Ала-Тоо – онлайн таалимдин эл аралык бешиги болууга тийиш

  • 30.07.2026
  • 0

Алыстан билим алууга мүмкүнбү? Тарых жана азыркы турмуш чындыгы эмне дейт? Эгерде айрым аткаминерлер заманбап онлайн таалимдин баасын, наркын билбесе, анда, жок дегенде, айдыңдык демилгелерге балта чаппастан, сабырдуулук кылышса, таразалап алышса, анан бул усулду чындап колдоо көрсөтүүгө өтүшсө, абдан сонун болоор эле.

Өтмүштөгү айдыңдык көпүрө

Билим кени байыртадан эле эл аралык кызматташтыкка таянган.

Кыргыздардын жана башка чыгыш түрктөрүнүн битик (руна сымал) алфавиттик жазмасынын келип чыгышы – жергиликтүү билим менен жакынкы чыгыштык алфавиттик идеянын ширелишинин мөмөсү болгон.

Албетте, шарттуу түрдө “Исламдын алтын доору” аталган орто кылымдардагы (IX–XII кк.) мусулман дүйнөсүндө илим-билим тездеп өнүккөн заманда Улуу жибек жолу аркылуу жибек, фарфор, дары-дармек, кол өнөрчүлүк таварлары гана эмес, он миңдеген кол жазма китептер да том-том болуп ташылган. (Биерде “товар” эмес, “тавар” деп атайын жазып жатам, анткени мындан он кылым илгери бабабыз Махмуд Кашгари Барскани “тавар” деп эле жазган; бул сөздү кийин чыгыш славяндар “үтүк, “кирпич” ж.б. сөздөр сыяктуу эле түрк тилдүү бабаларыбыздан алып өздөштүрүшкөн).

Дал ошол доордо, демек, Баласагын, Тараз, Шаш, Ош, Өзгөн, Барскан, Кочкор-Башы, Атбаш, Артыш, Кашкарда туруп эле, тээ Түштүк-Батыш Европадагы Кордова халифаты, Түндүк Африкадагы Мысыр (Египет), Жакынкы Чыгыштагы Шам (Сирия) сыяктуу аймактарда, Багдат, Дамаск, Нишапур, Букара, Самарканд ж.б. шаарларда жазылган илимий жана башка эмгектерди окуй алышкан. Теңир-тоолуктар өздөрү жазган эмгектер дагы мусулмандык Батышка китеп соодасы менен алектенген кербенчилердин көмөгү менен жөнөтүлгөн.

Санскрит, ханзу, латын, грек, иврит, арамей жана башка тилдердеги чыгармалар дагы мусулмандар колдонгон ар кыл тилдерге которулган. Ойчул Аристотелдин айрым эмгектери грек тилинде түп нускасында табылбай калып, аларды түркстандык бабабыз Абу Наср Фараби Түрки арапчага которгон нуска аркылуу гана кайрадан грек жана латын тилдерине которушкан эмеспи! Индиялык ондук эсеп системасын мусулмандык чөлкөмдөргө жана андан ары Европага тааныштырган окумуштуу дагы борбордук азиялык Мухаммед Хорезми болгон.

Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари Барсканинин, Улукбек Тарагай менен Мыра Мухаммед Хайдардын энциклопедиячыл деңгээлдеги билимдери да ошондой бейпил эл аралык илимий баарлашуунун, акылдын ар кыл тилдерден дилге өтүүсүнүн мөмөсү болгон.

Ошол кезеңде “лингва франка” – “баарлашуу тили” болгон арап тилин өздөштүрүү “ал-харакату барака” (“аракетке – берекет!”) деген сыяктуу шыктандырган макалдарды үйрөнүү, руханий азыкты мамлекеттик чек араларга чектетпестен эркин үлөшүү жүрүмү менен коштолгон.

