АГРЕССОРДОН ЖАБЫР ТАРТКАН МУГАЛИМДЕР

  • 25.10.2022
  • 0

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам баткендиктердин үйлөрү урап, өрттөнүп, тонолгон. Өзгөчө мугалимдердин канча жылдан бери кашыктап, чогултуп келаткан дидактикалык материалдары, документтери, портфолиолору өрттөнүп, компьютер, принтер, планшет сыяктуу заманбап технологиялары тонолгон.

АГРЕССОРДОН ЖАБЫР ТАРТКАН МУГАЛИМДЕР

Чек араны тоскон үйлөр

Лейлек районундагы Максат мектебинин директорунун орун басары Чынара Салимбекова үй-бүлөсү менен Максат айылына 1995-жылы көчүп келген. Ошол кездеги Кыргызстандын Президенти А.Акаев кыргыз-тажик чек арасын тосуу максатында 60 үй курдурткан экен. Ал үйлөрдү турмуш шарты оор, көп балалуу үй-бүлөлөргө бекер берилиптир. Чынарага да ошол үйдөн берилген.

АГРЕССОРДОН ЖАБЫР ТАРТКАН МУГАЛИМДЕР

Өткөн жылдын 28-апрелинде тажиктер тарабынан кол салынган каргашалуу окуяда Максат айылында 84 үй өрттөлүп, анын ичинде  Чынаранын, уулунун үйү да агрессорлордун колунан күйүп кеткен. Ага чейин ал үйүн толук ремонттон өткөрүп,  август айында баласын үйлөгөн экен.

— Компьютер, принтер, усулдук колдонмо китептерим ж.б. 26 жылдан бери тапкан мээнетим күйүп, эч нерсе калган эмес. Биз эвакуация учурунда документтерди гана алып чыкканбыз, — дейт элеттик мугалим.

АГРЕССОРДОН ЖАБЫР ТАРТКАН МУГАЛИМДЕР

Эки өлкөнүн жетекчилери жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин Максат айылында кайрадан мамлекеттин жардамы менен үйлөр калыбына келтирилген. Анын ичинен Түркия мамлекетти тарабынат да заманбап үйлөр салынган. Ал үйлөрдү кайра керектүү эмеректерге толтуруп, үмүт менен жашап жатканда, кайрадан 2022-жылдын 16-сентябрда тажик агрессорлор таң атпай тынч жаткан айылга күч колдонуп кирип келишкен. Натыйжада  үйүлөр, мал-жандар тонолуп, андан соң өрттөп жиберишкен.

— Учурда мамлекет тарабынан үйлөр салынып бериле турган болду. Тазалоо иштери аяктап, куруу иштери эми башталат. Азыркы учурда жолдошум, уулум, келиним, неберем  болуп туугандардын үйүндө жашап жатабыз. Мен Максат орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенем. Бизде 19 мугалим 230 окуучуга билим-тарбия берип келатабыз. Биздин мектеп да тажиктер тарабынан 2019-жылы талкаланып, 2021-жылы өрттөлүп, 2022-жылы кайрадан талкаланып, тонолуп, өрттөнүп кеткен. Азырынча ремонт иштери баштала элек. Окуучулар онлайн окуп жатышат. Заманыбыз тынч болуп, чек ара маселеси чечилип, балдарыбыздын жүзүнөн күлкү жайнап, бейпил турмушта жашасак деп үмүт кылабыз, — дейт Чынара айым.

Мамлекет салган үйлөр өрттөндү

Мадина Айдарова дагы Максат орто мектебинде эмгектенет. Өткөн жылкы каргашалуу окуяда үйү, унаасы өрттөнүп кеткен. Быйыл кайрадан агрессорлор таң эрте миномет менен аткылап, элди үркүтүп, алар тоолорго качкан соң жайбаракат үйлөрдү тоноп, анан өрттөп жиберген ыплас иштерин кайталашкан.

АГРЕССОРДОН ЖАБЫР ТАРТКАН МУГАЛИМДЕР

Балдарым аман, мен аман

Шарифа Рахмонбердиева Максат орто мектебинде  башталгыч класстын мугалими  жана мектептин организатору болуп эмгектенет. Чек арада жашоо абдан кыйынчылыкты жаратып келет. Тажиктер менен болгону бир гана көчө бөлүп турат. Өткөн жылы дагы, быйыл дагы агрессорлор бул мугалимдин тапкан-ташыганын, дүйкөнүн, мал-жанын тоноп, андан кийин өрттөп жиберишкен.

АГРЕССОРДОН ЖАБЫР ТАРТКАН МУГАЛИМДЕР

— Президент Садыр Жапаров жана түрк эли тарабынан үйлөрүбүздү ордуна тургузуп жардам беришти эле. Кыргызстандын жети дубан элдери, билим тармагындагы кесиптештерибиз финансылык жардам көрсөтүштү. Быйыл да экинчи жолу толугу менен үйүмдү, дүкөңүмдү тоноп, өрттөп жиберишкен. Үстүбүздөгү кийимибиз менен эле калдык. Элден айланса болот, баш калкалаганга тааныбаган адамдар үйлөрүнө жайгаштырып, жардам беришти. Эң башкысы, балдарым, неберелерим аман-эсен калдык, — дейт мугалим.

АГРЕССОРДОН ЖАБЫР ТАРТКАН МУГАЛИМДЕР

Шарифанын менен кошуна тажиктин үйүн болгону бир гана жол бөлүп турат. Каргашалуу күнү Шарифа мектепке бара жатканда тажик тараптан кандайдыр бир жашынуу белгиси берилип, техникалардын үнү угулат. Көп өтпөй эле октор атыла баштаганда Шарифа үй-бүлөсү менен көчодо бараткан машинеге жүгүрүп түшүп, айылдан чыгып кетишкен. Бул үй-бүлө бешинчи жолку каргашалуу окуяга күбө болушкан.

Шарифа Рахмонбердиева Максат айылына 2004-жылы Тажикстандан көчүп келишкен экен.

— Буга чейин мен мектепке чек арадан өтүп каттап жүргөнмүн. 2021-жылы бардык заманбап техникаларымды тоноп кетишкен. Быйыл да ошол окуя катталды. Компьютеримдин бирин кредитке алган элем. Азыркы убакта башка айылда батирде жашап жатабыз. Окуучуларыма онлайн сабак өтүп жатам, — дейт Шарифа.

Маалымат үчүн:

Финансы министрлигинен билдиргендей, 17-октябрга карата Баткенге жардам берүү үчүн ачылган бирдиктүү эсепке 327 млн 432 миң 141 сом түштү. Анын ичинен 62 млн 650 миң сом сарпталды, учурда эсепте 269 млн 680 миң 334 сом калды. Баткенде 246 жаран бир жолку кенемте алышты.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган. 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер