АР БИР БАЛАГА БИРДЕЙ ШАРТ: БИШКЕКТИН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ НЕГИЗГИ КӨЙГӨЙЛӨР ЖАНА АЛАРДЫ ЧЕЧҮҮ ЖОЛДОРУ
- 24.11.2026
- 0
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы билим берүү системасы калктын жана окуучулардын санынын тез өсүшүнө байланыштуу бир катар орчундуу чакырыктарга туш болуп келет. Мектептердеги жана бала бакчалардагы орун жетишсиздигин азайтуу, инфраструктураны жаңылоо, кадр маселесин чечүү, балдардын коопсуздугун камсыздоо жана санариптештирүү багытында кандай иштер аткарылып жатканы тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рахат МУСАЕВА менен баарлаштык.

— Рахат Ишенбековна, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда орун жетишсиздиги кандай деңгээлде турат? Нормадан эки–үч эсе көп бала окуган мектептердин маселесин чечүү боюнча жакынкы бир-эки жылда кандай конкреттүү кадамдар жасалат?
— Бүгүнкү күндө борбор калаадагы билим берүү тармагындагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — окуучулардын санынын өсүшү жана мектептердеги орундардын жетишсиздиги.
2026-жылдын 11-ноябрына карата Бишкек шаарында 125 жалпы билим берүү уюму иш алып барууда. Алардын долбоордук кубаттуулугу бир сменге 113 296 окуучуга эсептелген, учурда мектептерде 274 408 бала билим алууда.
Бул маселени чечүү үчүн бир гана жаңы мектептерди куруу жетишсиз. Ошондуктан жаңы билим берүү объектилерин куруу, иштеп жаткан мектептердин имараттарын кеңейтүү, кошумча корпустарды куруу жана окуучуларды мектептерге туура бөлүштүрүү багытында иштер жүргүзүлүүдө.
Алдыдагы бир-эки жылда негизги максатыбыз — окуучулардын ашыкча жүктөмүн этап-этабы менен азайтып, балдарга ыңгайлуу жана коопсуз билим берүү шарттарын түзүү.
— Быйылкы жылы шаарда канча жаңы мектеп жана бала бакча курулуп жатат? Бул максатка шаардык бюджеттен канча каражат бөлүндү жана курулуштардын сапаты, мөөнөтү кандай көзөмөлдөнүүдө?
— 2026-жылы Бишкек шаарында билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бекитилген пландарга ылайык, 36 мектеп объектисин куруу жана оңдоо, ошондой эле 3 жаңы бала бакча куруу каралган. Мындан тышкары, 4 бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган. Бул жерде 36 объекттин бардыгы жаңы мектеп эмес, курулуш жана оңдоо долбоорлорун камтый турганын белгилеп кетүү керек. Мисалы, №23 мектептин ордуна жаңы, заманбап мектептин курулушу аяктады. Бала бакчаларда да капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштеринин сапатын жана мөөнөтүн көзөмөлдөө тиешелүү шаардык кызматтар, техникалык көзөмөл жана подряддык уюмдар менен түзүлгөн келишимдердин алкагында жүргүзүлөт. Ар бир объекттин аткарылышы, колдонулган курулуш материалдары жана белгиленген талаптарга шайкештиги көзөмөлгө алынууда.


Курулуш объектилеринин айрымдары шаардык, республикалык жана эл аралык каржылоо булактары аркылуу да ишке ашырылууда.
— Шаарга жаңы кошулган айылдардагы жана жаңы конуштардагы билим берүү мекемелерин шаардык стандартка келтирүү, алардын материалдык-техникалык базасын жаңылоо иштери кандай жүрүп жатат?
— Шаарга Администрациялык-аймактык реформанын алкагында кошулган жаңы конуштардагы жана калк жыш жайгашкан аймактардагы билим берүү мекемелеринин абалы биздин өзгөчө көңүлүбүздө.
Бул багытта биринчи кезекте мектептердин жана бала бакчалардын имараттарынын абалы, окуу кабинеттеринин жабдылышы, эмеректер, санитардык шарттар, жылытуу системалары жана коопсуздук маселелери талданууда. Аныкталган муктаждыктарга жараша капиталдык жана учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлүп, материалдык-техникалык база этап-этабы менен жаңыланууда.
Негизги максат — баланын кайсы конушта жашаганына карабастан, сапаттуу билим алууга жана коопсуз шартта тарбияланууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү.
— Шаардык мектептерде кайсы предметтер боюнча мугалимдер эң көп жетишпейт? Жаш адистерди мектепке тартуу жана кармап калуу үчүн мэрия тарабынан кандай кошумча социалдык колдоолор (муниципалдык батир, кошумча төлөмдөр ж.б.) каралган?
— Бишкек шаарынын мектептеринде 2026–2027-окуу жылында жалпы 233 мугалимдик бош орун бар (анын 193,5и орус тилдүү, 39,5и кыргыз тилдүү мектептерде). Эң көп талап кылынган предметтер боюнча адистерге болгон муктаждык төмөнкүдөй: информатика — 26,5 бош орун; физика — 25 бош орун; тарых — 23,5 бош орун; география — 20 бош орун; орус тили — 19,5 бош орун; математика — 18 бош орун; дене тарбия — 14 бош орун.
Жаш адистерди мектепке тартуу жана туруктуу кармап калуу үчүн мэрия тарабынан колдоо чаралары көрүлүүдө. Алсак, «Жаш мугалимдин депозити» программасы бар. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бул долбоор аркылуу жаш адистерге кошумча каржылык колдоо берилет. 2025–2026-окуу жылында 129 талапкердин ичинен 100 жаш мугалим тандалып алынып, программага 13,2 млн сом бөлүнгөн.
Дуалдык окутуу жана стажировка боюнча Билим берүү департаменти беш жогорку окуу жайы менен меморандум түзгөн. Анын алкагында студенттер окуусун мектептеги жумуш менен айкалыштырып, тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышууда (учурда мектептерде 318 студент эмгектенет). Албетте, педагогикалык кызматкерлердин айлык акысынын көбөйүшү жаш кадрлардын билим берүү уюмдарына жумушка орношуусуна кошумча түрткү болууда.
— Өлкө боюнча 12 жылдык билим берүү системасына өтүү процессине Бишкек шаарынын мектептери канчалык деңгээлде даярдыгын көрсөтүп жатат? Инфраструктура жана окуу куралдары боюнча кандай даярдыктар көрүлдү?
— Бишкек шаарынын мектептери өлкө боюнча жүргүзүлүп жаткан 12 жылдык билим берүү системасына өтүү реформасынын алкагында этап-этабы менен даярдыктарды көрүүдө.
Бул реформанын негизги максаты — окуу мөөнөтүн өзгөртүү менен гана чектелбестен, билим берүүнүн мазмунун жаңылоо, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү.
12 жылдык билим берүүгө өтүүдө Агартуу министрлиги тарабынан бекитилген программалар жана окуу пландары негизги багыт болуп саналат. Бишкек шаарындагы мектептердин милдети — реформаны сапаттуу ишке ашыруу жана мугалимдер менен окуучулар үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу.
— Электрондук кезек, электрондук күндөлүк сыяктуу системалар иштеп жатат, бирок айрым ата-энелер дагы деле мектепке киргизүүдөгү кыйынчылыктарга даттанып жатышат. Бул жаатта коррупциялык тобокелдиктерди жоюу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
— Санариптештирүү — билим берүү системасындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуунун маанилүү куралы. Электрондук каттоо системасы балдарды мектептерге кабыл алууда адам факторун азайтууга жана ата-энелер үчүн бирдей шарт түзүүгө багытталган.
2026–2027-окуу жылында дагы Бишкек шаарында мектептерге кабыл алууда зоналык микроучасток принциби уланууда. Бул мектептердеги жүктөмдү тең салмактуу бөлүштүрүүгө жана балдарды жашаган аймагына жараша каттоого багытталган. Мындан тышкары, ата-энелерден келип түшкөн кайрылуулар каралып, каттоо процессинде мыйзам бузууларга же мыйзамсыз төлөмдөргө жол берилбеши боюнча мектеп жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
— Өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулук, буллинг жана мектеп рэкетчилигин алдын алуу боюнча укук коргоо органдары жана мектеп психологдору менен биргеликте кандай жаңы ыкмалар колдонулуп жатат?
— Балдардын коопсуздугу жана психологиялык саламаттыгы — билим берүү мекемелеринин негизги жоопкерчиликтеринин бири. Бул багытта мектеп администрациялары, социалдык педагогдор, мектеп психологдору жана укук коргоо органдары менен биргеликте профилактикалык иштер жүргүзүлөт. Алардын негизги багыттары: окуучулар арасында буллингдин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү; психологдор тарабынан окуучулардын эмоционалдык абалын аныктоо жана жеке иш алып баруу; ата-энелер менен үзгүлтүксүз жолугушууларды уюштуруу; кыйын кырдаалга туш болгон балдарга өз убагында психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүү; милициянын жашы жете электер менен иштөө инспекторлору менен биргеликте профилактикалык жолугушууларды өткөрүү. Ар бир чейрек сайын тиешелүү кызматтар менен ата-энелер менен жолугушуу уюштурулат.