Орто кылымдардагы Европага келсек, латын тилинде билим издеп, өлкөдөн өлкөгө, шаардан шаарга саякаттаган көчмөн студенттер жана жер кезген диниятчылар “ваганттар” (саякаттап илим үйрөнгөн окумуштуулар – “vagi scholares”) деп аталышчу. Латын тилинен которгондо, “vagari” сөзү «тентип жүрүү», “селсаяк болуу” дегенди туюнтат.

Өздөрүнүн укуктарын чогуу-чаран коргоо үчүн ваганттар бара-бара жогорку окуу жайларына айланган билимканаларды да негиздешкен. “Universitas magistorum et scolarium” – «Устаттар менен шакирттердин жамааты», б.а. “университет” ошентип пайда болгон.

Дал ушул ваганттардын арасында латын тилиндеги айтылуу студенттик гимн (“Gaudeamus” – “Гаудеамус”) эле. Аны Жусуп Баласагын атындагы КУУда тарых факультетинде биринчи курста (1976–1977) окуп жүрүп жаттаганыбыз жана хор менен ырдаганыбыз эсимде. Анын алгачкы ыр саптары: «Gaudeamus igitur juvenes dum sumus!» («Келгиле, шаттаналык, жаштыгыбыздын сересинде!») – деп жагымдуу маанайга жана илим дүйнөсүнө чакырат.

Бул – алыскы аралыктарды китеп алмашуу, билим үлөшүү жана билим чордондорун атайын кыдыруу аркылуу баш ийдирип, таалим алуунун мурдагы эл аралык тарыхый тажрыйбасы эле.

 

XX кылымда аралыктан таалим алуунун жаңы тажрыйбасы башталган

Ал эми XX кылымда мурдагы Советтер Биримдиги сыяктуу тоталитарлык коомдордо билим берүү ири секириктерди жүзөгө ашырган. Ошол эле учурда “тап күрөшүнүн” шылтоосу менен далай айдыңдар жазыксыз куугунтукталышкан. Кыргыздын туңгуч алиппесин түзгөн Эшенаалы Арабай уулу 1933-жылы Ташкенде атылган. Оторчулук доордо эки тарых китебин жарыялаган Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков жазыксыз өлүм жазасына тартылаарда Батыш Кытайга качып кутулган. Кыргыздын азманбап грамматикасын түзгөн тилчи профессор Касым Тыныстанов 1938-жылы жазыксыз атылган.

Ал эми сырткаркы “чирип жок болуп бара жаткан империалисттик дүйнөдө” деле университеттик таалим ар кимдин бешенесине жазыла берген эмес. Ал жакта да акырындап бул система жарандык коомдун күчтөнүшү менен либералдашкан.

Бирок Батыштагы аралыктан таалим алуу жаатындагы бир эркиндиктин өрнөгүн айта кетейин. Айтылуу Нелсон Мандела (Nelson Rolihlahla Mandela; 1918–2013) Түштүк Африкадагы жексур расисттик апартеиддик режимдин жазыксыз туткуну болуп, абакта азап чегип жаткан чагында, Улуу Британиядагы Лондон университетине аралыктан окутуу программасы аркылуу окууга тапшырып, акыры аталган университетте укуктук адистик боюнча бакалавр даражасын алган. (Лондондук төбөлдөр “биздин дипломубузду алуу үчүн өлкөбүзгө келип, өз колуң менен кол койгун, ошондо гана даражага ээ болосуң!” деген бюрократтык тоскоолдук жаратышкан эмес. Ал түгүл абактагы Мандела аз жерден Лондон университетинин ардактуу ректору болуп шайланып кала жаздаган).

Ушундай мүмкүнчүлүк заманбап Түркиядагы абактарда да бар экендигин угуп, ыраазы болдум. Бир ала-тоолук жаш айым кайсы бир эл аралык шылуундун тузагына илинет. Алиги шылуун бул айымдын чабаданына мыйзамсыз зат салып, бул айым Стамбулда аба майданында тутулат да, бир нече жылга абакка кесилет. Дал ошол абак жылдары ал айым аралыктан эле университетте таалим алган экен.

Кыргызстанда дагы абактарда ушундайча заанбап таалим берүү шартын жаратуу абзел.

Эми, албетте, абактын жүзүн ары кылсын, бирок мында айтаар сөзүм башка: чет өлкөлөрдө абакта жүрүп да таалим алып жаткандар үчүн эшик ачык болуп жаткан чакта, эркиндикте жүргөн замандаш кишилер аралыктан билим алуу жаатында ого бетер көбүрөөк мүмкүнчүлүккө ээ болушат эмеспи.

Мен билген далай кыргызстандыктар башка бир өлкөдө жүрүп, таптакыр башка мамлекеттеги жана континенттеги университеттерден жогорку таалим алып, магистрдик жана башка дипломдорго ээ болуп жатышат. Өрнөк бар. Мисалдар толтура.

 

XXI кылымдын башындагы Кыргызстан

Азыркы тапта Кыргызстанда чет өлкөдөн билим издеп келген миңдеген коноктор бар. Алар бизден таалим алып чектелбестен, болочокто Кыргызстан үчүн ыктыярдуу көпүрө кызматын аркалаган мыкты адистер жана элдик дипломаттар болушат. Мындайды “жумшак бийлик” деп да коюшат.

Негедир бизде айрым аткаминерлер чет өлкөлүк болочокку дарыгер студенттер окуп жаткан жеке менчик окуу жайларга кыргый кабак көз караш менен мамиле кылып, бул окуу жайларга андан ары канат жаюуга көмөк кылуунун ордуна, аларды жаап салууга маш болуп жатышат.

Ал эми мамлекеттик окуу жайлар сырттан келип окууну каалагандардын бардыгына шарт түзүп берүүгө чамасы чарк. Ушул жаатта бийликтер өз саясатын кайрадан калыс карап көрүүсү, жеке жана башка демилгелердин тамырын кыркпоого далаалат жасашы зарыл.

Дагы бир өңүт – чет өлкөдө жүрүп, Кыргызстандын ЖОЖдорунда онлайн ар кыл адистиктерде таалим алууну каалагандарга кимдер тоскоол боло алышат? Дароо айтайын – өздөрү онлайн сабак тууралуу башынан эч тажрыйбасы болбогон айрым аткаминерлер гана кедерги тийгизишет.

Менин бир нече кесиптештерим жана бир шакиртим Борбордук Европада жүрүп эле Улуу Британиядагы ар башка университеттерден онлайн окуп, магистрдик даражаны алышты. Алар Лондон же Эдинбург сыяктуу шаарларга семестрдик сынак тапшыруу үчүн барып убара болбостон, бардык семестрдик сынактарды онлайн гана тапшырышты.

Кыргызстанда да кылым башында ушундай мүмкүнчүлүктөр ачылган болчу. Мурдагы бир катар магистранттарыбыз чет жактарда жүрүп, КУУда онлайн окуп, сонун диссертациялык эмгектер жаратып, адистикке ээ болушкан. Ортодогу семестрдик сынактарды деле алар сыртта жүрүп тапшырса, анын эч бир өөнү жок. Өз мындай акыбалда калбаган, өз урпагы да ушундай кырдаалга кептелбеген жергиликтүү аткаминер гана бул жагдайды аңдай албайт.

Бир нече мекендешибиз Кыргызстанда жүрүп эле АКШнын же Улуу Британияняын кабыр-барктуу университиндеги сынактарын онлайн тапшырышкандыктарын билем. Алар ар кыл семестрдик онлайн сынактарды эч кимге эч кандай пара бербестен, илимий жетишкендиктерин тастыктап гана байсалдуу тапшырышкан.

