АЛЫСКЫ САРЫ-БУЛАКТАГЫ АСЫЛЗАТ АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР

  • 24.05.2021
  • 0
АЛЫСКЫ САРЫ-БУЛАКТАГЫ АСЫЛЗАТ АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР

Тоо аралай, өзөн бойлой Кара-Кулжа районуна сапар тартып, Сары-Булак айылынын К.Жантөшев атындагы мектебине таң эрте келип калдым. Эки кабат заңгыраган мектептин алды гүлгө толгон, эс алуучу отургучтар жайгашкан. Эшигин көрүп, төрүнө өт демекчи, мектептин дарегин, атын билдирген маңдайындагы электрондук жүгүртмө жарнак заманбап көрүнүш болду. Кире беришиндеги фойенин сол тарабында К.Жантөшевдин портрети, өмүр баяны, ал эми оң тарабында “Өрнөктүү өмүр” аттуу стендде Манапбай Каниетовдун өмүрү, сыйлыктары жайгашкан. Ар бир кабинетте эмгегин мектептин түптөлүшүнө, өнүгүшүнө арнаган агай, эжейлердин өмүр баяндары, эмгек жолдору чагылдырылган стенддер илинип, окуучуларга үлгү, насаат болуп келет. Ал эми ардактуу эс алууга чыккан мугалимдердин өздөрү окуткан окуучулары мугалим болуп ушул мектепте эмгектенип, муундан муунга ардактуу кесипти татыктуу өткөрүп берип келе жаткан улуу көч уланууда экени кубандырат.

Биринчи мугалимге кырк жылдан кийинки “Саламатсызбы, эжеке!”

Бир кезде чогуу иштешкен кесиптеши Марапат Досалиева жөнүндө сөз кылып баштаганыбызда, эжекелер көптөн бери кабар алышып, көрүшө албай жүргөндөрүн жашыра алышпады. Эжекеге жолугуу сунушун колдоп, жашаган жерин көздөй сапар алып жөнөдүк. Совет районунун борборунан сегиз чакырымдай алысыраак жайгашкан Биймырза (мурдагы Тельман) айылына келип, Марапат эжекени издеп келгенибизди айтып, көк дарбазалуу үйдүн короосуна баш бактык. Ооруган бутун күнгө кактап, середе отурган эжени көрө сала учурашканыбызда, жүзүнөн нуру төгүлө, кубанган көздөрү жайнай түштү. Арадан бир топ жыл өтсө да, эжекелерди дароо таанып, аттарынан чакырып, күтүүсүз кездешүүгө кубанып жатты. Ал-жай сурашып, жаңы эле келгенибиздин максатын айталы деп калсак, телефон шыңгырап эжей-агайларын урматтаган уул биздин маекке орток болуп, эжекеси менен учурашып, сүйлөшкөнгө жагымдуу жагдай түзүлүп калды:

АЛЫСКЫ САРЫ-БУЛАКТАГЫ АСЫЛЗАТ АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР

– Алло, Марапат эжеке! Саламатсызбы! Бул мен, Аманбай!

– Кандай, уулум?

– Эжеке, кандайсыз? Ден соолук, бала-чака, небере баары жакшыбы?

– Ооба, жакшы, балам! Өзүң кандайсың, каердесиң?

– Бишкектемин, сиз менен сүйлөшкөнүмө абдан кубанычтамын! Мына кырк жыл болуптур сизди көрбөгөнүмө. Эжеке, мен 4-класстан эле кеткем шаарга, апам
Бурулкан, атам Токтор, эсиңизде болсо керек. Мен сизди абдан жакшы көрөм, сыйлайм, ден соолукта болуңуз!

– Рахмат, балам! Көп жаша, балдарыңдын, неберелериңдин жакшылыгын көр! — эне-баладай болуп жүрөк жибите баарлашып өтүштү. Буйрукту көрсөң, атайын сүйлөшкөндөй болуп, биз эжеке менен эми учурашып калганда окуучусу, бизди жандай келгенсип, алыскы Бишкектен салам айта кошо сүйлөшүп калды.

