АЛТЫН ЭЖЕЙ
- 25.11.2026
- 0
Ар бир адамдын турмушунда “биринчи” деген сөз бир нече ирет кездешет тура: биринчи кадам, биринчи сөз, биринчи класс жана биринчи мугалим. Ар биринин орду өзгөчө экени талашсыз, а бирок анын ичинен “а” тамгасын тааныткан биринчи мугалимдин ролу өзгөчө баалуу, өзгөчө ыйык. Бул балким биз үчүн ары сырдуу, ары табышмак билим ордосунун каалгасын ачып, бизге жол көрсөткөн көсөмдүгү, баарын билген даанышмандыгы үчүн болсо керек.

Данияровдордун династиясын уланткан агартуучу
Кемин районунун Кайыңды айылындагы А.Токомбаев атындагы мектептин башталгыч класс мугалими болуп 40 жылдан ашык иштеп, азыр ардактуу эс алуудагы Алтын Капарованын басып өткөн өмүр жолу да элет жериндеги карапайым мугалимдин көзгө көрүнбөгөн ары түйшүктүү, ары ардактуу агартуучулук вазийпасы менен тыгыз байланышта болду. Алтын Капарова 1952-жылы жарык дүйнөгө келген Чүй районундагы Жаңы-Чек айылы белгилүү Дүр атындагы мектептен билим алышына, тек гана билим алып койбой, агартуучулук сапарга аттанышына түздөн түз себепкер болгондой. Андан кийин Ак-Бешим, Сын-Таш айылдарындагы мектептерде окуусун улантып, орто билимге ээ болгон соң, 1967-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырып, башталгыч класстын мугалими кесибине ээ болот. 1973-жылы Кайыңды айылына турмушка чыгып, ошол эле айылдагы А.Токомбаев атындагы мектепте башталгыч класстын мугалим болуп иштеп калат.
— Ата-энебиз эрте кайтыш болуп, үй-бүлөдөгү беш бир тууган жетим калдык. Кичинемден бөбөктөрүмдү багып жүргөндөнбү, кичинекей балдарды аябай жакшы көрчүмүн, мугалимдик кесипти тандап калганыма да ошол түрткү болду окшойт деп ойлойм. Өмүрлүк жолдошум менен райондук билим берүү бөлүмүнөн таанышып, баш кошконбуз. Мен Кемин өрөөнүндө эле эмес, Кыргызстанга таанымал окумуштуулардын үй-бүлөсүнө туш келдим. Кайнатам да, кайненем да мугалим эле. Кайнатам Төлөнбай Данияров сегиз бир туугандын эң улуусу экен, ал Москвадан окуп келип, мектепте орус тилинен сабак берчү, кийин аны ар кайсы аймактарга мектеп директору кылып улам которуп турушкан. Сталиндик репрессия жылдарында үй-бүлөсүн аман алып калганын көп айтышар эле. Кайненем Зуура Жетигенова математика мугалими болгон Ал эми жолдошум Эржан Данияров да география мугалими болуп иштеп жүрүп, кийинчерээк комсомол комитетинде, токой чарбасында иштеп калды.
Башталгыч класс – бул билимдин башаты. Башталгыч класстын мугалими болуу эң жооптуу жана сыймыктуу иш. Мугалим эң негизгиси баланы өз баласындай сүйө билиши керек. Мен өз кесибимди аябай ардактап сүйүп, балдарга жан дилимди арнап иштедим. Анткени мугалим балдарга жүрөгүн ачып берилип сүйбөсө, анын билими да, тарбиясы да жугумдуу болбой, үстүртөдөн болуп калат. Бала өзү кичинекей болсо да, ошонун баарын сезип-туйгандан кийин гана мугалимге ачылат. Классымдагы ар бир окуучу кандай сүйүнсө, толкунданса, мен да ошондой абалда болор элем. Мындай сезим жыл сайын кудум алгачкы жолкудай болуп толкундантып турчу. Али эч нерсе жазыла элек аппак кагаздай таза, аруу балдар менен иштөөдөн ырахат алып, өзүмдү бактылуу сезер элем. Ар бир таңда мектепке келаткан окуучуларымдын алдын тосуп күтүп алчумун. Туура жазып, туура окуган окуучунун кубанычы менин кубанычым, ийгилиги менин ийгилигим эле, — деп эскерет Алтын эжей.
“Биринчи мугалимдин статусу өзгөчө болот экен”
Алтын Капарова жарым кылымга жакын иштеген мугалимдик жолунда энесинин этегинен бекем кармап көздөрүн алаңдатып, мектептин босогосун коомай аттаган ондогон, жүздөгөн балдар, кыздарды ата-энесинен бөлүп алып калып, маңдайынан сылап өз энесиндей мээрим төгүп арип үйрөтүп, жадыбал жаттатты. Алтын эжей 1-класска кабыл алган тоо арасындагы ошол Кайыңды айылынын чыт курсак тестиер балдарынын ичинде белгилүү коомдук ишмер, КР Эл жазуучусу, журналист, бир нече жолку ЖК депутаты Каныбек Иманалиев да бар эле.

