АКАДЕМИК К. КАРАСАЕВДИН ЛЕКСИКОГРАФИЯЛЫК МУРАСЫНДАГЫ «МАНАС» ЭПОСУНУН ЛЕКСИКАЛЫК-СЕМАНТИКАЛЫК ЖАНА ЭТИМОЛОГИЯЛЫК ТАЛДООЛОРУ

  • 16.11.2026

Заманбап гуманитардык илимде улуттук маданияттын, жазуу салтынын жана тил илиминин пайдубалын түптөгөн көрүнүктүү инсандардын илимий мурасын тереңдетип изилдөө актуалдуу маселелердин бири. Кыргыз тил илиминин тарыхында мындай фундаменталдык орунду жыйырмадан ашык сөздүктүн автору, залкар лексикограф, педагог жана фольклорчу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Кусеин Карасаев (1901–1998) ээлейт.

Ушул изилдөө аркылуу академик К. Карасаевдин лексикографиялык эмгектеринин негизинде «Манас» эпосундагы көөнө сөздөрдүн, фразеологизмдердин жана өздөштүрүлгөн лексиканын семантикалык жана этимологиялык өзгөчөлүктөрүн системалуу түрдө талдоо максаты коюлду. Бул максатта аалымдын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнө тарыхый-биографиялык сереп салуу, «Накыл сөздөр» (1982) жана «Өздөштүрүлгөн сөздөр» (1986) сөздүктөрүндөгү эпостук бирдиктерди тематикалык жактан классификациялоо жана алардын лингвомаданий маанисин ачканга аракет кылдым.

Бул үчүн Х. Карасаевдин жогоруда аталган эмгектеринен тышкары,  «Манас» эпосунун академиялык басылыштарындагы тексттик мисалдар алынды. Иштин жүрүшүндө сыпаттама, тарыхый-салыштырмалуу, компоненттик-семантикалык жана этимологиялык талдоо усулдары колдонулду.

Кусеин Карасаевдин өмүр таржымалы кыргыз улуттук интеллигенциясынын калыптанышы жана улуттук жазуу маданиятынын түптөлүш тарыхы менен тыгыз байланыштуу. 1901-жылы азыркы Түп районунун Токтоян айылында туулган болочок аалым 1914-жылы Караколдогу Орус-тузем мектебинде К. Тыныстанов менен бирге билим алып, 1916-жылдагы Үркүн учурунда Кытайга барган. Боогачылык мезгилде калмак, уйгур, дунган тилдерин практикалык деңгээлде өздөштүрүшү анын кийин Ленинграддагы Чыгыш институтунда В. В. Бартольд, С. Е. Малов, Н. П. Поппе сыяктуу дүйнөлүк түркологдордун дарстарын терең өздөштүрүүсүнө жана студент кезинде эле Чыгыш университетинде сабак берүүсүнө өбөлгө түзгөн.

К. Карасаев кыргыздын тунгуч алиппесин түзүүгө, 1924-жылы «Эркин Тоо» гезитинин жарык көрүшүнө активдүү катышып, «Орусча-кыргызча», «Кыргызча-орусча» жана «Орфографиялык сөздүктөрдүн» негизги авторлорунун бири болгон. Аалымдын илимий ишмердүүлүгүндө «Манас» эпосунун тилин изилдөө өзгөчө орунду ээлейт: ал 1930-жылы Сагымбай Орозбаковдун араб арибинде жазылган 9 томдук вариантын окуп чыгып, эпостун тили боюнча дипломдук иш коргогон. 1933–1938-жылдардагы саясий репрессиялардан кийин илимий чөйрөгө кайтып келип, кыргыз лексикографиясынын алтын фондуна кирген фундаменталдуу сөздүктөрдү жараткан.

