«АРУУЗАТ»: ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ, ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ЗАМАНБАП ЧАКЫРЫКТАР
- 22.08.2026
- 0
Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ролу өлкөнүн келечегин түзүүдө абдан маанилүү. Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосу менен түптөлүп, жыл өткөн сайын калктын суроо-талабына жараша кеңейип келе жаткан Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында жайгашкан «Аруузат» бала бакчасы — элет жеринде сапаттуу билим берүүнүн үлгүлүү очокторунун бири. Аны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин “Профсоюздун мыктысы” төш белгисинин ээси, айылдын ардактуу атуулу Жаңыл КАДЫРОВА жетектейт.

Мекеменин тарыхы жана бүгүнкү абалы
Бала бакчанын түзүлүү тарыхы жана инфраструктурасы бир нече маанилүү этаптардан өткөн. 2009-жылы АӨБнын каржылоосу менен 25 орундуу бала бакча ачылып, алгачкы пайдубалы түптөлгөн. 2013-жылы айыл элинин суроо-талабынын өсүшүнө байланыштуу, жергиликтүү тургун Асаналиев Малдыбайдын менчик үйүндө дагы 25 орундуу кошумча тайпа ачылып, ушул күнгө чейин иштеп келе жатат. 2025-жылы бала бакчанын ашканасынын базасында кенже тайпа ачылган. Учурда бул мекемеде 28 кызматкер эмгектенип, 3 тайпада 62 бала тарбияланууда.


Жететекчинин кесиптик жолу жана башкаруучулук тажрыйбасы
Бала бакчанын ийгилиги көбүнчө анын жетекчисинин тажрыйбасына жана кесипкөйлүгүнө байланыштуу болот эмеспи.
Жаңыл Кадырова эмгек жолун Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык оорукананын №115 бала бакчасынан баштаган. Ал 1987–1999-жылдары В.И.Ленин атындагы (азыркы А.Осмонов атындагы) Улуттук китепканада эмгектенген. Кийин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу айылга көчүп келип, 2009-жылдан бери аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тарбиячылык кызматты аркалаган. Кошумча түрдө профсоюз уюмунун төрайымы милдетин да аткарып келди.

Жаңыл Кадырова иштин көзүн билген, ишгтерман, кесипкөй адис. Анын ийгилик жаратып келген көрсөткүчтөрүн, балага мээримин төгө билгенин жергиликтүү бийлик жетекчилери байкап, ага ишеним көрсөтүп, 2024-жылдан баштап бала бакчанын директору болуп дайындалган. Ошондон бери мекемени ийгиликтүү башкарып келе жатат.

Ал бактылуу эне, 2 кыз, 2 уулдун мээримдүү, камкор энеси, 8 неберенин ардактуу чоң апасы-таенеси. Өмүрлүк жолдошу Дүйшөн Абышовдун колдоосу менен башкайындык бөбөктөрдүн өнүгүп-өсүшүнө зор салым кошуп келатканын айылдыктар баса белгилеп жүрүшөт. Анын эмгеги жерде калган жок. Ж.Кадырова Билим берүү жана илим министрлигинин, райондук, облустук администрацияларынын Ардак грамотасынын ээси. “Санарип мугалим” курсунан билимин өркүндөтүп, Ташкентке жолдомо утуп алган.


Миссия жана билим берүү багыты
Бакчанын негизги миссиясы — балдарга сапаттуу тарбия жана билим берүү аркылуу алардын чыгармачылык жөндөмүн арттыруу, мекенчил, адептүү, өз алдынча ой жүгүртө алган инсанды тарбиялоо.

Ар бир баланын жеке өзгөчөлүгүн эске алуу менен таанып-билүүчүлүк, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн, физикалык жана социалдык-эмоционалдык өнүгүүсүн камсыз кылуу.

12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө жана жаңы мамлекеттик стандартка байланыштуу, 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өстүрүү мазмуну жаңыртылып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында тарбиячылар тренингдерге катышып келишет.
Инновациялык ишмердүүлүк жана коомчулук менен байланыш
Бала бакча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ата-энелер жана коомчулук менен тыгыз кызматташып, балдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө.

— “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолун улоо программасынын негизинде райондук масштабда семинар өткөрүлдү. Улуттук оюндарды жандандыруу максатында «Чүкө оюну», улуттук оюнчуктар: «Чий куурчак» жана жүндөн топ балдардын өздөрүнүн колу менен жасалып, STEAM багытында сабактар өтүлүүдө, — дейт бала бакчанын директору.

2025-2026-окуу жылдын жыйынтыгы чыгарылып, кызматкерлердин шыгын арттыруу максатында “Мыкты тарбиячы” жана “Мыкты кызматкер” конкурсу өткөрүлдү. Директордун демилгеси менен бул сынактарды жыл сайын өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.
Бала бакча — балалыктын алтын уясы жана келечекке кадам
Бала бакча — бул баланын үй-бүлөдөн кийинки эле босогосун аттаган биринчи чоң жамааты, билим жана тарбия очогу эмеспи. Дал ушул жерде наристенин инсан катары калыптануусу башталгыч этаптан өтүп, социалдашуу көндүмдөрү өөрчүйт.

— Бала курбулары менен баарлашып, достошууга, пикир алышууга жана жамаатта жашоо эрежелерин үйрөнөт. Оюн түрүндөгү сабактар аркылуу ой жүгүртүү, логика, сүйлөө тили, санап билүүнүн негизги көндүмдөрү калыптанат. Музыка, сүрөт тартуу, дене тарбия жана бий сабактары баланын чыгармачыл жөндөмүн жана ден соолугун чыңдайт. Үйдөн тышкары өз алдынча тамактануу, кийинүү жана буюмдарын топтоо сыяктуу турмуштук көндүмдөрдү өздөштүрөт, — дейт Жаңыл эжей.
Сөз соңу
Бала бакчага көнүү процесси кээде балдар үчүн да, ата-энелер үчүн да сыноо болушу мүмкүн. Бул мезгилди жеңилдетүү үчүн баланы бала бакчага даярдоодо алдын ала режимге көндүрүп, бакча тууралуу позитивдүү гана пикирлерди айтып, анын коркунучтарын сейилдөөгө аракет кылуу ар бир ата-эненин милдети. Жыйынтыктап айтканда, бала бакча жөн гана балдарды карап туруучу жай эмес, бул — ар бир баланын келечектеги ийгилигинин түптөлүүчү фундаменти. Бул жерде алар алгачкы достуктун кадырын билип, жашоодогу чоң жолго аттанышат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды).
Комментарийлер