Бирок “жемкорлукка каршы күрөш” урааны менен Кыргызстандагы ЖОЖдор үчүн ушундай эле мүмкүнчүлүктөргө жакында тыюу салынган экен. Демек, бул жагдай – Кыргызстандын ЖОЖуна тапшыргысы келген, ушул тапта чет өлкөдө же Ала-Тоодогу алыскы бир дубанда байырлаган жараныбыз таалим алуу үчүн жыйнаган акчаны башка өлкөдөгү ЖОЖго капиталдык салым катары “белекке берүүгө” аргасыз болуп жатышат, дегенди гана туюнтат.

Жемкорлорго каршы күрөш санарип доорунда онлайн таалимдик мүмкүнчүлүктү жоюу менен гана чечилет, деген пикир күлкү гана келтирет. Айрым паракорлор Кыргызстандын өзүндө оффлайн алыш-бериш маалында эле тутулуп жатышат. Маселе төркүнү – башкада.

Кыргызстандык далай жаштар учурда ЖОЖдорго эч тапшырбастан, кыска мөөнөттүк онлайн курстары аркылуу жаңы адистиктерди өздөштүрүп, ал түгүл Бишкекте туруп эле өзүнүн адистик деңгээлин тастыктап, Жапония, Корея, КЭР, Австралия, АКШ, Батыш Европа фирмалары үчүн онлайн иштеп жатышат. Ошондой талантуу жана дилгир жаштар Кыргызстандын ЖОЖунда деле онлайн университеттик таалим алышса, жаш адис кадрлардын сабы ого бетер чыңдалбайбы.

Биз болсо университеттик Болонья жүрүмүн сөз жүзүндө таанып, иш жүзүндө өзүбүздү кайрадан обочого өзүбүз чыгарып жатабыз.

Быйыл Дүйнө Көчмөндөр Оюну Кыргызстанда өтөт. Бул иш-чара – ачыктык, эл аралык ынтымак, кызматташтык жана тынчтык символу. Бул ири маданият жана спорт иш-чарасынын алдында корообузду тазалап жатабыз. Бул – туура иш.

Дал ошол оюндардын ирегесинде ЖОЖдорго студенттерди кабыл алуу жүрүмү өтүүдө. Эми жогорку билим берүү тармагында дагы ички корообузду заманбап деңгээлде тазалашыбыз, эл аралык жана дубандар аралык онлайн таалим берүү жаатында жаңы мыйзамдык шарттарды түзүшүбүз керек.

Азыркы доордо дүйнөдө билим издеп жер кезген илимпоз сопулар, бүгүнкү ваганттар Кыргызстандан дагы көп тилдерде таалим берүүнүн онлайн чордонун (хаб) табышы керек. Биз чет элдиктерди жана мекендештерди жалаң гана ат минип, кымыз ичип, көлдө сүзүүгө, кышында тоодо чаңгы тебүүгө чакырып чектелбешибиз керек.

Университеттер эле эмес, илимий жана коомдук китепканаларыбыз дагы өз корлорун кыргыз, англис жана башка тилдерде онлайн тартибинде сунуштоонун, окурмандар үчүн кубаттуу вай-фай пайдубалын түзүүнүн базар мамилелерине ылайык механизмин иштеп чыгуусу абзел. Кыргызстандагы ЖОЖдордун өлкөбүздө ич ара китепкана корлорун алмашуу боюнча онлайн системасын түптөө керек.

Кыргыз Өкмөтү дагы онлайн окутуунун заманбап мүмкүнчүлүктөрүнө шарт түзгөн адилет чечимдерди жасап, алгылыктуу иш-аракет кылат, деп үмүттөнөбүз.

Бул сыяктуу онлайн таалим реформаларын 5 жылдан кийин эмес, 5 аптадан кийин эмес, 5 күн ичинде жасаса да болот, 50 жылда деле эч нерсе кылбастан, кайдыгер жамбаштап жата берүүгө мүмкүн.

Тынчтыкбек Чоротегин,

КУУнун профессору

Бөлүшүү

Комментарийлер