АКАДЕМИЯЛЫК БИЛИМДЕН ПРАКТИКАЛЫК ТАЖРЫЙБАГА:№98 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН ЭЛ АРАЛЫК ӨНӨКТӨШТҮГҮ
- 30.09.2026
- 0
Бүгүнкү күндө маалыматтык технологиялар тармагында эмгектенген адиске коюлган талап жөн гана программисттин техникалык билими менен чектелбейт. Код жазуу, алгоритм түзүү жана программалык продукт иштеп чыгуу — кесиптик ишмердүүлүктүн баштапкы канаты гана. Заманбап IT адиси киберкоопсуздук маселесин терең түшүнгөн, командада натыйжалуу иштей алган, реалдуу социалдык-экономикалык көйгөйлөргө технологиялык чечим сунуштай алган жана эл аралык кесиптик чөйрөгө эркин аралаша билген ар тараптуу инсан болууга тийиш.

Япониялык IT адистеринин тажрыйбасы көрсөткөндөй, киберкоопсуздук — программалык продукт даяр болгондон кийин гана карала турган экинчи даражадагы маселе эмес. Ал — коддун биринчи саптарынан тартып эле эске алынышы керек болгон фундаменталдуу принцип. Бул позиция бүгүнкү билим берүү парадигмасынын олуттуу өзгөрүүсүн айгинелейт. Мурда программалоону үйрөтүүдө негизги көңүл «Программа иштейби?» деген суроого бурулса, азыр ага «Бул программа канчалык коопсуз жана туруктуу?» деген суроо кошулду.
Санариптик технологиялар адамзаттын күнүмдүк турмушунун дээрлик бардык тармагына сүңгүп кирген шартта бул айырма чоң мааниге ээ. Жеке маалыматтардын купуялуулугу, каржылык коопсуздук жана мамлекеттик же уюмдук санариптик инфраструктуралардын тийиштүү деңгээлде корголушу түздөн-түз программалык камсыздоонун канчалык сапаттуу иштелип чыкканына көз каранды.
Бул жагдайда кесиптик билим берүүнүн алдында турган негизги максат айкын көрүнөт: студентке программалоонун инструменттерин жөн гана үйрөтүп коюу жетишсиз. Аны технологиялык чечимдин кесепеттерин жана тобокелдиктерин алдын ала баалай билген жоопкерчиликтүү адис катары калыптандыруу зарыл.
Хакатон — парктикалык компетенциялардын мектеби
Япониялык эксперттердин пикиринде, жаш адистин кесиптик жактан калыптанышында жана өсүшүндө эл аралык конференциялар менен хакатондор өзгөчө орунду ээлейт.
Хакатон — бул программисттер, дизайнерлер, инженерлер, аналитиктер жана башка профилдик адистер белгилүү бир актуалдуу маселени чечүү үчүн чектелүү убакыттын ичинде командалык тартипте аракеттенген интенсивдүү практикалык иш-чара.
Мындай аянтчаларда катышуучуларга конкреттүү тема же көйгөй сунушталат. Маселен, киберкоопсуздук, билим берүү, экология, саламаттыкты сактоо же санариптик мамлекеттик кызматтар боюнча чечим иштеп чыгуу тапшырмасы берилиши мүмкүн. Командалар берилген көйгөйдү анализдеп, концептуалдык идея сунуштап, кыска мөөнөттө программалык продуктунун же технологиялык чечимдин иштеп жаткан прототибин түзүүгө тийиш.