Досалиева Марапат Жалал-Абаддагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайына өтүп, окуусун аяктаган соң, 1965-жылы эмгек жолун баштап, 1967-жылы “Сары-Булак” төрт жылдык мектебинде завшкол жана 1978-жылдан баштап К.Жантөшев атындагы сегиз жылдык мектепте башталгыч класстар мугалими болуп иштеп, 1979-1980-жылдарда Кара-Кулжа жана Э.Тельман мектептерине которулуп эмгектенип, кийин ардактуу эс алууга чыккан кези.

Иштеп жүргөндө түшкөн сүрөттөрүн карап, кудуңдашып жаштык жалын кездеринен бир көз ирмем чаптырып, маек куруп отурдук. Бармактайынан баштап тизгиндешип бирге иштеген Тоту эжеке менен өткөн-кеткенди, ушул өздөрү окуткан Аманбай окуучусу жөнүндө сыймыктана божурашып, бир топ чер жазып алышты. Окуучулары өз баласындай, кесиптештери бир туугандай болуп калган эжекелер кыйылып жатып, боор кысышып, кол алышып, бекем ден соолук каалап, кайрадан өз түйшүктөрүн тартууга бет алышты.

Бир кезде өзү окуп кеткен мектебин, агай-эжейлерин унутпай, алыстан камкордук көрүп, аздектеп сыйлап келаткан күйүмдүү уулдун өрнөктүү ишмердиги

АЛЫСКЫ САРЫ-БУЛАКТАГЫ АСЫЛЗАТ АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР

«Акыркы коңгуроо” аземин утурлай ар бир мектептин бүтүрүүчүлөрүн, өздөрүн окуткан агай-эжекелерин куттуктап, мектебине колунан келген белектерин, жардамын тартуулаган он жылдык, жыйырма жылдык бүтүрүүчүлөрдүн келиши салтка айланган көрүнүш эмеспи. Ал эми жылга бөлбөстөн, ар дайым өз мектебинен кабар алып, муктаждыктарына жардамын аябай, өспүрүмдөрдүн спортко жана терең билим алуусуна болгон кызыгуусун арттырууга бар күчүн жумшаган Өмүрзаков Аманбай үчүн өз мектебинин коңгуроосу ар дайым «Биринчи коңгуроодой» шыңгырап, дагы да болсо мектеп менен тагдырлаш болуп келүүдө.
Сары-Булак айылынын салкын абасы, кооз жаратылышынын койнунда чоңойгон Өмүрзаков Аманбай төртүнчү классты бүтүрүп эле Бишкек шаарынын 39-мектебине окуганы кетет. Туулуп өскөн жерине болгон сагынычы жеңип, кайтып келгенде, кыргыз тилинен окуткан Кадыр агайынын “Чоң шаарга барып оку, көп билим алган жакшы, адам болосуң, көп нерсе үйрөнөсүң” деген сөзү көңүлүнө кыттай уюп калат. Мээрим төгүп, сылык, адамгерчиликтүү болууга үндөгөн Марапат, Тоту эжекелеринин, математиканы калькулятордон артык чыгарткан Токторбай агайдын, тарыхты окуяларга кошо жашата окуткан Дүйшө агайдын наристе сезимге тигип койгон билим данеги өсүп жетилген сайын, ал мугалимдердин эмгегине таазим эте, берген билиминин бекемдигине ыраазы болуп келет. Жогорку билим алып, илимий ишти аркалап, көптөгөн мамлекеттик, коомдук иштер менен алектенип, бизнесмен, менеджер болуп эмгектенет. Төрт эле жылда бетондон бекем куюлган билим фундаменти, турмушта бутка ишенимдүү турууга өбөлгө болгон окшобойбу.

Окуучунун ийгилиги – мугалимдин сыймыгы

АЛЫСКЫ САРЫ-БУЛАКТАГЫ АСЫЛЗАТ АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР

Абдулазизова Тотукан Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайды бүтүрүп, 46 жыл сүйгөн кесибин аркалап эмгектенип келди. Түйшүктүү кесиптин ээси болгонуна сыймыктанып бүгүнкү күнгө чейин талыкпай иштеп, быйыл да 4-класс бүткөрүп жаткан учуру. 2004-жылы “Мыкты мугалим” сынагына катышып, 2005-жылы “Билим берүү мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. Өзү айтмакчы: Он сегиз жолу класс бүтүрдүм, ал эми жаш кезде утур декретке чыкканыбыздын ордуна да иштеп класс бүтүрүп калчубуз.

Ошентип Марапат эжекенин Аманбай окуган классын да 2-3-класстан ары окутуп бүткөрдүм. Азыр эстесем, ушундай тынч жакшы балдар эле. Аманбайды 4-класстан кийин эле Бишкек шаарына спорт школго окутканы байкеси алып кеткен. Өзү түз жүргөн, жоопкерчиликтүү, тартиптүү бала эле. Кийин айылга келгенде спортко кызыккан балдарды чогултуп эски мектептин ичине машыктырып, спорт залга айландырып койду, мелдеш уюштуруп берет, байгелерин камсыздайт. Айылдагы, мектептеги иш-чараларга спонсор болуп жүрөт. Шаарда дагы активдүү болуп көп иштерди аткарат экен деп угабыз”.

Ардактуу эс алуудагы агартуучулар

АЛЫСКЫ САРЫ-БУЛАКТАГЫ АСЫЛЗАТ АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР

Сары-Булакка кайтканда мектепке түшүүнү, ак сакал агайлар менен баарлашууну туура көрүп, ооз ачаарга чейинки убакытты кайрадан ишке тойбой турган кездеринен бир собол айтып берүүсүнө арноону туура таптык. Агайлар ак калпактарын кийип, ак сакалдарын көйкөлтө басып келишти. Алгач ал-жай сурашып, жакындан таанышып анан сакалдуулата кеп учугун чубай баштадык.

Токторбай Атантаев агай 1940-жылы Сары-Булак айылында туулуп, өскөн. 1962-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. 1968-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтунун физика-математика факультетин бүтүрүп, 42 жыл мектепте математика мугалими, анын ичинен 15 жылын окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Райондун, облустун, республиканын бир катар грамота, сыйлыктарын алып, 1989-жылы “Эл агартуунун отличниги” төш белгисин, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардактуу аксакалы” наамын алган.

Мугалимдик кесипке кичинесинен эле тартылып, өмүрүн арнап келген агайыбыз өзүнүн мектебинин тарыхы жөнүндө төмөнкүлөрдү баяндап берди: “Мен мектепке барганда, айылдын этегинде, 2-3 классы бар эски мектеп болгон эле. Анан кырсык болуп, ал мектебибиз өрттөнүп кетти. Ошондо эки комнатасы бар бир үйдү башталгыч мектеп кылып окуп жүрдүк. Төрт жылдык мектепти бүткөндө, ушул айылдын аяк жагында Таш-Кыя мектеби деп коет эле, кийин Фрунзе мектеби делип калды, ошол жерге барып окуп жүрдүк. Калыбек Исраилов, Бекмамат Ташбаев, Эгешов Акан агайлардын мамилеси, касиеттери таасир тийгизип мугалим болууга себепчи болду. Алгачкы жылдары башталгыч класстар мугалими болуп, кийин жогорку билим алайын деп, окууну бүтүрүп, математик мугалим болуп иштеп келдим”.

Токторбай агайдын өзү окуткан окуучулары, кесиптештери, шакирттери ушул мектепте бирге иштеп агайдан зор таалим алгандарын, сабак өтүү методикасын, окуу бөлүм башчысы болуп тургандагы мыктай тартипти кармап, мугалимдердин даярдыктарын текшерип, ар бир сабактын өз нугунда өтүшүнө шарт түзүп турар эле. “ Агай серьезно кирип келип, сабак өткөндө мееңе куюп эле койчу”, — деп айта кетишти. Мектеп директору Сабира Маткасымова өзү дагы Токторбай агайдын окуучусу болгондугун, сабактарынын абдан кызыктуу, таасирдүү өтүлүп, “Сабак бүтсө деле кеткибиз келчү эмес, балким агайдын таасириби, мен дагы математик болуп ушул мектепке келип иштеп калдым”, — деп эскерип отурду.

