«АР-НАМЫСТУУ АДАМ»: БИЛИМ МЕНЕН БААЛУУЛУКТУ АР БИР САБАКТА АЙКАЛЫШТЫРУУ
- 29.10.2026
- 0
Маариф окуучусунун профили, предметтик интеграция жана эл аралык тажрыйба
Макалада Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүсүнүн Мамлекеттик стандартында белгиленген жети баалуулукту борборунда «Ар-намыстуу адам» турган бирдиктүү тарбиялык-дидактикалык модель аркылуу калыптандыруу маселеси каралат. Билим маанисин жоготкон жок, бирок билимдин өзү эле окуучуну жооптуу, чынчыл, боорукер жана жаратман жаран кылууга жетишсиз. Баалуулук сөз же ураан аркылуу эмес, окуучу жасаган тандоо, биргелешкен аракет, турмуштук милдет жана рефлексия аркылуу өздөштүрүлөт. Макалада ар бир предметтин мүмкүнчүлүгү, мугалимдердин жалпы жоопкерчилиги, мектептик иш-аракеттердин цикли, баалоонун коопсуз принциптери жана эл аралык далилдер сунушталат. Модель класс жетекчисинин өзүнчө иш-чарасын эмес, бүтүндөй мектептин күн сайын кайталанган маданиятын көздөйт.
Киришүү: билим жетиштүүбү?
Бүгүн мектепке карата талап өзгөрдү. Окуучу маалыматты эстеп калуу менен эле чектелбестен, аны талдап, жооптуу чечим кабыл алып, башка адам менен кызматташып, белгисиз кырдаалда өз багытын таба билиши керек. Санариптик технология жана жасалма интеллект маалыматка жетүүнү жеңилдетти, бирок чындыкты жалгандан ажыратуу, авторлукту урматтоо, өзүнүн жана башканын кадыр-баркын сактоо сыяктуу моралдык жоопкерчиликти мурдагыдан да маанилүү кылды.
Ошондуктан «билимби же жумшак көндүмбү?» деген тандоо туура эмес коюлган суроо. Билимдин ордун жумшак көндүмдөр баспайт, тескерисинче, билимди пайдалуу, жооптуу жана адамгерчиликтүү ишке айлантуучу көпүрө – ошол көндүмдөр жана баалуулуктар. OECDнин “Learning Compass 2030” стандарты окуучунун келечекке даярдыгын билим, көндүм, мамиле жана баалуулуктун биримдиги катары түшүндүрөт. Анда окуучунун өз алдынча багыт тандашы жана жеке-коомдук жыргалчылык үчүн жоопкерчилик алышы негизги орунда турат [2].
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы №131 токтому менен бекитилген жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик стандарты да компетенттүүлүккө негизделген натыйжаны жана жети негизги баалуулукту белгилейт [1]. Демек, баалуулуктар тарбиялык сааттын кошумча темасы эмес. Алар билим берүүнүн расмий максаты жана ар бир предметтик натыйжанын адамдык багыты болуп саналат.
1. «АР-НАМЫСТУУ АДАМ» — баалуулуктарды бириктирген өзөк
«Ар-намыс» түшүнүгү адамдын ички абийирин, өз сөзүнө жана ишине жооп бере билишин, башка адамдын укугун жана кадыр-баркын сыйлоосун камтыйт. Ошондуктан «АР-НАМЫСТУУ АДАМ» — өзүн гана жакшы алып жүргөн окуучунун сүрөттөмөсү эмес. Ал далилге таянган, принциптүү чечим кабыл алган, эмгек кылган, жардам бере алган жана коомдук натыйжага салым кошкон инсандын интегралдык образы.
Модель төрт өз ара байланышкан 4 сапат аркылуу ачылат: акыл-эстүү, чечкиндүү, ак ниеттүү, активдүү. Бул төрт сапат Кыргыз Республкиасынын Мамлекеттик билим берүү стандартындагы жети баалуулукту күнүмдүк жүрүм-турумга которууга мүмкүнчүлүк берет.
| Баалуулук | Окуучунун байкалуучу аракети |
| Мекенчилдик | Өз өлкөсүнүн тарыхын, тилин, мурасын урматтайт, жергиликтүү көйгөйгө кайдыгер болбой, пайдалуу чечим сунуштайт. |
| Чынчылдык жана адилеттүүлүк | Маалыматты бурмалабайт, булакты көрсөтөт, тапшырмада жана баалоодо калыс эрежени карманат. |
| Жоопкерчилик | Тандоосунун кесепетин алдын ала ойлойт, милдетин мөөнөтүндө аткарат жана катасын оңдойт. |
| Боорукердик жана жан тартуу | Башканы угат, айырмачылыкты кемсинтпейт, жардамга муктаж адамды байкап, колдоо көрсөтөт. |
| Эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк | Натыйжага этап-этабы менен жетет, сапатты текшерет, өз эмгегин жана башканын эмгегин урматтайт. |
| Жаратылышка аяр мамиле жасоо | Ресурсту үнөмдөйт, экологиялык кесепетти эсепке алат жана айлана-чөйрөнү жакшыртуучу аракет жасайт. |
| Туруктуу өнүгүү принциптерин кармануу | Бүгүнкү чечимдин адамга, экономикага жана жаратылышка узак мөөнөттүү таасирин салыштырат. |

1-сүрөт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартындагы жети баалуулук.
1.1. Практикалык жана эл аралык үлгүлөр: Маариф окуучусунун профили
Баалуулуктарды бүтүндөй мектептик жараянга киргизүүнүн практикалык үлгүлөрүнүн бири — “Түркия Маариф” фонду тарабынан иштелип чыккан «Ар-намыстуу инсандын профили». Маарифтин эл аралык билим берүү программаларында окуучуну академиялык билимдин гана ээси эмес, өз билимин адамзаттын тынчтыгы жана жыргалчылыгы үчүн пайдалана алган жооптуу инсан катары калыптандыруу максаты коюлат. Профилдеги сапаттарды өзүнчө сабакта гана үйрөтпөстөн, мектеп турмушундагы бардык сабактар, иш-чаралар жана мамилелер аркылуу окуучунун инсандык сапатына айландыруу көздөлөт [9].
Кыргызстандын маданий жана билим берүү контекстине ылайыкташтырылган профилдин борборунда «АР-НАМЫСТУУ АДАМ» турат. Ал төрт өз ара байланышкан сапат аркылуу ачылат: акыл-эстүү – изденгич жана аң-сезимдүү; чечкиндүү – принциптүү жана жоопкерчиликтүү; ак ниеттүү – ишенимдүү жана мээримдүү; активдүү – жаратман жана иш билги, демилгелүү. Бул сапаттар окуучунун маалыматты талдоосунда, чечим кабыл алуусунда, башка адам менен мамиле түзүүсүндө жана билимин пайдалуу ишке айландыруусунда бирдиктүү көрүнөт.

2-сүрөт. «АР-НАМЫСТУУ АДАМ» моделинин төрт сапаты. Булак: “Түркия Маариф” фондунун «Ар-намыстуу инсан профиили» моделинин негизинде автор тарабынан кыргызчаланып, улуттук билим берүү контекстине ылайыкташтырылды [9].
Баалуулук окуучунун жаттаган аныктамасы менен эмес, «Эмне үчүн ушундай чечтим?», «Кимге кандай таасир берди?», «Эмнени далил катары көрсөтө алам?» деген суроолорго жооп берген аракетинен көрүнөт.