Хакатон процессинде калыптануучу көндүмдөр
Салттуу окуу процессинде студент көбүнчө академиялык алкакта белгиленген тапшырма менен иштейт: педагог шартын, талаптарын жана күтүлгөн натыйжаны алдын ала аныктап берет.
Алгач ал көйгөйдүн маңызын терең түшүнүп, аны чечүүнүн эң оптималдуу жолун иштеп чыгышы керек. Андан соң командадагы милдеттерди туура бөлүштүрүп, убакыттын чектелүүлүгүн эске алуу менен артыкчылыктуу функцияларды белгилейт. Жыйынтыгында, даяр болгон чечимди эксперттерге жана калыстар тобуна логикалуу, аргументтүү түрдө презентациялап коргойт.
Бир эле хакатондун жүрүшүндө төмөндөгүдөй комплекстүү компетенциялар ишке кирет:
Программалоо жана алгоритмдештирүү боюнча техникалык билим;
Аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүү;
Чыгармачыл жана инновациялык мамиле;
Командада натыйжалуу иштешүү жана убакытты башкаруу;
Ойду так, системалуу жеткирүү жана долбоорду презентациялоо;
Стресске туруктуулук жана критикалык кырдаалда ыкчам чечим кабыл алуу.
Эл аралык формат жана глобалдык интеграция
Хакатондордун эл аралык деңгээлге чыгышы анын методологиялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет. Мындай форматта команда мүчөлөрү бир гана окуу жайдын же өлкөнүн өкүлдөрү эмес, ар кандай маданий жана академиялык чөйрөдөн келген катышуучулар болушу мүмкүн.
Мындай шартта техникалык билим менен катар маданияттар аралык коммуникация калыптанат. Катышуучу чет өлкөлүк кесиптеши менен бир интеллектуалдык мейкиндикте иштеп, өз идеясын англис же башка эл аралык кабыл алынган тилде аргументтөөгө машыгат.
Эл аралык аянтчалар студентке өзүнүн кесиптик деңгээлин дүйнөлүк стандарттарга салыштырып баалоого шарт түзөт. Ал чет өлкөлүк курдаштары кандай технологиялык стектерди, алгоритмдерди жана методдорду колдонуп жатканын көрүп, кесиптик көз карашын кеңейтет. Жыйынтыгында студент өзүн жергиликтүү эмгек рыногу менен гана чектебей, дүйнөлүк IT коомчулугунун ажырагыс бир бөлүгү катары сезе баштайт.
Эл аралык тажрыйба жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк
Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен үч жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан өнөктөштүк №98 кесиптик лицей үчүн эл аралык стандарттарды билим берүү процессине түз киргизүүгө өбөлгө түздү.

Лицейдин директору Сагынбекова Чинара Мелисбековна белгилегендей, студенттердин кесиптик траекториясын кеңейтүүдө мындай эл аралык байланыштардын мааниси баа жеткис. Негизги стратегиялык максат — студентке гана билим берүү эмес, аны дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адис катары даярдоо. Эл аралык өнөктөштүк бир жолку тажрыйба алмашуу бойдон калбай, окутуунун мазмунунда жана студенттердин конкреттүү ийгиликтеринде чагылдырылышы тийиш.
«Дүйнөлүк деңгээл» жергиликтүү аянтчадан башталат
IT тармагындагы глобалдашуу жаш адистер үчүн принципиалдуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Бүгүнкү күнү дүйнөлүк кесиптик коомчулукка кошулуу үчүн сөзсүз түрдө чет өлкөгө чыгуу талап кылынбайт. Эл аралык онлайн-хакатондор, open-source долбоорлор, кесиптик платформалар жана аралыктан иштөө мүмкүнчүлүктөрү географиялык чек араларды жойду.
Заманбап кесиптик билим берүүнүн негизги максаты — теориялык билимдин көлөмү менен гана чектелбестен, студенттин алган билимин реалдуу практикада, белгисиздик шартында эффективдүү колдоно алуу жөндөмүн өстүрүү болуп саналат.
Киберкоопсуздук маданияты менен хакатон кыймылы бири-бирин органикалык түрдө толуктап турат: биринчиси адисти коопсуз, жоопкерчиликтүү технологиялык чечим түзүүгө үйрөтсө, экинчиси ошол чечимди реалдуу атаандаштык шартында иштеп чыгууга жана коргоого багыттайт.
Чинара Мелисбековна белгилегендей, кесиптик билим берүү уюмунун миссиясы диплом берүү менен аяктабашы керек. Лицей — жөн гана маалымат берүүчү мекеме эмес, ар бир студенттин глобалдык кесиптик траекториясын баштап берүүчү инновациялык чөйрө болушу зарыл. Технологиялар канчалык тез өзгөрбөсүн, коопсуз ой жүгүртүү, аналитикалык жөндөм, командалык эстетика жана өз билимин практикада үзгүлтүксүз өркүндөтүү сыяктуу фундаменталдуу көндүмдөр дайыма өз актуалдуулугун сактап кала берет.
Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»