К. Карасаевдин «Накыл сөздөр» жана «Өздөштүрүлгөн сөздөр» эмгектеринде «Манас» эпосундагы архаикалык, этнографиялык жана башка тилдерден кирген лексикалык бирдиктердин семантикасы терең чечмеленет. Талдоонун жүрүшүндө аалым тарабынан изилденген эпостук бирдиктерди маанилик жана этимологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша төмөнкүдөй тематикалык топторго бөлүп кароого болот:

  1. Этнографиялык жана салт-санаага байланыштуу фразеологизмдер. Бул топтогу бирдиктер кыргыз элинин байыркы коомдук-укуктук, согуштук жана үрп-адаттык түшүнүктөрүн чагылдырат:

– «Ай туяк чалуу» – жакшы тилек тилеп, курмандыкка жылкы (бээ) союу салты.

– «Камчыга ченеп бөлүү» – байыркы заманда жоодон түшкөн олжону жоокердин көрсөткөн эрдигине («камчы чапканына») жараша адилеттүү бөлүштүрүү ыкмасы.

– «Кан талоон» – хан каза болгондо анын мүлкүн, малын элдин талап кетишине байланыштуу байыркы салт (чүкө оюнундагы «Кан таламай» ушул тарыхый көрүнүштүн калдыгы болуп саналат).

– «Башка шири кийгизүү» – колго түшкөн душмандын башына төөнүн же жылкынын чылгый терисин каптап кыйноо жазасы.

– «Кер байталга мингизүү» – ак никени бузган же оор кылмыш кылган аялды чачын кыркып, бетине көө сүйкөп, кер байталга тескери мингизип төркүнүнө айдоо жазасы.

– «Далы ачуу – далы көрүү» – малдын далы сөөгүнө карап тагдырды болжоо, төлгө тартуу салты.

– «Таз чабыш» – байыркы аш-тойлордо башына жаңы союлган эчкинин өпкөсүн чаап ойнолуучу элдик тамаша оюн.

– «Баяндос мамык, жекендос» – жерге төшөлүүчү жумшак сокмо төшөнчү, үй буюмдары.

  1. Адамдын мүнөзүн, абалын жана коомдук статусун билдирген образдуу туюнтмалар:

– «Атка жеңил, тайга чак» – өтө элпек, шамдагай, тил алгыч адамга карата айтылган мүнөздөмө («Атка жеңил, тайга чак, Уйкусу жок эр Сыргак»).

– «Ак көрпө жайыл» – аял затынын ак пейил, жайдары, меймандостук сапатын туюнткан эпитет.

– «Аягы сай таппаган» – бир орунда туруктуу байыр албаган, тынчы жок адам.

– «Бакан ооздук кылуу» – жашыруун сөздү тиешелүү жерге тымызын жеткирүү, тыңчылык кылуу.

– «Арам сийдик» – никесиз төрөлгөн, теги башка адам (эпосто Алмамбетке карата колдонулат).

– «Башка чукак» – баласыз, тукумсуз адам.

– «Ат соорусун салуу» – душманга туруштук бере албай, артка чегинип качуу.

– «Ат бороюн сыдырып, апторойду кыдырып» – бүткүл жер жүзүн толук кыдырып чыгуу.

– «Ааламды бур кылуу» – баш-аламандык салуу, астын-үстүнө келтирүү.

– «Баар табуу» – жыргал көрүү, эмгектин үзүрүн, пайдасын көрүү.

  1. Мифологиялык жана диний-ишенимдик лексика:

– «Ажына болуу» – элдик түшүнүктөгү көзгө көрүнбөгөн жин-шайтандардын таасиринен акылынан ажыроо («Ажына моюнга минди деп, Манасым болду жинди деп»).

– «Арыптап коюу, арып дуба салуу» – сыйкырдуу дуба окуу аркылуу таасир этүү.

– «Баабединге жалынуу» – кыйынчылык учурда колдоо сурап, касиеттүү шайык Бахауддиндин ысымын атоо.

– «Баба Дыйкан» – элдик мифологиядагы дыйканчылыктын пири, колдоочусу.

– «Кара басуу» – төрөттөн кийин аялдын кансырап алсырашын көзгө көрүнбөгөн кара күчтөрдүн (албарстынын) басуусу катары түшүнгөн байыркы ишеним.

