МЫКТЫ ПЕДАГОГ, АЛДЫҢКЫ ЖЕТЕКЧИ

  • 13.10.2022
  • 0

Кара-Суу районундагы №44 Абдраман Сматов атындагы орто мектебин он беш жылдан бери үзүрлүү жетектеп келген Атабаева Урмат Ата мекендик согушта немецтик баскынчылар менен аёосуз күрөшкөн чыныгы согуш баатырынын кызы болуп саналат.

Урмат менен беш жыл чогуу бир факультетте, бир курста чогуу окусам да, анын атасы согушка барганын билбейт экем. Кечээ өз оозунан укканда, бир жагы таң калдым. Анткени каардуу согуштун аяктаганына узак жыл болду. Ошол  согушка катышкан жоокерлер бар болсо, эл ичинде бирин-серин калды. Бирок алардын уул-кыздары, урпактары жашап жатыптыр.
Ушуга каниет кылдым.

Курсташымдын айтуусунда, атасы Атабаев Ганы согушка чейин эле мугалим болгон экен. Кан майданга 1941-жылы аттанып, фашисттер менен кармашта жарадар болуп, 1946-жылы кайтып келет. Согуштан кийин мектепте кайрадан мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, райондук билим берүү бөлүмүнүн тескөөчүсү, мектеп директору болуп эмгектенет.

— Атам жумуш дегенде ичкен ашын жерге койгон адам болчу. Өзүнө талапты катуу коёр эле. Мектеп салдырам деп алып келген тактайларын өзү түнү менен кайтарып жатчу, — деп эскерет курсташым атасын.

«Кыз бала атасын тартат» деп бекеринен айтылбаса керек. Ойлоп көрсөм, Урмат даңазалуу атасынын көп жакшы сапаттарын алыптыр. Ош пединститутунун инфагында окуп жүргөндө эле окууда, студенттик курулуш отрядында, пахта теримде, чөп орумда, алма терүүдө болсун дайыма алдыда жүрдү.

— Мугалимдик кесипти атамдын таасиринде тандасам, чет тилдер факультетин бир тууган эжемдин өрнөгүндө тандадым. Эжемдин англис тилинде сүйлөгөнү жакчу. Ушул тилди батыраак үйрөнсөм деп кичинемден кыялданчумун, — дейт ал.

1983-жылы жаштайынан кыялданган кесибине жетип, эмгек жолун Кара-Суу районундагы Фадеев атындагы орто мектепте англис тили мугалими болуп иштеп баштайт. 1993-жылы азыркы өзү эмгектенген Абдраман Сматов атындагы орто мектебине которулат. Кийин 2007-жылы мектептин эң алдыңкы мугалими катары мектеп директорлугуна дайындалат.

МЫКТЫ ПЕДАГОГ, АЛДЫҢКЫ ЖЕТЕКЧИ

Мектеп жетекчиси алдын окуу бөлүмүнүн башчысы же тарбия иштеринин уюштуруучусу болуп иштесе, буга чейинки башкаруучулук тажрыйбасы жетекчилик ишине пайдасы тийбей койбойт. Урмат Атабаева биз белгилеп өткөн жол менен жетекчи болбоду. Коомдук иштерге активдүү катышып жүргөнү мугалимдер, ата-энелер менен тил табышып иштеп кетүүгө жол ачты. Бир жагынан атасынын директорлук өрнөгү кызына үлгү болду. Атасына окшоп, жаңы мектеп салды. Барбаган жери, кирбеген эшиги калбады. Иштеген жери эң эле эски, жарака кеткен мектеп болчу. Бул көйгөйдү далай ирет телевизордон айтып чыкты. Жогору жактарга кайрылуу каттарын калтырбай жазды. Анан 2013-жылы эл депутаты Жылдыз Жолдошеванын көмөгү аркылуу жаңы мектептин курулушу планга киргизилет. 2019-жылы көптөн күткөн мектептин окуу корпусу менен спорт залы бүткөрүлүп, анан 2021-жылдын декабрында жыйындар залы, китепкана жана эки чакан компьютер окуу кааналары ишке берилет.

МЫКТЫ ПЕДАГОГ, АЛДЫҢКЫ ЖЕТЕКЧИ

Жаңы мектепке киргенден бери мугалимдер менен окуучулардын кубанычы чексиз. Мында окуучулар үчүн талыкпай билим алууга бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Окуу кааналарына беш интерактивдүү доска, алты заманбап телевизор коюлган.

Мектептеги 406 окуучуга 29 мугалим татыктуу билим-тарбия берүүдө.
Мугалимдердин баары чыгармачылык менен изденип иштейт. Түркбаева Самара (тарых), Маатова Гүлжамал (информатика), Маатова Гүлбарчын (география), Бегиева Атыргүл (кыргыз тили жана адабияты), Тажиев Жаныбек (математика), Якубова Гүлназа (физика) — булар келечегинен көптү үмүттөндүргөн мугалимдер.