Маариф окуучусунун профили Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик стандартындагы жети баалуулук менен мазмундук жактан шайкеш келет. Чынчылдык жана адилеттүүлүк принциптүүлүк жана ишенимдүүлүк менен; жоопкерчилик чечкиндүүлүк жана өз сөзүнө туруу менен; боорукердик жана жан тартуу мээримдүүлүк менен; эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк жаратмандык, иш билгилик менен байланышат. Мекенчилдик, жаратылышка аяр мамиле жана туруктуу өнүгүү болсо аң-сезимдүү, жоопкерчиликтүү жана коомдук демилге көтөрө алган активдүү окуучунун аракетинен көрүнөт. Демек, төрт сапат жети баалуулукту байкалуучу жүрүм-турумга которуучу практикалык алкак катары кызмат кыла алат.
Бул моделдин педагогикалык күчү – бардык мугалимдер үчүн жалпы тил түзгөнүндө. Информатикада окуучу маалыматтын булагын текшерип, санариптик авторлукту урматтайт; математикада адилеттүү бөлүштүрүүнү эсеп менен негиздейт; адабиятта каармандын моралдык тандоосун талдайт; табигый илимдерде эксперименттин жыйынтыгын бурмалабай жазат; дене тарбияда адилет оюн эрежесин сактап, командасын колдойт. Ошентип, окуучунун профили тарбиялык иш-чаранын темасы эмес, ар бир сабакты долбоорлоонун критерийине айланат.
| Өлкө/модель | Негизги мазмун | Мектептик ишке ашыруу |
| International Baccalaureate (IB) | Изденүүчү, билимдүү, ой жүгүртүүчү, коммуникацияга жөндөмдүү, принциптүү, ачык көз караштагы, камкор, тобокелге даяр, тең салмактуу жана рефлексиячыл окуучу [10]. | Профиль академиялык натыйжадан кеңири коюлуп, бардык IB программалары аркылуу өнүктүрүлөт. |
| Сингапур | Урматтоо, жоопкерчилик, туруктуулук, чынчылдык, камкордук жана ынтымак – XXI кылымдын компетенттүүлүктөрүнүн өзөгүндөгү баалуулуктар [11]. | Баалуулук, социалдык-эмоционалдык көндүм жана жарандык жоопкерчилик бир системада берилет. |
| Финляндия | Ой жүгүртүү жана үйрөнүүгө үйрөнүү, маданий компетенттүүлүк, күнүмдүк жашоо, көп түрдүү сабаттуулук, санариптик, эмгектик жана туруктуу келечек компетенттүүлүктөрү [12]. | Универсалдуу компетенттүүлүктөр өзүнчө курс эмес: ар бир предметте окутулат, колдонулат жана бааланат. |
| Япония | Адамдын кадыр-баркын жана өмүрдү урматтоо, коомдук жоопкерчилик, салт-маданият, мекенчилдик, дүйнөлүк тынчтык жана айлана-чөйрөгө кам көрүү [13]. | Адеп-ахлактык билим атайын саат менен катар мектептеги бардык билим берүү ишмердигине жайылтылат. |
Бул мисалдардын орток логикасы бирдей: коом күткөн окуучунун образы алдын ала аныкталат. Баалуулуктар окуу программасына жана предметтик сабактарга киргизилет. Аларды калыптандырууга бардык мугалимдер катышат. Натыйжа окуучунун тандоосу, аракети, долбоору жана рефлексиясы аркылуу көрүнөт. Ушул өңүттөн алганда, Маарифтин «АР-НАМЫСТУУ АДАМ» профили дүйнөлүк билим берүүдөгү жалпы багыттын кыргыз коомунун маданий баалуулуктарына жакын практикалык көрүнүшү болуп саналат.
2. Дүйнөлүк тенденция: академиялык билимден – бүтүн адамга
Көп өлкөлөрдүн билим берүү саясатында социалдык-эмоционалдык көндүмдөр, жарандык жоопкерчилик, туруктуу өнүгүү жана адамдык баалуулуктар өз алдынча артыкчылыкка айланып жатат. UNESCO социалдык-эмоционалдык окууну эмоцияны таануу жана башкаруу, башкага кам көрүү, оң мамиле түзүү, жооптуу чечим кабыл алуу жана татаал кырдаалды натыйжалуу чечүү компетенцияларынын бүтүн жараян катары аныктайт [4]. 2024-жылкы саясаттык колдонмо бул багытты программага, педагогикага, мугалим даярдоого, баалоого жана коопсуз мектеп чөйрөсүнө системалуу киргизүүнү сунуштайт.
OECDнин эл аралык баяндамасы социалдык-эмоционалдык көндүмдөр академиялык жетишкендиктен тышкары психикалык саламаттык, эмгек рыногуна даярдык, жарандык активдүүлүк жана коомдук өз ара аракет менен байланыштуу экенин белгилейт [3]. Ал эми “World Economic Forumдун Future of Jobs Report 2025” баяндамасында аналитикалык ой жүгүртүү менен катар туруктуулук жана ийкемдүүлүк, лидерлик жана социалдык таасир, чыгармачыл ой жүгүртүү, мотивация жана өзүн таануу, эмпатия жана активдүү угуу негизги жумуштук көндүмдөрдүн арасында көрсөтүлгөн [7]. Бул маалыматтар техникалык билим адамдык сапаттардан бөлүнбөй турганын ырастайт.
Эмпирикалык изилдөөлөр да маанилүү жыйынтык берет. Durlak жана авторлоштор 213 мектептик универсалдуу социалдык-эмоционалдык программаны, жалпы 270 034 окуучуну камтыган мета-талдоодо социалдык-эмоционалдык көндүм, мамиле, жүрүм-турум жана академиялык натыйжа жакшырганын, окуу жетишкендиги салыштырма топко карата орточо 11 пайыздык пунктка жогорулаганын аныкташкан [5]. Taylor жана авторлоштордун 82 программаны жана 97 406 окуучуну камтыган кийинки мета-талдоосунда оң таасирлер интервенциядан кийин 6 айдан 18 жылга чейинки аралыкта да сакталганы көрсөтүлгөн [6]. Демек, баалуулукка жана жумшак көндүмгө көңүл буруу «сабактын билимдик бөлүгүн азайтуу» эмес, туура жүргүзүлгөндө ал окууну да бекемдейт.
3. Баалуулук кантип калыптанат?
Баалуулук лекциядан эмес, тажрыйбанын кайталанган циклинен калыптанат. Окуучу чынчылдык жөнүндө угуп эле тим болбой, маалыматтын булагын көрсөтүп, көчүрүп алуудан баш тартып, ката кетиргенде аны жашырбай оңдогондо чынчылдыкты ишке ашырат. Боорукердик тууралуу аныктама жаттагандан көрө, топто сөзү угулбай калган классташын талкууга кошкондо бул сапат жүрүм-турумга айланат.
| Бир сабактагы баалуулук цикли Кырдаал же дилемма → суроо жана предметтик далил → тандоо → биргелешкен аракет же продукт → кесепетти талдоо → рефлексия жана портфолиого далил. |
Бул циклде предметтик мазмун жоголбойт. Тескерисинче, окуучу математикалык эсепти бюджеттик адилеттүүлүктү талдоого, биологиялык маалыматты ден соолук чечимине, адабий текстти каармандын моралдык тандоосун негиздөөгө, тарыхый булакты чындыкты текшерүүгө колдонот. Баалуулук предметтин үстүнө кошулган «бөтөн тема» эмес, предметтик билимди пайдалануунун сапаты болуп калат.
4. Натыйжалуу иш-аракеттер жана методдор
- Кырдаалдык тапшырма жана моралдык дилемма. Бир гана «туура жоопту» талап кылбастан, варианттарды, далилди, кызыктар тараптарды жана мүмкүн болгон кесепеттерди салыштыруу.
- Кызматташтыкта окуу. Топ ичинде ролдорду бөлүштүрүү, активдүү угуу, өз ара жардам, иштин сапатына жалпы жоопкерчилик жана калыс өз ара баалоо.
- Долбоордук жана коомго кызмат кылып окуу. Мектептеги же аймактагы көйгөйдү изилдеп, мүмкүн болгон чечимдин прототибин түзүү: суу үнөмдөө, коопсуз маршрут, окуу бурчу, маалыматтык кампания.
- Талкуу, дебат жана далилдүү жазуу. Позицияны факт менен негиздөө, каршы пикирди кемсинтпей угуу, өз оюн жаңы далилге жараша өзгөртө билүү.
- Калыбына келтирүүчү чөйрө жана медиация. Чыр чыкканда күнөөлүүнү гана издебестен, келтирилген зыянды, муктаждыкты жана мамилени калыбына келтирүүчү кадамды аныктоо.
- Рефлексия жана портфолио. «Эмне үйрөндүм? Кайсы баалуулук көрүнүп турду? Кимге кандай таасир бердим? Кийинкиде эмнени өзгөртөм?» деген суроолорго кыска далилдүү жооп топтоо.
- Үй-бүлө жана коом менен байланыш. Ата-эне же адис менен маек, үй-бүлөлүк бюджет/ресурс аудити, жергиликтүү тарыхты тактоо, коомдук пайдалуу чакан аракет.
5. Ар бир предмет баалуулукту кантип бере алат?
Бирдиктүү максат бардык предмет бирдей тапшырма берет дегенди билдирбейт. Ар бир мугалим өз предметинин күчтүү ыкмасын пайдаланат: тилчи – сөз жана маанини, математик – логика менен тактыкты, тарыхчы – булак менен себеп-натыйжаны, табият таануучу – далил жана коопсуз экспериментти, дене тарбия мугалими – эрежени жана командадагы жүрүм-турумду. Төмөнкү таблица интеграциянын практикалык үлгүсүн көрсөтөт.
| Предмет | Баалуулук/ көндүм | Сабактагы аракет | Далил |
| Кыргыз тили жана адабияты | чынчылдык, боорукердик, мекенчилдик | Каармандын тандоосун эки көз караштан талдоо; көчүрүлбөгөн эссе; жергиликтүү баатыр же эмгек адамы тууралуу далилдүү очерк. | Булак көрсөтүлгөн текст, аргумент, каарманга кат, рефлексия. |
| Чет тили | ачыктык, эмпатия, кызматташтык | Башка маданияттагы достун позициясын түшүндүрүү; жуптук диалогдо активдүү угуу; глобалдык көйгөй боюнча биргелешкен билдирүү. | Диалог картасы, өз ара баалоо, көп маданияттуу постер. |
| Математика | адилеттүүлүк, тактык, жоопкерчилик | Үй-бүлөлүк/класстык бюджет; статистикадагы манипуляцияны табуу; ресурсту калыс бөлүштүрүүнүн бир нече моделин эсептөө. | Эсеп, тандоонун критерийи, ката талдоосу. |
| Тарых жана адам–коом | мекенчилдик, адилеттүүлүк, жарандык жоопкерчилик | Эки-үч булакты салыштыруу; тарыхый чечимдин кызыктар тараптарын талдоо; жергиликтүү көйгөйгө жарандык сунуш даярдоо. | Булак картасы, позициялык эссе, сунуш каты. |
| География | аяр мамиле, туруктуу өнүгүү | Аймактын суу, таштанды же климат тобокелдигинин картасын түзүү; экологиялык жана экономикалык таасирди салыштыруу. | Карта, аудит, 30–90 күндүк аракет планы. |
| Биология жана химия | өмүргө урмат, ак ниеттүүлүк, коопсуздук | Эксперименттик маалыматты бурмалабай жазуу; ден соолук боюнча мифти далил менен текшерүү; заттын адамга жана жаратылышка таасирин баалоо. | Лаборатория-лык журнал, булак текшерүү, коопсуздук протоколу. |
