АЛМАСБЕК КАСЕНОВ: БИРИНЧИ БАЙЛЫК- ДЕН СООЛУК

  • 16.05.2025
  • 0

Окуучулардын,студенттердин, жаштардын жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин руханий, дене тарбия жана маданий өнүгүүсүн калыптандыруу максатында Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борбору ачылып, үч  жылдан ашуун убакыттан бери иштеп жатат. Борбордун иш-аракеттери, максаттары тууралуу анын директору Алмасбек Касенов айтып берди.

АЛМАСБЕК КАСЕНОВ: БИРИНЧИ БАЙЛЫК- ДЕН СООЛУК

-Бул борбор 2021-жылы октябрда уюшулган. 2017-жылга чейин  республикалык “Жаштык” борбору жаштардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдап, спорт менен машыктырып келген. Тилекке каршы, ал жана Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мамлекеттик олимпиадалык резервдеги балдар спорт мектептеринин баардыгы Дене тарбия жана спорт агентигинин карамагына берилип кеткен. Ошондон бери Билим берүү жана илим министрлигинде спорт, ден соолукту чыңдоо боюнча иш-аракеттери солгундап, спорттук көрсөткүчтөр төмөндөп, өксүп калган. Албетте, бардык учурда балдар билим алуу сөзсүз керек деңизчи, бирок ошол илим-билимди сиңирүү үчүн биринчи кезекте чың ден соолук зарыл эмеспи. Мурда балдарды көчөдөн, спорт аянтчаларынан үйгө киргизе албасак, азыр тескерисинче,  телефон,гаджет кармап, интернеттен башы бошобогон балдарды көчөгө, ойногонго чыгара албай калдык. Расмий маалыматтарга караганда, учурда мектеп окуучулардын 60-70 пайыздан ашыгы скалиоз менен ооруп,  көрүү жагы да начарлап кеткен. Кол телефон, санарип технологиясынын пайдасы да бар, бирок ден соолукка зыянын дагы  унутпашыбыз керек. Борбор ачылгандан бери  дене тарбияга, маданий өнүгүүнү калыптандырууга басым жасап, бир топ иш-аракеттерди аткарып, көптөгөн спорттук иш-чараларга катыштык. Бир топ демилге көтөрүп, иште жылыш болууда.  Кийин гана Министрликке караштуу “Эмгек резервдери” спорт коому, мекемеси, стадиону, спорт комплекси бар эле. Азыр ал мекеме жоюлуп, стадиону, спорт комплекси Бишкек мэриясына берилип кеткен. Студенттердин жана жаштардын “Буревестник” спорт коому да эбак жоюлуп кеткен. Учурда өлкө боюнча Ички иштер министрлигинин “Динамо” спорт коому гана калды.

— Борборго берилген имаратыңыздардын абалы кандай?

— Биздин борбор жайгашкан имарат кесиптик техникалык билим берүү тармагынын маданият үйү болгон. Каралбай калгандыктан оңдоо-ремонт иштери жасалып, биртоп түйшүк тартык. Спорт ийримдеринин башын бириктирген  мектеп окуучуларынын, студент жаштардын коому уюштурулуп,  жети дубан менен толук кандуу иштөө үчүн аракет кылып жатабыз. Ар бир облуста жогорку окуу жайлар жана мектептер менен иштеген өзүнүн координатору болду. Маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн дагы концерттик залды ремонттоп, оңдоп-түзөө үчүн каражат издеп жатабыз. Музыкалык аспаптар, жабдуулар жокко эсе экен.

— Дене тарбиясы менен маданият ушул бала бакча жана мектептен башталышы керек, бул өзүнчө бир руханий булак сыяктуу эмеспи. Ал үчүн спорттук аянтчалар, жабдуулар зарыл го. Бул маселе кандай чечилүүдө

— Азыркы күндө университет, институт жана кесиптик-техникалык окуу жайларды карап чыктык. Каржы жагынан жетишсиз болуп, өлкө аймагын бүт кыдыра алган жокпуз. Чынында дене тарбия сабагына өгөй мамиле кылып, туура эмес убакытта өткөрүлгөн жагдайларды да көрдүк. Кээ бир мектептерде дене тарбия мугалимдердин саны жетишсиз. Айылда спорт аянтчалары жана залдары бар, бирок жабдуулар жок, совет убагында калгандардын эскилиги жеткен, жаңы жабдууларды сатып алууга каражат такыр жетпейт же каралган эмес. Союз тарагандан бери мектептерге пландуу түрдө спорт жабдыктары менен камсыздандырылган эмес. Ар бир мектепке спорт жабдыктарына эле жок дегенде 250000 сом  каражат сарпталышы керек. Ошондуктан биздин сунуш менен кесиптик лицейде окугандар спорттук аянтча куруп, жабдууларды да жасап берүү демилгесин колго алууда. Каалагандай эскиздери, үлгүлөрү бар жана баасы да эки-үч эсе арзан болот. Кесиптик лицейдин студенттери өздөрү орнотуп да беришет. Ушундай жол менен айыл жергесиндеги мектептерди спорттук жабдуулар менен камсыз кылсак болот. Кээ бир жогорку окуу жайлар фирмалар менен келишим түзүп, спорт аянчасын жасатып жатат. Себеби жеке фирмалар оңбогондой акча сурашат экен. Алардын эсеби боюнча бир мектепке орто эсеп менен миллион сом кетет. Эгерде биздин кесиптик техникалык окуу жайлар жасаса эки-үч эсе үнөмдөлөт эле. Бул биринчиден, бизге, каражатыбызды үнөмдөөгө пайдалуу болсо, экинчиден, окуу жайлар да каражат таап алышат, үчүнчүдөн,  студенттерине практикалык иш, адистигин жогорулаткан тажрыйба болот.Чынында эле акробатикалык жабдуулар кымбат. Биздин окуучулар топ менен футбол, баскетбол, волейбол ойношот, жеңил атлетикада бир нече айлампа чуркашат, жабдуу жок болгонуна жеке спорт түрүнө карабай, каалоо болсо гана ийгилик жаратууга мүмкүн.

— Дене тарбия сабагы үчүн окуу куралдары, методикалык көрсөтмө куралдар жетиштүүбү?

— Борбордун эң башкы милдети билим берүү уюмдарын, маданият жана дене тарбия кызматкерлерин окуу-методикалык жактан камсыз кылуу жана квалификациясын жогорулатуу. Окуу, спорт мекемелерине жана башка спорт-маданий уюмдарына усулдук жана спорттук-массалык иштерди уюштурууда ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында методикалык көрсөтмө куралдарды, китептерди чыгарууга аракеттер көрүлүп жатат. Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептерде спорттук ийримдердин жана спорт уюмдарынын, клубдарын  ишин уюштуруу боюнча методикалык колдонмолор иштелип чыгууда. Ошондой эле Билим берүү академиясы дене тарбия сабагынын программасын иштеп баштап, бирок каржылоо жок аягына чыкпай калыптыр. 5-9-класска чейин гана даяр программа бар экен. Азыркы учурда улуттук билим берүүнүн жаңы моделине ылайык 12 жылдык стандарт толук даярдалып бүткөндөн кийин, дене-тарбия сабагы үчүн *Мугалимдин үстөл китебин даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул үстөл китебинде дене тарбия мугалими үчүн баардык материалдардын (мыйзамдар,указдар,токтомдор, методикалык сунуштар,конспектилер ж.б) камтылган китеби болот. Ошондуктан үстөл китеби кесиптик техникалык колледж, лицей, техникумдарга да жарайт эле. Анткени 9-класстан кийин барган балдар менен жаш курагы бирдей эле болот. Учурда  методикалык сунуштарды иштеп чыгуу үчүн атактуу дене тарбия жана спорт ишмери, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абакир Мамытов баш болгон адистерди тартып, аракет кылып  иштеп жатабыз. Тилекке каршы, бул жаатта мыкты иштей турган адистер жетишсиз экен.

— Эл аралык студенттердин спорт уюмдары жана Бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндарынын уюштуруучулары менен байланышып жатасыздарбы?

— Жакында биздин студенттик спорт федерациясы түзүлгөн, биз алар менен тыгыз иш жүргүзүп жатабыз. Мурдагы жылы жайында Кытайдын Чэнду шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк Универсиада оюндарына спорттун 5 түрү боюнча 16 студент спортчубуз катышып келди. Жеңил атлетика боюнча Нурсултан Кеңешбеков коло медаль утуп келген эле. Мурдагы жылы август айында Россиянын Екатеринбург шаарында Шериктеш мамлекеттеринин универсиада оюндары өткөн, ага биз катышканбыз. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 30 спортчу студент барып, спорттун 7 түрүнөн  4 алтын, 6 күмүш, 2 коло медаль утуп алышкан. Жалпы жыйынтыкта 36 мамлекеттин арасынан биз алтынчы орунга ээ болдук. Ошондой эле Казакстандын Түркестан шаарында Түрксой уюмунун Универсиада оюндарына Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Казакстан мамлекеттеринин  500 студент спортчусу катышып, атаандаштык курч мүнөздө өткөн эле.  биз 14 жогорку окуу жайынын студенттери 28 медаль (2 алтын, 9 күмүш, 17 коло байге) жеңип алышкан. Быйыл жайында жана Бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндары Германияда болот. Ага биздин суучулдар, жеңил атлетчилер жана дзюдо күрөш чеберлер даярдык көрүп жатышат.  Дагы башка  эл аралык мелдештерге катышууга камылгалар көрүлүүдө.

— Маданий тармак боюнча кандай иштерди, долбоорлорду аткарып жатасыздар?

— Бул борбор түзүлгөнгө чейин маданий иш-чараларга анча көңүл бурулбай келген экен. Ошондуктан эң башкы максат катары-тарыхый-маданий мурастарды сактоого, аны пайдалануу жана өнүктүрүү багытында иш алып баруудабыз. Ошондой эле элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү, студенттердин, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын маданий турмушка катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Башталгыч класстардын музыка мугалимдери үчүн нота китебине методикалык колдонмо даярдап жатабыз. Мектеп театры сынагын уюштуруп, окуучулардын рухий жактан өнүгүшүнө басым жасоого аракеттер көрүлүүдө.  Борбордун үчүнчү багыты- аскердик-патриоттук тарбиялоо. Ошондуктан аскердик даярдык боюнча кызматкер алдык. Мектепте башталгыч аскерге даярдоо боюнча жөнөкөй мугалим эмес, жетекчи мугалим (военрук) болуу керек. Бул болочок мекенди коргоочуларды татыктуу тарбиялоо иштеринде чоң күч, мүмкүнчүлүк боло алат эле. Коргоо министрлиги менен биргеликте жаштардын мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу максатында конкурстарды, сынактарды жана фестивалдарды уюштуруу багытында иш алып баруудабыз.

Кабыл Макешов,
“Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер