“Алтын Казык”: 12 жылдыкта эмне иштер жасалат?
- 06.12.2024
- 0
Дүйнө кантип өнүгүүдө?
Эгерде мурда дүйнөдө мунай, алтын сыяктуу жаратылыш байлыгы барлар байып келсе, кийинки кезде билим берүү системасын өркүндөткөн өлкөлөр адам дарамети аркылуу өнүгүүдө. Мисалы, бүгүн PISA эл аралык баалоосунда бардык багыттар (окурмандык, математикалык, табигый-илимий сабаттуулук) боюнча биринчиликти алган Сингапур негизи бир эле шаардан турат. Мурда ал Малайзия менен бир мамлекет болуп, кийин бөлүнүп чыккан. Бөлүнгөн кезде керек болсо иче турган сууну да Малайзиядан сатып алган жакыр өлкөлөрдүн бири эле. Азыр абдан бакубат мамлекеттердин катарына кошулду. Аймагы кичинекей болуп, океандын жээгин жер кылып кошууда. Эч кандай жаратылыш байлыгы жок. Ошондой эле чакан, жаратылыш байлыгы тартыш мамлекет Финляндия, Эстония да адам дарамети аркылуу өнүгүүдө. Жаратылыш байлыгы эртеби-кечпи түгөнөт, ал эми адам дарамети уламдан-улам күчөй бермекчи. Кийинки кезде билим сапатын көтөрүүдө Европа эмес, Азия ат чабым алдыга кетүүдө. Сингапур, Япония, Түштүк Корея, Кытай ж.б. Ал тургай, Вьетнам да алдыга озуп чыкты. PISA эл аралык баалоосунун рейтингинде алдыңкы катарда Европадан Эстония менен Финляндия бар. Учурунда Европа технологияга басым жасап, экономикалык жактан бачым өсүп кетти. Азия негизинен баалуулуктарга көңүл бурду. Азыр Азия технологиялык жактан өсүп, Европаны кууп жетүүдө. Бирок Европа баалуулуктарын жоготуп алып, натыйжада экономикалык жактан да алсызданып барат. Кийинки кезде “Франция болот, бирок француздар үчүн эмес” деген сөз бекеринен чыгып жаткан жери жок. Анткени Францияда учурда ар бир үчүнчүсү салттуу эмес үй-бүлө. Орус православ чиркөөсүнүн протоиерейи Димитрий Смирнов: “Келечек биздики эмес, келечек исламдыкы. Анткени биз үй-бүлө баалуулуктарын жоготуп алдык”, — деген эле.
Бир сөз менен айтканда, учурда оомат Азияга ооду. Билим берүүдө Азиянын тажрыйбасына басым жасалып жатканы да бекеринен эмес.
Кыргызстанда да адам дарамети аркылуу өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми адам дарамети билим берүү жана маданият аркылуу калыптанат. Демек, бизде билим берүү системасын заман талабына ылайык өркүндөтүү зарыл.
Алдыда кандай иштер бар?
Учурда Кыргызстанда билим берүү жаатында төмөнкүдөй олуттуу маселелер алдыда турат:
1) “Алтын Казык” программасын ишке ашыруу;
2) 12 жылдык билим берүүгө өтүү;
3) “PISA-2025” эл аралык баалоосуна катышуу.
“Алтын Казык” программасына ылайык, бир жыл ичинде бала бакча менен камсыз кылууну 40%га жеткирүү пландалган. Бул кошумча 113 миң баланы бала бакчага тартуу дегенди билдирет. КР Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун жыл жыйынтыгы боюнча отчетуна ылайык учурда бул көрсөткүч 26%дан 35%га жетип калды. Бала бакчага баруунун маанисине кээде анчалык маани бербей келебиз. Биз PISA эл аралык баалоосуна 2006, 2009-жылдары катышып, биринчисинде 57 мамлекеттен, экинчисинде 65 мамлекеттен эң акыркы орундарды ээлеп калганбыз.
Бирок ошол изилдөөдө 2 факт болгон:
- Бала бакчага барган балдар 15 жашында да салыштырмалуу жакшы көрсөткүчтөрдү берген.
- Апасы билимдүү балдар да жакшы жетишкендиктерге ээ болгон.
12 жылдык билим берүүгө өтүүдө эмнелер өзгөрөт же эмнелерге өзгөчө маани беришибиз керек:
1) Инфраструктура менен камсыздоо (кошумча мектептер, класстар, аларды жабдуу);
2) Мазмунду, билим берүү стандарттарын, окуу китептерди, окуу материалдарын даярдоо;
3) Мугалимдерди жана мектеп жетекчилерин окутуу;
4) Окуу методикасын өзгөртүү.
1) Кийинки кезде курулуп жаткан мектептердин, билим берүү мекемелеринин саны кескин өсүп жатканына баарыбыз күбө болуудабыз. “Билим берүү мекемелеринин курулуштары боюнча 3 жылда 268 мектеп, 52 бала бакча салынды. Быйыл 190 мектепте жана 110 бала бакчада курулуштар кызуу жүрүүдө. 100 жылдыкка карата жалпы 113 мектеп, бала бакча, социалдык объект бүттү” (“Эркин Тоо” гезити, №89, 19.11.2024).
2) Учурда мектепке чейинки жана мектептик билим берүү мамлекеттик стандарттарынын долбоорлору иштелип чыкты. Буга чейин бул эки стандарттын ортосунда байланыш болбой, ырааттуулук маселеси аксап келсе, биринчи жолу жумушчу топтор биримдикте иштеди. Бул стандарттардын негизги өзгөчөлүгү баланы инсан катары кабыл алып, негизги басым баалуулуктарга, Мекенди сүйүүгө, баланын өзүн таануусуна (“Кыргыз жараны”), мүнөзүнө, эмоциясына жасалганын баса белгилөөгө туура келет.