  1. Өздөштүрүлгөн лексиканын этимологиялык жана фонетикалык трансформациясы. К. Карасаев башка тилдерден кирген сөздөрдүн кыргыз тилинин тыбыштык мыйзам ченемдерине ылайык өзгөрүү тарыхын илимий негизде ачып берген:

– Араб-иран тилдеринен кирген бирдиктер: «Зайыпбуруш (сайыпбуруш)» – араб-фарсы тилдериндеги «сахиб хуруж» (ээ, чыгаан, көтөрүлүш башчысы) айкашынан өзгөрүп, Манас баатырдын эпикалык наамына айланган; «Бакбурчун» – фарсы тилиндеги «Фагфури чин» (Кытай падышасынын титулу) сөзүнөн келип чыккан; «Көздүн чаары чыгуу» – фарсыча «жар» (ачуу, каар) сөзүнүн фонетикалык өзгөрүшүнөн пайда болгон; «Көөсөр» – иран тилдериндеги «гөу» (уй) жана «сар» (баш) сөздөрүнүн биригишинен жасалып, «акылы кем, маңкурт» деген маанини туюнтат; «Кадеми катуу» – арабча «кадам» (шилтем) сөзү киргенге чейин кыргыз тилинде «жолу катуу» түрүндө колдонулган; «Салам наама кат» – арабча салам (тынчтык), фарсыча наама (кат) жана кыргызча кат сөздөрүнүн катарлашып синонимдик мааниде жумшалышы; «Аттын дулдулу» – Азирет Аалынын тулпары Дулдулдун атынан улам «мыкты, чыдамкай тулпар» маанисине өткөн.

– Алтай-монгол тилдеринен кирген бирдиктер: «Кайчы кулак бурут» – алтайча «кайчы» (жомокчу) жана калмакча «келх» (сүйлөө) сөздөрүнүн тыбыштык өзгөрүшүнөн улам «жомокчу, ырчы кыргыз» маанисин берген; «Зубун кол» – монголчо «зүн» (жүз) жана «арбын» (көп) сөздөрүнөн куралып, «сансыз калың кол» дегенди билдирет; «Калдайдын уулу» – калмак ханы Галдандын ысымынын фонетикалык жактан өздөштүрүлгөн түрү; «Жабууланган көп калмак» – согушта «жабу, жабу» деп ураан чакырган калмак жоокерлерине карата айтылган түрк-монгол сөзү; «Ойроттун каны» – XIII кылымдагы монгол урууларынын бирикмесинин аталышы; «Орой чоку» – түрк-монгол тилдериндеги «так төбө» маанисиндеги сөз.

– Түрк тилдеринин байыркы катмары: «Азар түмөн кол» (сан жетпеген миңдеген аскер), «Жыгалуу бөрк» (хандын таажысына сайылуучу үкүсү бар баш кийим), «Кырк чоро» (хандын ишенимдүү сакчылары жана үзөңгүлөштөрү).

Жыйынтыктап айтканда, академик Кусеин Карасаевдин лексикографиялык эмгектери кыргыз тил илиминин, манастаануунун жана тарыхый лексикологиянын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон. Аалым «Накыл сөздөр» жана «Өздөштүрүлгөн сөздөр» эмгектеринде «Манас» эпосунун лексикалык байлыгын жөн гана тизмелебестен, ар бир сөздүн жана фразеологизмдин тарыхый-этнографиялык төркүнүн, араб, иран, монгол тилдеринен өздөштүрүлгөн бирдиктердин кыргыз тилинин фонетикалык мыйзамдарына ылайык өзгөрүү жолдорун терең илимий деңгээлде далилдеп берген.

Аалымдын кыргыз илимине сиңирген эмгеги мамлекеттик деңгээлде жогору бааланып, ага «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» (1992) наамы ыйгарылып, I даражадагы «Манас» ордени (1997) менен сыйланган. Ал эми Бишкек мамлекеттик университетине К. Карасаевдин ысымынын ыйгарылышы (КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-июнундагы № 476 токтому) улуу окумуштуунун илимий мурасы заманбап гуманитардык билим берүүдө жана илимде түбөлүк жашай береринин айкын далили болуп саналат.

 

Сөлпүева Сезим,

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин
Мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу,
Бишкек ш., Кыргызстан

Бөлүшүү