Сыдыбаев Абдыжапар агай окуучулук, студенттик, педагогикалык өмүрүндөгү не бир кызык, түркүн тагдырлар менен чиелешкен окуялар жөнүндө баяндап отурду: “Биз дагы Таш-Кыяга барып окуп калдык. Ал кезде биз менен чечен балдар окуп жүрдү, жалпы 16 элек. Алар кыргызча, биз чеченче сүйлөп каган элек. Бизди Кудайбердиев Карыбек деген агай окутаар эле. Кыргыз тилден экзамен тапшырып, бир кыргыз, бир чечен кыздан башкабыз бүт күзгү сыноого калганбыз. Кадыр агайыбыз “Үтүр келгенде колумду минтем анан жазгыла” деп жатып күзгү сыноодон өттүк эле. Мугалимдердин көбү түндүктөн келчү. Иманалиев деген математик мугалим окутту, деректирибиз Орокбаев Сабыр деген чүйлүк агай эле, аялы Кеңешкан эжей экөө иштеп кеткенден кийин Рысалиев деген агай келди. Кийин анан өзүбүздүн агайлар окууну бүтүрүп келип иштеп калды. Исмаилов Шамшы аке менин физматка өтүшүмө себепкер болду. Фрунзедеги Университетке физматка өтүп, ортодо армияга барып, үйлөнүп, 1971-жылы Москвага аспирантурага өтүп, окуп бүтпөй кетип калдым да, кайтып келип көп жерде иштедим”.

Агайдын эмгек жолу заводдо токарлыктан башталып, политехникалык институтта, Кара-Кулжа мектебинде мугалим, Ленинчил жаш орто мектебинде директор, 1997-2000-жылдарда К.Жантөшев атындагы мектепте директор, 2001-2009-жылдары ушул мектепте математика, физика мугалими болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Эмгеги бааланып 1986-жылы “Кыргыз ССРинин агартуу отличниги”, 2015-жылы КР “Ардактуу аксакалы” ордени менен сыйланган, ал эми 2016-жылы Кара-Кулжа районунун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган. Айта кетүүчү нерсе ушул турган мектептин жерин убагында мен алып, проектисин үч этаждык кылып түзүп коюп, башка жакка кетүүгө туура келип калган эле. Кийин келсем эки кабаттуу болуп калыптыр.

Кайназаров Токтобек агай дагы Сары-Булак айылынын кулуну. Ош мамлекеттик педагогика институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн. Мугалимдик кесипте 47 жыл үзүрлүү иштеп, окуу бөлүм башчысы, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп, гимназия класстары бар Б.Бегалиев атындагы орто мектепте физика мугалими болуп, 2018-жылдан баштап ОШМУнун “Кара-Кулжа” гимназиясында иштеп келе жатат. Агай райондук, оюласттык, республикалык ардак грамоталары менен эле сыйланбастан, 1994-жылы “Билим берүүнүн мыктысы”, 2015-жылы КР “Ардактуу аксакалы” төш белгилери менен сыйланып, 2000-жылы КР мугалимдеринин 1-курултайына делегат болуп катышып келген. Окуучулары предметтик олимпиадалардан дайыма жеңишке ээ болуп келет. Төрт окуучусу Республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болгон, алардын ичинен үчөө жогорку окуу жайларда иштеп жатышат. Агайдын методикалык тажрыйбасы бааланып, бир нече жыл райондогу физика мугалимдеринин секциясын жетектеп келди.

Өмүрү өрнөк мугалимдер

АЛЫСКЫ САРЫ-БУЛАКТАГЫ АСЫЛЗАТ АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР

Камчыбеков Кадыр агай 1925-жылы Совет районунун Кара-Коркор айылында туулган. 1944-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык училищени окуп келип 1948-1950-жылдары Ак-Кыя мектебинде, 1950-1952-жылдары Чалма мектебинде, 1952-1958-жылдары Кара-Кочкор мектебинде, 1958-1988-жылдары Сары-Булак айылындагы К.Жантөшев атындагы орто мектебинде иштеп, ал ортодо 1964-1969-жылдарда Ош педагогикалык иститутунун кыргыз тили жана адабияты факультетин сырттан окуп бүтүргөн. Кырк жылдык өмүрүн билим берүүгө арнаган агай 1988-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар грамота менен сыйланган.

АЛЫСКЫ САРЫ-БУЛАКТАГЫ АСЫЛЗАТ АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР

Маматаев Дүйшө агай 1934-жылы Сары-Булак айылында туулуп, 1948-1952-жылдары Өзгөн интернатында, 1953-жылы Фрунзе атындагы орто мектебинде окуп, алдыңкы окуучулардан болуп бүткөн соң, ошол мектепке пионер вожатый болуп иштеп калат. 1954-1955-жылдары Жийде баштооч мектебинде мугалимдик кесипти аркалап, 1956-жылы Сары-Булак айылындагы К.Жантөшев атындагы орто мектепте мугалим болуп, өмүрүнүн аягына чейин деректир болуп эмгектенип келди. Мектептин материалдык жана техникалык базасын чыңдоого зор салымын кошкон. Көп жылдар бою айылдык кеңештин депутаты болуп чарбалык иштерди да көз жаздымында калтырбады. Областтык элге билим берүү бөлүмүнүн грамотасы, 1987-жылы билим берүү министрлигинин грамотасы, “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси, В.И.Лениндин 100 жылдык юбилей медалы, “Эмгектин каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланган. Мектептин жетекчиси – боз үйдүн түндүк жабуусу сымал: таң эрте, элден мурда келип мектепти ачат, түн бир убак, элдин артында калып, мектепти бекитет. Өз ишине жан дили менен берилип иштеген Дүйшө агайды азыркынын Дүйшөнү десек да жаңылышпайбыз. Дүйшө агай менен Зулайка эже төрт уул, беш кызга татыктуу тарбия берип, эрезеге жеткиришкен.

“Аккан арыктан суу агат” демекчи, атанын кесибин улантып кызы Гүлүкан Маматаева дагы ушул мектепке кырк жылдык эмгегин арнап, башталгыч класстар мугалими болуп иштеп келүүдө. Учурда 2-классты бүтүрүп жаткан убагы экен. Атанын аброюна көлөкө түшүрбөй, тың мугалим болуп, көптөгөн грамоталардын жана “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.

АЛЫСКЫ САРЫ-БУЛАКТАГЫ АСЫЛЗАТ АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР

Исманкулова Марзия эжеке 1970-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун химия, биология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун өзү туулуп өскөн Өзгөн районунан баштап, 1973-1982-жылдары Кара-Кочкор айылында Фрунзе орто мектебинде, 1984-2004-жылдары Сары-Булак айылында химия, биология мугалими болуп иштеген. Өз кесибин сүйгөн эжекени опол тоодой эмгегинен тышкары, беш баланын энеси жана өмүр бою тизгиндеш болуп мугалимдик кесипти ардактап келген өмүрлүк жарына жардамчы катары таанып келишет. “Аял жакшы – эр жакшы” деген сөз ушул Марзия эжекеге да таандык бейм, жолдошу Абдиев Зайит агай мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору болуп иштеп турган кезде кабак-кашына серп салып, жакасын кирдетпей, шымынын кырын чыгара үтүктөп туш тараптан колдоп келген эле.

АЛЫСКЫ САРЫ-БУЛАКТАГЫ АСЫЛЗАТ АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР

Абдиев Зайит агай Сары-Булак айылында 1942-жылы туулган. Педагогикалык эмгек жолун 1962-жылы “Түшүнүк” сегиз жылдык мектебинде башталгыч класска мугалим болуп иштөөдөн баштаган эле. 1968-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун георафия, биология факультетин бүтүрүп, 1973-жылга чейин Өзгөн шаарында кечки жумушчу жаштар орто мектебинде география мугалими, 1973-жылы К.Жантөшев атындагы мектепте география, биология мугалими, 1982-1983-жылдары ушул эле мектепте организатор болуп иштейт. 1983-1986-жылдары Совет райондук сырттан окуу орто мектебинде окуу бөлүм башчы, директорлук кызматты аркалап, 1986-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин өз айылындагы К.Жантөшев мектебинде география мугалими болуп эмгектенет. Мугалимдер, окуучулар арасында зор кадыр баркка ээ болгон агай райондук, областтык билим берүү бөлүмүнүн, мамлекеттик администрациясынын бир нече грамотасы менен сыйланган.

“Алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей, эриш-аркак мугалимден өнүп чыккан данек – кызы Абдиева Гүлбара дагы мугалимдик кесипти тандады. Династиянын туусун татыктуу көтөрүп келе жатканына 32 жыл болуп, мектептин орус тили предметинен сабак берип келет.