| Физика | жоопкерчилик, эмгекчилдик, ресурсту үнөмдөө | Энергия керектөөсүн өлчөө; коопсуз түзүлүштү долбоорлоо; өлчөөдөгү катаны жашырбай талдоо. | Өлчөө таблицасы, прототип, сапат текшерүү. |
| Информатика | санариптик абийир, авторлук, коопсуздук | Жасалма интеллект берген жоопту текшерүү; маалыматтын булагын көрсөтүү; жеке маалыматты коргоо жана алгоритмдик калыстык боюнча кейс. | Фактчекинг барагы, шилтеме тизмеси, коопсуздук нускамасы. |
| Көркөм өнөр жана музыка | маданий мурас, эмпатия, жаратмандык | Мурастын маанисин жаңы формада берүү; топтук чыгармада ар биринин салымын көрсөтүү; коомдук маанидеги визуал/ыр түзүү. | Автордук иш, чыгармачыл күндөлүк, көргөзмө түшүндүрмөсү. |
| Технология жана эмгек | эмгекчилдик, ак ниеттүүлүк, демилге | Колдонууга жарамдуу буюм/кызмат жасоо; материалдын ысырабын эсептөө; сапат, баа жана коомдук пайда боюнча чечим кабыл алуу. | Прототип, смета, сапат чек-листи, кардардын пикири. |
| Дене тарбия | адилет оюн, өзүн башкаруу, жан тартуу | Команда эрежесин бирге түзүү; жеңиш/жеңилүүдө эмоцияны жөнгө салуу; ар ким катыша турган инклюзивдүү оюн уюштуруу. | Командалык рефлексия, жеке ден соолук планы. |
6. Эмне үчүн бул ар бир мугалимдин милдети?
Окуучунун мектептеги жашоосунун көп бөлүгү предметтик сабактарда өтөт. Ал баалуулукту мугалимдин сөзүнөн гана эмес, суроого кандай жооп бергенинен, катаны кандай кабыл алганынан, кимге сөз бергенинен, бааны кандай негиздегенинен, күчтүү жана кыйналып жаткан окуучуга кандай мамиле кылганынан үйрөнөт. Бул – жашыруун окуу программасы. Эгер мектеп «адилеттүүлүк» деп айтып, бирок баалоо түшүнүксүз болсо; «урмат» деп айтып, окуучунун оюн укпаса, расмий ураан күнүмдүк тажрыйбага утулат.
Ошондуктан класс жетекчи баалуулуктардын жалгыз ээси боло албайт. Анын милдети координациялоо жана окуучунун жалпы өсүүсүн көрүү болушу мүмкүн, бирок калыптандыруу жоопкерчилиги бардык педагогго таандык. Ар бир мугалим – предметтик мазмундун гана эмес, сабактагы мамиленин жана жооптуу аракеттин дизайнери.
| Ар бир сабактын кыска формуласы Предметтик максат + бир баалуулук/жумшак көндүм + окуучунун байкалуучу аракети + далил жана рефлексия. Мисалы: «пайызды эсептөө + адилеттүүлүк + үч бюджеттик вариантты салыштыруу + тандоону эсеп менен негиздөө». |
7. Мугалимдерге жалпы жоопкерчиликти кантип жеткиребиз?
Мугалимге «тарбия дагы сенин милдетиң» деп кошумча жүк катары айтуу каршылык жаратышы мүмкүн. Туура билдирүү башкача: баалуулук – өзүнчө отчет же иш-чара эмес, сапаттуу сабактын критерийи. Мектеп жетекчилиги бул позицияны төмөнкү конкреттүү кадамдар аркылуу бекемдей алат.
- Педагогикалык кеңеште жалпы тилди кабыл алуу: «АР-НАМЫСТУУ АДАМ» модели, жети баалуулук жана алардын окуучудан байкалуучу аракеттери боюнча бирдей түшүнүк түзүү.
- Предметтик усулдук бирикмелерде «бир теманы кайра долбоорлоо» практикумун өткөрүү: мугалим даяр сабагына бир дилемма, кызматташтык аракети жана рефлексия кошот.
- Жылдык вертикалдык картаны түзүү: кайсы класста кайсы баалуулук кандай татаалдыкта өнүгөрүн жана кайсы предметтер негизги далил бере аларын макулдашуу.
- Сабакты байкоодо «баалуулук айтылдыбы?» деп эмес, «окуучу тандоо жасадыбы, кызматташтыбы, кесепетти талдадыбы, далил көрсөттүбү?» деп кароо.
- Окуучунун бирдиктүү өсүү портфолиосун колдонуу: ар предметтен чакан, бирок чыныгы далил – долбоор, эсеп, рефлексия, булак картасы, коомдук аракет.
- Мугалимдердин өз ара тажрыйба алмашуусун жана рефлексиясын уюштуруу; жетекчилик биринчи кезекте педагогдун коопсуздугун, убактысын жана усулдук колдоосун камсыз кылуу.
- Ата-эне менен бирдей билдирүү түзүү: мектеп баалуулукту «тартипке салуу» үчүн эмес, өз алдынча жана жооптуу адамды калыптандыруу үчүн өнүктүрөрүн түшүндүрүү.
8. Баалоо: баланын инсанын эмес, аракетин көрүү
Баалуулукту баалоодо эң чоң коркунуч – окуучуга «жакшы бала/жаман бала» деген эн тамга тагуу. Мектеп баланын ички ишенимин же мүнөзүн сандык баага айлантпоого тийиш. Баалоо формативдүү болуп, конкреттүү кырдаалда байкалган аракетке жана далилге таянат.
| Принцип | Практикалык колдонуу |
| Ниетти эмес, аракетти байкоо | «Сен жоопкерчиликсизсиң» эмес, «топтук милдет мөөнөтүндө аткарылган жок; кийинки кадамды тактайлы». |
| Бир жолку учурдан жыйынтык чыгарбоо | Ар башка сабактагы жана убакыттагы 2–3 далилди салыштыруу. |
| Өзүн-өзү жана теңтушту баалоо | Кыска критерий: угуу, салым, далил, сөзгө туруу, катаны оңдоо. |
| Өсүүгө багытталган пикир | «Эмне жакшы болду – кайсы жерде кыйын болду – кийинки аракет кандай?» форматы. |
| Коопсуздук жана купуялык | Жеке үй-бүлөлүк же психологиялык маалыматты мажбурлап ачыкка чыгарбоо; жардам керек болсо тиешелүү адиске багыттоо. |
9. Формализмден сактай турган беш шарт
- Ураан менен чектелбөө: дубалдагы сөз сөзсүз күнүмдүк тапшырма жана мамиле менен дал келиши керек.
- Бир гана «туура моралдык жоопту» таңуулабоо: окуучу далил, кесепет жана адамдын кадыр-баркы аркылуу ой жүгүртсүн.
- Чоң иш-чараларга гана ишенбөө: баалуулук майрамдык акциядан эмес, чакан аракеттин туруктуу кайталанышынан калыптанат.
- Мугалимдин сөзү менен ишин ажыратпоо: чынчылдыкты үйрөтүп туруп булакты жашыруу же адилеттүүлүктү айтып туруп калыс эмес баалоо натыйжаны жокко чыгарат.
- Баалуулукту предметтик билимге каршы койбоо: дилемма, долбоор жана рефлексия сөзсүз предметтик далилге таянууга тийиш.