Мектеп окуучуларынын да окуудагы жетишкендиктери атайын сөз кылууга арзыйт. 2021-жылы бүтүрүүчү Токторова Аида «Алтын тамга» аттестатына ээ болду. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТдагы эң жогорку көрсөткүчү 191 баллга жетсе, мектеп боюнча орточо балл 122 баллды түздү.

МЫКТЫ ПЕДАГОГ, АЛДЫҢКЫ ЖЕТЕКЧИ

Мектепте ийрим иштери жакшы жолго коюлган. Жаш жол тескөөчүлөр, туризм, ыр-бий ийримдери иштейт. Өткөн жылы «Жаш жол тескөөчүлөр» ийриминин «Ак жол» командасы облуста биринчиликти ээлеп, республикалык турга жолдомо алды.

МЫКТЫ ПЕДАГОГ, АЛДЫҢКЫ ЖЕТЕКЧИ

Урмат Атабаева жетектеген мектеп 2020-жылы «Мыкты айыл мектеби» сынагында облуста баш байгени жеңип, облустун эң мыкты айыл мектеби катары аты чыкты.
Демөөрчүлөрдүн көмөгү да зор экенин айта кетели. 2021-жылы декабрь айында «Ыйык Ата Журт» коомунан Бактыбек Орошев аттуу жаран мектепке 100 миң сомдук окуу китептерин белек кылды. 2020-жылы январда Камкорчулар кеңешинин эсебинен ата-энелер мектепке төрт кой, төрт козу сатып берди.

-Быйыл көмөкчү чарбадагы койлордун саны он жетиге жетти. Он эки койду жүз эки миңге сатып, анын сексен жети миң сомуна мектепке видеокөзөмөл орноттук. Он беш миң сомго жарык бергич лампаларды сатып алып, окуу бөлмөлөрүндөгү керектен чыккандарына алмаштырдык. Азыр беш тувар коюбуз бар. Жем-чөбүнө айыл өкмөтү каралашып жатат, — дейт иштерман жетекчи.

МЫКТЫ ПЕДАГОГ, АЛДЫҢКЫ ЖЕТЕКЧИ

Чарбакер директордун демилгеси менен мектептин айлансындагы бош жаткан жерлерге ашкабак эгишти.

— Ашкабак — балдардын организмине зарыл витаминдерге бай. Аны биринчи-төртүнчү класстардын ысык тамагына кошуп беребиз, — деп айтат камкор жетекчи.

МЫКТЫ ПЕДАГОГ, АЛДЫҢКЫ ЖЕТЕКЧИ

Мектептин көмөкчү чарбасындагы ийгиликтери көз жаздымында калбады. Райондук билим берүү бөлүмү алдыдагы ноябрь айында Абдраман Сматов атындагы орто мектепте райондук семинар өткөрүүнү пландап жатат.
Чындыгында бул мектептин демөөрчүлөр менен иштөө тажрыйбасы, көмөкчү чарбаны өнүктүрүү табылгалары журналист катары менин да кызыгуумду жаратты. Өлкөбүздө канчалаган мектептер өздөрү изденип иштебей, жалаң ата-энелердин чөнтөгүн аңдып отурганы отурган. Бул мектептин мисалында ата-энени кыйнабай эле көмөкчү чарбанын аркасында мектептин бир топ маселелерин чечип алса болот экен деген ойго келесиң.

Ушундай ийгиликтерди жаратып, айыл мектебин он беш жыл үзүрлүү жетектеп келген Урмат Атабаева директорлорду конкурстук негизде тандоо сынагынан баш тартканда, анын бул чечимин түшүнбөй «Баштаган иштериңди уланта бер!» дегендер да болбой койбоду.
Бирок Урмат Атабаева өз оюнан кайткан жок. Аны өмүрлүк жолдошу, уул-кыздары колдоду.

— Ар бир доордун өз баатырлары бар. Учурда билим берүү тармагында жүрүп жаткан мектеп реформасынын эң башкы максаттарынын бири мектепке жаңы күчтөрдү тартуу, лидерлердин кийинки муунун өстүрүү болуп эсептелет. Биз өз доорубузда иштедик. Кийинкилерге тоскоол болбойлу. Билгенибизди үйрөтүп, насаатыбызды айтып турсак деле чоң иш жасаган болобуз, — дейт курсташым.

Билим берүүнүн отличниги, мыкты педагог, алдыңкы жетекчи Урмат Атабаева конкурстан өтүп келген татыктуу талапкерге өз ордун өткөрүп берип, мектепте жөнөкөй мугалим болуп иштеп, педагог атасынын жолун уланта берүүнү ойлоп жатат.
Эмесе, тилектериң кабыл болсун, Урмат!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер