“АКЫРКЫ АРГА” ЭМЕС, КАДЫРЛУУ ЖАЙ БОЛСУН”
- 05.10.2026
- 0
Кесиптик лицейлерди заманбап жаңылоонун стратегиясы жана пландары
Өзүбүздүн сүйүктүү жумушубузга ээ болуу, заманбап өнөр үйрөнүү жана турмушта өз ордубузду табуу — ар бирибиздин эң чоң максатыбыз. Иш жүзүндө чыныгы өнөрдүн ээси болууга шарт түзгөн кесиптик башталгыч билим берүү тармагында дагы эмгек рыногундагы кырдаалга жараша заманбап өзгөрүүлөр болушу шарт.
Биз бул темада Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп жаңы дайындалган Бактыгүл Акулова менен маек курдук.

— Чынында ушул кызматта иштеп жатканыма бир айдан ашты. Жүктүн салмагын, жоопкерчиликти жакшы түшүнөм. Мен бул тармакка бөтөн эмесмин, буга чейин да кесиптик лицейлер менен катышып, бир топ иштерди чогуу алып баргам. Бирок жетекчи катары карай турган болсом, эң биринчи кезекте системаны ичинен, эч нерсесин калтырбай так билишим керек. Канчалык сонун идеяларың болбосун, реалдуу абалды билбей туруп бир нерсени өзгөртөм десең, ал ойдогудай натыйжа бербейт. Ошондуктан мен эң биринчи иш катары кесиптик билим берүүнүн бүгүнкү абалын баштан-аяк терең талдап чыгуудамын. Лицейлерден сандык көрсөткүчтөрдү суратып, динамикасын байкап жатабыз.
Азыркы учурда биз формалдуу түрдө эмес, эң терең аналитикалык анализ жүргүзүп жатабыз. Ар бир лицейдин окуу процессинин, имараттарынын, жатаканасынын, материалдык-техникалык базасынын, кадрдык курамынын абалын жана эң башкысы — бүтүрүүчүлөрүбүздүн андан аркы тагдыры кандай болуп жатканын изилдеп жатабыз. Алар чын эле кесиби боюнча иштеп жатышабы, эмгек рыногунда суроо-талап барбы? Ушунун баарын билгенден кийин гана биз туура, так чечимдерди кабыл ала алабыз.
— Эл ичинде кесиптик лицейлерди эң начар окуган балдарды айдап жиберген советтик ПТУлардай караган эски көз караш дагы эле күчтүү. А чынында заманбап жумушчу кесипке ээ болгондор канга салам бербей өнүгүп өсүп атпайбы.
— Ачыгын айтканда, лицейлерди университетке же колледжге өтпөй калгандар бара турган “акыркы аялдама» катары көргөн учурлар мени да абдан өкүндүрөт. Бирок, сиз айткандай, бүгүнкү рынок мындай терс түшүнүктү өзү эле өзгөртүп жатат. Ошол эле учурда, жумушчу кадрларды даярдоону экономиканын керектөөсүнө шайкеш келтирүү багытында да мамлекеттик бир катар маанилүү чаралар көрүлүүдө.
— Азыр экономикабыздын структурасы, тармактары азыр кыйла өзгөрүп жатпайбы. Ошондуктан лицей даярдап жаткан кесиптердин тизмесин кайра карап чыгуу зарылдыгы барбы?
— Азыркы учурда 94 кесиптик лицейде 120 ашуун жумушчу кесиптерге окутуп жатышат. Албетте, бүгүнкү күндө талап кылынбай калган, формалдуу гана турган кесиптерди тизмеден чыгарабыз. Алардын ордуна азыркы заманга эң зарыл болгон IT-технологиялар, робототехника, туризм, жашыл экономика багыттары, курулуш жана агробизнес сыяктуу суроо-талап жогору кесиптерди киргизебиз. Бир нече тар адистиктерди бириктирип, кенен профилдүү адистерди даярдашыбыз керек.
— Кесиптик башталгыч билим берүүнүн бүгүнкү абалына терең анализ жүргүзүлүп жатканын айта кеттиңиз. Ошол контексттен караганда, лицейлердеги билим берүү стандарттары, программалары азыркы талапка канчалык жооп берет деп айтса болот?
— Бир эле билим берүү программалары эмес, башка да, бир нече олуттуу маселелер бар. Аларды кыскача атап кетейин:
- Билим берүү программаларыбыз дагы эле эски мүнөздө калып, азыркы Улуттук квалификациялар алкагына толук байланыша элек.
- Заман абдан тез өзгөрүп жатат, бирок биз үйрөткөн кесиптердин тизмеси экономиканын талабына караганда жайыраак жаңыланууда.
- Каалаган адам келип, кыска убакта зарыл кесипти үйрөнүп кете турган кыска мөөнөттүү курстар азырынча кеңири жайылбай жатат.
- Ошондой эле, айрым лицейлердин материалдык-техникалык базасын жана жатаканаларын жаңылоо зарылдыгы турат.
Талдоонун жыйынтыгын жана негизги пландарыбызды бириктирип, кесиптик лицейлердин катышуусунда чоң стратегиялык документ иштеп чыгабыз.
—Мен билгенден азыр мектепке караганда лицейде окуган бир топ артыкчылыктуу болууда. Мисалы, лицейди окуган бала аттестат да, диплом да алып чыгат. Окуучуларга түштө тамак берген лицейлер да бар. Стипендия да бар. Азыр аны көбөйтүү жагы да каралып жатканын кулагыбыз чалды эле?
— Ооба, кесиптик лицейлерде бюджеттик негизде билим алган окуучуларга стипендия каралган. Стипендиялардын учурдагы көлөмү бүгүнкү күндөгү жашоо-тиричилик бааларына болгон талапты канааттандырбайт. Бул багытта биздин жетекчибиз Д.Ш. Кендирбаеванын тапшырмасы бар. Учурда стипендиянын көлөмү боюнча аналитикалык иштер жүргүзүлүп жатат. Менин жеке пикиримде кесиптик лицейдин студентинин стипендиясы гана эмес, алардын окуп-билим алуу шарттары да жакшы деңгээлде болуусу шарт, анткени өлкөбүздүн ишканаларында жумушчу кадрларга муктаждык чоң.
— Эми окутуунун мазмуну жөнүндө сүйлөшөлү. Теория менен практика айкалышкан дуалдык окутуу азыр бардык лицейлерде жолго коюлууда. Окутууда мындан башка дагы кандай өзгөрүүлөр болушу шарт?
— Биз теориялык, кургак билим берүүдөн практикалык көндүмдөргө өткөрүп жатабыз. Башкача айтканда, бүтүрүүчүнүн эмнени жатка билери эмес, иш жүзүндө өз колу менен эмне жасай алары маанилүү. Бул жумуш берүүчүнүн биринчи талабы. Бүгүнкү күндүн технологиясында окутуу жумуш ордунда гана жүргүзүлүшү шарт, анткени окуучу өндүрүш менен тааныш болот. Ошол эле учурда профилдик окутууга карай иштеп баштайбыз. Программаларды Улуттук квалификациялардын 4- жана 5-деңгээлдерине ылайыкташтырып, заманбап стандарттарды киргизебиз.
-Азыр жумушчу кесиптерге үч ай, алты айда эле окуп, иш таап кеткендер көп болууда. Мына ушул кыска мөөнөттүү курстар бүгүнкү заман талабы болуп жаткандай?
— Ооба, өтө маанилүү багыт! Ар бир лицейдин базасында үч айга чейинки мөөнөттөгү модулдук курстарды өнүктүрүү пландалууда. Учурда биздин kesip.edu.gov.kg платформасында сонун тажрыйба бар, эми анын масштабын кеңейтип жайылтабыз. Курсту бүткөн адамга мамлекет тарабынан таанылган сертификат берилет.
Андан да кызыктуусу — ар бир жаранга күнүмдүк турмушта керек боло турган чакан турмуштук көндүмдөр модулун сунуштоону карап жатабыз. Мисалы, турмуш-тиричилик техникасын оңдоо, кийимди ылайыктап ондоо же кыскартуу, финансылык жана санариптик сабаттуулук, сулуулук тармагы сыяктуу керектүү нерселерди каалаган адам келип, бат эле үйрөнүп алса болот.
— Кесиптик лицейлердин коомдогу аброюн көтөрүү үчүн дагы кандай чаралар зарыл деп ойлойсуз?
— Биз лицейлердин статусун университет жана колледждер менен теңтайлаш деңгээлге көтөрүүнү көздөп жатабыз. Ал үчүн стипендияларды бир топ жогорулатуу, ЖОЖ же колледж студенттери үчүн да кечки же дем алыш күндөрү келип, лицейде кошумча өнөр үйрөнүүгө шарт түзүү пландалууда. Ошондой эле иштеп жүргөн жарандарыбыз үчүн да ийкемдүү графиктерди түзөбүз. Мектеп курагынан баштап эле балдарга кесиптик сыноолорду уюштуруп, алардын жөндөмүнө жараша туура кесип тандоосуна багыт беребиз.
— Кээ бир лицейлердин имараттарын ижарага алгандар бар, кээ бир лицейлердин жатаканаларында сырттан келгендер жашап жүрөт деген доомат арыздар бар. Ушул маселени ачык айкын кылыш үчүн электрондук кезек сыяктуу санарип көзөмөл системаларын киргизүү керекпи?
— Туура айтасыз. Билим берүүдө дагы санарип технологиялар реформанын канаты болуп, коррупцияга бөгөт болуп жатпайбы. Ошондуктан жатакана берүү процессин ачык-айкын кылыш үчүн электрондук каттоо киргизүү жагын караштырып жатабыз.
Ошондой эле бардык лицейлердин имараттарын, устаканаларын жана жатаканаларын толук инвентаризациядан өткөрөбүз. Өзгөчө жатаканаларга басым жасап, аларды заманбап ыңгайлуулугу бар, жылуу, заманбап шарттарга келтирүү үчүн капиталдык ремонт жана жаңыртуу программасын иштеп чыгабыз. Айтор, ишти толугу менен санариптештирип, коррупциясыз, ачык-айкын системаны алып баралы деп турабыз.
— Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн дагы шарттарды түзүү маанилүү маселе болууда?
— Бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү 19 кесиптик лицейде майыптыгы бар адамдарды окутуу боюнча абдан жакшы тажрыйба бар. Биздин максат — бул тажрыйбаны токтотуп калбай, этап-этабы менен өлкөбүздүн ар бир регионундагы бардык лицейлерге жайылтуу. Билимге болгон конституциялык укуктун сакталышы биздин милдет.
— Окууну бүткөн балдардын андан аркы тагдыры, жумушка орношуусу кантип көзөмөлдөнөт?
— Биз дипломду колго карматып коюп эле кош айтышпайбыз! Ар бир бүтүрүүчүнү бирдиктүү санариптик системага киргизүүнү, ал системаны эмгек жана социалдык коргоо органдары менен автоматтык түрдө байланыштырууну пландап жатабыз. Андан сырткары, адамдын мурда алган көндүмдөрүн көз карандысыз баалоо жана таануу үчүн Агартуу министрлигинин алдында Квалификацияларды валидациялоо борбору иштеп жатат. Бул маалыматтардын баары санарипдик платформалар аркылуу абдан ачык жана ыңгайлуу жүргүзүлөт деген ойдомун.
-Азыркы рынок заманында лицейлер акы төлөнгөн курстардын эсебинен, көмөкчү чарбанын эсебинен да бир топ каражат таап алса болот да. Ушундай киреше таап өнүгүп аткан лицейлер барбы?
— Биздин негизи көз карашыбыз — лицейлер мамлекеттик бюджетке гана көз каранды болуп отура бербестен, өз алдынча да киреше табууга шарт түзүү. Мисалы, лицейдин окуу-өндүрүштүк устаканаларын чыныгы өндүрүш аянтчаларына айландырса болот: продукция чыгаруу, кызмат көрсөтүү, акы төлөнүүчү кыска курстарды өткөрүү аркылуу өзүн-өзү каржылоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатабыз. Бирок мамлекеттик бюджет дайыма негизги таяныч бойдон кала берет.
— Жакында алдыңкы лицейлердин жетекчилери башка региондордогу лицейлерге барып жардам берип, тажрыйба бөлүшүп жатканы туурасында кабар окуп калдык. Ошого токтоло кетсеңиз.
— Ооба, бул абдан сонун демилге болду! Жакында эле Бишкек шаарындагы алдыңкы 11 кесиптик лицейдин жетекчилери аймактардагы лицейлерге барып, абал менен жеринде таанышып келишти. Тактап айтканда, күчтүү жана заманбап базасы бар лицейлер усулдук жактан, мугалимдерин алмашуу, биргелешип кыска курстарды өткөрүү же устаканаларын чогуу пайдалануу аркылуу башка лицейлерге кол сунуп, колдоо көрсөтүшсө, бул элге кылган кызматыбыз эле болот деп ойлойм. Лицейлердин өнүгүүсүндөгү ажырымды азайтуу максатын көздөп иштейбиз, бардык лицей мыкты болсо деген тилектемин.
— Азыр мугалим эски ыкма менен окутса. ал баланын келечегин уурдоо менен барабар эмеспи. Жалпы мектептик сабактарды окуткан мугалимдер жаңы стандарттарга окубаса, эмгек талаага кетет.
— Кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин квалификациясын тынымсыз жогорулатуу керек, анткени ар бир жаңы технология же жабдык кошумча жаңы билимди талап кылат. Мында мугалимдер менен өндүрүш устаттарынын санариптик билгичтиги, маалыматтар менен иштөө жөндөмдүүлүгү окуучулардан жогору болуш керек.
— Бактыгүл айым, кесиптик билим берүү тармагынын келечегин өзүңүз кандай элестетесиз?
— Мен кыялданып, көздөгөн идеалымдагы система мындай: Адам канча жашта болбосун, мурда ким болуп иштебесин, өнөр үйрөнгүсү келген учурда эшиги ачык, ийкемдүү жана жылуу тосуп алган система болушу керек! Ошондо кесиптик лицей эч кимге «акыркы арга» эмес, тескерисинче, ар бир адам өз каалоосу менен, сыймыктануу менен келе турган кадырлуу жайга айланат.
Экинчиден, лицейлерибиз бири-бирине арка жөлөк болгон, тажрыйба бөлүшкөн чоң бир ынтымактуу үй-бүлөдөй иштешин каалайм. Үчүнчүдөн, ар бир бүтүрүүчүбүз жумуш ордун таап, татыктуу эмгектенип жатканын сыймыктануу менен көрүп тургум келет.
Сөзүмдүн аягында баса белгилеп кетким келет: булар — биздин учурдагы чоң пландарыбыз жана талкууга коюлуп жаткан багыттарыбыз. Алдыдагы терең талдоонун жыйынтыгы менен, мыйзамга таянып, так индикаторлору жана мөөнөттөрү белгиленген толук кандуу стратегиялык документти иштеп чыгабыз!
Маектешкен К. Чекиров, «Кут Билим»