Корутунду
«АР-НАМЫСТУУ АДАМ» — өз алдынча бир тарбиялык курс эмес, мектептин билим берүү логикасын бириктирген максат. Анын айланасындагы акыл-эстүүлүк, чечкиндүүлүк, ак ниеттүүлүк жана активдүүлүк жети улуттук баалуулукту окуучунун күнүмдүк тандоосуна, мамилесине жана ишине которот. Мындай натыйжага бир гана класс жетекчинин күчү менен жетүү мүмкүн эмес. Ар бир предмет өзүнүн тили, далили жана аракет формасы менен салым кошкондо гана окуучу баалуулукту ар башка кырдаалда колдонууга үйрөнөт.
Мектептин башкы милдети — «баалуулук жөнүндө көп айтуу» эмес, баалуулук менен жашоого мүмкүнчүлүк берген сабактарды жана мамилелерди түзүү. Окуучу чындыкты текшергенде — акыл-эстүү; адилет чечимди коргогондо – чечкиндүү; башка адамды угуп, ишенимди актаганда – ак ниеттүү; билимин коомдук пайдага айлантканда – активдүү болот. Ушул төрт сапат бириккен жерде билим ар-намыс менен кошулуп, жооптуу адамдын күчүнө айланат.

Кыялбек АКМАТОВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор; И. Арабаев атындагы КМУнун профессору;
«Кыргызстан Маариф» фондунун директорунун орун басары
Пайдаланылган адабияттар жана булактар
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы №131 токтому. https://edu.gov.kg/media/uploads/2025/05/12/131.pdf
- OECD. OECD Learning Compass 2030 / Future of Education and Skills 2030. Paris: OECD. https://www.oecd.org/en/about/projects/future-of-education-and-skills-2030.html
- OECD. Beyond Academic Learning: First Results from the Survey of Social and Emotional Skills. Paris: OECD Publishing, 2021. https://doi.org/10.1787/92a11084-en
- UNESCO. Mainstreaming Social and Emotional Learning in Education Systems: Policy Guide. Paris: UNESCO, 2024. https://unesdoc.unesco.org/ark:/48223/pf0000392261
- Durlak, J. A., Weissberg, R. P., Dymnicki, A. B., Taylor, R. D., & Schellinger, K. B. The Impact of Enhancing Students’ Social and Emotional Learning: A Meta-Analysis of School-Based Universal Interventions. Child Development, 82(1), 405–432, 2011. https://doi.org/10.1111/j.1467-8624.2010.01564.x
- Taylor, R. D., Oberle, E., Durlak, J. A., & Weissberg, R. P. Promoting Positive Youth Development Through School-Based Social and Emotional Learning Interventions: A Meta-Analysis of Follow-Up Effects. Child Development, 88(4), 1156–1171, 2017. https://doi.org/10.1111/cdev.12864
- World Economic Forum. The Future of Jobs Report 2025. Geneva: WEF, 2025. https://www.weforum.org/publications/the-future-of-jobs-report-2025/
- UNESCO. What You Need to Know About Social and Emotional Learning. 23 December 2024. https://www.unesco.org/en/articles/what-you-need-know-about-social-and-emotional-learning
- Türkiye Maarif Vakfı. IM-Ortaöğretim Türk Kültürü ve Medeniyeti Dersi Öğretim Programı: Maarif Öğrenen Profili. https://turkiyemaarif.org/uploads/editions/files/164367ed8e60ca.pdf
- International Baccalaureate Organization. The IB Learner Profile. https://ibo.org/benefits/learner-profile/
- Ministry of Education, Singapore. 21st Century Competencies. https://www.moe.gov.sg/education-in-sg/21st-century-competencies
- Finnish National Agency for Education. National Core Curriculum for Primary and Lower Secondary Education: Transversal Competences as Part of Every Subject. https://www.oph.fi/en/education-and-qualifications/national-core-curriculum-primary-and-lower-secondary-basic-education
- Ministry of Education, Culture, Sports, Science and Technology of Japan. Curriculum Guidelines and Education for Sustainable Development. https://www.mext.go.jp/en/unesco/title04/detail04/sdetail04/1375712.htm