Өмүрүн мугалимдик кесипке байлаган Мырзаш, Капар агайлар жөнүндө айта кетпесек болбос. Жогоруда айтылган агайлардын классташтары, кесиптештери, тизгиндештери, үзөңгүлөштөрү, замандаштары. Мырзаш агай дагы билимге суусап, педагогиканы көздөгөн жоон топтун катарын толуктап, жогорку окуу жайын бүтүрүп, райондун башка мектептеринде окуу билим деңгээлин көтөрүүгө салымын кошуп, көп жылдар бою директорлук кызматтарда жүрүп, кийин Сары-Булакка келип мугалим болуп иштеди. Ал эми Капар агай болсо алгач Жалал-Абаддагы педучилищаны окуп башталгыч класстар мугалими болгон, кийин Ош мамлекеттик пединститутунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, мектепке келип орус тилчи мугалим болуп эмгектенип, өмүрүн ушул К.Жантөшев атындагы мектепке арнап келди.

Мына ушинтип, бир кезде мугалимге муктаж болгон Сары-Булак айылынын мектебинен мугалимдер гвардиясы өсүп чыкты.

Кара-Кулжа жергесине аттанганда эзели көрбөгөн жерге, тааныбаган элге баратам деген тынчсыздануу сезими болбоду, тескерисинче кыргызстандын табияты кооз, алыскы жердин жаңы жүздөрүн, ал жактагы элдин маанайын, иш аракетин, тажрыйбасын көрүп, уккум келди. “Түн бакырдыкы” деген сөз бар эмеспи, түнү бою жол жүрүп таң менен Кара-Кулжанын Сары-Булак айылына кадам таштадым. Бишкектен чыккандан айылга келгенге чейин мен үчүн санаа тартып, аман-эсен келе жатканымдан кабар алып кабатырланган адамдар мен үчүн атам менен энемдей камкордук кылып, жол боюнда күтүп тургандарын көрүп ичим жылып турду. Биз бат эле сөзгө аралашып эзелки тааныштардай болуп кеттик. Жолдон чарчадың, эс алып ал дегендерине карабастан мектепке барууга ашыгып турдум.

Мамилесин көрүп таалим ал!

АЛЫСКЫ САРЫ-БУЛАКТАГЫ АСЫЛЗАТ АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР

Асанова Махбурат эжеке 1981-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин физика факультетин бүтүрүп, кырк жыл бою мугалимдик кесипти аркалап келди. 2008-2012-жылдары окуу бөлүм башчысы болуп иштеп, иштеги жетишкендиктери үчүн райондук, облустук, республикалык грамоталарга ээ болуп, 2013-жылы “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. 2018-жылы Кыргызстандык мугалимдердин делегациясы менен Түштүк Кореяга барып он күн стажировкада болуп келген. Мугалимдин ишмердүүлүк деңгээли окуучусунун көрсөткүчтөрүнөн бааланат. Айтайын дегеним, жыл сайын өтүлүүчү предметтик олимпиададан окуучулары жеңишке ээ болуусу, райондук эле эмес облустук турга катышуусунун өзү эле эжекенин талыбас эмгегинин натыйжасы экенинен кабар берет. Быйылкы жыл дагы “Техникалык моделдөөнүн башталмасы” ийриминин мүчөсү Темирбек уулу Нурдин облустук турга чыгып, таймашып, ардак грамота менен сыйланып келишинин өзү да чоң сыймык.

Ал эми баардык баштоолорун, түмөн түйшүгүн колдогон өмүрлүк жар болот эмеспи. Баянымдын башында, таң азанда жол боюнда жетелешип, бейтааныш кызды күтүп турган жубайлардын экинчи түгөйү жөнүндө айта кетпесек болбос. Мамытов Базарбай 1981-жылы Бишкектеги Политехникалык институттун технология факультетин бүтүрүп, жөнөкөй технологдон баштап, көптөгөн жетектөөчү кызматтарга чейин Жалал-Абадда, Базар-Коргондо эмгектенип келди. Төрт уулдун бактылуу ата-энеси, чоң-ата, чоң-энесинин өз элине эле эмес, бир көргөн адамга кылган мамилесинен эле таалим алып, үлгү кылса болооруна ишенем.

Айнура АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»,
Бишкек–Кара-Кулжа–Бишкек

Бөлүшүү

Комментарийлер