен баштаган. 1942-жылы Советтик армиянын катарына чакырылып. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Жеңишти Чехословакияда тоскон. 1945-1949-жылдары «Ынтымак колхозунда бухгалтер, 1950-1958-жылдары «Андреев» (мурунку Ынтымак) колхозунун төрагасы, 1963-1967-жылдары Алай райондук керек-жарак коомунун төрагасы, 1967-1973-жылдары «Правда» колхозунун төрагасы, 1973-1974-жылдары партиянын Алай райкомунун бөлүм башчысы, 1974-1979-жылдары Алай керек-жарак коомунун төрагасы, 1979-1986-жылдары Алай райондук мамлекеттик камсыздандыруу бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген. Сары Молдокулов Улуу Ата Мекендик согуштагы жана эмгектеги каармандыктары үчүн I, II даражадагы ордендери, Эмгек Кызыл Туу ордени, «Жеңиш» медалы, В.Лениндин 100 жылдыгынын медалы менен сыйланган. Сегиз баланы чоңойтуп өстүргөн. Азыркы күндө өз кесиптери боюнча облус, районубузда эмгектенип жатышат.

АРЫШЫН АЛГА ТАШТАГАН МЕКТЕП

«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» — демекчи, Сары Молдокуловдун ысымын жакшы жактан таанытууга белсенип, Гиппократтын антын беришпесе да агартуу тармагына өмүрүн арнап, келечек муундун сабатын жоюп, түрдүү кырдаалдарга моюбаган эмгек жамааты “Чыгармачыл мугалимден – чыгармачыл жамаатка» деген ураандын алдында эмгектенип келишет. Көч башында Асанов Урустам – мектепти 2019-жылдан бери жетектеп келет.

Мектептин «кыймылдаткыч күчү» – окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары – Чокоева Айнур, уюштуруучу Момонова Жазгүлдүн жетекчилиги астында коллектив алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет.

Башканы коюп Манасты айт демекчи, алыс барбай берээги он жылдан, тагыраагы мен эмгектенип баштаган мезгилден берки алгылыктуу иштер оголе көп десем жаңылышпайм. Эл агартуунун мыктылары: Жороева Рахат, Амиразаева Атимбү, Асанов Урустам, Мусаева Чолпон, Жусупова Хакы ж.б чыгармачыл мугалимдер жамаатка үлгү болуп, иштин алга жылышына түрткү болушат.

Агартуунун мыктысы деп аты айтып тургандай бир адамды баса белгилеп кетпесе болбос. 2009-2018-жылдары мектепти жетектеген, мыкты мугалим, мыкты инсан, мыкты аял-эне, мыкты насаатчы, уюштуруучу, адамгерчиликтүү сапаттардын ээси, жаза берсе сөз түгөнбөөчүдөй эжеке – Жороева Рахат. Жаштарга акыл-насаатын айтып, көп жылдык эмгек, турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, мектепти алга сүрөп келатат.

Эжекенин демилгеси менен мектептин чатыры, полу жаңыланган. МЕРСИКО уюму менен 2016-жылы келишим түзүлүп, башталгыч класстын окуучулары ысык тамак менен камсыздалган. Жумуш, балдар дегенде ичкен ашын жерге койгон эжеке азыр да дем, күч менен билим берип келе жатат.

 

2019-жылдан бери мектепи Асанов Урустам Осмонович жетектейт. Агай 17, 18 жыл окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Азыр да ошонусун кое бербей билим сапатын биринчи орунга коюп, жаңылануу, технология доорунда жашап жатканыбыз үчүн, билим берүүгө, мугалимдер үчүн бардык шарттарды түзүп берген. Спонсорлор менен жогорку деңгээлде иш алып барат. Кааналарыбыздын жасалгасы мактанаарлык. Акыркы үлгүдөгү телевизорлор ар бир каанада, эки каананын парталары бүтүрүүчүлөрдүн жардамы менен жаңыланды. АГА ХАН фондунан проектор, ноутбук, телевизор тартылды.

МЕРСИКО уюму тарабынан даана көчөт алынып, какыраган сайга, окуучулардын, ата-энелердин, эмгек жамааттын жардамы менен бак уюштурулуп, бүгүнкү күндө мөмөсүн берип калды.

Жогорудагы уюмдун колдоосу менен мектептин ашканасына заманбап үлгүдөгү жабдыктар алынып келинген. Мисалы: тамак жасоочу плита, нан бышыруучу духовка, муздаткыч, мөмө-жемиштерди кургатуучу аппарат жана башка керектүү нерселер бар. Өзүбүздүн бактын мөмөсүнөн балдарыбыз компот ичип жатат.

Мектепке кошкон салымы

Меккеге барган кадамы-дегендей балдар алардын келечеги үчүн ата-эне эмнелерди гана кылбайт. 2018-2019-окуу жылында өткөрүлгөн сектордук чогулушта мектептин материалдык базасын чыңдоого:

  1. Максутов Муса — 3400
  2. Мамбетов Бакыш — 4500
  3. Назаркулов Мурат — 4300
  4. Бекетаева Бурулкан — 3000
  5. Бусурманкулова Кеңешкан — 4700
  6. Осмонкулов Бакыт — 16130
  7. Карагулов Ажимамат — 4000
  8. Абдылдаев Капар — 5500
  9. Назаркулов Касым — 2000

жалпы 40730 сом менен кааналар жасалгаланды.

Бүтүрүүчү класстардын ата-энелеринин, мугалимдердин көмөгү менен мектепке суммасы 19990 сомдук түстүү принтер алынды.

Спорт аянтчасына түшүүчү жол кооптуу болчу. Айыл аксакалы
Максутов Муса, Борчиев Нуридиндин колдоосу жана өздүк салым менен жол ремонттолуп, коопсуз жайга айланды.

Жылуу сүйлөсө жылан да ийнинен чыгат тура. Жетекчибиздин демөөрчүлөр менен эле иш алып баруусу – мектепке жалпы суммасы 91210 сомдук кирешени түздү. Аты аталбай, бирок ат көтөргүс жардам берген жарандарыбыз да жок эмес. «Май кармаган бармагын жалайт» — дегендей үзүрүн балдар, биз көрүп жатабыз.

Эмгек, талыкпаган эмгек гана адамды эрезеге, ийгиликке жетелээри шексиз. Мектеп, район, облустагы иш-чараларга да эмгек жамаат активдүү катышат. Маселен химия мугалими — Жанибекова
Рахат «Жыл мугалими» конкурсунда, Улан Примовдун демилгеси менен уюшулган «Мугалим -2» долбоорунда байгелүү орунга чыкты. Албетте мектеп жамаатынын колдоо, коштоосу менен. Мындай мисалдар оңдоп саналат. Чыгармачыл мугалимден, чыгармачыл жамаатка ынтымакта баратканыбыздын белгиси деп ойлойм.

Убагында айтпаса сөз атасы өлөт  – туура. Дагы бир келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш мугалим –
Маматов Кубандыкты сыймыктанып жазам. Мектептин атагын район, облуска чыгарып, олимпиададан байгелүү орунга чыгарып келет.

«Мугалим-2» долбоорунун алкагында мектептин материалдык-техникалык базасын чындоодо демөөрчүлөрдүн эмгеги чоң. 2020-2021-окуу жылында эле демөөрчүлөрдүн 434 миң сом акча каражаты тартылган. Бул сумманын артында билинбеген канча эмгек жатат… Гүлчө айыл өкмөтү да мектептин айланасын жарыктандырып, видеокөзөмөл тургузуп, суу тарттырып берип жатат. Бул – балдардын келечеги үчүн бардык шарт түзүлгөн дегендик.

Олимпиадалардан байгелүү орундарга жетишкен окуучулар биздин сыймыгыбыз. ЖРТдан да жогорку балл алган окуучуларыбыз ЖОЖ жайларда бюджеттик негизде окуп, түрдүү тармактарда элибизге кызмат кылып келет. Мугалим – мөмөлүү дарак. Мөмөсү менен, кайсы жерде болбосун, сыймыктанган кесиптештерим дагы деле болсо талыкпай билим, тарбия берүүдө. Окуучундун жетишкендиги, акыбетиңдин кайтканы эмеспи.

Мугалим мүнүшкөр болсо, окуучусу алгыр болоору шексиз.

Өзүм эмгектенип жаткан мектебим тууралуу кыскача баянымды заманыбыздын залкар инсаны, коомдук ишмер Исхак
Раззаковдун: «Өмүр өтөт, өлүм болсо татаал. Туулдуң, өлдүң. Өлбөй калуунун жолу барбы? Ал – эмгек. Эмгек гана адамды түбөлүк жашатат» — деген жанга жагым сөзү менен аяктагым келет.

Назира Асанова,
Алай районундагы №7 Сары Молдокулов атындагы мектеби

 

Бөлүшүү

Комментарийлер