— Биринчи мугалим деген сөз угулганда, менин көз алдымда ар дайым Алтын эжейим тартылат. Мен андан кийин да көп эле мугалимдерди жолуктурдум, бирок биринчи мугалимдин статусу өзгөчө болот экен. Эжейибиз менен азыркыга чейин кол үзүшпөй келебиз. Жолугушуп калсак, кудум баягы биз бала кездей мээримин чача учурашып, ар дайым үй-бүлөбүзгө чейин сураштырып, ар биринин ден соолугу, турмуш жайынан кабар алып турат. Алтын эжейибиз учурда айылыбыздын эң сыйлуу адамы, улуу-кичүү алдынан кыя өтпөй ардактап-барктап турат. Эжейибиз өтө мээримдүү, сулуу, боорукер, билимдүү, атактуу Данияровдордун династиясын улантып келаткан адам. Биз, классташтар Алтын эжейибизди 75 жаш кутман курагы менен куттуктап барабыз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эжейибизге бекем ден соолук, бакубаттуу бактылуу карылыктын төрүндө уул-кыз, небере-чөбөрөлөрүнүн урмат-сыйына бөлөнүп жүрө беришин чын ниетибизден каалайбыз, — дейт Каныбек Капашович.

Алтын Капарова мектепте иштеп жүргөн кезиндеги балдарга билим жана таалим-тарбия берүү ишиндеги үзүрлүү эмгеги бааланып, биринчи жана жогорку категориядагы мугалим даражасына ээ болгон. Кемин районунун, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. “КР Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. Ал 2010-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Алты баланын ардактуу, сүйүктүү энеси, 14 неберенин, төрт чөбөрөнүн чоң эне, таенеси. Балдарынын дээрлик баары жогорку билимдүү, үйлүү-жайлуу. Улуу баласы Темирлан дене тарбия мугалими болуп иштеп жүрүп, чарба иштерине өтүп кеткен. Андан кийинки кызы Назиктин кесиби математик болсо, уулу Айбек учурда токой чарбасында иштейт, ал эми кызы Сүйкүм уулу Азиз экөө атасындай болуп география кесибин тандады, кичүү кызы Мариянын кесиби биолог.

Мугалимдердин династиясы мына ушинтип уланып келатат. Окумуштуулардын жоон тобу чыккан Чоң-Кемин өрөөнүндөгү атактуу Данияровдордун династиясы үзүлбөй уланып келатканы мугалимдикти кесип эле эмес, тагдыр катары кабыл алып, мугалимдик менен жашап келаткан Алтын Капаровадай адамдар бар болгон үчүн деп ойлодум.
Адатта, уулдарды атасына тең жана атасынан кыйын чыккан деп баалашат, Алтын эжейдин кыйын чыккан окуучуларынын демилгеси менен 75 жылдык мааракеси белгиленип жатканы, анын он жылдап тарткан түйшүгү акталганы, эмгегинин акыбети кайтканы деп билебиз.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”