АК КӨПӨЛӨК

  • 20.06.2025
  • 0

Жаз айынын биринчи жумасы. Дарактар бүчүр жарып,талаа үстүнөн жөө туман үзүлүп- үзүлбөй каалгыйт. Тегерекке жакшылап көз чаптырсаң көкүрөккө кубаныч толуп чыгат. Жашоого кумарың артат,тазарасың. Жаман ойлоруңду көөдөндөн айдап таштайсың. Көк асманда чубалган ак булуттар көзгө илинбей жай жылып, жылуу желаргы бетиңден сылап өтөт. Жерден башбаккан көк майсан жаратылыш көктөмүн чырайына чыгарып, тээ бийикте көзгө чалдыгып-чалдыкпай торгой сайрайт. Аз күндөн кийин жаз өзүнүн бийлигин толук жүргүзүп баштайт.

Күн нуруна жылыган как бутактын тулкусунан назик бир кыймыл байкалгандай болду. Майда желимдей көрүнгөн нерсе аз-аздан козголуп, бир аздан соң канат жайды. Ак көпөлөк! Ак көпөлөк кыш мезгилин өткөрүп, көз ачкандай желаргыга дирилдеген канаттарын кагып, өйдө көкөлөдү. Бак түбүндө андан көз айрыбай карап турган кичинекей кыз чыйылдаган үнү менен тегеректи жаңыртты. “Көпөлөк! Көпөлөк учуп кетти көкөлөп!”

Колдорун сереңдетип,көздөрү жайнап кетти.

Кыздын аты Акмөөр. Бир үйдүн эркеси.

Ал көпөлөктүн кайдан-жайдан пайда болгонуна акылы жетпей кичинекей алакандарын чапкылап,сүйүнгөндөн, “мени өзүң менен ала кетчи, менин да учкум келет!” деп көккө сызып бараткан көпөлөктүн соңунан бир топко чейин чуркады.

Атасы үйдө болсо Акмөөр аны жанынан карыш жылдырбайт. «Жалгыз кыз– жалама туз” деп жан-алы калбай өпкүлөгөн атасы жумушунан келгенден кийин экөөнү ажыратып көр.

АК КӨПӨЛӨК

– Атам качан келет деп күтө берип, көзү тешилди,-деп апасы кызын кучагына кысып, жан-дилин төшөгөн күйөөсүнө тажабай айта берет. А атасы жумушунан чарчап-чаалыгып келгенине карабай алты жашар кызынын айтканы менен болуп, тизесине кондурат да, кызыктуу жомокторду окуп берет. Акмөөр атасынын көкүрөгүнө башын жөлөп, жомок угуп жатып, жомокко кошуп, дүкүлдөп соккон атасынын жүрөгүн тыңшап уйкуга кетээр эле.

Кийинки учурда Акмөөр атасынан көпөлөктөр жөнүндө жомок айтып берүүсүн суранчу болду. Канаттары ак, сары көпөлөктөр анын түшүнө да кирчү. Бара-бара жол күзөтүп, эшикте жүргөн Акмөөрду так көтөрүп,”менин көпөлөгүм, менин көпөлөгүм!”деп төбөсүнө тегерентип-тегерентип алар эле атасы.

Күндөрдүн биринде атасы жумушуна байланыштуу узак мөөнөткө, алыс жакка командировкага жөнөмөк болду. Ал кабарды уккандан баштап, Акмөөрдүн тынчы кетти. Оюну калып, эси-дарты атасында. Аны түк коё бергиси жок. Бала да кете элек атасын сагынганын карасаң…

Акмөөрдүн атасы эртең кетем деген күнү кызын алдына отургузуп, көп нерселерди айтып берди. Бир кезде «ата, сиз алыс жакка кетесиз, ээ?» — деп көңүлүн өйүп жүргөн суроосун узатты. Атасы ойлоно түштү. Азыр кантип айтса да, эмне деп айтса да кызына катуу тийерин туюп, сөзүн көпөлөктөн баштады.

– Акиш, барган жеримде жумушумду тез-тез бүтүрүп, “кызым күтүп жатат” деп үйгө кайткандын аракетин көрөм. Ага чейин сен жакшы көргөн көпөлөктөр биздин бакта көбөйүп, асман бетин бербей учуп калышат. Билесиң да алар сени менен достошконду каалашат. Эрикпейсиң, Акмөөр! Мен келээрим менен экөөбүз мектепке барабыз. Элестет, а көпөлөктөр бизди мектепке чейин узатып, жаныбызда учуп барыша, сонун да ээ? — деп Акмөөрдү бооруна кысып, кыялга берилген кызын соороткон болот. Атасынын жан жыргатып бети-башын сылаган барбайган колдорун наристе дилинде өөп-өөп койду. Акмөөр ушул кезде учуп кетчүдөй бактылуу эле…

Эртеси атасы кызын чоң жолго чейин көтөрүп келди. Адатынча төбөсүнө көтөрүп, тегерентип ойнотуп, анан апасы экөө менен коштошту.Ошол күндөн баштап, Акмөөр атасынын сөзүн унутпай, күндө апасынан: “Атам качан келет?” деп сураганын койбоду. Апасы да кызына кошулуп кыжаалат тартып, муң-кайгысын ичине катат. Күйөөсү келем деген мөөнөттөн небак өтүп, жаз жай айына орун бошотуп, күндөр кубалашып өтүп жатты. Акмөөр короосунан көпөлөк көрсө эле “атам келет, апа, бүгүн атам келет, ээ?” деп дүүлүгүп бир ордунда тура албайт. Акмөөрдүн, апасы да“ бүгүн келип калаар бекен” деп үмүттүү жол карайт. Күздүн салкын күндөрүнүн биринде Акмөөрдүн денеси бирде оттой ысып, бирде кайра муздап, тамакка табити тартпай, сыркоолоп калат. Күндөн-күнгө алсырап,төшөгүнөн турбай көздөрүн жумуп, шыбырап сүйлөгөнүнөн улам түш көрүп жатабы деп ойлойт апасы.

Дарыгер келгени менен баланын кесел тамырын таппай дарты эмнеден экенин билбей кетип жүрдү… Акмөөрдүн баягы көзгө сүйкүмү кетип, мойну алманын сабагындай ичкерип, эки кулагы эле делдейет. Аркы өйүздө жашаган Аккыз чоң эне келип көрүп апасына «кызыңдын кесели кусалыктан» дейт. Ичи күйгөн апасы жанын коёрго жер таппай тунжурап, көпкө чейин өзүнө келе албайт.

Бир күнү дарыгер дагы келип Акмөөрдүн дене-боюн тыңшап кеткенден кийин бир топко көзүн ачпай жаткан кызы назик шыбырайт.

– Ак көпөлөктөрдү көрдүм, бир болсо атам эми келет, апа, атамды сагындым,-деп жөөлүгүндөй болду эле, а апасынын жүрөгү оозуна тыгыла түштү. «Наристе жүрөгү сезип жатат, жакшылык болгой эле, атасы аман келгей эле» деп санаасы-санга бөлүнүп, жаман ойду өзүнөн алыстатып, кат-кабарсыз кеткен күйөөсү келип калса, «Акмөөрүм кусалыктан арылып, куландан соо айыгып кетээр,тилегенимди бере көр»деп жаратканга жалынып,түнү бою кызынын жанында кирпик какпай чыгат.

Эне да! Мындайга эне гана түтөт, бир эне гана…

Бирок, апасы ойлогондой болбоду. Шалдырап алы куруган Акмөөр кечке жуук үлбүрөгөн көздөрүн ачып-ачпай алсыз үнү менен:

– Атам келдиби, апа!? Эмнеге кечикти?, — деп алсыз үнү менен шыбырап түшүнүксүз сөздөрдү айтып жатып көзүн жумган бойдон кайра ачпады…

Ал күнү айылдын үстүнөн ак көпөлөктөр чарк айланып учуп жүрүштү…

Кабарсыз кеткен атасы бир айдан кийин келди. Анын каякта жүргөнүн сураган эч ким болгон жок. Элдин күбүр-шыбырына караганда ал кылмышка шектелип, кесилип, абакта отуруп чыккан имиш… Ким билсин… Келген күнү эле кызы жаткан көрүстөнгө жетип, көмкөрөсүнөн түшүп ооналактап, буркурап-боздоп ыйлады. Жанында солкулдап, көз жашы тыйылбаган жубайынан башка эч ким болбоду.

– Акмөөрүм, менин көпөлөгүм, менин көпөлөгүм, мени күтпөй учуп кеткен турбайсынбы, мен кечигип калдым! Кечир, кызым мени!..

Ботосун сагынган ингендей ыйы кудайга жетип, шорго малынган атасы кызынын жүзүн бир көрүп,үнүн бир угуп калсам деген арман жүрөгүн канатып, кайнаган бугу жанын мыжып жатты…

Бешенесине жазылса эмне кылат…

Атасы кызы жаткан мүрзөгө күн алыс келип, куран түшүрүп дуба кылып жүрдү.

Бир күнү мүрзөгө келип жаңы эле куран окуп баштаганда оң жак мүрүсүнө ак көпөлөк келип конду. Жүрөгү болк этип, жан-дүйнөсүн бир керемет кучагына алгандай делөөрүй отурган жеринде катты да калды. Учуп кетпесе экен деп о кыйлага чейин дене-бою былк этпеди. «Келдиңби, көпөлөгүм?..» деп шыбырап жүрөгү сыздап чыкты. Шыбырын уккандай ак көпөлөк ылаң этип өйдөгө көкөлөй берди. Чын эле ак көпөлөк бу ааламдан учуп кеткен Акмөөрү болсо анда атасы менен амандашып, сагынычын-кусалыгын жазып кетти…

Гүлназ МЭЭРИМБЕКОВА,
«Матисаков мектеби», 1-курс

Бөлүшүү

Комментарийлер