3) STEM багытындагы (математика, физика, химия, биология) окуу китептер Сингапурдан сатылып алынды. Ал китептер Кембридж системасы менен даярдалып, Сингапурдун шартына, б.а. Азияга ыңгайлаштырылган (адаптацияланган). Учурда бул окуу китептер которулууда, алар Кыргызстандын шартына ыңгайлаштырылат. Мындан сырткары, Кембридж системасы менен даярдалган информатика, англис тил окуу китептери сатылып алынат. Калган предметтер боюнча окуу китептерди улуттук адистер даярдашат.
Окуу китептерди жакшыртуу үчүн “Окуу китеби” басма үйү түзүлдү. Учурунда базар экономикасына шылтоолоп, “Мектеп” басмасын талкаладык. Бирок бул багытта базар экономикасы иштебей эле, жемкорлук гүлдөдү. Жеке менчик басмалар өнүгүп кеткен жок. Негизинен жасалма түзүлгөн басмалардын саны чектелүү болуп, буюртмаларды бөлүштүрүү менен алек болушту.
Учурда STEM багытындагы республикадагы бардык мугалимдер (15 885 мугалим) математика жана илим багытында Сингапур методикасы менен окуудан өтүп жатышат. Бул мугалимдер окуу китептер даяр болгондон кийин 2025-жылы конкреттүү китептер менен кайрадан да окушат. Бул долбоорду Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоору колдоодо.
Кийинки кезде мугалимдерди окутууга өзгөчө көңүл бурулуп келет. Республикалык институт облустук билим берүү институттары, методикалык борборлор, өнөктөштөр менен бирге жана Евро кошуундун индикаторлорун аткаруунун алкагында өткөн окуу жылында 56 445 мугалимди окутту. Анын ичинде Кыргызстандагы ЮНИСЕФ уюмунан кошумча каражат тартып, Республикалык институт 460 мектептен 10 000 мугалимди чеберчилигин жогорулатуу курстарынан өткөрдү. Дүйнөлүк Банктын долбоорунун алкагында 58 миңден ашык, ЮСАИДдин “Окуу керемет!” долбоору боюнча 27 миңден ашык мугалим заман талабына ылайык курстардан өтүштү.
4) Окуу методикасында функционалдык сабаттуулукка, ошондой эле креативдүүлүк, сынчыл ойлом, командада иштей алуу, башкалар менен байланыша алуу сыяктуу XXI кылымдын көндүмдөрүн калыптандырууга басым жасалууда.
12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында бардык мугалимдер кайрадан да чеберчилигин жогорулатуу курстарынан өтүшөт.
Бүгүнкү күндө курстар мугалимдердин каалоосуна жараша:
1) бетме-бет (офлайн);
2) аралыктан (онлайн);
3) аралаш форматтарда өтүүдө.
Эң көп аралаш форматта өтүүдө. Мугалимдер алгач бир нече күн бетме-бет негизги маселелерди тактап, бири-бири менен таанышып, көнүшүп калгандан кийин курсту онлайн форматта улантышууда.
Акыркы кезде Республикалык институт мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууда командалык ыкманы колдоно баштады. Б.а. функционалдык сабаттуулук, XXI кылымдын көндүмдөрү, жумшак көндүмдөр сыяктуу жалпы темалардагы курстар мектептин бүтүндөй жамааты менен өткөрүлөт.
Мектеп жетекчилери конкурс аркылуу тандалып, жаңы тандалган мектеп директорлору министрликтин атайын буйругу менен чеберчилигин жогорулатуу курстарынан өтүшүүдө.
Мурда Республикалык институт каржынын айынан Бишкек менен Чүйдөн алыс чыга албаса же жер-жерлерге барса чыгымдарын мугалимдердин эсебинен төлөтсө, акыркы 3 жылда Республикалык институттун атайын эсеби 40 эсе өсүп, окутуучулар каалаган аймагына муктаждык болору менен Республикалык институттун эсебинен барып жатышат.
Республикалык институт акыркы кезде окутуучуларын Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан сыяктуу мамлекеттерге окууга жөнөтө алды.
Ошондой эле мугалим кааласа, Бишкекке келбей эле Республикалык институттун платформасы аркылуу эч кимдин кийлигишүүсү жок өз алдынча окуп, босого баллдан өтсө, сертификат алалат.
Баалуулуктар маселесине кайра-кайра токтолуп жатканыбыздын себеби ал тарбия менен түздөн-түз байланышта. Кийинки кезде тарбия маселесине анча маани бербей келебиз же аны туура эмес түшүндүрө баштадык. Ал тургай, “Мектепте окутат, билим алат, тарбияны ата-эне берет”, — деп айта баштадык. Тарбия куру насаат менен эмес, үлгү аркылуу калыптанат. Биздин айткан сөзүбүз эмес, жасаган иштерибиз, өзүбүздү алып жүргөнүбүз маанилүү. Мугалимдер, мектепте иштегендер түздөн-түз үлгү болуусу керек. Тарбия бере албаган мугалимди ата-эне урматтамак беле?!.
Керек болсо, эл аралык деңгээлдеги кылмышкерлер, көпчүлүк коррупционерлер абдан билимдүү, бирок баалуулуктары алмашып калган, мамлекеттен өзүнүн кызыкчылыгын жогору коёт.
Гарвард, Стэнфорд университетинин жана Карнеги фондунун окумуштуулары адамга учурда 85% башкалар менен алака-мамиле кыла турган жумшак көндүмдөр, 15% иштеген жумушуна байланыштуу катуу көндүмдөр керек экендигин аныкташкан.
Алмазбек Токтомаметов,
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору
Комментарийлер