«АЛТЫН ТҮЙҮН»: СИСТЕМАЛУУ РЕФОРМА ЭСКИ ТАРТИПТИ ТАЛКАЛАП ЖАТАБЫ?
- 12.11.2026
- 0
“Алтын Түйүн” Балдардын инженердик-техникалык улуттук академиясында акыркы бир жылдан бери уланып жаткан жаңжал жеке адамдардын кагылышы менен кызмат талашуудан сырткары, эскирген бюрократиялык система менен заманбап талаптардын ортосундагы катуу тирешүү экен. Жылдар бою көз жумду мамиле жасалып, жыйынтыксыз иштеп келген жайдын жаңы жетекчилик тарабынан катуу тартипке келтирилиши системанын ичиндеги коргонуу рефлексин жана катуу каршылыгын жаратып жатканы анык болду. Жакында эле Академиянын Чүй облусундагы филиалынын кызматкерлери дагы Президент С.Жапаровго чейин арызданышканы, эски менен жаңы системанын келишпестигин далилдеп койду. Ошондуктан Президент дагы мыйзам чегинде эскисин да, жаңысын да кызматтан алып, жаңы кадрларды алуу тапшырмасын берди. Борбордук аппараттагы жана филиалдагы жосунсуз арыздашуулар тууралуу академиянын директору, п.и.к. Дария МУСИНА үтүр-чекитине чейин айтып берди.

Жетекчиликтин келиши эмнени өзгөрттү?
Маалыматтарга караганда, жаңы жетекчилик келгенге чейин академияда окуу процесси формалдуу түрдө гана жүрүп келген. Айрым мугалимдер 20 сааттык ставка алып, иш жүзүндө 1-2 гана бала менен иштеп жатканы аныкталган. Бул — мамлекеттик бюджеттин каражаттарын натыйжасыз пайдалануу гана эмес, балдардын келечегине карата кош көңүл мамиле эле.

Жаңы жетекчи келген соң биринчи кезекте баланын санын көбөйтүү маселеси катуу коюлган. Натыйжада, мурда 300дөй бала катталса, бир жылдын ичинде бул көрсөткүч 2000ден ашты. Робототехника, дрон, шахмат, тогуз коргоол сыяктуу заманбап багыттагы кружоктор ачылып, өкмөт тарабынан алынган 5 миллион сомдук жабдыктар толук кандуу ишке киргизилген. 14–17 жаштагы өспүрүмдөр өз алдынча станоктордо лазердик жана инженердик буюмдарды жасап, олимпиадаларга даярдана баштады.
Эски системанын «коргонуу механизми» же арыздардын жаашы
Бирок ар бир олуттуу реформа катуу каршылыкка кабылары мыйзамченемдүү көрүнүш. Мурунку жетекчиликтин командасынан калган саналуу кызматкерлер (маалыматта аты аталган N. баш болгон бир нече адам) мыйзамдуу талаптарга көнүүнү каалашкан эмес.
Бир жылдын ичинде прокуратурага, Президенттин аппаратына, министрликтерге, ички аудитке жана профсоюздарга 21 жолу арыз жазылып, тынымсыз текшерүүлөр уюштурулган. Кызыгы, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эч кандай олуттуу финансылык же мыйзам бузуулар тастыкталган эмес. Бул арыздардын максаты — жаңы келген жетекчиликтин колун байлап, эски «ыңгайлуу» шартка кайтаруу, ошондой эле N. аттуу педагог өзү директор болууну каалаган экен.
Эми текшерүүлөрдүн жыйынтыгында “тастыкталган жок” деген чечимдердин баары документтештирилип, топтолушу керек. Эгерде арыз жазган тарап улам-улам жалган маалымат таратып, ишке тоскоолдук жаратып жатса, мекеме жетекчилиги КР Граждандык кодексинин негизинде «Абройду, ар-намысты жана ишкердик репутацияны коргоо» боюнча сотко доо-арыз менен кайрылууга толук укуктуу. Бул ашыкча каралоолорду токтотуунун эң цивилизациялуу жолу экенин адистер айтышууда.

Академиянын ичиндеги санитардык абалы да оор абалда болгонун текшерүүлөр көрсөттү. Ондогон жылдар бою тазаланбаган, бүргө баскан китепкана, санитардык талапка жооп бербеген ашкана, көк тарткан, нымдуу жертөлө ачыкка чыгып, аларды тартипке келтирүү да каршы тараптын чабуулуна дуушар болгон.
Тандоо алдында турган келечек
«Алтын Түйүндөгү» бул кырдаал — биздеги кошумча билим берүү тармагынын күзгүсү. Бир тарапта мамлекеттин акчасына салкын мамиле жасап, аз гана балдар менен иштеп, отчет үчүн гана жашап көнгөн эски кызматкерлер турса, экинчи тарапта заманбап технологияларды киргизип, окуучулардын санын көбөйтүп, сапаттуу натыйжа талап кылган реформатор директор турат.

Эгер өлкөбүз келечекте инженерлерди, IT адистерин жана заманбап ой жүгүрткөн жаштарды тарбиялагысы келсе, мындай катуу тартип жана системалуу тазалануулар сөзсүз керек. Болгону, бюрократиялык тоскоолдуктар жана жеке амбициялар мамлекеттин жана балдардын кызыкчылыгынан жогору турбашы тийиш.
Мамлекеттик мекемелердеги, айрыкча, билим берүү жана кошумча тарбия берүү тармагындагы реформалар дайыма эки чөйрөнүн — укуктук мыйзамдуулуктун жана жамааттык-психологиялык каршылыктардын кагылышында өтөт. «Алтын Түйүн» академиясындагы кырдаал бул тармактагы бардык негизги укуктук жана башкаруучулук көйгөйлөрдү ачыктады.
Эски кызматкерлердин каршылыгын мыйзамдуу жеңүү жолдору
Мамлекеттик эмгек кодекси жана бирдиктүү тарифтик-квалификациялык маалымдамалар боюнча кызматкерге катуу талаптарды коюу толук мыйзамдуу.
Мурда 1–2 бала менен 20 саат иштеп көнгөн мугалимдерге Типтүү жобого ылайык бир тайпада 12ден кем эмес бала болушу керектиги боюнча талап коюу — жетекчиликтин түз укугу. Талап аткарылбаса, ставка сааттарын кыскартуу укуктук жактан негиздүү.

Эгер педагогдо тиешелүү педагогикалык билими же квалификациясы жок болсо, БГУда ачылган атайын кошумча жана инклюзивдүү билим берүү кафедрасы аркылуу 600–1200 сааттык кайра даярдоодон өткөрүү же педагогдордун компетенттүүлүгүн жана кесипкөйлүгүн билим берүү программаларын, жана сабак өтүү усулдарын туруктуу талдоо аркылуу текшерүү зарыл. Себеби бул эң эффективдүү ыкмалардын бири болуп саналат.


Кошумча билим берүү жаатында дагы мезгил-мезгили менен кызматкерлердин квалификациясын, программа жазуу жана сабак өтүү методикасын текшерген көз карандысыз аттестациялык комиссия түзүү керек го деген ой келет. Себеби бул эң эффективдүү укуктук курал болуп саналат.

Филиалдарды жана түзүмдөрдү оптимизациялоо
Маалыматка таянсак, Кеминдеги Академиянын филиалы сыяктуу иштебей жаткан же натыйжасы төмөн бөлүмдөрдү оптимизациялоо үчүн укуктук кадамдар жасаларын адистер айтышууда.
Эгерде өлкө башчысы же Агартуу министрлиги тарабынан натыйжасыз филиалдарды же имараттарды оптималдаштыруу боюнча тапшырма болсо, министрликке негизделген кат жазылат. Ошондон кийин гана филиалды Сокулукка, Токмокко которуу же башка мекемеге өткөрүп берүү Агартуу министрлигинин буйругу менен гана ишке ашат. Жетекчилик өз алдынча эмес, жогорку органдын чечими аркылуу ишке ашырганда, ички чыр-чатактар мыйзамдуу талаага өтөт.
Сөз соңу
Мамлекеттик мекемелердеги реформалар жеке өчөшүүгө эмес, бир гана документке, Эмгек кодексине жана нормативдик-укуктук актыларга таянышы керек. Ар бир ката, ар бир эскертүү жана ар бир талап актылар менен бекемделгенде гана эски системанын каршылыгын биротоло токтотууга болот.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)