— Бардык билим берүү мекемелеринде видеокөзөмөл камералары жана атайын күзөт кызматтары толук орнотулганбы? Алардын иштешине ким жооп берет?
— Билим берүү мекемелериндеги коопсуздукту камсыз кылуу багытында иштер системалуу түрдө жүргүзүлүп жатат.
2026-жылдын 11-ноябрына карата Бишкек шаарындагы билим берүү уюмдарында жалпы 6 278 видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Анын ичинен 454 жүздү таануу функциясы бар видеокамера Ички иштер министрлигинин системасына туташтырылган. Ошол эле учурда камералардын болушу эле жетишсиз. Алардын үзгүлтүксүз иштеши, жазуулардын сакталышы жана жооптуу кызматкерлердин көзөмөлү маанилүү.
Камераларды оңдоо жана орнотуу үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлүү боюнча сунуштар райондук билим берүү башкармалыктарынын 2027-жылга карата бюджеттик долбоорлоруна киргизилген.
Видеокөзөмөл системаларынын иштешине билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана тиешелүү жооптуу кызматкерлер көзөмөл жүргүзүшөт. Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башка кызматтар менен да биргелешкен иштер жүргүзүлөт.
— Мектептерде жана бала бакчаларда ар кандай фонддорго, оңдоп-түзөөгө акча чогултууга тыюу салынганы менен, жашыруун түрдө уланып жатканы айтылып келет. Бул көйгөйдү түп-тамырынан жоюу үчүн кандай катуу чаралар көрүлүүдө?
— Мектептерде жана бала бакчаларда ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултууга жол берилбейт. Бул — биздин принципиалдуу позициябыз.
Билим берүү мекемелеринде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү, чарбалык керектөөлөрдү камсыз кылуу жана материалдык-техникалык базаны жакшыртуу бюджеттик каражаттардын эсебинен ишке ашырылууда.

Бул багытта Билим берүү департаменти тарабынан туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп, мектеп жана бала бакча жетекчилери менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүп келет.
2025–2026-окуу жылында мыйзамсыз акча чогултуу боюнча 25 кайрылуу келип түшкөн. Ар бир кайрылуу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында эки билим берүү уюмунун жетекчиси кызматынан бошотулуп, бир катар директорлорго тартиптик чаралар көрүлгөн. Мындан тышкары, ата-энелердин кайрылуулары боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.
Биз ата-энелерди да мындай фактыларга кайдыгер карабоого чакырабыз. Ар бир мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча Департаментке кайрылууга болот.
— Башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоонун сапаты кандай көзөмөлдөнөт? Азык-түлүктүн кымбатташы тамактын сапатына терс таасирин тийгизген жокпу?
— Окуучуларды сапаттуу жана коопсуз тамак-аш менен камсыздоо — балдардын ден соолугуна түздөн-түз байланышкан маанилүү маселе. Мектептерде ысык тамакты уюштуруу санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана бекитилген тамактануу нормаларына ылайык жүргүзүлөт.
Тамак-аштын сапаты, азык-түлүктөрдүн сакталышы, даярдоо шарттары жана менюга шайкештиги тиешелүү кызматтар жана мектеп администрациясы тарабынан көзөмөлдөнөт.
Азык-түлүктүн баасынын өзгөрүшү да эске алынат. Бирок баанын өсүшү балдардын тамактануусунун сапатынын төмөндөшүнө себеп болбошу керек.
— Мамлекеттик бала бакчаларда орун жетпегендиктен, жеке менчик бакчаларга ваучер берүү же муниципалдык-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлору Бишкекте кандай ишке ашууда?
— Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү кызматтарына болгон суроо-талап жогору. 2026-жылдын 11-ноябрына карата муниципалдык 131 мектепке чейинки билим берүү уюмунда 38 миңден ашуун бала тарбияланууда. Ошол эле учурда бала бакчалардагы орундардын жетишсиздиги көйгөйү актуалдуу бойдон калууда.
Бул маселени чечүүдө муниципалдык бала бакчаларды куруу менен катар жеке менчик билим берүү мекемелери менен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү.
Мамлекеттик деңгээлде социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен камсыздоо үчүн ваучердик каржылоо механизми пилоттук негизде киргизилген. Мындан тышкары, жеке менчик бала бакчаларды тартуу жана муниципалдык-жеке өнөктөштүк долбоорлорун өнүктүрүү орундардын тартыштыгын азайтууга өбөлгө түзүп, бүгүнкү күндө 136 бала ваучер алып бала бакчага барып жатышат (Биринчи май району боюнча — 33 бала, Ленин району боюнча — 42 бала, Октябрь району боюнча — 22 бала, ал эми Свердлов району боюнча — 39 бала бала бакчага барып жатат).
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)